Кыргызстанда кытайлык жумушчулардын саны беш эсе көбөйдү

Кыргызстанда кытайлык жумушчулардын саны беш эсе көбөйдү
Акыркы жылдары Кыргызстан чет өлкөлүк жарандарды жумушка тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтти. 2022–2023-жылдары чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу боюнча мамлекеттик квота 16 миңден бир аз ашык адамды түзсө, 2026-жылга карата бул көрсөткүч 100 миңге жетти. Башкача айтканда, беш жыл ичинде белгиленген квота болжол менен алты эсеге өстү.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Мекеменин маалыматына ылайык, квотанын көлөмү акырындык менен көбөйтүлгөн. 2024-жылы чет өлкөлүк жумушчулар үчүн белгиленген чек 25 миң адамга чейин жогорулатылган. Андан кийин бул көрсөткүч 52 миңге жетип, 2026-жылы 100 миң адам болуп бекитилген.
Республикада эмгектенүүгө уруксат алган чет өлкөлүк жарандардын арасында Кытайдан келген жумушчулар басымдуулук кылат. Кытай жарандары өлкөгө тартылган чет элдик жумушчу күчүнүн олуттуу бөлүгүн түзөт.
Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдө иштөөгө уруксат алган Кытай жарандарынын саны да кыйла көбөйгөн. Акыркы эки жылдын ичинде бул көрсөткүч беш эседен ашык өскөн.
Муну менен катар кытай жарандарынын жергиликтүү мыйзамдарды бузган, коомдук баалуулуктарды тебелеп тепсеген, а түгүл, айрым жергиликтүү кызматкерлерди уруп-соккон учурлар да арбын катталууда.




