Макала

Кыргызстанда тергөөчүлөргө жеке кат алышууларды соттун чечимисиз ачууга уруксат берилди.

Кыргызстанда тергөөчүлөргө жеке кат алышууларды соттун чечимисиз ачууга уруксат берилди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кылмыш-жаза мыйзамдарына киргизилген кеңири масштабдагы түзөтүүлөр пакетине кол койду. 2026-жылдын 19-ноябрындагы № 160 мыйзам санариптик далилдер менен иштөөнүн жаңы тартибин белгилеп, тергөө органдарынын жабык маалыматтарга жана электрондук түзүлүштөргө жетүү боюнча ыйгарым укуктарын кеңейтет.

Кабыл алынган мыйзамдын негизги жоболору:

– Соттун уруксатысыз жеке кат алышууларга жетүү. Жалпы эреже боюнча, мобилдик жабдуулардын ээси жеке кат алышууларына, чалууларына же аутентификацияны талап кылган маалыматтарына жетүүгө уруксат берүүдөн баш тартса, тергөөчү тергөө судьясынын санкциясын алууга милдеттүү. Бирок, мындан ары мыйзам шашылыш чара көрүүнү талап кылган өзгөчө учурларда тергөөчүгө соттун алдын ала уруксатысыз эле өзүнүн жүйөлүү токтомунун негизинде текшерүү жүргүзүүгө укук берет.

– Мындай шашылыш текшерүү жүргүзүлүп башталгандан кийин тергөөчү 24 сааттан кечиктирбестен прокурорго жана тергөө судьясына бул тууралуу кабарлоого милдеттүү. Ал эми судья кийинки 24 сааттын ичинде укук коргоо органдарынын аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүүгө тийиш.

– Жарандар менен уюмдарга тинтүү жүргүзүү жана буюмдарын алып коюу учурунда тергөөчүлөргө электрондук маалымат сактагычтарга (телефондорго, компьютерлерге жана башка түзүлүштөргө), ошондой эле аларда сакталган жана ишке тиешеси бар маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү милдети жүктөлдү.

– Мындан тышкары, тергөөчүлөр жана алгач текшерүү органдары маалымат ээлерине же администраторлорго жазуу түрүндө санариптик маалыматтарды (файлдарды, трафикти, катттарды) сактап туруу милдеттемелерди жүктөөгө укуктуу болушту. Бул жараян узартуу мүмкүнчүлүгү менен 90 күнгө чейин созулушу мүмкүн.

Кабыл алынган түзөтүүлөр тергөө органдарына соттун алдын ала уруксатысыз эле жабык кат алышууларга жетүүгө жана электрондук түзүлүштөрдүн коргоо ыкмаларын ачууну талап кылууга мүмкүндүк берет. Бул жагдай күч түзүмдөрүнүн резонанстуу атайын операциялары, анын ичинде Кыргызстанда жакында эле 38 мусулмандын, алардын арасында аялдардын да кармалышы менен коштолгон, өлкөнүн укуктук жана саясий системасында жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн жалпы багытын көрсөтүүдө.

Биринчиден:

Укуктук көз караштан алганда, кабыл алынган ченемдер айыптоочу тараптын кызыкчылыгына ооп, конституциялык кепилдиктерди иш жүзүндө формалдуу нерсеге айлантып коюу коркунучун жаратат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренеси кат алышуунун жана телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн купуялуулугун кепилдейт. Аларды чектөөгө сот актысынын негизинде гана жол берилет. Ал эми Кылмыш-жаза процессуалдык кодексиндеги «шашылыш учурлар» деген бүдөмүк формулировка кыянаттык менен пайдаланууга кеңири жол ачат. Анткени шектүү адам смартфондогу «мессенжерлердеги кат алышууларды өчүрүп салышы мүмкүн» деген жүйө менен текшерүүгө негиз табуу оңой болот.

Телефон текшерилгенден кийин 24 сааттын ичинде судьяга кабарлоо бузулган укукту калыбына келтирбейт. Эгерде тергөөчү кат алышууларды, жеке сүрөттөрдү же коммерциялык сырды көчүрүп алган болсо, анын аракеттери кийинчерээк мыйзамсыз деп табылган күндө да, маалымат буга чейин күч түзүмдөрүнүн колуна түшүп калуусун жана ал маалыматтар айыпталуучу тарапка каршы иштетилиши мүмкүн деген коркунучту жокко чыгарбайт.

Ошондой эле электрондук түзүлүштүн коргоо ыкмаларын ачуу милдети жаранды иш жүзүндө өзүнө каршы далилдерди берүүгө мажбурлайт. Сыр сөздү киргизүүгө мажбурлоо адамды өзүнө каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлоого барабар. Бирок Кыргызстандын мыйзамдарынын жаңы түзөтүүлөрүнө ылайык, тергөөгө тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу коркунучу аркылуу бул укуктук кепилдик жоюлду.

Экинчиден:

Бул динге каршы күрөштүн уландысы жана ЖККУнун көрсөтмөлөрүнүн таасири.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) алкагында коопсуздук саммиттери жана атайын кызматтардын өз ара координациясы күчөп жаткан шартта, экстремизмге каршы күрөш темасы күч түзүмдөрүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтүүнүн негизги жүйөлөрүнүн бирине айланууда. Бирок, иш жүзүндө бул күрөш динди карманган мусулмандарга карата жасалып жатат.

Санариптик издер негизги «далилге» айланууда. Диний уюмдарга байланыштуу иштерде, анын ичинде жакында эле УКМКнын «Хизб ут-Тахрир» партиясына мүчө деп шектелген мусулмандарга каршы жүргүзгөн рейддеринде, алардын “айыптуулугуна” негизги далил катары зомбулук аракеттери эмес, диний адабияттарды сактоо жана таратуу, аудиолекцияларды жүктөө же жабык тайпалардагы талкуулар көрсөтүлүп келет. Ал эми, кылмыш-жаза процессуалдык кодексине киргизилген жаңы түзөтүүлөр дал ушундай «санариптик далилдерди» чогултууну кыйла жеңилдетет.

Дин кармануу менен радикализмдин ортосундагы айырма. Атайын кызматтар кат алышууларга жетүүнү жеңилдетип, диний чөйрөгө көзөмөлдү күчөтүп жаткан шартта (анын ичинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишмердүүлүгүн катуу жөнгө салуу, коомдук жайларда никаб кийүүгө тыюу салуу жана расмий каттоодон өтпөгөн намазканаларды жабуу аркылуу) негизги басым катардагы диндар адамдарга түшүүдө. Үй-бүлөлүк же аялдардын жеке тайпаларында эч кандай жаман ниетсиз жөнөтүлгөн диний видео да «экстремизм» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоого шылтоо болуп калышы мүмкүн.

ЖККУнун күн тартиби менен шайкеш келүү. Колониялык саясат жүргүзгөн Россия сыяктуу мамлекеттердин катышуусундагы иш-чараларга туш келген массалык кармоолорду уюштуруу менен бийлик бир эле учурда эки максатты көздөөдө:

Тышкы саясаттагы максат: союздаштарына, эң эле биринчи Москвага, аймактык коопсуздук жана жалпы коркунучтарга каршы күрөшүү маселелеринде өзүнүн натыйжалуулугун жана берилгендигин көрсөтүү.

Ички саясаттагы максат: Коомдун светтик катмарынын алдында репрессивдүү мыйзамдарды легитимдештирүү. «Жаңы ыйгарым укуктар терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү үчүн керек» деген жүйө, коомчулуктун каршы көз карашын басаңдатат. Бирок, иш жүзүндө дал ушул эле механизмдер экстремизге жана терроризмге эч тиешеси жок болгон саясий атаандаштарга, журналисттерге жана жарандык активисттерге каршы колдонулууда.

Жыйынтыктап айтканда, мамлекет алдын ала көзөмөл жүргүзүүнүн бирдиктүү вертикалын калыптандырууда. Мында атайын кызматтардын ишин ыкчамдатуу шылтоосу менен укуктук тоскоолдуктар, анын ичинде соттун алдын ала уруксатын алуу талабы четке сүрүлүүдө.

Шайлоо алдында бул механизм айрыкча универсалдуу куралга айланат. Коопсуздукту коргоо жана радикализмге каршы күрөшүү деген ураандардын астында мамлекеттик система диний активисттен тартып оппозициялык саясатчыга чейин каалаган жарандын жеке жашоосуна ыкчам кийлигишүүгө мүмкүндүк берген куралга ээ болууда.

Абду Шүкүр

Back to top button