Кыргызстандын ири шаарларында төрөттүн көрсөткүчү азайып жатат

Кыргызстандын ири шаарларында төрөттүн көрсөткүчү азайып жатат
Кыргызстандын эки ири шаарында төрөттүн жалпы көрсөткүчү азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылы бойго жеткен ар бир аялга орто эсеп менен 2,89 бала туура келсе, өткөн жылы бул көрсөткүч 2,58ге чейин азайган.
Эң кескин төмөндөө борбор калаада катталды: бир аялга эсептелген баланын саны 3,3төн 1,32ге чейин түштү. Ал эми Ош шаарында бул көрсөткүч 5,37ден 2,41ге чейин кыскарган. Өлкө калкынын дээрлик жарымы ушул аймактарда күн кечирүүдө.
Демографтар калктын санын табигый калыбында сактап туруу үчүн төрөттүн жалпы коэффициенти бир аялга орточо 2,01–2,1 баланын тегерегинде болушу керектигин белгилешет.
Мындай көрүнүш өлкөдө кымбатчылык күчөп, шаар тургундарынын саны өсүп жаткан учурга туш келүүдө. Башкача айтканда, капиталисттик жашоо образдын таасири көбүрөөк байкалган шаар турмушунда төрөттүн саны төмөндөп жатат. Ал эми, расмий бийлик тарабынан калктын санын өстүрүү жаатында жетиштүү колдоо көрсөтүлбөй келет.




