Макала

«Мадина» базарындагы кырдаал: модернизациябы же рейдерлик басып алуубу?

«Мадина» базарындагы кырдаал: модернизациябы же рейдерлик басып алуубу?

Бишкектеги «Мадина» базарын ушул жылдын 1-августунан тарта жабуу чечими коомдо жана соодагерлер арасында нааразылыкты күчөттү. Аталган базар өлкөнүн бүтүндөй жеңил өнөр жайын чийки зат (кездеме, фурнитура, жабдуулар) менен камсыздап, «Made in KG» брендинин калыптанышына негиз болгон кездеме хабы болуп эсептелет.

Бийлик органдарынын маалыматы боюнча, жүргүзүлүп жаткан иштерсоода борборун азыркы доордун талаптарына шайкеш келтирүү аракети катары айтылууда. Мэрия менен администрация базар толугу менен жок кылынбай турганын жана оңдоо иштери аяктагандан кийин соодагерлер кайрадан өз жумуш орундарына кайта аларын билдиришүүдө.

Ал эми, маселенин экинчи тарабын карасак, акыйкат дагы да ачыгыраак көрүнөт. Мадина базарынын айланасындагы талаш-тартыштар өткөн жылы УКМК тарабынан базардын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовду уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деген айып менен камакка алган учурга барып такалат. Салимов камакка алынгандан кийин, анын мүлктөрү жана «Мадина» базары бийликке жакын компанияга («Тарим Трэйд») өтүп кеткен. “Мадина” базар менен бирге ага чектеш «ЖБИ Заводунун» 13 гектар жери жана «Сан Сити» эс алуу борбору кийинки колдорго өткөн. Аталган аймакта жаңы кездеме базары курулуп бүтүү алдында турат. Учурда соодагерлерди аталган жаңы базарга көчүрүү талабы коюлуп жаткандыктан, ишкерлер Президентке кайрылуу жасоого аргасыз болууда. Алардын айтымында, ишкерлерди жаңы курулуп жаткан корпустардан өтө жогорулатылган баада (200 000 – 240 000 $) соода орундарын сатып алууга мажбурлап жатышат.

Демек, “Мадина” базарынын айланасында болуп жаткан кырдаал жөн гана оңдоп-түздөө аракети эмес. Капитализмдин табиятына ылайык, бийликке жакын адамдардын колуна ири каржылык мүмкүнчүлүктөрдү топтоо үчүн жасалган пландуу аракет. Тилекке каршы, мындай мүлктү басып алуу учурунда эски кожоюндар гана жабыр тарпастан, өмүрүн соода менен өткөргөн карапайым ишкерлер да оор кырдаалга кептелүүдө. Андыктан, бийлик соодагерлердин кызыкчылыгын коргоп, ачык-айкын шарттарды түзбөсө, калктын кезектеги нааразылык толкунуна дуушар болуучу окуялардан болуп калышы ыктымал. Буга кошумча, бул процесстин жыйынтыгы ансыз да оор кырдаалда турган тикмечилик тармагын олуттуу каатчылыкка кептеши мүмкүн.

Мунун каршысында, Ислам жеке мүлктү кол тийгис орунга коюп, мамлекеттин же бийликтегилердин жеке мүлктү тартып алуусуна катуу тыюу салат.

Пайгамбарыбыз айткан:

«مَنْ ظَلَمَ قِيدَ شِبْرٍ مِنَ الْأَرْضِ طُوِّقَهُ مِنْ سَبْعِ أَرَضِينَ»

«Ким бир карыш жерди да зулумдук менен тартып алса, ал жети кат жер менен моюнуна оролот» (Муслим риваяты, Айша разияллаху анхадан).

Акыл Исаков

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button