Бейиш бактары

Абдуллах ибн Абдуллах ибн Убай ибн Салул (رضي الله عنه)

Бейиш бактары

Абдуллах ибн Абдуллах ибн Убай ибн Салул (رضي الله عنه)

Райан Иса – Ирак

Расулуллахтын ﷺ сахабаларынын өмүр баянындагы кызыктуу окуялардын бири – улуу сахаба Абдуллах ибн Абдуллах ибн Убай ибн Салулдун, (رضي الله عنه) өмүр баяны. Анткени бир тарапта анын Аллахка, Анын Элчисине жана Исламга болгон ыйманы топтолсо, экинчи тарапта анын атасы Абдуллах ибн Убай ибн Салулда – Мадинадагы мунафыктардын башчысында – бүтүндөй эки жүздүүлүк топтолгон эле. Ошондуктан бул эки өмүр баянды бири-биринен ажыратып кароо мүмкүн эмес. Ушул себептен бул макалада экөөнүн тең абалына жана бир эле маселеге т.а. улуу Ислам динине кандай мамиле кылышканына токтолобуз. Ата менен бала экөө тең «Абдуллах» деген атты алып жүрүшкөндүгү бул өмүр баяндын эң таң калычтуу жагы болуп саналат.

Абдуллах (уулу) атасы өз напсисинин өкүмүнө ээрчибегенде, аброй жана ар-намыска толгон үй-бүлөдөн чыккан болот эле. Ал жүрөгү акылмандыкка толгон абалда келди жана жүрөгү акыйдасына толук баш ийген болчу. Ошентип жаңыдан түзүлгөн мусулман коомунун сабында алдыга чыгып, анын орду алдыңкы катарда болду.

Аллахтын динине кирген учурдан тартып эле жүзүн Исламды коргоо жолуна бурду жана өзүн толугу менен ага арнады. Анын манхажы бөлүнүүнү же карама-каршылыкты кабыл албаган бир бүтүн абийир эле. Ал Исламды куфрга каршы кандай коргосо, нифакка каршы да ошондой коргоду. Атасына каршы кандай турса, Ислам дааватына же аны алып келген Пайгамбарга ﷺ каршы чыгууга напсиси азгырган ар бир каапырга же мунафыкка каршы да ошондой турду.

Ал – Малик ибн аль-Харис ибн Убайд ибн Малик ибн Салимдин уулу. Салим болсо курсагы чоң болгондуктан «аль-Хубла» деп аталчу. Ал Ганм ибн Ауф ибн аль-Хазраждан болгон ансарлык хазражий эле. Анын атасы атактуу мунафык Ибн Салул деген ат менен белгилүү болгон. Абдуллах ибн Абдуллах сахабалардын мырзаларынан жана алардын эң жакшыларынан эле. Анын аты Хубаб болчу, атасына да ошого байланыштуу «Абу Хубаб» деп лакап коюлган. Кийин Пайгамбар ﷺ анын атын өзгөртүп, Абдуллах деп атады.

Ал Бадр согушуна жана андан кийинки бардык согуштарга катышкан. Абу Абдуллах ибн Манда (Абдуллах ибн Убайдын رضي الله عنه) мурду Ухуд күнү жабыркап калганын айтып, Пайгамбар ﷺ ага алтындан мурун жасатып алууну буюрганын риваят кылган. Буга окшошураак риваят Айшадан да (رضي الله عنها) келтирилген. Анда Абдуллах ибн Абдуллах ибн Убай (رضي الله عنه) мындай деген:

نَدَرَت ثَنِيَّتي فأمرني رسول الله ﷺ أن أتخذ ثنية من ذهب.

«Алдыңкы тишим сынып калды. Ошондо Расулуллах ﷺ мага алтындан алдыңкы тиш жасатып алууну буюрду».

Абдуллах (атасы) башына таажы кийгизиле турган адам эле. Бирок таажы башына тие электе эле түшүп калды! Ошентип, падыша болуу урматынан эң кооптуу жашыруун душманга (мунафыкка) айланды. Абдуллах ибн Убай ибн Салул хижраттан мурда Ясрибдеги Хазраж уруусунун чоңдорунун бири болгон. Эли аны падыша кылууга даярдык көрүп, өздөрүнө падыша катары таажы кийгизүү үчүн мончокторду тизип да коюшкан эле. Бирок Расулуллах ﷺ Мадинага хижрат кылып келгенде жана Авс менен Хазраж ага ыйман келтиргенде, Ибн Убайдын падышалыгы баштала электе эле кыйрады. Ошондо анын жүрөгү кекке жана ачууга толду. Ал Исламда экенин сыртынан көрсөтүп, куфрду ичинде жашырды. Ошентип, Мадинадагы мунафыктардын башчысы болуп калды. Анын айланасына жүрөгүндө ыйманы бекем орун албаган, өзү сыяктуу адамдар чогулушту. Башында ал Исламды сыртынан көрсөтүп, мусулмандар менен бирге намаз окучу. Бирок ичинде аларга болгон душмандыкты жашырып, аларга каршы айла-амалдарды түзчү. Аллах Таала андай адамдар жөнүндө мындай деген:

﴿وَمِنَ النَّاسِ مَن يَقُولُ آمَنَّا بِاللَّهِ وَبِالْيَوْمِ الْآخِرِ وَمَا هُم بِمُؤْمِنِينَ ۝ يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَمَا يَخْدَعُونَ إِلَّا أَنفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ﴾

«Адамдардын арасында ушундайлар да бар, өздөрү момун болбой туруп: “Биз Аллага жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирдик”,- дешет. Бирок алар ишенишпейт. Алар Алланы жана ыймандууларды алдамакчы болушат жана өздөрү сезбеген абалда өздөрүн гана алдашат». (Бакара: 8–9).

Абдуллах ибн Убай Мадинадагы дал ушул адамдардын башчысы эле. Ал дайыма пландарды түзүп, фитналарды козгоп, мусулмандардын арасында кастыкты тутандырып турчу. Бадр согушунда ал мусулмандар менен бирге чыккан эмес. Мусулмандар жеңишке жеткенден кийин болсо анын кеги ого бетер күчөдү. Андан кийин Ухуд согушунда Пайгамбар ﷺ менен бирге чыгып, жанында үч жүз киши бар эле. Бирок аскер жолго чыкканда, ал өзүнүн адамдары менен кайра кайтып кетип: «Эгер согуш болорун билсек, силерди ээрчимекпиз», – дешти. Бул мусулмандардын катарында чоң боштук пайда болушуна себеп болду. Бул тууралуу Аллах Таала мындай деген:

﴿وَلِيَعْلَمَ الَّذِينَ نَافَقُوا وَقِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا قَاتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَوِ ادْفَعُوا قَالُوا لَوْ نَعْلَمُ قِتَالًا لَّاتَّبَعْنَاكُمْ هُمْ لِلْكُفْرِ يَوْمَئِذٍ أَقْرَبُ مِنْهُمْ لِلْإِيمَانِ﴾

«…чыныгы момундарды билүү үчүн, ошондой эле нифак-эки жүздүүлүк жолуна кирген кишилерди аныктоо үчүн болду. Аларга: «Келгиле, Алла жолунда согуш кылгыла, же (эч болбосо биздин саныбызды көбөйтүү менен душманды) кайтаргыла», деп айтылса, «Эгер согуш болуусун анык билгенибизде го силердин артыңардан барган болоор элек дешет». Ошол күнү алар ыймандан көрө каапырлыкка жакыныраак эле. Алар ооздору менен көңүлдөрүндө болбогон нерселерди айтышууда. Алла болсо алардын жашырган сырларын абдан жакшы билүүчү». (Али Имран: 167).

Бану Мусталак согушунда мухажирлерден бир киши менен ансарлардан бир кишинин ортосунда жаңжал чыкканда, Ибн Убай өзүнүн белгилүү сөзүн айткан. Ал: «Алар биздин жерибизде бизге каршы чыгып, саны жагынан көбөйүп кетишти. Аллахка ант болсун, биздин аларга болгон мисалыбыз: “Итиңди семиртсең, өзүңдү жейт”, – деген макалдагыдай болуп калды», – деди. Андан соң: «Эгер Мадинага кайтып барсак, анда сөзсүз эң кадырлуусу андан эң кор адамды чыгарып жиберет», – деди. Ал муну менен Пайгамбарды ﷺ жана анын сахабаларын чыгарууну көздөгөн эле. Ошондо Аллах аны ашкерелеп, сырын ачып берген «Мунафикун» сүрөсүн түшүрдү. Аллах Таала мындай деди:

﴿يَقُولُونَ لَئِن رَّجَعْنَا إِلَى الْمَدِينَةِ لَيُخْرِجَنَّ الْأَعَزُّ مِنْهَا الْأَذَلَّ وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَلَكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Алар: «Ант болсун, эгер Мадинага кайтсак, албетте күчтүүлөр күчсүздөрдү андан кууп чыгарат», дешет. Акыйкатта болсо, бардык күч-кудурет Алланыкы, Анын пайгамбарыныкы жана момундардыкы. Бирок мунаафыктар (муну) билишпейт». (Мунафикун: 8).

Ибн Убай динди кыйратууну канчалык кааласа, анын уулу анын түркүктөрүн бекемдөөгө ошончолук умтулган. Ооба… Абдуллах атасынын бул сөзүн укту жана аны эң катуу түрдө четке какканын да билди. Андан кийин асмандан чындык түшүп, Абдуллахтын жүрөгүндөгү кайгынын оорусу эң жогорку чегине жетти жана анын жүрөгүн кайгы менен муңдун ар түрдүү өңдөрүнө толтурду. Расулуллах ﷺ жаш Зайд ибн Аркамды (رضي الله عنه) чакырып: «Эй Зайд! Аллах сени чындыкты айттың деп тастыктады», – деди. Андан соң ага асмандан түшкөн өкүмдү жана анын сөзүнүн ырасталганын окуп берди:

﴿هُمُ الَّذِينَ يَقُولُونَ لَا تُنفِقُوا عَلَى مَنْ عِندَ رَسُولِ اللَّهِ حَتَّى يَنفَضُّوا وَلِلَّهِ خَزَائِنُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلَكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَفْقَهُونَ ۝ يَقُولُونَ لَئِن رَّجَعْنَا إِلَى الْمَدِينَةِ لَيُخْرِجَنَّ الْأَعَزُّ مِنْهَا الْأَذَلَّ وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَلَكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Алар (өздөрүнүн карамагындагыларга): «Алланын пайгамбарынын алдындагы кишилерге жакшылык-кайрымдуулук кылбагыла, тээ алар таркалып кетишсин», дей турган кимселер. Акыйкатта болсо, асмандар жана Жер казыналары Жалгыз Алланыкы. Бирок мунаафыктар (муну) аңдашпайт. Алар: «Ант болсун, эгер Мадинага кайтсак, албетте күчтүүлөр күчсүздөрдү андан кууп чыгарат», дешет. Акыйкатта болсо, бардык күч-кудурет Алланыкы, Анын пайгамбарыныкы жана момундардыкы. Бирок мунаафыктар (муну) билишпейт». (Мунафикун: 7–8).

Ошондо ал дароо Расулуллахка ﷺ барып, тарых бою жаңырып тура турган төмөнкү сөздөрдү айтты: «Аллахка ант болсун, кор (күчсүз) болгон – ал, ал эми улуу (күчтүү) болгон – Сизсиз, эй Аллахтын Элчиси! Эгер аны өлтүрүүгө мага уруксат берсеңиз, аны мен өзүм өлтүрөм. Аллахка ант болсун, Хазраж уруусу атасына менден да жакшыраак мамиле кылган адам жок экенин жакшы билет. Бирок Сиз аны өлтүрүүгө мусулмандардын бирине буйрук берип коёсуз деп корком. Ошондо атамдын өлтүргөн кишисинин жерде тирүү жүргөнүн көрүп, напсим ага чыдабай, аны өлтүрүп коём. Натыйжада, каапыр үчүн бир момунду өлтүрүп алып, тозокко кирип калам». Бирок Пайгамбар ﷺ аны тынчтандырып, көңүлүн жибитип жана атасына жакшы мамиле кылууну осуят кылып мындай деди:

«بل نحسن صحبته ونترفق به ما صحبنا، ولا يتحدث الناس أن محمدًا يقتل أصحابه، لكن بر أباك وأحسن صحبته».

«Жок. Биз ага жакшы мамиле кылабыз жана ал биз менен болгончо ага жумшак болобуз. Эл арасында: “Мухаммад өзүнүн сахабаларын өлтүрөт экен”, – деген сөз тарабасын. Сен болсо атаңа жакшылык кыл жана аны менен жакшы мамиледе бол».

Абдуллахтын бул мамилеси акыйда робытасы эң бекем робыта экенине ачык далил болот. Аллах үчүн болгон жакшы көрүү робытасы эң күчтүү робыта. Бул Аллахка ант болсун, Ислам адамдардын жүрөгүнө куюп берген улуулуктун көрүнүшү эле.Расулуллах ﷺ менен жолуккандан кийин Абдуллах чыгып, атасы Мадинага кайтып келгенче күттү. Анан аны: «Мен күчсүзмүн, ал эми Расулуллах күчтүү», – деп өз оозу менен мойнуна алмайынча, Мадинага киргизбей койду. Ал бул ишин Расулуллахтан ﷺ атасына карата мындай кылууну токтотуу тууралуу буйрук келгенге чейин улантты.

Анын атасы «ифк окуясында» да момундардын энеси Айшанын (رضي الله عنها) абийирине шек келтирип, жалган жалааны тараткан адамдардын бири болгон. Ошондо Аллах Таала анын (رضي الله عنها) күнөөсүз экенин Ыйык Курандагы «Нур» сүрөсүндө түшүрүп, ифк жалаасын тараткан мунафыктарды ашкереледи. Аллах Таала мындай деди:

﴿إِنَّ الَّذِينَ جَاءُوا بِالْإِفْكِ عُصْبَةٌ مِّنكُمْ لَا تَحْسَبُوهُ شَرًّا لَّكُم بَلْ هُوَ خَيْرٌ لَّكُمْ﴾

«Шек-күмөнсүз, бул жалааны келтирген кимселер өзүңөрдөн эле болгон бир топ. Аны силер өзүңөр үчүн жамандык деп ойлобогула, кайра ал силер үчүн жакшылык». (Нур: 11).

Ибн Убай ушул топтун башчысы болгон. Ал жалганды жайылтып, фитнаны күчөткөн. Акыры Аллах Таала момундардын энеси Айшанын (رضي الله عنها)күнөөсүз экенин түшүрүп, мунафыктардын жалганын ачыктады.

Пайгамбар ﷺ Ибн Убайга анын сыртынан көрсөткөн Исламына жараша мамиле кылчу. Аны өлтүргөн эмес, кысымга алган эмес жана ашкерелеген да эмес. Тескерисинче, ичи толо нифак болсо да, сыртынан көрсөткөн Исламына ылайык мамиле кылган. Анткени Расулуллах ﷺ анын чыныгы абалын билчү. Себеби ал ﷺ адамдардын сыртын кабыл алып, алардын ички сырларын Аллахка тапшырууга буюрулган эле. Ал эми Ибн Убай болсо мындан пайдаланып, айлакерлигин жана кастыгын дагы да күчөтүп турган.

Абдуллах ибн Убай өмүрүнүн акырына чейин Мадинадагы нифактын башчысы болуп калды. Ал жаңы түптөлүп жаткан Ислам коомунун ичиндеги эң кооптуу «бешинчи кол» эле. Бирок ал Исламга чыныгы зыян келтире алган жок. Анткени Аллах Өз Пайгамбарын жана динин анын айла-амалдарынан сактап калды. Ошондой эле анын окуясын Исламга ичинен душмандык кылып, сыртынан башкача көрүнгөн ар бир адам үчүн сабак кылды. Аллах Таала мындай деген:

﴿إِنَّ الْمُنَافِقِينَ فِي الدَّرْكِ الْأَسْفَلِ مِنَ النَّارِ وَلَن تَجِدَ لَهُمْ نَصِيرًا﴾

«Албетте, мунаафыктар тозоктун эң төмөн жайында болушат. Алар үчүн бир да жардамчы таппайсың!» (Ниса: 145).

Ал эми анын уулу Абдуллах ибн Абдуллах ибн Убай ибн Салулга (رضي الله عنه) келсек, Аллах ага берген убадасын чындыкка чыгарды. Ал Ямама согушунда чоң эрдик көрсөтүп, теңдешсиз кайраттуулук менен салгылашып, акыры шахид болду. Денеси жарааттарга толуп, жебелер денесин тешип өткөндөн кийин, Аллах жолунда душманга жүзүн буруп, артка чегинбестен шахид даражасына жетишти. Ошентип, Аллах ага берген убадасын аткарды. Оо, Аллах! Өз ырайымың менен бизди да алар менен бирге кайра тирилт. Акыркы дубабыз: «Бүткүл Ааламдардын Раббиси болгон Аллахка бардык мактоолор болсун».

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button