Сакофий

Мукаллиддердин абалдары жана алардын таржих кылуу негиздери

Суроо-жооп:

Мукаллиддердин абалдары жана алардын таржих кылуу негиздери

Усама Самманга

Суроо:

Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух.

Урматтуу шейхибиз, Аллах сизге береке берсин жана эң жакшы сыйлыктарды тартууласын. Аллахтан сизди Өз нусраты менен колдошун, Халифалык мамлекетинин тикеленишин тездетишин жана сизге сооп менен бекемдик насип кылышын сурайбыз.

Менин бир суроом бар эле. Мүмкүн болсо, ага жооп берүүңүздү өтүнөм. Суроом төмөнкүдөй:

«Исламий шахсия» китебинин биринчи бөлүгүндөгү «Далилдин кубаты» темасында төмөнкүлөр келген:

«Булардын баары кубаттардын жыйынтыгы. Бул жыйынтык менен шаръий далил таржих кылынышы үчүн анын күчтүүрөөгү тандалат. Бул нерсе эки абалда болушу мүмкүн:

1. Зонн талабында күч жумшабаганы үчүн истинбатка кудуреттүү болбостон эки далил талкуусу муттабиъ менен болгондо.

2. Мужтахидде эки далил бири-бирине тескери келип калганда. Эки абалда тең эки далил келсе, аларды салыштыруу керек. Эгер алардын бири күчтүүрөөк болсо, далили күчтүү өкүм алынып, ага амал кылуу, ал эми далили заифин таштоо важып».

Ошондой эле «Бир маселеде бирден ашык мужтахидди таклид кылуу» деген аталыштагы суроо-жоопто төмөнкүлөр келген:

«Мунун баары адам мукаллид болуп турган учурда. Ал эми анда далилдерди талдап, алардын арасынан таржих кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болсо, анда өзү таклид кылып жүргөн мужтахидди таштап, күчтүүрөөк далилге ээрчүүсү жаиз».

Анда бир маселенин чеги аамий (жөнөкөй) мукаллид менен муттабиъ (далилди ээрчиген) мукаллид үчүн айырмаланабы? Эгер маселенин чеги экөөндө тең бирдей болсо, шаръий мурожжихаттарга (таржих кылуу негиздерине) ылайык далилдердин арасынан таржих кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон муттабиъ мукаллид бир маселенин айрым бөлүктөрүндө, мисалы, намаз маселесинде, далилдер менен мужтахиддердин пикирлеринин арасынан таржих кылса болобу? Же таржих кылуу бир маселенин айрым бөлүктөрүнүн ортосунда эмес, өз алдынча маселелердин ортосунда гана болобу?

Аллах сизге жакшылык менен сыйлык берсин жана береке берсин. Аллахтан сизге ийгилик берип, кадамыңызды бекемдөөсүн, Өз нусраты менен колдошун жана муну жакшы амалдарыңыздын таразасына коюусун сурайбыз.

Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух.

Жооп:

Ва алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатух.

Боордошум, шаръий өкүмдү билүү жагынан мусулмандар эки түргө бөлүнөт: биринчиси — мужтахид, экинчиси — мукаллид. Үчүнчү түрү жок. Анткени иш жүзүндө адам же өзүнүн ижтихады аркылуу жеткен өкүмдү алат, же башка бирөөнүн ижтихады аркылуу жеткен өкүмүн алат. Бул эки абалдан башкасы жок. Ошондуктан мужтахид болбогон ар бир адам, анын түрү кандай болбосун, мукаллид болуп эсептелет. Себеби таклид кылуу — өкүмдү башка бирөөдөн алуу.

1. Мужтахидге келсек, ал — ижтихад кылууга жөндөмдүү адам. Башкача айтканда, араб тилин жетиштүү деңгээлде билген, Куран менен Сүннөттүн бөлүмдөрүн жетиштүү деңгээлде билген, далилдерди талдоо, бириктирүү жана таржих кылуу аркылуу салыштырып текшерүүнүн жолдорун жетиштүү деңгээлде билген жана ошонун негизинде өкүмдөрдү истинбат кылууга жөндөмдүү болгон адам.

* Эгер ал бир маселеде ижтихад кылса, анда анын өз ижтихадын ээрчиши шаръий өкүм болуп саналат. Ал далилдин күчтүүлүгү сыяктуу таржих кылуучу негиз болмоюнча, бул пикирден башка пикирге өтпөйт.

Ал эми мужтахид болбогондор эки түргө бөлүнөт: муттабиъ жана аамий. Алардын ар биринин бир мазхабдан башка мазхабга өтүүдө өз шарттары бар. Кандай гана абал болбосун, бул өтүү каалоо жана напсиге ээрчүү менен же жеңилирээк болгону үчүн эмес, муттабиъ жана аамий үчүн шаръий мурожжих менен гана болот.

А) Муттабиъге келсек, ал — шаръий өкүм чыгарууда эске алынуучу айрым илимдерге ээ болгон адам. Башкача айтканда, араб тилин тиешелүү деңгээлде билген, хадистердеги мутаватир, сахих, хасан жана заиф деген түшүнүктөрдүн маанисин кандайдыр бир деңгээлде билген жана хадис китептеринин ичинен сахих хадистер жыйнактары жөнүндө илими бар адам.

* Башкача айтканда, муттабиъ бир пикирден башка пикирге мурожжих менен өтөт. Муттабиъ үчүн бул негиз — далилин билген өкүмдү ээрчүү жана далилин билбеген өкүмдү таштоо.

Б) Аамийге келсек, ал — муттабиъ сыяктуу ташриъде эске алынуучу айрым илимдерге ээ болбогон адам. Ал Аллах Субханаху ва Таалага мазхабдагы шейхтин айтканы боюнча ибадат кылат. Мындай адам кайсы бир маселеде мурожжих болмоюнча, өз мазхабынан башка мазхабга өтпөйт. Аамий үчүн мурожжих — өзү таклид кылган адамдын түшүнүгүнө, такыбалыгына жана жакшы мамилесине болгон ишеними. Ошондуктан ал мечиттин шейхине, атасына же мечитте адамдарга Куран окууну үйрөткөн адамга таклид кылат. Мындай абалда, жогоруда айтылгандай, мурожжих болмоюнча, ал бул мазхабдан башка мазхабга өтпөйт. Ал негиз — жогоруда аталгандардан да илимдүүрөөк адамды таанып, анын такыбалыгына жана адилеттүүлүгүнө аларга караганда көбүрөөк ишениши.

* Башкача айтканда, аммий бир пикирден башка пикирге мурожжих менен өтөт. Аммий үчүн бул негиз — такыбалыгына жана адилеттүүлүгүнө ишенген, илимине жана түшүнүгүнө көңүлү тынч болгон адамды таанып, ал адамдын аны өтө турган мазхабга багытташы. Эгер анын көңүлү тынч болсо, башка мазхабга өтүшү жаиз болот.

Жыйынтыктап айтканда: Мужтахид күчтүүрөөк далилди аныктоо жана далилдин күчүнө жараша тафсилий далилдерден шаръий өкүмдөрдү истинбат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Демек, мужтахид үчүн мурожжих — далилдин күчтүүлүгү.

Ал эми муттабиъ өзү таклид кылган мужтахиддин далилинин негизинде өкүмдү алат. Бирок ал ижтихад кылууга жана кайсы далил башкаларынан күчтүүрөөк экенин аныктоого жөндөмдүү эмес. Ошондуктан муттабиъ үчүн мурожжих — мужтахиддин далилин билүү. Эгер ал бир мужтахиддин далилдерин толук билбестен ага таклид кылып жүрүп, кийин башка мужтахиддин далилдерин билип калса, анда ошол башка мужтахидди ээрчийт.

Ал эми аамий далилди билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Ал өзү жана анын илимине ишенген шейхке же өзү намаз окуган мечитте адамдарга имамдык кылган адамга жана башкаларга таклид кылат.

Демек, аммий үчүн мурожжих — өз шейхине же мечиттин имамына болгон ишеними.

Ошондуктан сурооңузда айтылган: «Шаръий мурожжихаттарга ылайык далилдердин арасынан таржих кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон муттабиъ мукаллид далилдердин арасынан таржих кылса болобу?» деген сөзүңүз так эмес. Анткени муттабиъ далилдерден өкүм истинбат кылуу үчүн алардын арасынан таржих кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Муттабиъ жөнүндө айтылган нерсе — далилдин сахих, хасан, заиф жана башка түрлөрдөн экенин билүү. Бирок бул далилдердин арасынан таржих кылуу жана өкүм истинбат кылуу үчүн жетиштүү эмес. Тескерисинче, ижтихад шарттарына кирген башка маселелерди да билүү зарыл. Алар: араб тилин мыкты өздөштүрүү, хос жана ъаам, мутлак жана мукайяд сыяктуу усулул-фикх илиминдеги маселелерди билүү зарыл.

Муттабиънин аныктамасында төмөнкүлөр келген:

«Исламий шахсия» китебинин биринчи бөлүгүндөгү «Мукаллиддердин абалдары жана алардын мурожжихаттары» темасында төмөнкүлөр келген:

«Себеби, далилди текшерип, андан өкүм истинбат кылууга мужтахидден башкасы кудуреттүү эмес. Далилди текшерип, андан өкүм истинбат кылуу үчүн болсо ушуга тиешелүү далилдер жана маселелерди терең үйрөнүү зарыл. Мындай ишти болсо мужтахид гана кыла алат. Ошондуктан мукаллид мужтахид деп эсептелбейт. Адамдар шаръий өкүмгө карата мужтахид же мукаллид болуп эсептелишет, башкача болушу мүмкүн эмес. Т.а. өкүмдү өзү истинбат кылышы мүмкүн, бул орунда андан мурда башка мужтахиддин ушул өкүмдү истинбат кылганы же кылбагандыгынын мааниси жок. Же башкасынын истинбатын кабыл алуусу мүмкүн. Ушундан келип чыгып, кимдин ижтихадга жөндөмү болбосо, ал мукаллид болуп эсептелет. Анын ижтихадда шаръий жактан этибарга алына турган кээ бир илимдерге ээ экендиги же ээ эместиги этибарга алынбайт. Аамий жана муттабиълер да мукаллид болуп эсептелишет, муттабиъ мужтахиддин далилин билүү шарты менен таклид кылат. Аамий болсо эч кандай шартсыз таклид кылат».

2. «Исламий шахсия» китебинин биринчи бөлүгүндөгү «Таклид» бабында:

«Демек, муттабиъ да мукаллид экен. Дагы бир сөз, таклид – бул мужтахиддин райына далили белгилүү болгондон кийин аны талкуу кылбастан ээрчүү. Т.а. бул далилге амал кылууга мажбур болбостон ээрчүү. Ал эми эгер далилди талкуулап, андан өкүм кандай истинбат кылынганын билип, кийин бул өкүмдү истинбат кылынуусуна жана ушул өкүмдүн өзүнө кошулсаңыз, өкүм негизделген хужжат амал кылууга үндөйт жана сиздин райыңыз мужтахиддин райы сыяктуу болуп, мындай абалда сиз муттабиъ эмес, тескерисинче мужтахид деп эсептелесиз. Булардан түшүнүлгөндөй, бирөөгө ээрчүү таклид болот. Ээрчиген киши болсо, мейли, далилди билип ээрчисе да, мукаллид болот».

Мындан муттабиъ далилдердин арасынан таржих кылуу жана анын негизинде өкүм истинбат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес экени ачык көрүнүп турат. Ал болгону сахих далилди сахих эмес далилден айырмалай алат. Бирок далилдерди бириктирүү, алардын арасынан таржих кылуу жана өкүм истинбат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Эгер мындай мүмкүнчүлүккө ээ болгондо, ал мужтахид болмок.

Сыягы, сизге түшүнүксүз болгон нерсе «Исламий шахсия» китебинин «Далилдин кубаты» бабында, 294-бетте келген төмөнкү сөздөр болсо керек:

«Булардын баары кубаттардын жыйынтыгы. Бул жыйынтык менен шаръий далил таржих кылынышы үчүн анын күчтүүрөөгү тандалат. Бул нерсе эки абалда болушу мүмкүн:

1. Зонн талабында күч жумшабаганы үчүн истинбатка кудуреттүү болбостон эки далил талкуусу муттабиъ менен болгондо.

2. Мужтахидде эки далил бири-бирине тескери келип калганда. Эки абалда тең эки далил келсе, аларды салыштыруу керек. Эгер алардын бири күчтүүрөөк болсо, далили күчтүү өкүм алынып, ага амал кылуу, ал эми далили заифин таштоо важып».

Сиз «1. …истинбатка кудуреттүү болбостон эки далил талкуусу муттабиъ менен болгондо» деген сөздөрдү таржих жана ижтихад кылуу мүмкүнчүлүгүн билдирет деп ойлогон окшойсуз. Бирок маселе андай эмес. Тескерисинче, бул жердеги далил талкуусу — далилдин сахих, хасан же заиф экенин билүү дегенди билдирет. Бул болсо таржих кылуу үчүн жетиштүү эмес. Таржих кылуу үчүн мындан башка да маселелерди, мисалы, хос жана ъаам, мутлак жана мукайяд, насих жана мансух жана башкаларды билүү зарыл.

Бул сөздөрдүн мааниси анын аягындагы «истинбат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон абалда» деген сөздөрдөн да ачык көрүнүп турат.

Жыйынтыктап айтканда, муттабиъ далилдердин арасынан таржих кылуу жана алардан шаръий өкүм истинбат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Антпесе, ал мужтахид болмок.

Бул сиздин сурооңузда айтылган муттабиъ далилдердин арасынан таржих кылып, өкүм истинбат кыла алат деген сөздүн туура эместигине байланыштуу.

Ал эми сурооңуздун экинчи бөлүгүнө келсек, анда мындай деп айтылган:

«Шаръий мурожжихаттарга ылайык далилдердин арасынан таржих кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон муттабиъ мукаллид бир маселенин айрым бөлүктөрүндө, мисалы, намаз маселесинде, далилдер менен мужтахиддердин пикирлеринин арасынан таржих кылса болобу? Же таржих кылуу бир маселенин айрым бөлүктөрүнүн ортосунда эмес, өз алдынча маселелердин ортосунда гана болобу?»

Бул суроо эки себептен улам так эмес:

Биринчиси: Муттабиъ мужтахид эмес. Башкача айтканда, ал далилдердин арасынан таржих кылуу жана алардан шаръий өкүм истинбат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.

Экинчиси: Маселе — бөлүнгүс бир бүтүндүк. Маселенин өзү, анын рукндары, шарттары, сахихтиги жана батылдыгы негизги маселеден бөлүнбөйт. Ошондуктан шаръий өкүм алардын баарын камтышы керек. Демек, намаздын рукндарында Шафии мазхабына, ал эми намаздын сахих болушунун шарттарында имам Маликтин мазхабына таклид кылуу жаиз эмес. Тескерисинче, булардын баары бир бүтүн катары каралат.

Биз бул маселени «Тайсирул-вусул илал-усул» китебинин «Таклид» бабында, 275–276-беттерде жетиштүү жана кеңири түшүндүргөнбүз. Анда төмөнкүлөр келген:

“Масала сөзүнүн аныктамасы: бул жерде масала дегенден максат дурус болушунда башка масалага байланыштуу болбогон ар бир амал же амалдар жыйындысы. Масаланын бир бөлүгү дегенден максат болсо, шарттар жана рукндар сыяктуу, масаланын дурус болушу жүзөгө чыгышы үчүн зарыл болгон ар бир амал. Буга мисалдар:

Даарат: Дурус болушу башкасына байланыштуу болгон амалдар. Себеби, намаздын дурус болушу дааратка байланыштуу. Ошондуктан, таърифке ылайык, даарат масала эмес. Балким, ал дурус болушуна байланыштуу болгон намаздын бир бөлүгү.

Намаз: Дурус болушу башкасына байланыштуу болбогон амалдар. Намаз масала. Анын дурус болушуна байланыштуу болгон калган нерселер болсо анын бир бөлүгү. Мисалы, анын рукндары о.э. дурус болушунун шарттары болгон даарат жана кыблага жүздөнүү сыяктуу.

Орозодогу ниет: Дурус болушу башкасына байланыштуу болгон амал. Себеби, орозонун дурус болушу ниетке байланыштуу. Ошондуктан ниет масала эмес, балким, башка бир масаланын бир бөлүгү.

Орозо: Дурус болушу башкасына байланыштуу болбогон амал. Орозо масала. Анын дурус болушуна байланыштуу болгон калган нерселер болсо анын бир бөлүгү, мисалы, ниет кылуу, ооз ачылышынан сактануу сыяктуу. Ушуга ылайык, шахс намаз туурасында бирер мужтахидге таклид кылса, даарат, гусл, таяммум, кыблага жүздөнүү жана рукндар сыяктуу анын калган бөлүктөрүнө да таклид кылышы зарыл. Орозо туурасында бирер мужтахидге таклид кылса, ниет кылуу, ниетти ар бир күн үчүн түндө кылуу же толук бир айга бир ниет кылуу, о.э. ниетти күндүз кылуу жаизби же түндө кылуу керекпи, оозду ачуучу нерселер жана ооз ачууга уруксат берилген абалдар сыяктуу анын бардык бөлүктөрүндө да ошол мужтахидге таклид кылышы зарыл. Ал эми, ал бөлөк масалада башка мужтахидге таклид кылышы мүмкүн”. Аягы

Соңунда сизге салам жолдойм жана бул түшүндүрмө жетиштүү болот деп үмүттөнөм. Аллах эң жакшы Билүүчү жана эң туура Өкүм Чыгаруучу.

 

Боордошуңуз Ата ибн Халил Абу Рашта

3-Жумадал-ула 1448-х.

14-октябрь 2026-м.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button