Мусулман өлкөлөрү окуучулар бутага алынган аймак болууда

Мусулман өлкөлөрү окуучулар бутага алынган аймак болууда
Куралдуу кагылышуулар болгон аймактарда билим алуу барган сайын кооптуу болуп баратат. 2024–2025-жылдары дүйнө жүзү боюнча мектептерге жана башка билим берүү мекемелерине 8,5 миңден ашуун кол салуу катталган. Бул мурунку учурларга салыштырмалуу 40 пайызга көп жана байкоо жүргүзүлө баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Бул күчөгөн зомбулуктар өлүмдөр менен коштолуудатурат. БУУнун маалыматына ылайык, кол салуулардын кесепетинен кеминде 10 миң 6 жүз окуучу жана мугалим каза болуп, жаракат алган же уурдалган.
Бирок балдарга карата зомбулук мектептердин талкаланышы жана түздөн-түз жасалган кол салуулар менен гана чектелбейт. 2025-жылы БУУ куралдуу кагылышуулар жүрүп жаткан шартта балдардын укуктары 38 миңден ашуун жолу тебеленгенин тастыктаган. Бул акыркы 30 жылдагы эл аралык мониторингдин тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч.
Бүгүнкү күндө кризистерден жабыркаган 87 өлкөдө болжол менен 258 миллион бала билим алууда олуттуу үзгүлтүктөргө туш болууда. Акыркы бир жарым жылдын ичинде алардын саны дагы 21 миллионго көбөйгөн. Ал эми 93 миллион бала такыр мектепке барбайт.
Эске салсак, 2023-жылдын октябрь айынан бери «Израилдин» Газага чабуулу натыйжасында 73 миңден ашуун адам набыт болгон, алардын ичинен 21 миңден ашуун жаш балдар. Ошондой эле «Израил» аскерлери Газада университеттердин 82 пайызын, ал эми мектептердин 93 пайызын талкалаган.
Ал эми, АКШ менен «Израилдин» Иранга кол салуусу учурунда Ирандын түштүгүндөгү Минаб шаарындагы кыздардын мекебине сокку урулуп, бомбалоодон 175 адам набыт болгон, алардын көпчүлүгү окуучу кыздар.




