НАТО саммити: Батыштын ички жаракасын дагы бир жолу ачыктады

НАТО саммити: Батыштын ички жаракасын дагы бир жолу ачыктады
7-8-июлда Түркиянын борбору Анкарада башталган НАТОнун кезектеги саммити альянстын тарыхындагы эң карама-каршылыктуу маанайда өтүп жатат. Экономикалык кризистер менен алышып, инфляция жана кедейчилик менен күрөшүп жаткан өлкөдө НАТО саммити үчүн ири каражаттар жумшалып, коопсуздук чаралары менен шаарлар курчоого алынды. Анкара саммити Батыш дүйнөсүнүн ички кризисин, Кошмо Штаттардын жаңы амбицияларын жана Европанын өз алдынча коргонууга умтулуусун ачыкка чыгарды.
1. Натонун чыныгы жүзү
НАТО өзү ураан кылгандай, “эркин дүйнөнү” коргогон калкан эмес, глобалдык колониялык тартипти коргогон, Европаны салыкка байлаган жана Америка империализминин кызыкчылыктарын кан менен таңуулаган неоколонизатордук террордук уюм.
2001-жылы Ооганстанды басып алуу менен башталган кан төгүү он миңдеген карапайым тургундардын өлүмү, аялдар менен балдардын кырылышы менен аяктады. “Терроризмге каршы күрөш” деген ат менен жүргүзүлгөн бул операциялар, чындыгында, аймакта туруктуу базаларды куруу жана табигый ресурстарды тартып алуу үчүн гана болгон.
Ушул эле ыкма Иракта кайталанды. Жалганга негизделген “массалык кыргын салуучу куралдар” шылтоосу менен өлкө талкаланды. Миллиондогон адамдар курман болуп, жаракат алды, жер которууга мажбур болду. Ливияда Каддафинин ырайымсыз өлтүрүлүшү менен аяктаган НАТОнун бомбалоосу өлкөнү тозокко айлантты. Ал эми Сирияда НАТОго мүчө өлкөлөр жана анын колдоочулары жылдар бою террордук уюмдарды куралдандырып, каржылап жана коргоп келишти. НАТО бир тараптан “Ислам мамлекети” деп ызы-чуу салып жатса, экинчи тараптан мусулман географиясына башаламандыктын уруктарын себүүдөн эч качан баш тарткан жок. Уюмдун эң чоң эки жүздүүлүгү Палестина маселесинде көрүнүп турат. Газада он миңдеген бейкүнөө адамдардын кырылышына унчукпай карап турду, а түгүл яхудий вужудуна курал-жарак, логистикалык жана чалгындоо жагынан колдоо көрсөттү.
2. Түркиянын ролу
Түркиянын НАТОго мүчөлүгү 1952-жылга барып такалат. Ал “Батышка интеграциялануу” деген ат менен толук стратегиялык жактан багынып берди. НАТОнун Түркияга болгон көз карашы аны Ислам өлкөлөрүнөн келиши мүмкүн болгон коркунучтарга каршы буфердик аймак катары пайдалануу болуп эсептелет. О.э тездик менен өнүгүп жаткан коргонуу өнөр жайын Америка менен Батыштын кызыкчылыктарына кызмат кылдыруу менен гана чектелет. Түркия өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эмес, АКШнын көрсөтмөлөрүн аткарууга мажбурланууда.
3. Америка менен Европанын ажырымы
Американын обочолонуу жана каржылык басым көрсөтүү саясатын түшүнгөн Европа өлкөлөрү коргонуу тармагына 50 миллиард долларлык аскерий план жана келишимдерди макулдашты. Бул кадам аркылуу Европа Трамптын куралдануу талаптарына олуттуу мамиле жасап, өзүн коргоого даяр экенин көрсөткүсү келет. НАТОнун баш катчысы Марк Рютте бул келишимдерди кубаттап, Европа Орусия, Кытай же Иран сыяктуу глобалдык оюнчулар менен тең ата сүйлөшө алышы үчүн аскерий өнөр жайда чоң «революция» керек экенин моюнга алды.
НАТОдогу ички ажырымдын дагы бир далили 2026-жылдын 4-майында Ереванда өткөн Европа саммити болду. Франциянын президенти Макрондун демилгеси менен түзүлгөн саммит Орусияга каршы багытталса да, учурда Трамптын саясатына каршы Европанын өзгөчө позициясын калыптандыруучу аянтчага айланды. Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Эммануэль Макрон Европа өз тагдырын өз колуна алып, аскерий жактан көз карандысыз болушу керектигин ачык айтышты. Бул тирешүү АКШнын Германиядагы аскерлерин азайтуу чечиминен жана Трамптын НАТОну «туура эмес башкарылган чоң муз бөлүгү» деп атагандан кийин дагы да күчөдү.
Корутунду
Суук согуш убагында Советтер Союзуна каршы түзүлгөн НАТО альянсы бүгүнкү күндө ички ыдыроо коркунучунда турат. АКШ уюмду өзүнө каржылык жүк катары көрүп, мүчө өлкөлөрдөн коргонуу чыгымдарын ички дүң өндүрүмдүн 5%ына чейин көбөйтүүнү талап кылууда. Европа болсо Вашингтондон көз карандысыз коргонуу системасын түзүүгө шашылууда. А түгүл, Американын кошунасы Канада да өзүн АКШ тарабынан «жутулуп кетүүдөн» коргоо үчүн Европа менен жакындашууга мажбур болууда. НАТОдо жарака кетиши жана кийин кулашы дүйнөнү азап себептеринин биринен куткарат. Анткени алар чоң согуштарды чыгарып, бир эле учурда көптөгөн мамлекеттердин башка өлкөгө кийлигишүүсүнө себеп болуп келген. Демек, Анкара саммити көрсөткөндөй, дүйнө бир уюлдуу дүйнөдөн көп уюлдуу тутумга карай бара жатат.
Акылбек Аскаров




