Комментарий

Американын союздашы жана НАТОнун мүчөсү болгон секулярдык Түркия Ислам үммөтүнүн үмүтү боло алабы?!

Американын союздашы жана НАТОнун мүчөсү болгон секулярдык Түркия
Ислам үммөтүнүн үмүтү боло алабы?!

Жаңылык:

Өткөн жуманын соңунда Сабанжа шаарында Адилет жана өнүгүү партиясынын 33-консультативдик жана баалоо жыйыны өттү. Жыйында сөз сүйлөгөн Эрдоган, 2001-жылдын 14-августунда Адилет жана өнүгүү партиясы түзүлгөндөн бери өткөн жыйырма беш жылдын коомго жана мамлекетке тийгизген таасирине баа берди. Ал партия бийликте турган мезгилде Түркиянын эшигин дүйнөгө ачканын, ар бир мазлумга жардам колун сунганын жана 86 миллион калк үчүн гана эмес, бүтүндөй Ислам үммөтү үчүн да үмүткө айланганын айтты. (Маалымат агенттиктери, 28.06.2026)

Комментарий:

Эрдогандын сөздөрү Адилет жана өнүгүү партиясынын мүчөлөрүн шыктандырууну көздөгөндөй көрүнгөнү менен, ал вакыйлыктан ажыраган эмес. Анткени бул билдирүү дал ушул Түркиянын 7–8-июль күндөрү Анкарада кресттүүлөрдүн альянсы болгон НАТОнун 36-саммитин өткөрө турган убактысына туш келди.

Чынында эле, саммиттин эң жогорку деңгээлде өтүшүн камсыз кылуу жана ага катыша турган мамлекет башчыларын эң жогорку деңгээлде меймандостук менен кабыл алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалды. Этимесут аймагындагы аскердик аэропорт сегиз айдын ичинде толугу менен жаңыланып, жарандык каттамдар үчүн ачылып, ага «Анкара аэропорту» деген ат берилди. Долбоордун алкагында Анкара аэропорту менен Ай Йылдыз университеттик шаарчасын түз байланыштырган узундугу 12,5 чакырым болгон жаңы жол да курулду. Ошондой эле өтүүчү маршруттун боюндагы жолдор жана имараттар кайрадан сырдалды. Ушундайча, НАТО жетекчилеринин аба жана кургактык аркылуу ыңгайлуу жүрүп-турушу үчүн бардык шарттар даярдалды.

Муну менен эле чектелбестен, кресттүү каапырларды толук ыраазы кылуу жана Эрдогандын аларга таандык экенин далилдөө үчүн «терроризм» деген ат менен тавхид пикирин көтөргөн мусулмандарга, ошондой эле алардын мекемелери менен уюмдарына каршы операциялар жүргүзүлдү. Алардын көбү камакка алынды, кеңири элдик колдоого ээ болгон имамдар менен мекемелердин социалдык тармактардагы баракчалары бөгөттөлдү. Ушундайча, Исламдын жана мусулмандардын душманы болгон НАТО альянсы үчүн жаңы курмандыктар берилди жана мазактоонун чеги эң жогорку деңгээлге жетти. Ошондой эле Анкарада жана ага чектеш бир катар шаарларда он күн бою жыйындарды, демонстрацияларды жана маалымат жыйындарын өткөрүүгө тыюу салынды.

Мунун баары Эрдоган Адилет жана өнүгүү партиясы үммөттүн үмүтү экенин айтып жаткан күндөрдө болду! Мунун баары калкынын басымдуу бөлүгү мусулмандар болгон жана Америкага каршы маанай 92%га, ал эми НАТОго каршы маанай дээрлик 80%га жеткен Түркияда орун алды. Анткени Ислам үммөтү колонизатор Америка түзгөн НАТО альянсынын Ислам өлкөлөрүндө жүргүзгөн басып алууларын жана жасаган кыргындарын жакшы билет. Үммөт муну Косоводон Сараевого чейин, Ирак менен Ооганстандан Ливияга чейин кыргындары, ошондой эле яхудий түзүмүнө көрсөткөн чексиз колдоосу аркылуу эң жакшы түшүнөт. Ошого карабастан, Эрдоган жана анын партиясы НАТО альянсын мактап, ага мүчө болгону менен сыймыктанышат жана Түркиянын коопсуздугу ага көз каранды деген түшүнүктү жайылтышат!

Ошол эле учурда, НАТОго ишенбей калган Европа өзүнчө коргонуу союзун түзүүнү талкуулап жаткан шартта, НАТОнун калкы мусулман болгон мамлекетти коргобой коюшу эч кандай түшүндүрүүнү талап кылбайт. НАТОнун Түркияга болгон көз карашы аны Ислам өлкөлөрүнөн келиши мүмкүн болгон коркунучтарга каршы буфердик аймак катары пайдалануу жана тездик менен өнүгүп жаткан коргонуу өнөр жайын Америка менен Батыштын кызыкчылыктарына кызмат кылдыруу менен гана чектелет. Мусулмандар үчүн эң маанилүүсү болсо, каапырларды дос тутуу жана алардын саясий жана аскерий үстөмдүгүнө кирүү шарият боюнча арам. Аллах Таала мындай деген:

﴿وَلَنْ يَجْعَلَ اللّٰهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤمِنِينَ سَبِيلاً﴾

«Аллах эч качан каапырларга момундардын үстүнөн жол бербейт». Бул аят момундар каапырлардын үстөмдүгүнө киришине Аллах ыраазы эмес экенин билдирет. НАТО маселесинде бул аскерий жактан да толук туура келет.

Башка жагынан алганда, Түркиянын секулярдык мүнөзү, кемалисттик мыйзамдары жана колонизатор капитализмди кабыл алып, аны колдонушу анын «үммөттүн үмүтү» деген сөзгө туура келбешин билдирет. Анткени Түркиянын негизги философиясы Аллахтын өкүмүн жок кылууну максат кылып алган жана Эрдогандын партиясы бийликте турган 25 жыл ичинде да бул системанын секулярдык мүнөзү өзгөргөн жок. Тескерисинче, партиянын өкүлү Өмүр Челик алар «секулярдык мамлекет принцибин чечкиндүү коргой турганын жана бул алардын түзүмүнүн уланышы үчүн зарыл экенин» кайра-кайра жана ачык билдирип, бүтүндөй аймакка секуляризмди үлгү катары алууну сунуш кылган. Ошондой эле Эрдоган Мубарактын режимине каршы көтөрүлгөн Египеттеги мусулмандарга да секуляризмди сунуш кылган. Ал Сириядагы исламий революцияга оңчул көз караш менен мамиле кылып, акырында аны Американын кызыкчылыктарына кызмат кылган секулярдык улуттук мамлекеттин үлгүсүнө айландырды.

Ал эми кресттүү-сионисттик альянстын мыкаачылык менен жүргүзгөн эзүүсүнө ташталган Газа болсо, Эрдогандын мазлумдарга жардам беребиз деген дооматтарын төгүндөп турган эң ачык чындык болуп эсептелет.

Түркиядагы абал болсо андан да кооптуу жана баарына айкын. Батыш сакофатына багынып калган жаштар, өлкөнүн бардык тарабынан жайылган кылмыштуу топтор, коррупция, уурулук, жеке кызыкчылыгы үчүн партиясын алмаштырган саясатчылар, кыйраган экономика, бурмаланган билим берүү системасы, мыйзамдардын одоно бузулушу жана башка көптөгөн көрүнүштөр — мунун баары азыркы секулярдык республикалык капиталисттик түзүмдүн жемиши.

Ошондуктан Эрдогандын Адилет жана өнүгүү партиясы үммөттүн үмүтү деген билдирүүсү куру сөздөн жана адамдарды адаштырууга болгон аракеттен башка эч нерсе эмес. Эрдоган жана анын партиясы үммөттүн үмүтү эмес, тескерисинче, алар дайыма мактоосуна ээ болуп келген текебер Трамптын үмүтү. Бул дагы үмүт эмес, эң жакшы дегенде закым.

Бул үммөттүн жалгыз үмүтү Халифалык. Аллахтын уруксаты менен жакын арада Халифалык кайра тикеленгенде, Ислам үммөтү башынан өткөргөн кордуктан кийин кайрадан тирилип, күч-кубатка ээ болот.

Мухаммад Амин Йылдырым

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button