Отурукташкандар кылмыштарын улантууда, ал эми өкүмдарлар өздөрүнүн жардамсыз калтыруусунан ырахат алып жатышат!

Басма сөз баянаты
Отурукташкандар кылмыштарын улантууда, ал эми өкүмдарлар өздөрүнүн жардамсыз калтыруусунан ырахат алып жатышат!
Отурукташкандар бир жумадан ашык убакыттан бери оккупацияланган Батыш жээктеги Кусра шаарчасында жайгашкан палестиналыктардын үйлөрүн курчоону улантууда. Ал үйлөрдө аялдар жана балдар менен кошо 15ке жакын адам жашайт. Аларды жерлерин таштап кетүүгө күч менен мажбурлап, ал жерлерди басып алуу максатында кылып жатышат. Отурукташкандар алардын суусун жана электр энергиясын өчүрүп, эч кимдин кирип-чыгуусуна уруксат бербей жатышат. Ошондой эле мүлктөргө зыян келтирип, үйлөрдү таштар менен аткылап, аларды тилдеп-сөгүшүүдө. Мунун баары оккупациялык армия менен тил табышуу аркылуу жасалууда. Белгилей кетсек, бул үйлөр Осло келишимдерине ылайык «Б» деп классификацияланган аймакта жайгашкан жана административдик жактан Палестина бийлигине карайт. Бирок отурукташкандардын ал жерде болушу бул үйлөрдүн Кусра шаарчасы калган бөлүгүнөн обочолонуп калышына алып келди.
2025 жана 2026-жылдары Батыш жээктеги отурукташуу экспансиясы олуттуу түрдө күчөдү. Миңдеген дунум (1 дунум=1000 чарчы метр) жерлер конфискацияланып, алардын ээлери көчүрүлдү. Ал жерлерге миңдеген отурукташуу турак жайларын куруу жана Батыш жээктин бардык аймактарында отурукташкандар түзгөн ондогон башка отурукташуу пункттарын кеңейтүү иштери жүргүзүлдү.
БУУнун бир кызматкери 2026-жылы эле отурукташкандардын зомбулугу, үйлөрдү бузуу жана мажбурлап чыгаруу операцияларынын айынан 3 миң 800гө жакын палестиналык жер которууга мажбур болгонун, алардын дээрлик жарымы балдар экенин билдирди. Өткөн шаршембиде ашынган оңчул каржы министри Смотрич Батыш жээктеги яхудийлердин үч отурукташуу жайында 2000ден ашык үй курууну камтыган ири кеңейүү планын жарыялады.
Ал эми Женинде жакында бул аймакта отурукташууну кайрадан калыбына келтирүүгө даярдык катары палестиналыктарга таандык 27 имаратты бузушту. Ошондой эле отурукташкандар 2005-жылы яхудий түзүмү кабыл алган ажыратуу планынын алкагында эвакуациялангандан 21 жыл өткөн соң Ганим отурукташуу жайын кайрадан калыбына келтиришти. Оккупация күчтөрү отурукташуу жайын кайрадан калыбына келтирүүгө катышкан отурукташкандарды жана алардын жетекчилерин, анын ичинде согуш жана байланыш министрлерин, ошондой эле Кнессеттин мүчөлөрүн коргоо үчүн ага алып баруучу негизги көчөнүн боюндагы кире бериштерди жана кошумча жолдорду жапты. Бул Женин аймагынын картасын кайрадан чийип, жеринде жаңы вакыйлыкты таңуулайт. Мунун натыйжасында аймактын бөлүктөрүнүн ортосундагы байланыштар үзүлүп, ал аскерий казармага окшош абалга айланат, кол салуулардын жана кагылышуулардын ыргагы күчөйт жана Палестина шаарчаларынын ортосундагы географиялык байланыш коркунучка кабылат.
Мунун баары отурукташкандарга Батыш жээктин бардык аймактарында жерлерди жана ресурстарды эч кандай жоопкерчиликсиз басып алууга жол берип жаткан оккупациялык армиянын жардамы менен ишке ашууда. Атүгүл палестиналыктардын колунда яхудий түзүмү тарабынан берилген менчик укугун тастыктаган документтер бар аймактарда да ушундай болууда. Нетаньяху башында турган ашынган өкмөтүнүн айынан отурукташкандардын батынуусу дагы да күчөдү. Бул өкмөт Батыш жээктеги отурукташуу жайларынын тез кеңейишине жетекчилик кылып, муну палестиналыктарга каршы кол салуулар жана аскерий пункттарды орнотуу, жолдорду жабуу, дыйкандардын жүрүп-туруусун чектөө сыяктуу аскерий чаралар коштоп келүүдө.
БУУнун бир кызматкери отурукташкандардын зомбулугу болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин айтты. Дубалга жана отурукташууга каршы күрөшүү башкармалыгынын төрагасы өткөн июль айында оккупация күчтөрү менен отурукташкандар палестиналыктарга, алардын жерлерине жана мүлктөрүнө каршы 2256га жакын кол салуу жасаганын билдирди. Жылдын алгачкы айларынан бери отурукташкандардын кол салууларынан эле 20га жакын палестиналык шахид болду, алардын эң кичүүсү 13 жаштагы бала эле. Мындан тышкары, Батыш жээктеги миңдеген жарандар үйлөрүнөн жана жашаган жерлеринен күч менен көчүрүлдү, алардын дээрлик жарымын балдар түзөт.
Яхудийлердин согуш министри Кац жума күнү Батыш жээктеги отурукташуу жайларында мыйзамды аткаруу ыйгарым укуктарын ашынган оңчул Бен Гвир жетектеген «улуттук коопсуздук» деп аталган министрликке караштуу полицияга өткөрүп берерин жарыялады. Бул дагы көбүрөөк зомбулукту жана Батыш жээкти аннексиялоонун иш жүзүндө башталышын билдирет.
Адаттагыдай эле, Палестина бийлигинин иши эң жакшы дегенде айыптоо, эл аралык коргоону камсыз кылуу үчүн эл аралык түзүмдүн жана ири мамлекеттердин кийлигишүүсүн талап кылуу, ошондой эле укук бузууларды документтештирип, аларды эл аралык укук коргоо жана сот мекемелерине тапшыруу менен гана чектелет!
Өкүмдарлар менен армиялар мубарак жерге жана анын калкына нусрат берүүдөн канчалык баш тартып, жардамсыз калтырган сайын, баскынчы яхудий түзүмүнүн текебердиги жана менменсинүүсү ошончолук күчөп жатат. Бийликтин малайлыгы жана бузукулугу канчалык күчөгөн сайын, отурукташкандардын жасалма эрдиги да улана берет. Анткени алар куралсыз, бирок иззат жана кадыр-баркка ээ болгон жергиликтүү калктан башка эч ким алардын жолуна бөгөт болбой турганын билишет.
Эй, армиялардын офицерлери жана жоокерлери!
Качанга чейин абалыңар ушундай унчукпоо, аракетсиздик жана жардамсыз калтыруу менен улана берет?!
Динге жана анын элине нусрат берүү, мазлумга жардам берүү силерге важиб болот. Андан баш тартуу жөн гана кемчилик эмес, ал силердин ордуңарга башка коомдун алмаштырылышы жөнүндөгү сүннөттүн колдонулушуна себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан жер жүзүндө Аллахтын өкүмүн орнотуунун алдында бекем тосмо болуп турган бул өкүмдарларды кулатуу үчүн аракет кылгыла. Төмөнкү карим аятта айтылгандардын катарында болуп калбагыла:
﴿وَإِنْ تَتَوَلَّوْا يَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُونُوا أَمْثَالَكُمْ﴾
«Эгер силер (Аллага моюн сунуудан) жүз буруп кетсеңер, Ал Зат (ордуңарга) силерден башка бир коомду алмаштырып койот. Андан кийин алар силерге окшогон болушпайт, (Тескерисинче Аллага моюн сунуп сыйынышат)!» (Мухаммад: 38).
Ошондо дүйнөдө да, акыретте да зыян тартасыңар!
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлумү
Аялдар бөлүмү
17.08.26




