Палестинаны толук азат кылмайынча тынчтык да, коопсуздук да, туруктуулук да болбойт

Басма сөз баянаты
Палестинаны толук азат кылмайынча тынчтык да, коопсуздук да, туруктуулук да болбойт
Бир жылдан ашуун убакыттан бери яхудий түзүмүнүн элитасы, жетекчилер, ойчулдар жана талдоочулар тарабынан Египет менен Түркияга каршы турууга даярдануу, аларды келечектеги коркунуч катары мүнөздөө чакырыктары айтылып келет. Эки жылдан ашуун убакыттан бери болсо «Улуу Израил» жана эки дарыянын ортосундагы мамлекет тууралуу чакырыктар күчөп, саясий чөйрөлөрдө кеңири жайылууда. Атүгүл яхудий түзүмүнүн премьер-министри Нетаньяху: «Мен өзүмдү тарыхый жана руханий миссияны аткарып жатам деп сеземин» деп, Палестина жерлерин, «балким, Иордания менен Египеттин айрым аймактарын да» камтыган «Улуу Израил» көз карашын бекем карманарын билдирген. Бул тууралуу Times of Israel гезити жазган.
Ал эми буга каршы Египеттин президенти Сиси ишемби күнү мамлекеттин стратегиялык командачылык борборунун жаңы имаратынын ачылышында аскердик кийим менен сүйлөп жатып мындай деди: «Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардын түпкү чечими Палестина маселесин жапкан, эл аралык мыйзамдуулук чечимдерине ылайык борбору Чыгыш Кудс болгон Палестина мамлекетин курган ар тараптуу жана адилеттүү тынчтык келишимине жетишүүдө жатат».
Айрым мусулман башкаруучулар дагы эле яхудий түзүмү менен тынчтык жана нормалдашуу келишимдерине кол коюу аркылуу яхудий түзүмүнүн жана анын артындагы Американын ыраазычылыгына жетишип, ошону менен өз бийлигин сактап калабыз деп өжөрлүк менен ишенип келишет. Бирок акыркы жылдардагы окуялар алардын мындай божомолдору менен эсеп-кысаптары жаңылыш экенин далилдеди. Анткени яхудий түзүмүнүн көз артуусунун жана бузукулугунун чеги жок. Анткени алардын бул жасалма түзүмү мубарак Палестина жеринде түзүлгөндөн бери яхуддар аймакта бузукулук кылып, адамдарды өлтүрүп, кыргын кылып, басып алып, көчүрүп, бир согуштан экинчисине өтүп келишүүдө. Алардан Египет да, Сирия да, Ливан да, Иордания да аман калган жок. Мындан тышкары Палестинаны жана Голан дөңсөөлөрүн басып алышты, Йеменге, Иракка жана Иранга кол салышууда, ошондой эле Египет менен Түркияга да коркунуч жаратууда… Анткени яхудий түзүмү мусулмандардын жеринде курулган, анын тырмактары мусулмандардын денесине терең сайылган. Андан бир да бала, бир да аял, бир да карыя аман калган жок. Демек, анын мусулмандарга болгон баскынчылыгы убактылуу көрүнүш эмес, тескерисинче, анын түпкү табиятына сиңген нерсе. Яхудий түзүмүнүн сакталып турушу мусулман жерлериндеги оккупациясынын уланышын, ошондой эле алардын кыргыны менен бузукулук жайылтуусунун уланышын билдирет. Ошондуктан, яхудий түзүмү турган кезде аймакта тынчтык да, коопсуздук да, туруктуулук да болбойт. Түпкү чечим – мусулмандардын аскерлери кыймылга келип, Палестинаны жана яхудий түзүмү басып алган мусулман жерлеринин ар бир карышын азат кылышында. Ал эми эл аралык түзүмдүн чечимдерине ылайык тынчтыкка чакыруу – бул оккупациянын уланышына, Расулуллахтын ﷺ Исра кылган жеринен баш тартууга жана яхудийлерге биздин жерлерде орун берүүгө чакырык болуп саналат.
Жетимиш жылдан ашуун убакыттан бери күбө болуп келе жаткан көчүрүүлөр, кыйроолор, өлүмдөр жана кайгылар ар бир көрөгөч адамга мусулмандардын да, бул аймактын да кутулуусу мубарак Палестина жерин азат кылууда гана экенин түшүнүүгө жетиштүү. Бул Аллахтын убадасы, Ал Өз убадасын эч качан бузбайт. Аллах Таала айтты:
﴿فَإِذَا جَاء وَعْدُ الآخِرَةِ لِيَسُوؤُواْ وُجُوهَكُمْ وَلِيَدْخُلُواْ الْمَسْجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَلِيُتَبِّرُواْ مَا عَلَوْاْ تَتْبِيراً﴾
“Анан, качан кийинки (бузукулуктун) убакты – сааты келгенде, жүздөрүңөрдү кара кылуулары, абалкы ирээт киргендери сыяктуу Масжид (ал-Аксага басып) кирип, (аны тебелеп тепсөөлөрү) үчүн ошондой эле ээлеп алган (бардык) жерлерди ойрон кылуулары үчүн (дагы душмандарыңарды силердин үстүңөргө жиберебиз)”. (Исра: 7).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
07.07.26




