Президенттин глобалдык билдирүүсү ички саясий көйгөйлөрдү кантип чечет?

Президенттин глобалдык билдирүүсү ички саясий көйгөйлөрдү кантип чечет?
Президент Садыр Жапаровдун 22-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзү, чакан мамлекеттерге мүнөздүү болгон салттуу тынчтыкка чакырган позициясын көрсөттү. Ал Кыргызстандын глобалдык жаңжалдарда ортомчу катары чыгууга даярдыгы тууралуу билдирип, Борбор Азияны талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнүн үлгүсү катары көрсөтүүгө аракет кылды. Бул геосаясий салмагы салыштырмалуу чектелүү өлкө үчүн бир караганда ашыкча амбициялуу көрүнөт.
Бирок бул сөзгө тереңирээк талдоо жүргүзгөндө, БУУнун трибунасы Жакынкы Чыгыштагы же Украинадагы процесстерге түздөн-түз таасир этүү куралы катары эмес, көбүнчө өлкөнүн ички саясатына багытталган маанилүү саясий курал катары колдонулуп жатканы байкалат.
1. Эмне үчүн аймактык форматтар эмес, Бириккен Улуттар Уюму?
Бул демилгенин ЖККУ же ШКУ сыяктуу аймактык түзүмдөрдө эмес, БУУнун аянтчасында айтылганы маанилүү. Анткени ЖККУ жана ШКУ форматтары кооп-коркунуч маселелеринде сөз менен гана чектелет жана иш-жүзүндө кагылышууларды чечүүгө жөндөмсүз.
Бүгүнкү күндө БУУну дээрлик бардык тараптар сындап жаткан шартта, анын трибунасында мындай кайрылуу жасоо салыштырмалуу коопсуз дипломатиялык кадам болуп саналат. Мындай сөздөр менен чыр-чатактарды тутантып жаткан агрессорлорго карата активдүү жана конкреттүү чаралар кабыл алынып калбайт.
Садыр Жапаров да өз сөзүндө БУУнун системасындагы эң көйгөйлүү маселелердин бирине ачык токтолду. Ал уюмдун чечимдеринин системалуу түрдө аткарылбай жатканын жана вето укугунун колдонулушу бүтүндөй системанын мыйзамдуулугуна доо кетирип жатканын белгиледи.
Бирок ошол эле учурда, бул аянтча Кыргызстанды дүйнөлүк саясаттын толук кандуу мүчөсү жана дүйнөлүк коопсуздук маселелери боюнча өзүнүн үнүн жана позициясын белгилөөгө укугу бар мамлекет катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Албетте, мындай билдирүүлөрдүн өзү дүйнөдөгү бир да жаңжалдын чечилишине түздөн-түз таасир этпейт. Бирок алар тышкы байкоочулардын да, ички коомчулуктун да көз алдында мамлекеттин эл аралык макамын жогорулатууга кызмат кылат.
2. Кызмат көрсөтүү сунушу жана «көз карандысыздык картасы»
Ортомчу болууга даяр экендигин билдирүү, бир жагынан кылдат дипломатиялык маневр болсо, экинчи жагынан негизги геосаясий оюнчуларга, тагыраагы Орусияга, Кытайга жана Батышка «кызмат көрсөтүүгө даярбыз» деген өзүнчө бир «сунуш». Дүйнөлүк тирешүү күчөп турган абалда Бишкек прагматикалык көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын көрсөтүүгө аракет кылууда.
Көз карандысыздык жана тынчтык картасын ойнотуу менен өлкө жетекчилиги өзүн ийкемдүү, ишеничтүү жана пайдалуу өнөктөш катары көрсөтүүгө умтулууда. Баскынчы саясат жүргүзүп келген ири державалар үчүн бул сүйлөшүүлөрдү улантууга жана өз ара кызыкчылыктар менен соодалашууга даяр экендиги тууралуу белги болуп саналат.
Башкача айтканда, Кыргызстан кайсы бир мамлекет чийип берген багытты гана ээрчибестен, өз алдынча тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүп жатканын көрсөтүүгө аракет кылууда.
3. Ички бийликти бекемдөө
Бирок мындай билдирүүлөрдүн таасири тышкы саясатка эмес, ички саясий күн тартипке багытталат. Шайлоо жакындап, саясий кырдаал күчөп жаткан абалда бийликке коомчулуктун көз алдында өзүнүн саясий образын бекемдей турган таасирдүү кадамдар зарыл. Дал ошол себептен глобалдык масштабдагы мамлекеттик ишмердин образы жаралып жатат.
БУУнун трибунасынан президенттин дүйнөнүн келечеги, гуманитардык кризистер жана эл аралык коопсуздук тууралуу сөз сүйлөгөн видеокадрлары өлкө жетекчисинин дүйнөлүк масштабдагы лидер образын калыптандырууга жана анын шайлоо алдындагы саясий беделин бекемдөөгө кызмат кылат.
Тышкы саясаттагы масштабдуу күн тартип коомдук көңүлдү жергиликтүү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн жана ички саясаттагы талаштуу маселелерден башка жакка буруп, ички көйгөйлөрдүн ордун басат.
Борбор Азияны туруктуулуктун аралы катары көрсөтүү жана Кыргызстанды тынчтыктын мисалы катары таанытуу улуттук сыймык сезимин күчөтүп, бийликтин мыйзамдуулугун бекемдөөгө кызмат кылат. Мындай сөз жарандарга мамлекеттин тышкы жана ички багыты туруктуу, ишенимдүү жана натыйжалуу экенин көрсөтүүгө багытталат жана кайсы бир деңгээлде коомду бириктирет.
Жыйынтык
БУУнун Башкы Ассамблеясынын трибунасынан айтылган сөздөр өлкөнүн чек арасынан алыс жерде болуп жаткан согуштарды токтотууга түздөн-түз таасир эте албайт. Бирок бул сөздөр мамлекет ичиндеги саясий көйгөйлөрдү чечүүгө багытталууда.
БУУнун трибунасын стратегиялык кадам таштоо куралы катары пайдалануу менен Кыргызстандын президенти глобалдык эмес, чакан прагматикалык милдеттерди чечүүгө аракет кылууда. Тактап айтканда, президент өзүнүн саясий ордун бекемдөө, тышкы саясий сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын позициясын күчөтүү жана шайлоо алдында бийликтин ички биримдигин камсыз кылуу аракеттерин көрүүгө шашылууда.
Ал эми БУУнун өзүнө келсек, бүгүнкү күндө бул уюм саясий өлүккө жана чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү чектелген түзүмгө айланып калды. Коопсуздук Кеңешинин иши вето укугу менен бөгөттөлүп, ал эми эл аралык укуктун нормалары күчтүү капиталисттик мамлекеттер тарабынан өз кызыкчылыктарына жараша чечмеленип жана колдонулуп келет.
Жакынкы Чыгыштагы, Украинадагы же Судандагы өз үйүндө бомбаланып жаткан адамдар үчүн БУУ ачык шылдың катары кабыл алынат. Уюм согуштарды алдын ала токтото албайт, же алсыздарды коргой албайт, ал адамдарды алдоо үчүн тек гана куру тынчсыздануулар айтыла турган трибунага айланып калган.
Ал эми куралдуу жаңжалдардан жана кош стандарттардын себебинен миллиондогон адамдар курман болуп жаткан маалда Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттер бул жөндөмсүз уюмдун трибунасын өздөрүнүн саясий беделин бекемдөө үчүн гана пайдаланып келет.
Эгер АКШнын жана Батыштын БУУга болгон колдоосу кош стандарттардын арасында жанып жок боло турган болсо, анда БУУнун аталышынан башка эч нерсе калбайт.
Латыфул Расых




