Сауд Арабиясы жетектеген көп улуттуу деңиз коргонуу альянсы

Сауд Арабиясы жетектеген көп улуттуу деңиз коргонуу альянсы
Сауд Арабиясы 2026-жылдын 30-июлунда Бабул-Мандеб кысыгындагы, Кызыл деңиздеги жана Аден булуңундагы деңиз жолдорун коргоо, деңиз коопсуздугун күчөтүү жана бул жолдордогу эл аралык соода каттамдарын коргоо максатында көп улуттуу деңиз альянсы түзүлгөнүн жарыялады. Сауд Арабиясы жетектеген бул альянска 14 мамлекет кошулганын жарыялады. Алар: Түркия, Пакистан, Египет, Бангладеш, Иордания, Йемен, Катар, Кувейт, Бахрейн, Судан, Сомали, Жибути жана Нигерия. Ал эми уюштуруу жыйынына 43 мамлекет катышты. Альянс үчүн идарий жана уюштуруучу түзүм түптөлүп, анын ичинде командачылык жана башкаруу борбору, биргелешкен деңиз операциялары борбору, ошондой эле башкы катчылык түзүлдү.
Андан соң катышуучу мүчөлөрдүн башкы штаб башчылары жана өкүлдөрүнүн ортосунда бир нече күнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн жана талкуулардан кийин, ушул жылдын 6-августунда Сауд Арабиясы адмирал Абдулла ибн Салим аш-Шахрини альянстын операциялык жетекчиси кылып дайындаганын жарыялады. Бул башка мамлекеттердин альянска катышуусу болгону символикалык жана маалыматтык мүнөздө экенин көрсөтөт. Анткени альянстын деңиз командачылыгына Сауд Арабиясынан тышкары бир да мүчө тандалган жок. Согуштагы бардык жүктөрдү Сауд Арабиясы гана өзүнө алат, ал эми башкалар сырттан колдоо көрсөтүшөт.
Бул альянс башынан эле Кызыл деңиз аймагына жана анын түштүк кире бериштерине гана тиешелүү болуп, андан ары чыкпайт. Анын Ормуз кысыгына да, түздөн-түз Иранга да тиешеси жок. Анын негизги максаты хусийлерди Ирандан ажыратууга аракет кылуу менен гана чектелет. Бул болсо Американын Йемендеги, Ливандагы жана Ирактагы Ирандын таасир күчтөрүнө сокку урууга багытталган пландарына толугу менен шайкеш келет. Демек, бул — аймактагы Американын туруктуу саясаты болуп, аны ушул альянска кирген мамлекеттердин колдоосу менен Сауд Арабиясы ишке ашырууда.
Йемендеги салгылашуулар менен кагылышуулар узакка созулары күтүлөт жана согуш оңой менен чечилбейт. Анткени хусийлер борбор шаарды көзөмөлдөп, тоолуу аймактарда бекем орун алышкан. Ошондуктан алардан кутулуу жана аларды толук жеңүү кыйын.
Сауд Арабиясы буга чейин да Йемен менен узакка созулган согуштарды жүргүзгөн. 2015-жылы «Чечкиндүүлүк бороону» жана «Үмүттү кайра жаратуу» операцияларын баштап, 2019-жылга чейин согушту, андан кийин да согуш уланып, он жылга же андан да көпкө созулду. Ал согуш чечүүчү жеңиш менен аяктаган жок. Анткени Йемендеги согуштар адатта чабуул жасаган тарап үчүн кыйратуучу болот. Бул Жамал Абдуннасырдын башчылыгында Египет менен да болгон. Анын аскерлери 1960-жылы Йеменге кирип, 1967-жылга чейин эч кандай натыйжасыз согушкан. Тескерисинче, алар чоң жоготууларга учурап, он миңдеген египеттик аскерлер өлтүрүлгөн. Египет ошол учурда Йеменге толук көзөмөл орното алган эмес. Натыйжада анын аскерлери Йеменден эч нерсеге жетишпей кайтып келген.
Бүгүн Америка жана аны менен бирге жаңы альянска кирген мамлекеттер бул чындыктарды жакшы билишет. Ошондуктан алардын Сауд Арабиясы менен бирге катышуусу көбүнчө формалдуу гана болуп, негизги оорчулук Сауд Арабиясына түшүшү ыктымал. Бул согуш да кандайдыр бир чечүүчү натыйжаларга алып келбейт.
Америка Иранды алсыратуу жана алдан тайдыруу үчүн Йеменде согуш тутантууну, ошондой эле Ирандагы согуштун ордуна аймакты жаңы согуштар менен алек кылууну каалайт. Согуштун узакка созулушу да, эки тараптын ортосунда чоң жоготуулардын болушу да аны кызыктырбайт. Ал үчүн эң негизгиси — өзүнө бир тыйын да чыгым келтирбеген согушту тутантуу, балким, Иран менен болгон согушун чечүүдө ийгиликке жетпегенден кийин, ошол согуш аркылуу аймактагы айрым максаттарына жетишүү.
Аймакта Американын пландары боюнча жүрүү ал жакка кыйроо менен жоготуудан башка эч нерсе алып келбейт жана согушуп жаткан күчтөрдүн эч бирине пайда алып келбейт. Америка гана утат, ал эми калгандары утулат.
Ошондуктан элдер бири-бирине каршы согуштарда жеңишке жетебиз деп кооздоп көрсөткөн акимдеринин жалган сөздөрүнө алданбашы керек. Алар Америка жана куфр мамлекеттери душман экенин толук түшүнүп, аларды душман деп билиши керек. Ал эми бул элдер — дини бир, Расулу бир, кыбыласы бир болгон жалгыз Үммөттүн бир бөлүгү. Ошондуктан алар багытты кайда буруу керектигин билиши керек. Алар эң оболу мусулман өлкөлөрүнөн Америка менен Батыштын таасирин сүрүп чыгаруу үчүн аракет кылып, баары Аллахтын жибине бекем жармашып, бул динге нусрат берүү жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда өздөрүнүн кызматташтыгын жана максаттарын бириктириши керек.
Абу Хамза ал-Хатвани
Роя гезити




