Сауд Арабия-Түркия-Пакистандын үч тараптуу союзу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо-жооп
Сауд Арабия-Түркия-Пакистандын үч тараптуу союзу
Суроо: “Al Arabiya Net” 2026-жылдын 18-августунда Трамп Түркия, Пакистан жана Сауд Арабиясынын ортосундагы үч тараптуу келишимди кубаттаганын билдирди: “АКШнын президенти Дональд Трамп Сауд Арабия, Түркия жана Пакистандын биргелешкен коргонуу боюнча Мекке келишимине кол коюшун кубаттады. Ал бул кадамды маанилүү, тайманбастык жана өтө маңыздуу деп мүнөздөдү. Ал Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы коопсуздукту координациялоону жана алардын биргелешкен коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо боюнча бул кадамдарын жогору баалады…”. Al Arabiya Net 2026-жылдын 17-августунда төмөнкүнү жарыялаган: “Трамп Truth Social платформасы аркылуу үч өлкөнүн келишимге кол коюшуна кубанычта экенин, биргелешкен коргонуу боюнча Мекке келишими Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы жакындашуулардын күчөп баратканын чагылдыраарын кошумчалаган”. Ага чейин Сауд Арабиясынын басма сөз агенттиги (SPA) өзүнүн веб-сайтында 2026-жылдын 7-августу, жума күнү мындай деп жарыялаган: “Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф үч өлкөнүн жалпы коопсуздугун чыңдоого, аймакта жана дүйнөдө коопсуздукка, тынчтыкка жана туруктуулукка жетүү үчүн коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн келечекке умтулуусун чагылдырган Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюшту”.
Эми суроо туулат: бул үч өлкөнүн бул келишимге кол коюусунун акыбети, кесепеттери кандай болот? Бул жөөт мамлекети сыяктуу мусулман өлкөлөрдүн баскынчылыгына каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн альянспы? Же, айрыкча, Перс булуңундагы кырдаал курчуп турганда, Сауд Арабиясын Иранга каршы колдоо үчүн гана түзүлүп жатабы? Анда эмне үчүн Америка бул келишимди он күндөн кийин гана колдой турганын жарыялады? Анткени, айрыкча бул үч өлкө Америкага малай жана анын макулдугусуз алардын бул келишимге макул болушу күмөн жаратат? Жыйынтыктап айтканда, бул келишимдин максаты эмне? Аллах сизге изгилик берсин.
Жооп:
Жоопту тактоо үчүн, төмөнкүлөрдү карап чыгалы:
1. Сауд Арабиясынын басма сөз агенттиги (SPA) 2026-жылдын 7-августунда, жума күнү жарыялаган маалыматы: “Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф үч өлкөнүн жалпы коопсуздугун чыңдоого, аймакта жана дүйнөдө коопсуздукка, тынчтыкка жана туруктуулукка жетүү үчүн коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн келечекке умтулуусун чагылдырган Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюшту. Агенттиктин билдирүүсүнө караганда, жума күнү Меккеде өткөн жолугушуудан кийин кол коюлган биргелешкен билдирүү жасалып, келишим ар кандай агрессияга каршы биргелешип каршы турууга багытталган. Үч өлкөнүн кайсынысына болбосун куралдуу кол салуу алардын баарына кол салуу болуп саналат. Келишим ошондой эле алардын ортосундагы биргелешкен коргонуу кызматташтыгынын бардык аспектилерин өнүктүрүүгө багытталган. Бул келишим аймактагы ири өлкөлөрдүн ортосундагы биргелешкен аскердик альянс болуп саналат жана алардын кайсынысына болбосун агрессиянын алдын алат. Бирок ал башка ислам өлкөлөрүнө каршы жасалган эч кандай агрессияга эч кандай тиешеси жок экенин кыйыр түрдө жарыялайт, ошондуктан аны токтотуу үчүн ага кийлигишпейт!
2. Ошондуктан, жөөт режими эч кандай реакция көрсөткөн жок, анткени ал бул келишим же бул союз ага коркунуч келтирбей турганын түшүнөт. Белгилей кетчү нерсе, келишимге кол койгон бул үч өлкөнүн ар бири, эгерде алар калыс чынчыл болушса, жүз миңдеген адамдарды өлтүрүп, жарадар кылып, миллиондогон адамдардын үйлөрүн талкалап, эң оор кылмыштарды жасап, элин ачкачылыктан өлүүгө мажбурлап, оорулууларды кыйнап, кылмыштарын улантып жаткан бул жөөт режимине унчукпай карап турбастан, ага коркунуч туудуруп, аны картадан жок кылууга жөндөмдүү экенин билишмек. Бул өлкөлөр жалпысынан да, жекече да бул кылмыштарды токтотуу үчүн эч бир чара көрүшкөн жок. Мындан тышкары, ушул сыяктуу кылмыштар Батыш Жээкте да жасалган, анда жоокерлеринин коргоосу астындагы зордукчу топтор жер бетинде бузукулук таратып, түшүмдөрдү жана мал-жанды жок кылып, өлтүрүп, жарадар кылып, камап, жерлерди басып алып, тургундарын кууп чыгып, үйлөрүн талкалап жатышат. Ал тургай, бул үч тараптуу альянстын келишими, анын текстине ылайык, жөөт мамлекети үчүн да ачык! Түркиянын президенти Эрдоган: “Келишим эч бир өлкөгө багытталган эмес жана аймакта туруктуулукка жетишүүнү көздөгөн өлкөлөрдүн катышуусуна ачык”, – деди. Жөөт мамлекети келишим текстинен четтетилбей, тескерисинче, ал тизменин ичинде калды. Бул жөөт мамлекети үчүн ишеним. Түркия бул режимди тааныйт жана Газада мыкаачылык менен кыргындарды жасап, коопсуздук зоналары деп атаган аймактарды басып алганына карабастан, аны менен болгон дипломатиялык же соода мамилелерин үзгөн жок!
3. Түркия президентинин билдирүүсүнө окшош, Сауд Арабиясынын тышкы иштер министринин коомдук дипломатия боюнча орун басары Раид Кармали 2026-жылдын 7-августунда X платформасында мындай деп билдирди: “Келишим аймактагы бир дагы өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирбейт, ошондой эле бир дагы эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну күчөтпөйт”. Сауд Арабиясы жөөт мамлекети менен катар Палестина мамлекетин түзүүнү талап кылып, эки мамлекет түзүү чечимин ачык жарыялады! Башкача айтканда, Сауд Арабиясынын расмий өкүлү бул альянс жөөт мамлекетине каршы багытталган эмес деп айткысы келди. Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф дагы 2026-жылдын 7-августунда X платформасында келишимди “тарыхый” деп мүнөздөп; “бул келечек муундар үчүн тынчтыктын калканы болуп, үч өлкөгө гүлдөп-өнүгүү алып келет”,-деди. Башкача айтканда, бул келишим агрессорлорго каршы согуш үчүн эмес, тескерисинче, тынчтык долбоору! Андан кийин Пакистандын Тышкы иштер министрлиги “Мекке келишими” ар кандай агрессияга каршы жамааттык коргонууну күчөтүүнү көздөй турганын жана үч өлкөнүн бирине жасалган ар кандай куралдуу кол салуу алардын баарына кол салуу катары караларын ырастады. (Euronews, 07. 08.2026). Башкача айтканда, Америка малайлары Сауд Арабиянын, Пакистандын жана Түркиянын бул келишимге кол коюуларынын максаты ыйык жерди басып алып, эки кыбыланын биринчисинде удаалаш кылмыштарды жасап жаткан жөөттөргө каршы согушуу менен эч кандай байланышы жоктугун билдирет!
4. Саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө: “келишим үч өлкөнүн ортосундагы биргелешкен коргонууну күчөтүүгө жана коргонуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган” деп айтылган. Анда кол койгон мамлекеттердин бирине жасалган ар кандай куралдуу кол салуу бардыгына кол салуу катары каралары белгиленген. Билдирүүдө келишим үч өлкөнүн ортосундагы “тарыхый байланыштарга” жана жалпы стратегиялык кызыкчылыктарга негизделгени жана аймактагы жана дүйнөдөгү коопсуздукту, туруктуулукту чыңдоого багытталганы кошумчаланган. (BBC, 07.08. 2026.) Ушул учурда кол салууга кабылган үч өлкөнүн ичинен жалгыз өлкө – бул Сауд Арабиясы, ал эми бул чабуулдар Ирандан жасалган. Муну эске алганда, үч өлкөнүн билдирүүлөрүнүн артындагы ниет айкын болуп калат!
Түркиянын тышкы иштер министри Фидан алардын максатын кыйытып айтты: Фидан “Мекке келишиминде” эч кандай жалпы коркунуч аныкталбаганын айтып, ошол эле учурда “бизге кол салбаган бир дагы өлкө биз үчүн бута болбойт” деп баса белгиледи (CNN Arabic, 2026-жылдын 9-августу). Анын билдирүүсүнүн мааниси, эгер Иран кол салса, (бирок ал чындап эле кол салып жатат) анын билдирүүсүнүн маанисине ылайык, анда ал бутага айланат. Башка билдирүүсүндө Фидан бул келишимдин максаттарын жакшыртууга аракет кылып, ал аймактагы туруктуулукту камсыз кылуу деп ырастаган, бирок ал сөзүнөн жаңылып, мындай деген: “Сауд Арабиясы, Пакистан жана Түркия (баскынчы) мамлекеттер эмес“. Ал келишимди “Осмон мамлекети чыгып кеткенден берки акыркы жүз жылдан бери аты туруксуздук менен байланыштуу болгон бул аймакка узак мөөнөттүү туруктуулук алып келе турган эң маанилүү кадам” деп эсептеген (CNN Arabic, 8.08.2026). Бирок, бул чиновник чындыкты айтуудан коркту. Анын Осмон мамлекети аймактан чыгып кетти деп кыйытып айткан билдирүүсү: каапыр мамлекеттердин арабдар жана түрктөрдөн турган малайлары менен бирге Биринчи дүйнөлүк согушта халифалыкты кулатуу үчүн Осмон мамлекетине каршы согуш ачуу үчүн күчтөрүн бириктиргени жөнүндөгү чындыкты ачыкка чыгаруу менен каапыр мамлекеттерди ачуулантуудан коркту. Ал өлкөлөр ислам аймагында башаламандыктарды жаратып, өздөрүнүн малайларын таап, аларды падыша жана президент кылып алышкан. Алар үммөттүн элитасын издеп таап, аларды экстремисттер жана террористтер деп атап, түрмөлөргө камайт. Ислам үммөтү каапыр мамлекеттердин аракеттерин четке кагып, аларга каршы тургандыктан, башаламандык жана туруксуздук өкүм сүрдү. Ошондуктан, Фидан “…каапыр мамлекеттердин жана арабдар менен түрктөрдөн турган чыккынчы Осмон халифалыгына каршы биригишинен бери” дегендин ордуна “…Осмон мамлекети чыгып кеткенден бери” деп айткан… Ал бул сөздөрдү ал мамлекеттердин каарына калуудан корккондуктан айткан! Аллах аларды жок кылсын, алар кандай гана адашуунун үстүндө.
5. Эмне үчүн Америка бул келишимге он күндөн кийин гана реакциясын билдиргенине келсек: Эгер бул анын кызыкчылыгында болбогондо, ал дароо каршы болмок. Ал бул келишимди колдой турганын дароо жарыялаганда анын артында тургандай көрүнмөк, эгер антсе анда ал өзүнүн саясий упайын жоготот жана бул келишим Америка тарабынан буйрутма берилгендей көрүнөт да ошону менен анын үч малайынын позициясы солкулдайт. Ошондуктан алар келишим аркылуу өздөрүнүн эгемендүүлүгүнө кам көрөрүн жана аларга кол салгандарга каршы турууга эркин экенин көрсөтүүгө аракет кылып жатышкандай түр жаратуу үчүн Америка бир аз күттү. Анан Трамп келишимди колдой баштады, ага ыраазы экенин билдирип, үч өлкөнүн лидерлерин мактай баштады!
Ошондуктан, ал “Al Arabiya Net”тин 2026-жылдын 18-августунда билдирген кайрылууну жасады: “АКШнын президенти Дональд Трамп Сауд Арабия, Түркия жана Пакистандын биргелешкен коргонуу боюнча Мекке келишимине кол коюшун кубаттады. Ал бул кадамды маанилүү, тайманбастык жана өтө маңыздуу деп мүнөздөп, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы коопсуздукту координациялоону жана алардын биргелешкен коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо боюнча бул кадамдарын жогору баалады…”. “Al Arabiya Net” 2026-жылдын 17-августунда төмөнкүнү жарыялаган: “Трамп “Truth Social” платформасы аркылуу үч өлкөнүн келишимге кол коюшуна кубанычта экенин, биргелешкен коргонуу боюнча Мекке келишими Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы жакындашуулардын күчөп баратканын чагылдыраарын кошумчалаган.
Ошондуктан Трамп мактоого жана колдоого шашкан жок; болбосо, үч өлкө тең Америкага малай. Алар НАТОдон тышкары Американын стратегиялык өнөктөштөрү болгон Сауд Арабиясы жана Пакистан сыяктуу малай мамлекеттерби, же Американын орбитасында айланган НАТОнун мүчөсү Түркия сыяктуу малай мамлекетпи айырмасы жок.
6. Америка өзүнө малай бул үч өлкөнүн аймакта, айрыкча Иранга жана аймактын мусулман элине каршы өзгөчө ролго ээ болушун каалайт. Ирандын президенти Пезешкиан менен анын америкалык кесиптеши Трамптын ортосунда 2026-жылдын 18-июнунда электрондук түрдө видео аркылуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганын жарыялагандан кийин, Америка азырынча каалаганына жете элек жана сүйлөшүүлөр токтоп калган… ошондуктан ал аймактагы бул ири өлкөлөрдү Иранга кысым көрсөтүү каражаты катары колдонгусу келет! Ошондуктан Трамп Америка менен союздаш коңшу өлкөлөр менен курчалгандыктан, Иран Америкага жумшарып, анын шарттарын кабыл алат деп болжолдойт, ошентип ал партиясынын тагдырын алдыдагы орто мөөнөттүү шайлоолордо ийгиликсиздиктен сактап калат. Ошондуктан, АКШнын республикачыл өкүлү Жо Уилсон 2026-жылдын 8-августунда өзүнүн X платформасындагы баракчасында бул келишим боюнча мындай деп комментарий берген: “Сауд Арабиясы, Түркия жана Пакистандын ортосундагы биргелешкен коргонуу келишими Америка президентинин Жакынкы Чыгышта туруктуулукту, тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылуудагы дагы бир жетишкендиги болуп саналат”. АКШнын Эр-Рияддагы мурдагы элчиси Майкл Рэтни дагы Америка бул келишимди аймактын коопсуздугун чыңдоо жана Ирандын уланып жаткан агрессиясына каршы турууга мүмкүндүк берет жана Мекке келишими бүтүндөй аймакты коргоого жардам берет, анткени АКШнын президенти Трамп үч тараптуу альянсты өзүнө жардам берүү жана туруктуулукту чыңдоо каражаты катары көрөт деген ишеним бар деп эсептейт. (Al Arabiya Net, 18.08.2026). Мунун баары Америка бул келишимдин артында турганын жана анын президенти Трамптын ийгилигин билдирерин көрсөтүп турат. Ошондуктан, Америка бул үч союздаш өлкөнү Иранга каршы кыйыр кысым көрсөтүү куралы катары колдонуу үчүн мобилизациялады.
7. Ошондой эле Түркия НАТОнун мүчөсү жана Американы кошо алганда, мүчөлөрүн коргоого милдеттүү. Ал өз милдеттенмелерине каршы иш-аракет кылышы мүмкүнбү? Тескерисинче, ал Америкага болгон берилгендигинин чегинде гана иштейт. Ушул себептен улам, анын президенти Эрдоган, айрыкча Америка менен Европанын ортосундагы альянстагы жараканы оңдоого абдан кызыкдар болуп, аны бекемдөө үчүн аракет кылган, ошондуктан ал Трамп баштаган лидерлерди 2026-жылдын 7 жана 8-июлунда Анкарада кабыл алган. Трамп аэропортто тосуп алынып, андан кийин Анкарадагы президенттик сарайда сыйланды, ал жерде ал НАТОнун саммитинин алдында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Тосуп алуу эки адамдын ортосундагы достуктун жана мээримдин тереңдигин көрсөттү. Бул сапар учурунда Трамп мындай деди: “Чынын айтсам, эгер НАТОнун саммити Түркияда өтпөгөндө жана абдан күчтүү лидер жана абдан күчтүү инсан, менин досум Эрдоган бул жерде болбогондо, мен ага катышмак эмесмин”. Ал Түркиянын Иранды колдобоо позициясын жогору баалады. Ошондуктан, Эрдогандын Сауд Арабиясы жана Пакистан менен союзга катышуусу анын Америкага болгон берилгендиги жана Түндүк Атлантика келишимине болгон милдеттенмесинин алкагындагы катышуу болуп саналат.
8. Карама-каршы көз караштан алганда, Тегеран тарабынан берилген билдирүүлөрдө Түркия, Пакистан, Сауд Арабиясы ортосунда түзүлгөн жаңы коргонуу келишиминдеги бута “өзү” экенин түшүнгөнүн көрсөтүп турат. Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин мүчөсү Ибрахим Резаи келишим боюнча биринчи комментарийинде “X” платформасында мындай деп билдирди: “Саудиялыктар Түркия жана Пакистан менен түзүлгөн “кагаз келишими” аларга коопсуздук алып келбей турганын түшүнүшү керек, дал ошондой эле америкалыктарга ондогон жылдар бою бир тараптуу таянуу да ага коопсуздукту жетиштире алган жок”. Ал саудиялыктарга кайрылып: “Башкалардан коопсуздук сурап жалынбаш үчүн саясатыңарды өзгөрткүлө” деп кошумчалады (CNN Arabic, 07.08.2026). Андан кийин, “Аль-Кудс аль-Араби” гезитинин 2026-жылдын 9-августунда жазганына караганда, иран гезиттери бул келишимди катуу сынга алышкан. Ирандын Жогорку лидеринин кеңсеси менен байланышы бар “Кейхан” гезити бул үч тараптуу келишимдин максаты Йемендин каршылыгына, Ансар Аллахка жана Ирандын каршылык көрсөтүү огу менен бетме-бет келүү деп эсептеген. Ошо сыяктуу эле, Революциялык корпуска жакын Tasnim маалымат агенттиги Сауд Арабиясы өз коопсуздугун кепилдөө үчүн АКШга таянуунун пайдасыздыгын түшүнгөндөн кийин, стратегиясын өзгөртүүнүн ордуна, Меккедеги үч тараптуу келишим аркылуу Түркияга жана Пакистанга каражат салуу менен “ирандын каршылык көрсөтүү фронтунун” реакцияларынан өзүн коргоо үчүн“ Америкадан коопсуздукту сатып алуу” саясатын кеңейтүүгө өткөнүн билдирди. Бул Иран үч өлкөнүн ортосундагы бул келишимдин максаттары катары эмнени көрүп жатканын жана ал Америка тарабынан Иранга каршы колдонулган кысым куралы экенин түшүнүп жатканын тастыктайт…
9. Негизи үч өлкө – Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистан – жана калган ислам өлкөлөрү бир мамлекетте бириккен бир өлкө болушу керек болчу. Колониялык державалардын атынан союз түзгөн, бири-биринен көз карандысыз мамлекеттер эмес, Аллахтын китеби жана Анын Элчисинин ﷺ сүннөтү менен башкарган бир халифанын бийлиги астындагы бир мамлекет болушу керек болчу. Аллах ачык аяттарда Анын арканына бекем карманууну буйруган, бөлүнүүнү жана өлкөнү мамлекеттерге бөлүүгө тыюу салган, каапырлар менен шериктеш болууну жана алар үчүн иштөөгө таптакыр тыюу салган, ошондой эле Өзү түшүргөндөн башка нерсе менен башкарууну арам кылган жана муну каапырлык, адилетсиздик, фасыктык деп баарын куфурлук деп эсептеген. Аллах Өзүнүн Ыйык Китебинде Туура Жолдогу Халифалыктын кайтып келишин убада кылган.
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾
“Аллах силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарга, алардан мурункуларга жер жүзүндө орун басар (халифа) кылгандай эле, аларды да жер жүзүндө орун басар кылаарын, алар үчүн Өзү тандап алган динин бекемдей турганын жана алардын коркуу сезимин коопсуздук менен алмаштыра турганын убада кылган. Алар Мага ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кошушпайт. Бирок ким андан кийин каапыр болсо, анда алар бузукулар”.
Ошондой эле, Аллахтын Элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, бул үч өлкөдө жана башка бардык ислам өлкөлөрүндө өкүм сүрүп жаткан бул эзүүчү башкаруунун аякташы жана андан кийин Халифалыктын кайтып келиши жөнүндө сүйүнчү кабарды айткан. Ага Аллахтын дубалары жана тынчтыгы болсун, мындай деген:
«…ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ» (رواه أحمد)
“…Андан кийин заалим падышалык болот жана ал Аллах каалаганча уланат. Андан кийин Аллах аны көтөрүүнү каалаганда аны көтөрөт. Андан кийин ал пайгамбарлык үлгүгө негизделген халифалык мамлекети болот. Анан ал унчукпай калды”. (Ахмад риваят кылган).
Аллах буюрса, Халифалык албетте кайтып келет. Бирок, Аллах Таала биз кол куушуруп отурганда периштелер асмандан түшүп, халифалык орношун өкүм кылган эмес. Тескерисинче, бизге иштешибизди, аракет кылышыбызды жана ага күч-аракет жумшашыбыз керектигин буйруган. Биз ишибизде чынчылдыкка жана ыкластуулукка умтулабыз. Андан кийин Аллах Тааланын убадасынын аткарылышына жана Анын Элчисинин, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, жакшы кабарына ишенебиз. Мунун баары Аллахтын Элчисинин, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, сийратында ачык көрүнүп турат. Аллахтын Элчиси ага Аллахтын дубалары жана тынчтыгы болсун, ушундай иш-аракет кылган, анын сахабалары, аларга Аллах ыраазы болсун, анын үлгүсүн ушундай жол менен ээрчишкен, биз да ушундай болушубуз керек. Ошондо Аллахтын жеңиши, Анын уруксаты менен, сөзсүз келет.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾.
“Ал күнү момундар Аллахтын жеңишине кубанышат. Ал каалаган адамына жеңиш берет. Ал – Кудуреттүү, Мээримдүү”.
1448-х, 5-робиул аввал.
2026-ж, 18-август.




