Судандагы өлүмдүн үч канаты

Судандагы өлүмдүн үч канаты
Бүгүнкү Судандын абалына көз салган адам ал жерде адамдар бир гана куралдуу топтордун куралынан өлүп жаткандыгын эмес, балким, мажбурлоочу капиталисттик түзүмдөн келип чыккан өлүмдүн үч канатынан күн сайын өлүп жатканын көрөт. Алар: кыйратуучу билим берүү, жокко эсе саламаттыкты сактоо жана жоголгон коопсуздук. Булардын баары Халифалыктын жоктугунун натыйжасы.
Биринчи канат: Билим берүү – акылдардын өлүмү
Бүгүнкү күндө Судандагы билим берүү кандай? Ал англиялык колонизатор мистер Гриффитс ойлонбогон, жалаң жаттап алган кызматкерлерди даярдап чыгаруу үчүн негиздеген колонизатордук светтик билим берүү.
Билим берүүнүн өлүк экендигинин көрүнүштөрү:
– Батышты даңазалап, Исламды кемсинткен, окуучуну өз тарыхынан уялткан окуу программалары.
– Байлар үчүн жеке менчик мектептер, ал эми эң жакырлар үчүн ылайдан курулган мектептер. Бул капитализмдин билим берүү тармагында толук колдонулушу.
– Миңдеген жумушсуздарды даярдап чыгарган университеттер. Анткени мамлекет билим берүүнү үммөттүн өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы муктаждыктары менен байланыштырбайт.
Хизб ут-Тахрир Халифалык мамлекетинин Конституция долбоорунда сунуштаган Халифалыктын көз карашы 172-беренеде айтылган:
Таалим программасынын негизи Ислам акыйдасы болушу шарт. Таалимден көздөлгөн максат – исламий шахсияны калыптандыру. Билим берүү мамлекеттин бардык жарандары үчүн акысыз болуп, башталгыч баскычта милдеттүү болот. Анын окуу программалары Эл аралык валюта фондунун муктаждыктарына эмес, мамлекеттин аалымдарга, мужтахиддерге, инженерлерге жана ойлоп табуучуларга болгон муктаждыктарына байланыштырылат. Ошондуктан билим берүүнү толугу менен мамлекет өз мойнуна алат жана аны жеке менчик мектептердин соодагерлерине таштап койбойт.
Экинчи канат: Саламаттыкты сактоо – денелердин өлүмү
Бахри, Фашир же Мадани шаарларындагы ооруканалардын бирине барсаң, өлүмдү өз көзүң менен көрөсүң. Текшерүүдөн өтүүгө каражаты жок оорулуу, көчөдө төрөгөн аял, вакцина жоктугунан безгек оорусунан каза болгон бала. Эмне үчүн? Анткени азыркы капиталисттик мамлекет «Саламаттыкты сактоо – товар!» деген принципти колдонууда. Натыйжада мамлекеттик ооруканаларды коммерциялык мекемелерге айлантып, адамдарды эсеп чектери аркылуу сызга отургузган жеке менчик ооруканаларга жол ачты жана калкка кам көрүү милдетинен баш тартты.
Судан – дары-дармекке, сууга жана Нил дарыясына ээ болгон өлкө. Бирок колонизатор мамлекеттердин буйругу менен бизде дары-дармек чыгаруучу заводдор жок болгондуктан, дары-дармектер доллар менен чет өлкөдөн импорттолот.
Халифалыктын көз карашы Конституция долбоорунун 157-беренесинде айтылган:
Исламда саламаттыкты сактоо мамлекеттин мойнундагы милдеттүү камкордук болуп саналат. Расулуллах ﷺ мындай деген:
«الْإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ».
«Имам – башчы жана ал өзүнүн кол астындагылардан жоопкер».
Ошондуктан медициналык жардам жана дарылануу бардык жарандар үчүн – байлар жана кедейлер, мусулмандар жана мусулман эместер үчүн акысыз болот. Мамлекет ооруканаларды жана ири дары-дармек заводдорун курат, дары-дармектерди монополиялаштырууга тыюу салат. Усманий Халифалык доорунда ооруканалар (бимаристандар) оорулууларды дарылап, аларды тойгончо тамактандырышкан.
Үчүнчү канат: Коопсуздук – адамдардын өлүмү
Бул эң коркунучтуусу. Анткени бүгүнкү күндө Суданда коопсуздук жок. Хартумда күндүзү элдин көзүнчө уурулук жасалууда, Дарфурда уруучулук негизде адамдар өлтүрүлүүдө, чыгыш аймактар көз жаздымда калтырылууда, ал эми курал ар кимдин колунда.
Эмне үчүн биз коопсуздуктан ажырадык?
1. Анткени мамлекеттин өзү куралдуу топтордон – армиядан, Ыкчам колдоо күчтөрүнөн жана куралдуу кыймылдардан турат. Ошондуктан мамлекет куралга болгон монополиясын жоготту.
2. Анткени мамлекет кылмыштын алдын ала албаган адам чыгарган мыйзамдар менен башкарууда. Натыйжада уурунун колу кесилбейт, киши өлтүргөн адамга кысас колдонулбайт.
3. Анткени мамлекет коопсуздук маселесин шарияттын ордуна уруулар аралык жана коомдук келишимдер аркылуу чечүүгө аракет кылды.
Халифалыктын көз карашы:
Халифалыкта коопсуздукту камсыздоо мамлекеттин мойнундагы фарз болуп саналат жана анын эң маанилүү милдеттеринин бири. Ошондуктан мамлекет төмөнкүлөрдү колдонот:
– Кылмышкерди кылмыш жасоодон мурда миң жолу ойлонууга мажбур кылган, кылмыштын алдын алуучу исламий жаза түзүмүн (кысас, худуд, таъзир) колдонот.
– Уруучулукту жоюп, адамдарды байланыштырган жалгыз робытаны Ислам акыйдасынын робытасы кылат.
– Эки армия эмес, бир гана армия – Халифалыктын армиясы болот жана курал мамлекеттин гана колунда болот.
Эй, Судан калкы! Өлүмдүн бул үч канатын (билим берүү, саламаттыкты сактоо, коопсуздук) жамап-жаскоо менен да, уюмдардын демилгелери менен да, компетенттүү адистерден түзүлгөн өкмөт менен да, демократиялык шайлоолор менен да дарылоо мүмкүн эмес. Тескерисинче, алар капиталисттик түзүмдү тамырынан жулуп таштоо жана Аллах Субханаху түшүргөн Ислам түзүмүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыктын көлөкөсүндө орнотуу аркылуу гана дарыланат. Анткени бир гана Халифалык билим берүүнү ибадатка, саламаттыкты сактоону камкордукка, ал эми коопсуздукту чындыкка айлантат. Себеби ал Аллах Азза ва Жалла түшүргөн өкүмдөр менен башкарат.
Аллах Таала мындай деген:
﴿وَأَنَّ هَذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيماً فَاتَّبِعُوهُ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَن سَبِيلِهِ﴾
“Албетте мына ушул Менин туура жолум. Демек, ушул жолго ээрчигиле! Башка жолдор менен жүрбөгүлө (анткени) алар силерди Анын жолунан чыгарып салат”. (Анъам: 153).
Роя гезити
Мунзир Абдуроуф (Абу Гуфрон) – Судан вилаяты




