Роя гезити

Судан согушундагы Американын ролу

Судан согушундагы Американын ролу
Судандагы көптөгөн адамдар Американын Судан согушундагы ролунун акыйкатын билишпейт. Бул же Американын акыйкатын билбегендиктен, же Черчиллдин ыкмасы менен чындыктарды жашыруудан улам болууда. Таң калычтуусу, аскерлерге каршы турган бардык саясий күчтөр америкалык бир расмий адам билдирүү жасаса эле, аны колдоого жана кубаттоого шашылышат.
Анда Американын Судан согушундагы ролунун акыйкаты эмнеде?!
Учурда согушуп жаткан эки тарап тең, саясий күчтөр да чечим Америка алып келген нерседе гана деп эсептешет. Ошондой эле Американы ортомчу, Судан согушуна эч кандай тиешеси жок деп көрүшөт!
Башкалары болсо Судандагы согуш эки генерал — Бурхан менен Хамидтинин ортосундагы согуш, ал эл аралык күрөш эмес, бийлик үчүн жергиликтүү күрөш деп эсептешет. Андан соң биринчи окту ким атканы тууралуу сөз кылышат. Ал эми эл аралык коомчулукта таасирдүү болгон Америка же Британия сыяктуу ири мамлекеттердин колу бар экени тууралуу ар кандай сөздү кутум сөз катары эсептешет. Мына ушул жерде калптарды жайылткан бүтүндөй бир кошуун пайда болуп, Американын Судан согушуна кийлигишүүсүнүн чындыгын жашырууга аракет кылат. Алар адаштыруучу сөздөрдү сүйлөп, ар кандай шылтоолорду келтиришет. Ушул жерде, өзгөчө согуш күндөрүндө, жашырылган чындыктарды изилдөөнүн мааниси көрүнөт. Британиянын премьер-министри Черчилль согуш маселесин жана Германиянын келечегин талкуулоо үчүн Рузвельт жана Сталин менен болгон жыйында аларга ачык эле мындай деген: «Согушта чындык ушунчалык баалуу болгондуктан, аны бүтүндөй бир жалгандар күзөтү менен коргоо зарыл».
Демек, Америка чындап эле бейтарап жана дос мамлекет болуп, ортомчунун ролун аткара алабы? Же бул анын колонизатор мамлекет жана Ислам менен мусулмандардын душманы экендиги тууралуу чындыкты жашыруубу?
Америка Түштүк Судан маселесин өз колуна алгандан кийин, түндүк менен түштүктөгү малайларынын ортосунда согушту башкарып, андан соң Найваша келишими аркылуу Түштүк Суданды бөлүп салуу менен Түштүк Судан согушун тутанткан эмес беле?
Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы бул согушту Америка тутантты. Согуш аракеттерин да, элдешүүлөрдү да ошол башкарып жатат. Мунун максаты — Судандагы саясий күрөштөрдү курч түрдө өзү чийип берген жаңы майданга көчүрүп, британ жана европалыктардын малайларын күрөштүн борборунан алыстатуу, андан соң анын бардык тараптарын жалгыз өзү көзөмөлдөө.
Ал эми Америка Судандагы согушту кантип тутантканына келсек, «Араби Пост» 2023-жылдын 19-апрелинде өз сайтында америкалык «Нью-Йорк Таймс» гезитине таянып, 15-апрелдеги кагылышуунун алгачкы сааттары тууралуу акыркы маалыматтарды жарыялаган: «Жума, 14-апрель түнүндө эки тарап т.а. Бурхан менен Хамидти чет элдик элчилердин катышуусунда сүйлөшүү жыйынын өткөрүштү. Анын жүрүшүндө убадалар берилип, мунасага барууга мажбур болушту. Андан соң экөө жогорку даражалуу аскерий жетекчилердин биринин үйүндө чогуу кечки тамак ичишти».
Андан кийин жекшемби күнү эртең менен АКШ президенти Байден өз өлкөсүнүн дипломаттарын Судандан эвакуациялоо тууралуу жарыялады. Ошондон кийин Блинкенден тартып Булоско чейин америкалык расмийлер согуштун биринчи күнүнөн бүгүнкү күнгө чейин бул согуш аскерий жол менен чечилбей турганын айтып келишти. Анткени бул согушту тутанткандар да, аны башкарып жаткандар да өздөрү.
Андан соң Америка тынчтык маселесин өз колуна алды. Ошентип, улам жаңы элдешүүлөр, сүйлөшүүлөр жана сүйлөшүү аянтчалары пайда боло баштады. Бул согуш башталгандан кийин Америка түзгөн Жидда аянтчасынан башталды. Муну менен ал тынчтык маселесин өзү башкарып, Европа менен анын малайларынын кийлигишүүсүнө жол бербөөнү көздөдү. Андан соң Жидда аянтчасынан тартып төрттүк жана бештик аянтчаларына чейин бардык аянтчалардагы талкуунун негизги темасы катары гуманитардык элдешүүнү койду.
Американын сунушунда камтылган бул элдешүүлөр гуманитардык жардамдарды жеткирүү деген шылтоо менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн түзүмүн таанууну жана аларды азыркы абалында калтырууну көздөйт. Ошондой эле Булостун 20.06.2026 күнкү акыркы документинде «коопсуздук чаралары, анын ичинде күчтөрдү чыгарып кетүү жана кайра жайгаштыруу операциялары үчүн кадамдарды жасоо» жөнүндө айтылганда, бул Ыкчам колдоо күчтөрүнүн бар экенин жана мындан ары да кала берерин тастыктайт жана аларды таркатуу тууралуу сөз кылуудан качат. Тескерисинче, Ыкчам колдоо күчтөрүн кайра жайгашууга чакыруу менен алардын кала беришин кыйыр түрдө талап кылууда.
Ошол эле учурда ал армия менен Суданды бөлүп-жарууга умтулган Ыкчам колдоо күчтөрүн теңеп коюуда. Америкалык документте «гуманитардык жардамдардын жеткирилишин жеңилдетүү, жарандарды коргоо жана жер которгондордун кайтып келүүсүнө шарт түзүү…» деген шылтоо менен «чектелген аскерий чыгарып кетүү операцияларына» чакырык жасалган. Бул болсо аталган күчтөрдүн бар болушун токтотпостон, аларды сактап калууну көздөп жатканын тастыктайт.
Бул документте «өлкө боюнча 90 күнгө жалпы жана токтоосуз гуманитардык элдешүү жарыялоого» чакыруу менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн бар болушунун жана үстөмдүгүнүн мыйзамдуулугу дагы бир жолу бекемделүүдө.
Ал тургай, Американын Массад Булостун документинде да ушуну көрөбүз. Ал согушуп жаткан эки тарап менен дайыма байланышта экенин айткан. Ал америкалык сунушту 20-июнда Каирде жарыялаган. Бул ок атышууну токтотуу пландары жана ага чейинки пландар чындыгында Американын Дарфурду Судандан бөлүп алуу планына кызмат кылууда. Башкача айтканда, Америка ушул күнгө чейин сунуштаган пландар эки нерсени көздөйт:
Биринчиси: Ыкчам колдоо күчтөрүн идарий түзүмү жана саясий программасы бар, сүйлөшүү үстөлүнө отурган параллелдүү саясий түзүм катары көрсөтүү.
Экинчиси: Америка өзү сунуштап жаткан ок атышууну токтотуу келишимдери аркылуу Судан армиясынын Фаширди кайра кайтарып алуусуна жолду толугу менен бөгөп, Хамидтинин ал жердеги көзөмөлүн бекемдөөнү көздөйт. Ошондуктан Америка сунуштап жаткан ок атышууну токтотуу боюнча сунуштарды, мейли алар Массад Булос аркылуу жеке өзү тарабынан болсун же төрттүк комитет аркылуу болсун, Дарфурду бөлүп алууну толук ишке ашырууга акырындык менен даярдык көрүү катары кароо зарыл.
Америка — Ыкчам колдоо күчтөрүнүн куралдуу кошуундарын өзүнүн малайы Хафтар аркылуу курал-жарак менен камсыздап жаткан тарап. Бул гуманитардык жардам деген шылтоо менен ачууга өзү буйрук берген Адре өткөрмө бекети аркылуу же түздөн-түз ишке ашууда. «Рейтер» агенттиги жүргүзгөн иликтөөдө АКШ армиясынын атайын күчтөрүнүн мурдагы аскер кызматкери, ардагер көзөмөлдөгөн компаниялар Судандагы согуш учурунда Ыкчам колдоо күчтөрү пайдаланган негизги логистикалык борборлорго учуп турган эски «Боинг» учактарынын флотун иштеткени аныкталган.
Агенттиктин иликтөөсүндө аймактык камсыздоо линиялары менен Суданда геноцид жасаган деп айыпталган куралдуу кошуундун таяныч аймагын байланыштырган бир нече учакты иштеткен бул компаниялар АКШ армиясынын атайын күчтөрүнүн ардагери Стивен Шаулиске таандык экени аныкталган. Ал Сингапурда жайгашкан «Си.Эй.Ди.Жи» компаниясынын жетекчиси болуп саналат. Бул компания мурда «Сентрал Азия Девелопмент Груп» деген ат менен белгилүү болгон жана 20 жылдан ашык убакыттан бери Америка менен Бириккен Улуттар Уюмунан келишимдерди алып келген эл аралык компания болуп саналат.
Иликтөөгө ылайык, бул учактарды Судан армиясы 2025-жылдын май айында Ньяла аэропортунда жок кылган.
Америка Судандагы согуш маселесин өз колунда кармап турат. Трамп Судандагы жаңжалдын чечимин табуу боюнча иштей баштаганын билдирген. Ал эми, Мухаммад бин Салман ага бул согушту токтотуу жасала турган иштердин эң улуусу болорун баса белгилегенин айтты.
Вашингтондогу Саудия-Америка ишкерлер кеңеши уюштурган форумда сүйлөгөн сөзүндө Трамп Ак үйдө Саудиянын мураскер ханзаадасы менен жолукканда ал берген түшүндүрмөлөрдөн кийин Судандагы кырдаалга болгон көз карашы өзгөргөнүн айтты.
Мунун баары Америка Суданды бөлүп-жаруу үчүн төртүнчү муундагы согуштардын алкагында Судан согушун башкарып жатканын көрсөтөт.
Американын вакыйлыгы башка капиталисттик мамлекеттер сыяктуу эле, аны монополисттик компаниялардын ээлери, каржы жана бизнес өкүлдөрү башкарып турат. Ошондуктан анын тышкы саясаты байлардын жана монополисттик компаниялардын ээлеринин саясаты экенин көрөбүз. Башкача айтканда, бул — жогорку баалуулуктарга орун жок, таза колонизатордук саясат. Ошондуктан ал коргонууга Британия, Франция жана Германия үчөө биригип сарптагандан да көп каражат сарптайт.
Мындай мүмкүнчүлүктөргө ээ мамлекетке өз акыйдасынан келип чыккан мамлекети бар мабдаий үммөт гана каршы тура алат. Буга Ислам үммөтүнөн жөндөмдүүрөөк эч ким жок. Анткени ал жалгыз туура акыйдага ээ. Ал тургай, шаръий жактан адамдардын үстүнөн күбө болууга милдеттендирилген. Аллах Таала айтты:
﴿وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطاً لِّتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيداً﴾
«Биз о.э силерди башка адамдардын үстүнөн күбө болууңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдөн күбө болуусу үчүн Биз силерди орточо (адилеттүү) бир үммөт кылдык». (Бакара: 143).
Бул күбөлүктү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо менен гана аткарууга болот.
Роя гезити
Устаз Ибрахим Мухаммад (Мушриф)
Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы Маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button