Сакофий

Товар баалары тууралуу

Товар баалары тууралуу

Суроо: Биз билебиз, башкаруучунун адамдардын товарларына баа белгилөөсү арам. Анткени Расулуллах ﷺ мындай деген:

«إِنَّ اللَّهَ هُوَ الْخَالِقُ الْقَابِضُ، الْبَاسِطُ الرَّازِقُ، الْمُسَعِّرُ، وَإِنِّي لَأَرْجُو أَنْ أَلْقَى اللَّهَ وَلَا يَطْلُبُنِي أَحَدٌ بِمَظْلَمَةٍ ظَلَمْتُهَا إِيَّاهُ فِي دَمٍ وَلَا مَالٍ».

«Чындыгында, Аллах — Жаратуучу, Тарылтуучу, Кеңейтүүчү, Ырыскы берүүчү жана Баа белгилөөчү. Мен Аллахка жолукканымда, кан же мал-мүлк маселесинде мен тарабынан жасалган зулум үчүн эч ким менден акы талап кылбаган абалда болууну үмүт кылам». Ахмад риваят кылган.

Ошондой эле Расулуллах ﷺ мындай дейт:

«مَنْ دَخَلَ فِي شَيْءٍ مِنْ أَسْعَارِ الْمُسْلِمِينَ لِيُغْلِيَهُ عَلَيْهِمْ، فَإِنَّ حَقًّا عَلَى اللَّهِ أَنْ يُقْعِدَهُ بِعُظْمٍ مِنَ النَّارِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ».

«Ким мусулмандардын товарларынын баасын аларга кымбаттатуу үчүн кийлигишсе, Кыямат күнү Аллах аны тозоктун чоң жайына түшүрүүгө акылуу болот». Ахмад риваят кылган.

Эгер кайсы бир аймактагы айрым соодагерлер белгилүү бир товарга баа белгилешсе, мисалы, күрүч сатуучулар чогулуп, күрүчтү соодагерлерге жана адамдарга белгилүү бир баада сатууга макулдашышса, анда соодагерлердин өз ара келишип ошол товарга баа белгилеши арам болуп эсептелеби? Же болгону мамлекеттин баа белгилөөсү арам болуп, соодагерлердин товарга баа белгилөө боюнча өз ара келишүүсү арам эмеспи?

Жооп:

Экинчи хадистен иллеттин бар экени ачык көрүнүп турат. Иллет табылган жерде өкүм да аны менен кошо жүрөт…

Эгер соодагерлердин келишүүсү бааны кымбаттатуу максатында болсо, анда тыюу аларды да камтыйт. Ал эми алардын келишүүсү алып-сатарлыкты болтурбоо жана соода-сатыкты тартипке салуу үчүн болсо, мисалы, бир сатуучу товарын жашырып коюп, кийин кымбатыраак сатууга мүмкүнчүлүк албашы үчүн, башка соодагерлер сатып жаткан учурда ал өз товарын базарга чыгарбай кармап туруп, башкача айтканда, аны ихтикар (монополия) кылып, товар азайганда сатпашы үчүн жана ушул сыяктуу максаттарда болсо — мындай учурда соодагерлердин соода-сатык процессин тартипке салуусуна эч бир тыйуу жок. Бирок соодагерлердин чогулуп, өз ара ыраазычылык менен белгилүү бир баага макулдашуусунда бааны кымбаттатуу ыктымалы бар (ар. мазинна). Айрыкча, эгер ошол товар алардын колунда болуп, аны алардан башка эч ким сатпаса. Мындай учурда алардын келишиминде товарды кымбаттатуу ачык айтылбаса да, көпчүлүк учурда ал ушуга алып келүүчү күмөндүү иш болуп саналат. Ошондуктан бул «арамга алып баруучу нерсе да арам» деген өкүмгө кирет.

Демек, алардын товарга биргелешип баа белгилеши, катъий түрдө болбосо да, галабатуз-зонн боюнча анын кымбатташына алып келет. Бул жерде галабатуз-зонн жетиштүү. Ошондуктан менин ражих көргөнүм — соодагерлердин бир товарга баа белгилөө боюнча өз ара келишүүсү жаиз эмес. Тескерисинче, маселе базар баасына калтырылат. Ал болсо ар бир соодагердин өзүнүн жагдайына жараша баасын өз алдынча белгилөөсүнүн натыйжасында пайда болот. Мында адамдар үчүн кеңчилик болот жана бааны кымбаттатуудан алыс болууга шарт түзүлөт…

Бул темада Ибн Каййим аль-Жаузийянын «Ат-Турук аль-Хукамийя» китебиндеги «Кыймылсыз мүлктү жана башка нерселерди бөлүштүрүп берүүчү кассамдар тууралуу бөлүмдө» келген сөз мага жакты. Анда мындай деп айтылат:

«Ушундан улам бир катар аалымдар — Абу Ханифа жана анын шакирттери сыяктуулар — кыймылсыз мүлктү жана башка нерселерди акыга бөлүштүрүп берүүчү кассамдардын өз ара шериктешүүсүнө тыюу салышкан. Анткени алар шериктешип алышса, ал эми адамдар аларга муктаж болсо, алар адамдар үчүн кызмат акысын кымбаттатып жиберишет.

Мен айтам: Ошондой эле хисба казысы (базардагы жана коомдук жайлардагы шаръий тартипти көзөмөлдөп, алдамчылык, тараза-өлчөмдөгү кыянаттык, адамдарга зыян келтирүү сыяктуу көрүнүштөрдү токтотууга жооптуу адам) өлүктөрдү жуугандарга жана аларды көтөрүп ташуучуларга да өз ара шериктешүүгө тыюу салышы керек. Анткени мында адамдар үчүн кызмат акысынын кымбаттап кетүү коркунучу бар. Ошондой эле адамдар кызматтарына муктаж болгон ар кандай топтун өз ара шериктешүүсү да ушундай…» Цитата аяктады.

24.11.2011

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button