Макала

Кантип укуктук борборду түзүү колониалдык мамилени ашкерелейт?

Кантип укуктук борборду түзүү колониалдык мамилени ашкерелейт?

Кыргызстан менен Орусия эки өлкөнүн жарандарына укуктук жардам көрсөтө турган биргелешкен борбор түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратованын жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду.

Демилге кыргыз-орус биргелешкен укуктук жардам борборун түзүүнү жана жарандардын укуктарын коргоонун бирдиктүү механизмин иштеп чыгууну көздөйт. Бир караганда, бул кадам гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган оң демилге катары көрүнөт. Бирок Кыргызстан менен Орусиянын буга чейин калыптанып калган мамлекеттер аралык мамилелеринин алкагында караганда, бул демилге олуттуу суроолорду жаратып, эки өлкөнүн мамилелериндеги терең карама-каршылыктарды ачыкка чыгарат.

1. «Бир туугандык» мамилелердин элеси

Бизге көп жылдан бери Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык жана «бир туугандык» мамилелер бар экени айтылып келет. Андыктан: “эгер мамлекеттер аралык мамилелерде чындап эле бардыгы жайында болсо, анда эмнеге жарандардын укуктарын коргоо үчүн өзүнчө жаңы механизмдерди шашылыш түрдө түзүү туура келип жатат?” деген мыйзам ченемдүү суроо туулат.

Эбак эле кол коюлган көптөгөн келишимдер, парламенттер аралык макулдашуулар, эки өлкөнүн жалпы интеграциялык бирикмелерге – ЕАЭБ, ЖККУ жана КМШга мүчө болушу, ошондой эле, кеңири укуктук база, адамдын анын ичинде мигранттардын укуктарын мыйзам чегинде коргоо үчүн жетиштүү болчу.

А бирок бул механизмдер жетишсиз болуп жаткан болсо, анда «бузулгус достук» тууралуу расмий сөздөр реалдуу кырдаал менен карама-каршы келип, анын жасалма мүнөзү ачыкка чыгат. Муну менен эң маанилүү нерсе, тагыраагы, азыркы дипломатиялык механизмдер натыйжасыз экени кыйыр түрдө моюнга алынууда.

Көйгөй айрым аткаминерлердин ишинде гана эмес. Маселе эки тараптын бирөөсү же экөөсү тең өнөктөш мамлекеттин укуктук мейкиндигинде өз жарандарынын укуктарын толук коргой ала тургандай мүмкүнчүлүккө ээ эмес экенинде болуп жатат. Ал эми «альтернативдүү рычагдарды», башкача айтканда кошумча таасир этүү жана коргоо механизмдерин түзүү, бул расмий жарыяланган дипломатиялык мамилелердин иш жүзүндөгү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин тикелей моюнга алуу болуп саналат.

2. Ыйгарым укуктардын чегинен чыгуу жана коргоого болгон муктаждык

Мындай улуттан жогорку же параллелдүү укук коргоо түзүмдөрүнүн пайда болушу, кооптуу бири–бирине окшош жагдайды жаратат. Тагыраагы, жарандардын атынан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын укуктарын коргоого милдеттүү болгон мамлекет өзүнүн негизги ишин толук аткара албай калууда. Натыйжада жарандар кошумча коргоо механизмдерин издөөгө аргасыз болууда.

Эгемендүү мамлекеттердин ортосунда эбак эле түзүлгөн укуктук механизмдерди жана консулдук кызматтарды натыйжалуу пайдалануунун ордуна, «жумушчу топтор» жана «коомдук өкүлдөр» сыяктуу убактылуу, жасалма тирекчелер түзүлүүдө.

Андыктан: “бул “эгемен мамлекеттин” суверенитети чектелип жатканын унчукпай моюнга алууга барабар эмеспи?” деген табигый суроо туулат. Анткени иш жүзүндө тышкы түзүм башка мамлекеттин, же эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердеги укук коргоо маселелерин тизгиндеп, аларга кийлигишүүдө.

3. Борбор иш жүзүндө кимди коргойт?

Бул демилге иш жүзүндө бир тараптуу болуп, негизинен Орусиянын кызыкчылыгына кызмат кылышы мүмкүн. Бул түзүм аркылуу Орусия эбак эле өлкөдөн саясий кырдаалдан улам жапырт качып чыгып кеткен өзүнүн жарандарын коргоого шашылбоосу баарына белгилүү. Москва үчүн алардын мааниси жок. Тескерисинче, мындай коргоо «Орус үйлөрүндө» иштеген агенттер, же социалдык тармактарда чагымчыл максаттарды көздөгөн айрым саясий технологдор сыяктуу Орусиянын кызыкчылыктарын алдыга сүргөн түзүмдөргө жана өкүлдөргө көбүрөөк багытталат.

Иш жүзүндө Орусиянын укук коргоо системасы жана акыйкатчы институту кыйла чоң ресурстарга, медиа тармактагы салмакка жана саясий таасирге ээ. Ошондуктан «эки өлкөнүн жарандарына жардам берүү» деген аталыш менен түзүлгөн бул борбор чоң ыктымал, Кыргызстандын аймагында Орусиянын кызыкчылыктарын жана анын жарандарын коргоого багытталган укуктук жана идеологиялык протекционизмдин куралына айланышы мүмкүн.

Ал эми Орусиядагы миллиондогон кыргызстандык мигранттар мурдагыдай эле системалуу миграциялык тоскоолдуктарга жана укуктук чектөөлөргө көз каранды бойдон кала берет. Аларга болсо негизги көйгөйлөрдү чечкен системалуу механизмдердин ордуна, көбүнчө пиар мүнөзүндөгү үстүртөн гуманитардык «жардам» гана сунушталат.

Маалымат үчүн:

Биргелешкен борборлорду жана укуктук механизмдерди түзүү боюнча бул жаңы демилге Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да Орусиянын түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн айланасында буга чейин топтолуп келген жана коомчулуктун кооптонуусун жараткан бир катар чыр-чатактардын үстүнө негизделүүдө. Өз учурунда мунун баардыгы күч алган Орусияга байланыштуу тыңчылык чырлар менен, жана Кремлдин «жумшак күч» саясатына туура келүүдө.

«Орус үйүнүн» айланасындагы чыр-чатактар: “Россотрудничествонун” өкүлчүлүктөрүнүн ишмердүүлүгү көп учурларда геосаясий талаш-тартыштардын чордонунда болуп келген. Европанын айрым өлкөлөрүндө бул уюмдар жашыруун саясий таасир көрсөтүүнүн, маалыматтык күрөштүн жана санкцияларды кыйгап өтүүнүн куралы катары бааланып, алардын ишмердүүлүгү расмий түрдө токтотулган же чектелген.

Кыргызстандын өзүндө да, анын ичинде Ош шаарында, бул түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу коомчулукта жана жергиликтүү бийлик органдарында бир нече ирет суроолор көтөрүлгөн.

Буга чейин ЖМКларда жана социалдык тармактарда өздөрүн «саясий технолог» же коомдук ишмер катары тааныштырып жүргөн айрым орусиялык жарандардын кармалган учурлары тартылган кадрлар, ошондой эле алардын күнөөсүн мойнуна алган билдирүүлөрү бир нече ирет жарыяланган. Маалыматтарга караганда, алар атайын кызматтар тарабынан жашыруун маалыматтарды чогултууга, өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга, чагымчыл аракеттерге жана коомдук пикирди көмүскө башкарууга шектелген.

Жыйынтык:

Чыныгы өнөктөштүк жаңы жарыш жардам борборлорун түзүү менен эмес, илгертен бар болгон мамлекеттик жана укуктук институттардын геосаясий жагдайга карабастан, өз жарандарын коргой алуу жөндөмү менен сыналат.

Ал эми ушундай мисалдарга карата гуманитардык-укуктук «борборлорду» жана жумушчу топторду түзүү боюнча Орусиянын ар кандай жаңы демилгелери кайрымдуулук катары эмес, тескерисинче, «жарандардын укуктарын коргоо» деген көшөгө астында тышкы саясий таасир кылуу куралдарын жана атайын кызматтардын өлкө ичиндеги аралашуусун кеңейтүүчү курал катары бааланышы керек. Албетте мунун таза дипломатияга эч кандай тиешеси жок.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button