Роя гезити

“Толгоо” күчөгөндө дүйнө кандай “наристенин” төрөлүшүн күтүп жатат?

“Толгоо” күчөгөндө дүйнө кандай “наристенин” төрөлүшүн күтүп жатат?

Иран менен болгон кагылышуу дүйнөдөгү күчтөрдүн тең салмактуулугун эми сандар менен гана өлчөөгө болбой турганын ачып берди. Анткени эң ири армияларга, эң заманбап курал-жарактарга, эң чоң аскерий базаларга жана эң кеңири альянстар тармагына ээ болгон мамлекет да аша албай турган чекке жеткени ачыкталды. Америка бул кагылышууда өзүнүн аскерий жана технологиялык үстөмдүгүн толук аскерий же саясий жеңишке айландыруу мүмкүнчүлүгүнүн чектерин түшүндү.

Ошол эле учурда күч эми армиялар жана экономикалар менен гана чектелбей калды. Тескерисинче, ал технологияны, микрочиптерди, жасалма интеллектти, энергетиканы, маалыматтарды, жеткирүү чынжырларын жана солкулдап турган бул дүйнөнү башкарган эрежелер менен стандарттарга таасир этүү жөндөмүн да камтый баштады.

Ошондуктан болуп жаткан окуялар, айрымдар ойлогондой, таасирдин бир күчтөн экинчи күчкө өтүшү менен гана чектелбейт. Тескерисинче, бул бүтүндөй эл аралык түзүмдүн негизин каптаган башаламандык. Анда эски түзүмдүн кырдаалды көзөмөлдөө жөндөмү алсырап, ушул башаламандыктын ичинен аны сактап калууга чакырыктар улам көбөйүүдө. Ал эми анын ордун баса турган альтернативанын белгилери али калыптана элек.

Мына ушул жерден «толгоо» деген сөз өзүнүн чыныгы маанисине ээ болот. Бул бузулган вакыйлык кыйрап, анын ичинде башка бир вакыйлыктын белгилери калыптанып жаткан, бирок жаңы төрөлө турган наристе али жарык дүйнөгө келе элек баскыч.

Бириккен Улуттар Уюмунда мамлекеттер Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки дүйнө үчүн түзүлгөн уюмдун алкагында чогулушууда. Ошол эле учурда бул уюмдун өзү улам татаалдашып бара жаткан дүйнөнүн кризистерине жана куралдуу кагылышуу деңгээлине жетпеген иш-аракеттерге каршы күрөшүү жөндөмүнө байланыштуу суроолорго туш болууда.

Вашингтон менен Пекинде соода, технология, жеткирүү чынжырлары, микрочиптер жана жасалма интеллект жаатындагы атаандаштык уланууда. Бул күрөш рыноктордун чегинен чыгып, келечектин эрежелерин аныктоого чейин жетүүдө. Мына ушундай шартта Кытайдын төрагасы Вашингтондон туруп, Америка менен Кытай атаандаш эмес, өнөктөш болушу керектигин айтууда.

Ал эми Европада коопсуздук, энергетика, стратегиялык көз карандысыздык жана континенттин ири державалардын ортосундагы орду, айрыкча Россиянын гибриддик коркунучтарынын күчөшү шартында тынчсыздануулар жана суроолор көбөйүүдө. Технология болсо жөн гана экономикалык тармак болуудан ашып, коопсуздуктун, эгемендиктин жана эл аралык таасирдин бир бөлүгүнө айланды. Ал эми мусулмандардын өкүмдарларына келсек, алардын эң жакшысы Палестина үчүн ыйламыш болуп, эл аралык түзүмдүн унчукпай турушун сындаган адам. Бирок ал өзү да бул кылмышка шерик. Болбосо, Акса мечитин азат кылуунун жолу Бириккен Улуттар Уюмунун босогосуна кадам таштоо аркылуу өтөбү?!

Бул көрүнүштөрдүн баары бири-биринен өзүнчө көрүнгөнү менен, жалпысынан алганда, эл аралык түзүм кагылышууларды жөнгө салууга же аларды чектөөгө жарабай калганын, ошондой эле анын мекемелери бул түзүм негизделген эрежелерди коргоого жөндөмсүз болуп калганын ачып берүүдө. Анткени согуштар жана укук бузуулар, айрыкча Газадагы окуялар, анын уставдарында жазылган жоболор менен мекемелеринин иш жүзүндө аткара ала турган иштеринин ортосундагы ажырым канчалык кеңейгенин көрсөттү.

Мына ушул терең ажырымдын ичинен түзүмдү сактап калууга жана кайра карап чыгууга чакырган үндөр күч алууда. Бирок жыртык ушунчалык чоңоюп кеткендиктен, аны жамоо мүмкүн болбой калды. Ошол эле учурда элдер жаңы наристенин төрөлүшүн, белгилери али калыптана элек альтернативдүү эл аралык түзүмдүн пайда болушун чыдамсыздык менен күтүп, моюндарын созуп турушат. Бирок бир нерсе анык: бүгүнкү күндө бүткүл адамзат коопсузураак жана адилеттүүрөөк, зулумдук менен зөөкүрлүккө каршы турууга көбүрөөк жөндөмдүү түзүмгө мурдагыдан да катуу муктаж болуп калды. Анткени капиталисттик түзүм пайда кылган кризистер менен кырсыктардын кесепеттери эми бир коом же бир мамлекет менен гана чектелбестен, бүтүндөй жер шарынын мойнуна түшкөн оор жүккө айланды.

Мамлекеттер негизинен пикирлердин үстүнө курулгандыктан, күч мамлекеттер жана эл аралык мамилелер ага ылайык аракет кыла турган эрежелер менен стандарттарды белгилөө жөндөмүнөн, ошондой эле адамдын адамдык касиетине көңүл бурган мабдаий пикирдин негизинде эл аралык саясатка таасир этүү жөндөмүнөн башталат.

Бул жерде ири державалардын пикирий жеңилүүгө жана цивилизациялык адашууга туш болгонун көрөбүз. Бул абал аларды саясий тең салмактуулук алкагында камалып калууга алып келди. Натыйжада алардын ар бири өз күчүн башкалардын күчүнүн алсырашынан алууга аракет кылууда. Ошентип, бүгүнкү күндө ири державалардын ортосундагы атаандаштык таасир үчүн гана болгон атаандаштык эмес, эртең дүйнө иш алып бара турган чөйрөнү калыптандыруу мүмкүнчүлүгүнө ким ээ болору үчүн жүрүп жаткан атаандаштык болуп калды. Бирок толгоо ири державалардын ортосунда гана жүрүп жаткан жок. Ал дүйнө түзүмүнүн өзүндө да жүрүүдө. Мамлекеттер дагы эле негизги аракеттенүүчү күч бойдон калууда. Бирок технологиялык компаниялар чек аралардан ашып өтүүчү мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп калышты. Алар өз күчүн капиталдан, дүйнөлүк каржы тармактарынан, билимге, маалыматтарга жана санариптик инфраструктурага болгон монополиядан, ошондой эле саясий жана коопсуздук күч борборлору менен түзгөн альянстарынан алышууда. Алардын катарына яхудий вужуду жана сионисттик кыймыл менен байланышкан таасир тармактары да кирет. Бул болсо аталган компаниялардын айрымдарына чек аралардан ашып өтүүгө жана алсызыраак мамлекеттер ээ болгон көптөгөн көзөмөл механизмдеринен кутулууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Дүйнөлүк экономика дагы эле өз ара тыгыз байланышта. Бирок жеткирүү чынжырлары стратегиялык эсептөөлөрдүн бир бөлүгүнө айланды. Технология саясий мекемелердин аны жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө караганда алда канча тез өнүгүүдө. Ал эми эл аралык мекемелер дагы эле иштеп жатканы менен, алар негизделген эрежелер жаңы өзгөрүүлөрдүн баарын өз алдынча камтый албай калды.

Ошентип, эски доор менен жаңы доор бир эле учурда жанаша жашап жатат: XX кылымдын мекемелери XXI кылымдын куралдары менен, эгемен мамлекеттер чек аралардан ашып өткөн экономикалык жана технологиялык күчтөр менен, эски эрежелер гибриддик согуштар жана тынымсыз өзгөрүп жаткан күчтөрдүн тең салмактуулугу менен катар жашоодо. Бирок эгер дүйнө башынан өткөрүп жаткан толгоо өзүндө ушунчалык жырткычтыкты жана адамзаттык баалуулуктардын кыйрашын камтыса, анда бул азаптын курсагынан кандай наристе төрөлүшү мүмкүн?

Бул жерде маселе бир эле капиталисттик мабданын алкагында Америка, Кытай, Европа же башка державалардын ортосунда күчтү кайра бөлүштүрүүгө гана байланыштуу болбой калат. Тескерисинче, маселе мындан да терең: адамдарды эксплуатациялоонун бардык көрүнүштөрүн жана коомдор менен адамзаттык баалуулуктарды системалуу түрдө кыйратуунун бардык формаларын жок кылып, күчтүн, эгемендиктин жана биримдиктин түп-тамырынан айырмаланган көрүнүштөрүнө негиз сала турган жаңы түзүм төрөлөбү?

Ушундай караңгы көрүнүштүн ичинде биз Ислам Үммөтүн адамзат күтүп жаткан альтернативдүү цивилизациянын калыптануу процессинин ажырагыс бөлүгү катары көрөбүз. Муну анын акыйдасы талап кылат. Бул башаламан вакыйлыгынын оор жүгүнөн азап чегип, өзүнүн жетекчилик ролун, алдыңкы ордун жана цивилизациялык даражасын жоготуунун кесепеттерин башынан өткөрүп жаткан Үммөт. Бирок ага нусрат убада кылынган жана ал өзүнүн түпкүрүндө кайрадан көтөрүлүүгө, тарыхтын бардык барактарын толтурган ошол ролун калыбына келтирүүгө керектүү негиздерди сактап келет.

Бир кылым мурда өзүн бириктирип турган саясий вужудун жоготуп, андан кийин жасалма түзүлүштөрдүн, ойдон чыгарылган чек аралардын жана бири-бирине карама-каршы келген ар түрдүү саясий долбоорлордун ортосунда бөлүнүп калган Үммөт өзүнүн цивилизациялык вужудун да, аны бириктирип турган акыйдавий робытасын да жоготкон жок. Тескерисинче, ал бир гана суроого жооп табуу үчүн аң-сезимин улам тереңдетип келди: Үммөт өзүнүн биримдигин, өз алдынча чечим кабыл алуу укугун жана даражасын кантип калыбына келтирет?

Бул суроонун жообу капитализмди жамап-жаскоодо да, бир көз карандылыкты башка көз карандылык менен алмаштырууда да эмес. Тескерисинче, Исламга негизделген, мусулмандарды бир жетекчиликтин астына бириктирген жалпы саясий вужудду кайрадан курууда. Бул үчүн динди бекем карманып, сүннөттү азуу тиштер менен бекем тиштөө керек. Мына ушул жерде толгоонун мааниси толук ачылат.

Эгер толгоо эски вакыйлыктын алсыздык баскычына жеткенин жана жаңы вакыйлыктын негиздери калыптана баштаганын билдирсе, анда аң-сезимдүү адамдардын түшүнүгүндө төрөлө турган наристе — бул убада жана сүйүнчү: Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык. Ал дүйнөдө таасирдүү роль ойной турган мамлекет болот, ири державалар өз ара атаандашкан жөн гана аймак болуп калбайт.

Толгоо узакка созулушу мүмкүн, төрөлүү аракеттери да тоскоолдуктарга учурашы мүмкүн. Бирок бир нерсе анык: бүгүнкү дүйнө мурдагыдай болбой калды. Күч түшүнүгүнүн өзү кайрадан калыптанууда. Ал эми капитализм пайда кылган бардык мекемелер, эрежелер жана альянстар өздөрүнүн кыйроого дуушар болушу мүмкүн болгон түзүмдүк негиздеринен коркунучка кабылып турушат.

Батыш бүгүн мурдагыдан да көбүрөөк коркуп жаткан нерсе дал ушул. Ошондуктан ал Үммөттүн ташкынынан коркуп, өзүнүн жырткычтыгын жана зөөкүрлүгүн күчөттү. Анткени ал жаңы наристенин төрөлө турган мезгили жакындап калганын толук түшүнүп турат.

Жыйынтыктап айтканда, азыркы баскыч акырындап өлүп бара жаткан вакыйлык менен Аллахтын уруксаты менен жакында төрөлө турган жаңы вакыйлыктын ортосундагы чечүүчү баскыч. Бүгүн дүйнө дал ушул эки вакыйлыктын ортосундагы чек арада турат.

Айрымдар саясий вужудунун кыйратылышы менен ролу да аяктады деп ойлогон Үммөт дагы эле бар. Анткени Роббисинин Китеби анын колунда турганда жана анын арасында исламий жашоону кайрадан баштоого дааватты көтөрүп жүргөн ихластуу эр-азаматтар бар кезде, бул Үммөт жашай берет.

Аллах Таала айтат:

﴿وَمَا النَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِنْدِ اللهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ﴾

«Негизинен жеңиш күч-кудурет жана дааналык Ээси болгон Алланын даргөйүнөн гана келет». (Али Имран: 126).

Роя гезити

Инжнер Висам Аль-Атраш

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button