Америка менен Ирандын ортосундагы согуш: Эбегейсиз күч менен жаңыдан өсүп келе жаткан күчтүн тиреши

Америка менен Ирандын ортосундагы согуш: Эбегейсиз күч менен жаңыдан өсүп келе жаткан күчтүн тиреши
Учурда жүрүп жаткан Иран менен АКШ ортосундагы согуш бир тараптан саны, курал-жарагы, колундагы технологиялары, абадагы эбегейсиз үстөмдүгү, теңдешсиз зор деңиз күчтөрү жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү жагынан элестетүү кыйын болгон кургактагы күчтөрү, дүйнөнүн төрт бурчуна жайгашкан аскерий базалары бар, айланасында өзүнө кызмат кылган көптөгөн күчтүү мамлекеттер жана ага гана кызмат кылуу үчүн жашап, ага баш ийген мамлекеттер топтолгон эбегейсиз күч менен жүрүп жатат.
Бул күч өзүнүн стратегиялык тереңдигин жана негизги таянычы болгон Американы душмандардын колу жетпеген жерде, океандар, алыс аралыктар, ядролук жана башка ооздуктоочу күчтөр менен корголгон абалда сактап, башка бирөөлөрдүн жеринде согушууда. Ошондой эле анын жер жүзүнүн ар бир карышына көз салган жасалма спутниктери жана дүйнөдөгү эң күчтүү чалгындоо кызматтары бар.
Мына ушундай эбегейсиз аскерий күчкө карата айтылган бул сыпаттаманын алдында анын саясий жетекчилиги Иранга байланыштуу баа берүүсүндө жаңылыштык кетиргени көрүнүп турат. Анткени Иран саны, курал-жарагы, мүмкүнчүлүктөрү жагынан чакан, инфраструктурасы эскирип, жараксыз абалга келген күч болуп саналат.
Мына ушул жерде Аллахтын сөзсүз ишке аша турган убадасы көрүнүп, кырдаалды кыйла кеңири жана терең көз караштан кайрадан кароого мажбур кылат. Анткени бийлик Аллахка таандык. Ал каалаган убакта, каалаган адамынан, ал тургай Америка сыяктуу дүйнөдөгү эң улуу күчтөн да бийликти тартып алат. Ошондой эле каалаган убакта, каалаган адамга, себептер таптакыр жок болсо да, андан алда канча алсыз күчкө бийликти берип коет.
Бүгүн биз көрүп жаткан, мындан элүү жыл мурда эле өзүбүз күбө болгон империялардын кулашы бизди бир аз токтолуп, терең ой жүгүртүүгө түртөт. Анткени Британия, Франция жана Советтер Союзу жер жүзүнүн чыгышы менен батышына чейин жайылып, элдерди аёосуз кул кылып, алардын бардык байлыктарын тынымсыз соруп келишкенден кийин кулап, кыйроого учурашты. Бирок алар түздөн-түз согушта жеңилүүнүн натыйжасында кулаган жок. Тескерисинче, таң каларлык түрдө кыйроого учурап, алардан Франция, Британия жана Россия деген баштапкы аттары гана калды.
Эгер алардын кулашынын себептерине кылдат назар салсак, бул сөздүн түз маанисиндеги аскерий жеңилүү эмес экенин түшүнөбүз. Анткени аларга башка да факторлор топтолуп, натыйжада аскерий жортуулдар жана элдердин каршылык көрсөтүүсү төөнүн белин сындырган акыркы саман болуп калды. Бул факторлорго калыстык менен назар салуу зарыл. Алар төмөнкүлөр:
Колонизатордук жайылуу жана кеңейүү.
Жер жүзүндө бузукулук таратуу жана элдерди кул кылуу.
Кулга айландырылган элдердин байлыктарын талап-тоноо, аларды ачарчылыкка дуушар кылуу жана кордоо.
Бул империялардын өз ара күрөшү жана бири-бирине каршы уюштурган айла-амалдары.
Бул империялар негизделген мабданын бузуктугу. Анткени ал кызыкчылыктарга жана бузукулук таратууга негизделген.
Жер жүзүндө текеберденүү жана ааламдын мыйзамченемдүүлүктөрүнө каршы келген даражада өзүн улуу санап, чектен чыгуу. Анткени ким Аллахтынулуулугужанакибриясыменентеңтайлашуугааракеткылса, Аллах аныталкалайт.
Бул империяларда адилеттүүлүктүн жоктугу.
Ошентип, мурдагы империялар бүгүн өздөрүнүн жоголушу качып кутулган экенин сезгендиктен, жашап калуу үчүн гана күрөшүп жатышат.
Америка да өзүнөн мурдагы империялардан айырмаланбайт. Ал океандардын ары жагындагы өз аймагында бийлигин бекемдеп, Американын миллиондогон түпкү тургундарын кырып жок кылып, аларды элдик мураска айландыргандан кийин дүйнөлүк аренага чыкты. Ага Экинчи дүйнөлүк согуш ыңгайлуу мүмкүнчүлүк болуп берди. Ошентип, ал Советтер Союзу менен дүйнөнү өз ара бөлүшкөн төртүнчү империяга айланды. Бул эки мамлекет мурдагы империяларды, алардын башында турган Улуу Британия менен Улуу Францияны жоюу боюнча келишишти. Алардын таасирин кыскарткандан кийин Америка өзүнүн пландары жана кутумдары аркылуу Советтер Союзуна асылды. Буга коммунисттик мабданын ийгиликсиз болушу жана анын эзүүсү астында жашаган элдерге эч нерсе сунуштай албаганы да көмөк көрсөттү. Натыйжада бул империя кыйрап, саясий картадан өчүрүлдү жана акырындап алсырап, бүгүнкү Россиянын абалына келип жетти. Ал эми бүгүнкү Россия өзүнүн борбору Москваны жана аймактарын да коргоого кудуретсиз абалда.
Мурдагы империялардын башына түшкөн окуялар дүйнөдөгү акыркы империя болгон Америка үчүн сабак болгон жок. Ал бул окуялардан эч кандай ибрат алган жок. Тескерисинче, бул анын текебердигин, жер жүзүндөгү менменсинүүсүн, элдердин байлыктарын соруп, аларды жакырчылыкка дуушар кылуусун жана алардын ачарчылыгынан ырахат алуусун ого бетер күчөттү. Ал тургай анын зулумдугу чектен ашып, элдерди кырууну жана алардын өлкөлөрүн кыйратууну табигый жана зарыл иш деп эсептей баштады. Анткени Вьетнамды кыйраткан, Японияга атомдук курал менен сокку урган, Ооганстанды, Иракты, Сирияны, Ливияны, Йеменди, Ливанды жана Иранды кыйраткан дал ушул Америка. Ал дагы эле өзүнүн адашуусун, зулумдугун жана жер жүзүндө бузукулук таратуусун улантууда.
Анын дүйнөдө жалгыз үстөмдүк кылышы жана эбегейсиз күчү көзүн сокур кылып, өзүнөн мурдагы империяларды жок кылган Аллахтын мыйзамченемдүүлүктөрү аларды кандай абалга салганын көрө албай калды. Ал эми ошол мыйзамченемдүүлүктөр мурдагы империяларга эмне кылган болсо, Америкага да ошону кылууда.
Чындыгында, Америка ичинен чирип, жөргөмүштүн уясындай болуп калды. Эгер билишсе, үйлөрдүн эң алсызы жөргөмүштүн уясы. Американын көптөгөн акыл-эстүү адамдары жана ойчулдары бул вакыйлыкты түшүнүштү. Алар азыр бул алсыздыкты жана кулоону сүрөттөп жатышат. Бирок күчкө жана текебердикке мас болуу, башкалардын андан коркушу Американын көзүн сокур кылып, өзүнүн алсыздыгын, алсыз абалга түшкөнүн, ичинде болуп жаткан коомдук бөлүнүп-жарылууну, теңдешсиз адеп-ахлактык бузулууну, жакырчылыкты, ачарчылыкты, кризистерди жана төлөп бүтүүгө мүмкүн болбогон 40 триллион доллардан ашкан карызды көрө албай турган абалга алып келди.
Бирок бул айыкпас сокурдук жана артка кайтарылгыс кулоо. Ошондуктан Америка кааласа да, каалабаса да, ыраазы болсо да, болбосо да, ичинен кыйроого жана эл аралык майдандан чегинүүгө карай бара жатат. Анткени ал зулумдук кылуучуларга, залимдерге, текеберлерге жана жер жүзүндө бузукулук таратуучуларга карата Аллахтын мыйзамченемдүүлүктөрүнө каршы күрөшүүдө.
Биз Улуу жана Кудуреттүү Аллахтан Американын эбегейсиз, жер титиреткен кулашына күбө болууну жана анын биздин колубуз менен ишке ашыруусун үмүт кылабыз.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنصُرُ مَن يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
«Ошол күндө момундар Алла (румдуктарды) жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси». (Рум: 4–5).
Роя гезити
Устаз Салим Абу Субайтан




