Хизбий фикраттын шарттары: “тазалык, тунуктук жана нукуралык”.

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо жооп
Хизбий фикраттын шарттары: “тунуктук, тазалык жана нукуралык”.
Жума Саадга
Суроо:
Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху урматтуу бир тууганым.
Суроо: “хизбий уюушуу” китебинин 2-бетинде – жогору жактан сегизинчи сапта – мындай деп жазылган:
“Биринчиси, бул кыймылдар анык белгиленбеген жалпы түрдөгү, ал тургай, анык эмес же анык эмеске окшогон фикрат негизине курулган эле. Мунун үстүнө фикрат тунуктук, тазалык жана нукуралыкты жоготкон эле”.
Төмөнкү сөздөрдүн маанисин кененирээк түшүнгүм келет: “тазалык, тунуктук жана нукуралык”. Алар эмнени билдирет? Мүмкүн болсо, тактоо үчүн бир нече мисал келтирсеңиз.
Аллах сизди сүйгөн жана ыраазы болгон нерсеге багыттасын, бир тууганыңыңыз Ради.
Жооп:
Уа лейкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракаатуху.
“Хизбий уюшуу” китебинде айтылган “ Мунун үстүнө фикрат тунуктук, тазалык жана нукуралыкты жоготкон эле деген сөз заттын абалындагы окшоштуктан алынган. Зат адегенде газ абалында болот, андан соң суюк абалга өтөт, кийин катуу абалга келип, анын бөлүкчөлөрү кристаллдашып баштайт. Кристаллдашуу учурунда заттын бөлүкчөлөрү белгилүү, өзүнө гана таандык формага ээ болгон кристаллдарды түзөт. Алмаз кристаллдары эң тунук кристаллдардын катарына кирет, анткени алар өздөрүнүн өзгөчө формаларын даана көрсөтөт.
Кристаллдашууда үч негизги касиети байкалат:
1. Кристалл белгилүү бир формага ээ болуп, башкалардан айырмаланып турат. Ал эми фикрге келсек, анын кристаллдашуусу (тунуктугу) анын өзгөчөлүктөрүн тактоо жана аныктоо дегенди билдирет. Натыйжада көздөлгөн фикр так көрүнүшкө ээ болуп, аны башка фикрлерден ажыратып турган өзгөчөлүктөрү айкын болот. Ошентип, ал жөн гана сезимдерге негизделген, калкыма чакырык болбой калат.
Мисалы, ойгонуу бул фикрий көтөрүлүү экенин баяндоо ойгонуу фикратынын тунуктугу болуп саналат. Анткени көп адамдардын аң-сезиминде ойгонуу түшүнүгү бүдөмүк, белгилери анык эмес абалда турат.
Ошондой эле акыл – бул вакыйлыкты сезүү аркылуу мээге жеткирүү жана ошол вакыйлыкты мурдагы (саабик) маалыматтардын негизинде чечмелөө деген аныктама. Бул дагы көпчүлүктө бүдөмүк болгон акыл маанисине тунуктук киргизүү болуп эсептелет.
Ушул сыяктуу эле коомдун, рухтун, жакшылык менен жамандыктын маанисин, мисалы, Хизб ут-Тахрир түшүнүктөрү китебинде айтылган башка бардык түшүнүктөрдүн тунуктугу да ушуга кирет. Булардын баары фикрдин тунуктугунун, аны башка фикрлерден айырмалап турган так чектерди коюунун мисалдары болуп саналат.
Ушул эле сөздү табанний кылынган аныктамаларга да айтууга болот. Анткени алардын максаты – аныкталып жаткан фикрди башка нерселерден айырмалап тургандай кылып тунукташтыруу. Ошондуктан, туура аныктама “баарын камтуучу” (جامع مانع) деп айтылат, башкача айтканда, аныктама берилип жаткан нерсеге тиешелүү болгон нерселердин бардыгын өзүндө камтыйт жана ага тиешеси жок нерселердин кирип кетишине жол бербейт. Ошонусу менен ал башкалардан так даана өзгөчөлөнүп турат.
2. Кристаллда анын түрүнө кирбеген кошулмалар болуп калышы мүмкүн, мисалы, кээде алмаз кристаллдарында башка кошулмалар кездешип калат, ошондой эле фикрат да тунук болуп туруп, бирок ага анын курамына кирбеген башка бөлүктөр да кирип кетиши мүмкүн. Бул Ислам фикратына кирбеген нерселердин ага аралашып кетүүсүнө окшош, мисалы, Ислам тарыхында чыгыш философияларынан жана грек философиясынан таасирленип, мусулмандардын арасында философиялык идеялардын пайда болушу. Же болбосо, Батыштын эркиндик, демократия жана адам укуктары сыяктуу Батыш идеяларынын кирип келиши, же республикачылык жана бийликтин алмашып туруусу концепциясын кабыл алуу, же Ислам социализмин жактоо ж.б. Булар Исламдан эмес, бирок ага таандык деп киргизилген идеялар. Булар Ислам фикратын булгаган “тазалык” деген сыпатынан ажыраткан аралашмалар.
3. Кристаллга аралашма кирип, анык болбой калуусу анын ичиндеги көрүнүштү бүдөмүк кылат, анткени анда нукуралык жоголот. Бул фикратка карата да болот. Эгерде фикраттын таза булагы менен анын өкүмдөрүнүн ортосунда байланыш үзүлсө, анда фикратта нукуралык жоголот. Мисалы, Ислам фикраты Ислам акыйдасына негизделген жана анын өкүмдөрү ушул акыйдадан келип чыгат. Ислам фикратында жана анын өкүмдөрүндө кандайдыр бир башаламандыктын же түшүнүксүздүктүн болуп калуусун алдын алуу үчүн, фикраттын таза булагы менен өкүмдүн байланышы так болушу керек, башкача айтканда, пикирлер, өкүмдөр жана акыйданын ортосундагы байланыш так сакталышы керек. Тактап айтканда пикир акыйдага негизделип өкүм акыйдадан келип чыгышы керек. Эгер андай болбосо, бул фикратка аныксыздык кирип кетет… Бул азыркы доордо айкын болуп калды, мисалы, мусулмандар туура ой жүгүртүүдөн алыс фатваларга ылайык, сүткорлуктан жеп, аны иштетүүдө эч кандай жаман нерсе көрүшпөйт. Алар Ислам шариятынын талабына карама-каршы келген, өлкөлөргө жана мекендерге бөлүнгөндөрүнө да өкүнүшпөйт. Алар чет элдиктер менен мамиле түзүүнү жана аларды өздөрүнүн пикирлеринде, мыйзамдарында жана жүрүм-турумунда үлгү катары кабыл алууну да макулдашат, ал эми бузукулуктар жана мункар иштер эч кандай чыныгы айыптоосуз эле мусулмандардын арасында кеңири жайылды. Ошондуктан, Ислам акыйдасы менен туура шаръий истинбат аркылуу алынган өкүмдөрүнүн ортосунда туруктуу байланыштын жоктугунан, Ислам фикраты көпчүлүктүн аң-сезиминде чаташып калган.
Боордошуңар Ато бин Халил абу Рашта.
1448-х, 28-мухарам.
2026-ж, 11–июль.




