Макала

ШКУ Исламга каршы түзүлгөн уюмбу?

ШКУ Исламга каршы түзүлгөн уюмбу?

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өтүп жатат. Жыйындын негизги темасы уюмдун мындан аркы өнүгүү багыттарын талкуулоого арналды. Саммиттин жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган 28 документке кол коюлду. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонунда турган бул иш-чарага Ислам көз карашынан кароо үчүн уюмдун чыныгы максат жана абалын карап чыгуу зарыл.

ШКУ адегенде Шанхай бешилтиги деп аталып, аны 1996-жылы Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан түптөгөн. Бул жылы Шанхай бешилтигине кирген өлкөлөр чек ара аймактарында куралдуу күчтөрдүн санын кыскартуу тууралуу келишимге кол койгон. Мындан тышкары, террорчулук менен күрөшүүнү макулдашкан. Кийин 2001-жылы Өзбекстан кошулуп, азыркы аталышы берилген. 2013-жылы Кытайдын лидери Си Цзинпин “Бир алкак бир жол” демилгесин жарыялап, ШКУну өз долбоорлорун ишке ашырууда майнаптуу колдоно баштады. 2015-жылдан бери альянс кеңейип, Индия, Пакистан, Иран жана Беларус мүчө болуп кошулду. Ошентип, учурда уюмга 10 өлкө мүчө.

ШКУга кирген мамлекеттерге дүйнөлүк ички дүң өндүрүмдүн 35 пайызы туура келет. Бул мүчө мамлекеттердин өндүрүшү 20 триллион долларга жетет дегенди билдирет. Андан тышкары уюмга мүчө мамлекеттердин аймагы Евразиянын үчтөн эки бөлүгүн түзөт. Расмий жыйындардан тышкары дээрлик жыл сайын уюмга мүчө өлкөлөрдүн аскердик машыгуулары өтүп турат.

Бишкекте өтүп жаткан саммит Кытайдын позициясы күчөп, Орусия Украинадагы согуш себептүү алсырап турган учурга туш келди. Ошондой эле, Иран согуштук абалда турган чакта өтүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 28-февралында АКШ менен “израил”дин Иранга кол салуусунан бери ШКУ расмий билдирүүдөн ары өтө алган жок. Мунун себеби, уюмга мүчө өлкөлөрдүн бир позицияны кармана албаганына байланыштуу. Маселен, Индия Батыш жана “израил” менен тыгыз кызматташып келет. Ал эми, Пакистан Иран кризисинде ортомчулук ролду аткаруу менен Американын кызыкчылыгын ишке ашырып берүүгө катуу аракет кылууда. Ал эми, Россия, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү Иран менен соода алакаларды сактап калууну гана көздөшөт.

Мындан тышкары, уюмдун мүчөлөрү Украина маселесинде да бир пикирде эмес. Көпчүлүк мүчө өлкөлөр аймактык бүтүндүктүн сакталышын, жаңжалды тынч жол менен чечүүнү талап кылып келишүүдө. Буга ШКУ алкагында Индия премьер-министри Нарендра Модинин Путин менен жолугушуусунда Украина согушун болушунча тезирээк тынч жол менен чечүүгө чакыруусу мисал боло алат. Мындан тышкары, Пакистан менен Индиянын, Кытай менен Индиянын ортосунда да чек-ара жаңжалдары чыгып турат.

А бирок, уюмга мүчө өлкөлөрдүн баарын бир максат жана коркунуч бириктирип турат. Бул күндөн-күнгө өсүп жаткан Ислам үммөтү жана ал талпынып жаткан Халифалык мамлекети. Мындан улам, бул өлкөлөр өз аймагында мусулмандардын биримдигине, Исламды түшүнүүсүнө каршы аёосуз күрөш алып барышууда. Маселен, Кытай Шинжаң аймагын миллиондогон уйгур, казак, кыргыз мусулмандар үчүн ачык абакка айландырды. Ал жерде намаз окуп, сакал койгон эркектер куугунтукталып, орозо кармап, жоолук салынган муслималар тарбиялоочу лагерлерде кармалууда. Ал эми, жаш муунду толугу менен Ислам жана улуттук маданияттан ажыратуу кампаниясы жүрүп келет. Бул күрөштүн баарын экстремизмге, сепаратизмге жана терроризмге каршы чара катары түшүндүрөт.

Бутпарас индус режиминин да Индиядагы айрыкча, Кашмирдеги мусулмандарды куугунтуктоосу Кытай жана яхудий режиминен кем калбайт. Режимдин маалыматтык согушунан таасирленген кылмышкерлер мусулмандарды намаз окуп жаткан жеринен өлтүрүп, ур-токмокко алган учурлар байма-бай кездешүүдө. Кашмирдеги мусулмандарды басмырлаган мыйзамдарды кабыл алуусуна, аны ишке ашырууга Пакистан бийлигинин кыянаттыгы, алсыз позициясы дем берип келүүдө.

Орусияда да мусулмандар мындан кем калбаган кыйынчылыктарга туш болууда. Орусия негизинен Кавказдагы мусулмандарды ооздуктоо үчүн терроризм шылтоосун пайдаланат. Ошондой эле, мусулман өлкөлөрүнөн барган мигранттар күч органдардынын катуу көзөмөлүнө, куугунтуктоосуна туш болушат. А түгүл, айрым авторлордун котормосундагы Куран жана хадис китептери экстремисттик материалдардын тизмесине киргизилген.

Ал эми, Борбор Азия өлкө жетекчилери өз тактыларын сактап калуу үчүн Кытай менен Орусиядан өрнөк алып, экстремизм жана терроризм шылтоосу менен абактарды мусулмандарга толтурууда. ШКУнун талаптарына ылайык, аймактагы режимдер Ислам баалуулуктарына, дааватка каршы мыйзамдарды күчөтүп, мусулмандарды көзөмөлдөө жол-жоболорун иштеп чыгууда.

Демек, саясий жактан каршы позицияны карманган ШКУ өлкөлөрүн бириктирген нерсе, алардын Ислам жана мусулмандарга каршы душмандыгы болуп калууда. Андыктан, биз мусулмандар мындай куфр күчтөрүнүн үммөттүн үстүнөн жетекчилик кылышына, малай акимдердин алардын кызматчыларына айланып, өз Исламыбызга душмандык кылуусуна жол бербешибиз керек. Анткени Аллах Таала айтат:

﴿وَلَن يَجْعَلَ اللهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً

«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса сүрөсү, 141-аят).

Башкача айтканда, каапыр колонизаторлор мусулман өлкөлөрүнө үстөмдүк кылуусуна жол бербейт. Мусулмандардын экономикасын, коопсуздугун же эгемендигин аларга тапшырууга болбойт.

Акылбек Исаков

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button