Эй мусулмандар! Силердин душманыңар бир, күчүңөр болсо аң-сезимиңерде жана ихласыңарда

Басма сөз баянаты
Эй мусулмандар! Силердин душманыңар бир, күчүңөр болсо аң-сезимиңерде жана ихласыңарда
Мусулман өлкөлөрүндөгү эң курч маселелерге кылдат назар салып, талдаган адамдардын көңүлү төмөнкү жагдайга бурулат: бул маселелердин баарында мусулмандардын душманы бирөө, ал душман — Америка. Айрым иштерде ага анын кол баласы яхудий түзүмү да шерик болууда. Бул маселелердин алгачкыларынын бири Ирак. Америка ага өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын башында согуш ачып, андан соң 2003-жылы басып алган. Ал бүгүнкү күнгө чейин Американын үстөмдүгүнөн азап чегип келет. Ошондой эле Америка 2001-жылы басып алган Ооганстан, андан кийин Сирия да ошол абалда. Ал жерде Америка өзүнүн агенти Башар Асадга каршы болгон куттуу революцияны жокко чыгаруу үчүн бардык каражаттарын ишке салды. Андан соң Йемен… Ал жерде Америка өлкөнү көзөмөлдөө үчүн Британия менен талашып, өзүнүн агенти болгон Аль-Сауд режими аркылуу хусийлерди колдоп келет. Андан кийин Судан… Ал жерде Америка өзүнүн эки агенти т.а. армиянын командачысы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командачысынын ортосунда катуу ички согуш тутантып, Британиянын Суданды башкарууга жетишүүсүнө жол бербей жатат. Андан соң 2025-жылдын июнь айында, кийин 2026-жылдын февраль айынын акырында Америка менен анын кол баласы яхудий түзүмү Иранга кол салышты. Мунун баарынан мурда Палестина менен Ливан бар. Яхудий түзүмүнүн жасап келген жана азыр да жасап жаткан иштеринин баары Американын аскерий, саясий жана маалыматтык колдоосу менен, ошондой эле анын колун бош коюп берип, өлтүрүүгө, кыйратууга жана жерди улам-улам жутуп алууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендигинин натыйжасы.
Ошого карабастан, мусулман башкаруучулары Америка менен сүйлөшүүгө же анын көлөкөсүндө сүйлөшүүгө шашылышат. Америка менен яхудий түзүмүнүн пайдасына ортомчу болушат. Аларга акча төлөшөт, мусулмандардын жерлерин, сууларын жана аба мейкиндигин алардын карамагына беришет. Анда алар эмнени сүйлөшүп, эмнеге ортомчу болуп жатышат? Американын жана анын кол баласы яхудий түзүмүнүн мусулман өлкөлөрүндөгү үстөмдүгүн дагы да күчөтүү үчүнбү? Же алардын кылмыштарына калкан болуп берүү үчүнбү?
Эй мусулмандар! Силер жеткен бул абал, эгер силердин бир мамлекетиңер жана бир халифаңар болгондо, эч качан болмок эмес. Силер бул абалга Ислам султанынын жок болушу, Халифалык мамлекетинин кулатылышы, өлкөлөрүңөрдүн алсыз майда мамлекеттерге бөлүнүп-жарылышы жана мойнуңарга рувайбиза башкаруучулардын үстөмдүк кылышы себептүү гана келип калдыңар. Бул башкаруучуларыңар душмандарыңар сыяктуу эле силерге карата эч кандай достукту да, келишимди да сакташпайт. Силердин ыйыктыгыңарды урматташпайт, каныңарды, жериңерди жана мал-мүлкүңөрдү коргошпойт. Алардын бардык камы – ийри тактарын сактап калуу. Ал үчүн силердин жаныңарды, каныңарды, жериңерди жана мал-мүлкүңөрдү курман кылууга да даяр. Эй мусулмандар! Бул кордук жана басынуу абалы дагы качанга чейин уланат?!
Эй мусулмандар! Силер гана ушул ачуу чындыкты оңдой турган туура мабдага ээсиңер. Дал ошол мабдадан дүйнө жүзүндөгү бардык көйгөйлөрдү адилеттүүлүк жана калыстык менен чечүүчү туура түзүм келип чыгат. Ошондуктан аң-сезимге ээ болгула, аң-сезимге ээ болгула! Андан соң Улуу Аллахка болгон таза ихластуулукту кармангыла. Анткени бул экөөсүз силерде эч кандай күч жок. Алсыздык – мүмкүнчүлүктүн алсыздыгы эмес, пикирдин алсыздыгы. Акын мындай деген:
Пикири алсыз адам мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарат,
Иш өтүп кеткен соң болсо тагдырды күнөөлөйт!
Ишиңерге бекем болгула! Силерди кыйроого алып барган рувайбиза башкаруучуларыңарды четке кагууга шашылгыла! Өлкөлөрүңөрдү бир рашид халифанын роясы астында бириктирүү үчүн Хизб ут-Тахрир менен бирге иш алып барууга киришкиле. Ошондо анын артында согушасыңар жана аны менен коргоносуңар. Ошентип жериңерди сактайсыңар, жаныңарды коргойсуңар, каныңарды төгүлүүдөн сактайсыңар жана мал-мүлкүңөрдү коргойсуңар. Жеңиш болсо Аллахтан гана келет. Аллах Өзүнө жардам бергендерге сөзсүз жардам берет.
﴿إِن يَنصُرْكُمُ اللّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ وَإِن يَخْذُلْكُمْ فَمَن ذَا الَّذِي يَنصُرُكُم مِّن بَعْدِهِ وَعَلَى اللّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ﴾
«Эгер силерге Алла жар болсо эч ким силерди жеңе албайт. Эгер Ал силерди жардамсыз койсо, Андан Өзгө эч бир затжардамчы боло албайт. Ыйман келтирген заттар Алланын Өзүнө гана сүйөнүшсүн!» (Али Имран: 160).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
09.07.26




