Элдин мүлкүн тоногон адамды актоо аракети

Элдин мүлкүн тоногон адамды актоо аракети
Садыр Жапаров басылмалардын бирине берген маегинде Ширшовдун мамлекетке көрсөткөн финансылык жардамы жана энергетикалык долбоорлорго катышуусу тууралуу айтып берди.
Президенттин билдирүүсүнө ылайык, Ширшов жана анын өнөктөштөрү энергетикалык инфраструктураны жаңылоого катышып, 715,5 миллион сомдук иштерди аткарышкан. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компанияга 100 миллион долларды он жылга, үстөк пайызсыз насыя катары беришкен. Бул каражаттын жарымы өлкөнүн түштүгүнө, жарымы түндүгүнө турак жай курууга багытталмакчы.
Комментарий:
Буга чейин Садыр Жапаров жер-жерлерде уюштурулуп жаткан жолугушуулардын биринде Ширшов тууралуу суроого жооп берип, аны актоого аракет кылган. Бул өз кезегинде адамдар арасында терс пикирлердин айтылышына жол ачты. Себеби, Ширшов күч менен кулатылган эки президенттин тушунда энергетика тармагындагы коррупциялык схемалары менен таанылган. Адамдар аны ошол доордогу корруцияга баткан бийликтин символу катары көрүшөт. Ошондуктан, мамлекет мүлкүн тоногон андай адамдардын камалбастан, тескерисинче өлкө башчысы менен кызматташып, ээн эркин жүрүшү калктын бийликке нааразылыгын күчөтүшү шексиз. Себеби, ал бүгүнкү энергетика тармагынын сазга батышына түздөн-түз тиешеси бар адамдардын бири.
Энергетика тармагы ушундай жеп тоногучтар жана жемкор аткаминерлер үчүн баюунун ордосуна айланган. Алар себептүү бул тармак туңгуюктан чыкпай келет. Ал эми бул кризистин “кунун” эл төлөп жатат. Анткени, энергетика тармагына алынган кредиттер калктын чөнтөгүнөн төлөнүүдө, кыштын ызгаар суугунда эл светтин 5 киловаттык чектөөсүнө, улам-улам өчүрүүлөргө дуушар болуп жатат.
Бул жагдай капитализмдин карамүртөз, адилетсиз табиятын көрсөтүп турат. Элдин үлкөн мүлкүн талап-тоноп, анын аз бөлүгүн берген адамдар акталып, ошол эле маалда болбогон 2 миң сом үчүн катардагы адамдар камалып жатышат. Андыктан, капитализм өкүм сүргөн жерде байлар элдин эсебинен каалагандай жашап, катардагы адамдар эптеп күн көрүүгө мажбур болушат.
Бул адилетсиздиктен чыгуу үчүн элдин мал-мүлкүн талап-тоноого өбөлгө түзгөн капиталисттик системаны четке кагуу зарыл. Анын ордуна Исламды колдонуу кажет. Себеби Ислам өкүмдөрү адилет соттук системасын жолго коёт. Ошондой эле, электр тармагы жана башка кен байлыктар жалпы мүлк түркүмүнөн болуп, аны адамдар арасында адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыздайт.
Харун Абдулхак




