Макала

Эмомали Рахмондун аргасыз чакырыгы: мунай жана саясат 

Эмомали Рахмондун аргасыз чакырыгы: мунай жана саясат 
Эмомали Рахмондун Борбор Азияда ири мунай иштетүүчү завод куруу боюнча жакында көтөргөн демилгеси жөн гана инфраструктуралык долбоор эмес. Ал чөлкөмдүн энергетикалык системасында топтолгон көз карандылыкты жана анын канчалык назик экенин көрсөткөн аргасыз кадам.
Тажикстан үчүн бул көйгөй өзгөчө курч. 2026-жылдын биринчи жарымында өлкө 600 миң тоннага жакын мунай продукциясын импорттогон. Анын 91,1%ы Орусиядан келген.
Бир караганда, бул көйгөйдүн жообу жеңил көрүнөт: эгер чөлкөмдө күйүүчү май тартыш болсо, анда өзүнүн мунай иштетүүчү заводун куруу зарыл. Бирок дал ушул жерде экономикалык маселе тез эле саясий маселеге айланат.
Тажикстан үчүн да, Кыргызстан сыяктуу эле, маселе завод куруу менен гана чечилип калбайт. Аны туруктуу иштетүү үчүн чийки заттын үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыз кылуу, транспорттук каттамдарга жана альтернативдүү багыттарга чыгуу, коңшу мамлекеттердин макулдугун алуу, ошондой эле өндүрүлгөн күйүүчү майды сатуу үчүн туруктуу рынокко ээ болуу зарыл.
Капиталисттик мамилелер үстөмдүк кылган жерде жана ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын гана көздөгөн абалда, мындай маселелерди бир өлкөнүн чегинде гана чечүү дээрлик мүмкүн эмес.
Бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы айырмачылык мамлекеттик чек аралар менен гана чектелбейт. Алардын экономикалык кызыкчылыктары, тышкы саясий багыттары жана ири коңшу мамлекеттер менен түзгөн мамилелери да бири-биринен кыйла айырмаланат.
Казакстан мунай ресурстарына бай болсо, Өзбекстан ири ички рынокко жана өзүнүн мунай иштетүү өнөр жайына ээ. Түркмөнстан болсо ири энергетикалык ресурстарга ээ мамлекет катары айырмаланат. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан күйүүчү май жана энергетикалык ресурстарды импорттоого кыйла көбүрөөк көз каранды.
Натыйжада, бүтүндөй чөлкөмдүн экономикалык кызыкчылыктарына жооп бере тургандай эң жөнөкөй жана айкын чечим ар бир мамлекет үчүн өзүнчө саясий маселеге айланууда.
Дал ушул себептен улам мындай долбоор белгилүү бир деңгээлде геосаясий кызыкчылыктардын барымтасында калууда. Бул жерде сөз бир гана Орусия тууралуу болуп жаткан жок.
Анткени ири энергетикалык инфраструктуралык долбоорлордун кайсынысы болбосун Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана чөлкөмдөгү башка негизги оюнчулардын кызыкчылыктарына түз же кыйыр түрдө таасир этет.
Бир мамлекет үчүн энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуунун жолу катары көрүнгөн чечимди башка мамлекет өзүнүн аймактагы таасиринин калыптанган тең салмагына коркунуч келтирген кадам же өз ишканаларына жаңы атаандаштын пайда болушу катары кабыл алышы толук мүмкүн.
Маселенин кызыктуу жагы дал ушунда: балким, Борбор Азияга дагы бир мунай иштетүүчү заводдон мурда, жалпы чечимдерди кабыл алып, аларды биргелешип ишке ашыра ала турган механизм керек болуп жаткандыр. Бирок азыркы саясий шарттарда мындай мүмкүнчүлүк дээрлик жок.
Борбор Азия баскынчылардын тарабынан бөлүнүп-жарылганга чейинкидей бирдиктүү болуп, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан бирдиктүү саясий жана административдик мейкиндикти түзгөндө, бүгүнкү энергетикалык көйгөй таптакыр башкача көз караштын негизинде чечилмек.
Андай шартта маселе «ким өз аймагы аркылуу мунай өткөрүүгө уруксат берет жана өндүрүлгөн күйүүчү майды ким сатып алат?» деген суроонун айланасында эмес, тескерисинче, «чөлкөмдүн бүткүл мусулман калкынын кызыкчылыгын эске алуу менен жалпы экономиканы энергия ресурстары менен кантип эң натыйжалуу камсыз кылууга болот?» деген негизги маселеге барып такалмак.
Демек, маселени чечүү бир гана тышкы камсыздоочуга, мисалы, Орусияга болгон көз карандылыктан арылуу аракетинде эмес. Негизги чечим, Борбор Азия өзү ким менен жана кандай шарттарда кызматташууну тандай ала тургандай саясий мейкиндикти түзүү долбоорунда.
Ошондо мунай, газ, электр энергиясы, суу, транспорт жана соода өзүнчө улуттук маселелердин жыйындысы болбостон, бирдиктүү саясий жана экономикалык стратегиянын өз ара байланышкан бөлүктөрүнө айланмак.
Ошондуктан мындай каатчылыктардын чыныгы жообу техникалык жактан татаал жаңы ишканаларды куруу менен гана чектелбейт. Балким бирдиктүү саясий багыты жана жалпы экономикалык кызыкчылыктары бар бирдиктүү мейкиндикти калыптандыруу менен болот.
Бирок идеологиялык жактан улут негизинде бөлүнүүдөн баш тартмайынча, мындай биримдикке жетишүү мүмкүн эмес. Бул үчүн чөлкөмдөгү мусулман калкы капиталисттик түзүлүштөн улам жаралган кризистерди жана алардын кесепеттерин чечүүдө Ислам идеологиясын толук жетекчиликке алып келиши керек.
Мындай мейкиндикте бийликтин пайдубалы жеке кызыкчылыкка умтулган адамдардын эмес, Аллахтын көрсөтмөлөрүн негиз кылган мамлекет калыптанмак. Ал чөлкөмдө мусулмандарга Жараткан тарабынан берилген немат-жакшылыктарды биргелешип пайдаланууга, өз ара боордоштук негизде жашоого жана бирдиктүү коомдук-экономикалык мейкиндикте иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Аллах Таала Ыйык Куранда мындай деген:
«Эгер ал кыштактардын (жайлардын) калкы ыйман келтирип, такыбадар болгондо, албетте, Биз аларга асман менен жердин береке (дарбазаларын) ачып койгон болоор элек…» («Аъраф» сүрөсү, 96-аят). 
Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button