Яхудий түзүмү өз өкмөтүнүн кыялдары менен өзүн муунтууда

Яхудий түзүмү өз өкмөтүнүн кыялдары менен өзүн муунтууда
Набил Абдулкарим
Яхудий түзүмү өз башынан өткөрүп жаткан кризис согуш майдандарында болуп жаткан окуяларга гана байланыштуу болбой калды. Аны бул жердеги аскерий салгылашуунун натыйжалары же тигил жердеги коопсуздук жаатындагы кагылышуу менен гана чектөөгө да болбойт. Анткени яхудий өкмөтү алдына койгон максаттар менен аларды ишке ашыруу жүзөгө чыгаруу мүмкүнчүлүгүнүн ортосунда кеңейип бараткан ажырым мындан да терең көйгөй.
Бүгүнкү яхудий түзүмүнүн абалында үстөмдүк кылуу жана бийликтеги элитанын жеке бийлигин сактап калуу кыялдары сокур эйфорияга айланып, режимди тездик менен туңгуюкка жетелөөдө. Биньямин Нетаньяху жана анын шериктери жаңы Тоорот даңкын жаратып жатабыз деп ойлошсо да, чынында алар өздөрү айткандай, институтташкан, экономикалык жана коопсуз мамлекетинин өлүм күбөлүгүнө кол коюп жатышат.
Алсыратуучу сазга айланган аскерий «толук жеңиш» кыялдарынан тартып, өлкөнү терең ички бөлүнүүнүн жакасына алып келген сот системасын ыдыратуу жана коопсуздук органдарын алсыратуу азгырыктары, ошондой эле режимди эл аралык обочолонууга жана муунткан экономикалык туңгуюкка түртүп жаткан аннексия жана отурукташуу кыялдары аскерий салгылашуунун чегинен чыгып, мамлекеттин келечегине чейин коркунуч туудурган кризиске айланды. Бул жөн гана өтүп кетүүчү саясий каталар эмес, тескерисинче, ал саясий бийликте калып, кризистери менен сот процесстерине каршы туруу үчүн режимдин келечегин тобокелге салып жаткан адам жетектеген кыйратуучу авантюралар. Каргашалуу тарыхый көрүнүштө мамлекет авторитардык кыялдардын барымтасына айланды. Анын акысын кыйрап жаткан бүгүнкү күн жана жоголуп бараткан эртеңки күн төлөөдө. Бул абал яхудий түзүмүнүн гана трагедиясы катары баяндалбастан, бүтүндөй аймакты силкинте турган жер титирөөнүн эскертүүсү болуп саналат.
Узакка созулган согуш жана чоң максаттар
Яхудий түзүмүндөгү өкмөт аймакты күч менен кайрадан калыптандырууга жана өзүнүн көз карашына ылайык келген жаңы саясий жана коопсуздук тартиптерин таңуулоого болот деген түшүнүктүн негизинде мамиле кылууда. Бирок аймактын саясий тарыхы күч убактылуу жетишкендиктерге алып келиши мүмкүн экенин, бирок ал жалгыз өзү туруктуулукту орното албасын да, саясий кабыл алууну пайда кыла албасын да ырастаган.
Согуштун уланышы түздөн-түз аскерий жоготуулар менен гана чектелбеген, улам топтоло берген чыгымдарды алып келгендиги көйгөйдүн өзөгү болуп саналат. Анткени жаңжалдын ар бир кошумча күнү экономикалык оорчулуктун көбөйүшүн, армиянын алсырашын, коомго болгон басымдын күчөшүн, союздаштар менен чыңалуунун өсүшүн жана эл аралык каралоолордун кеңейишин билдирет.
Ошентип, өкмөт татаал теңдеменин алдында турат: канчалык чоң максаттарга жетүүгө аракет кылса, ошончолук узакка созулган согушка муктаж болот. Ал эми согуш канчалык узакка созулса, анын саясий, экономикалык жана коопсуздук чыгымдары ошончолук жогорулайт.
Согуштар инфраструктураны кыйратышы, күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүшү жана убактылуу вакыйлыкты таңуулашы мүмкүн, бирок алар жаңжалдын себептерин таптакыр жоё албайт жана элдердин умтулууларын жокко чыгара албайт. Ушул жерден аскерий операциялардан кийин эмне болот деген яхудий түзүмүнүн чоң көйгөйү көрүнөт.
Эгер максат жаңы вакыйлыкты таңуулоо болсо, анда бул вакыйлык саясий мыйзамдуулукка, аймактык жана эл аралык кабыл алууга, ошондой эле улана ала турган тартиптерге муктаж. Ал эми согуш тек гана каражат болсо, анда операциялардын аякташы андан да чоң чыгымдардан кийин көйгөйдү кайрадан баштапкы чекитине алып келиши мүмкүн.
(Израилдин) ички абалы… өкмөттөгү чегинен чыккан кризис
Ичкериде яхудий өкмөтү татаал саясий кризистерге туш болууда. Согуш бийликтеги коалициянын сакталып калышы, коом ичиндеги ар түрдүү позициялар, туткундар, аскерлер, экономика жана коопсуздук маселелери менен байланып калды.
2026-жылдын август айына карата бир катар яхудий жана чет элдик талдоолор менен маалымат каражаттарынын баяндамалары бул режим терең жана көп кырдуу ички кризиске туш болгонун көрсөтүүдө. Бул кризис саясий пикир келишпестиктер менен гана чектелбестен, институттарга, коомго, экономикага жана армияга чейин жетүүдө. Мисалы, мамлекет башчысы Ицхак Герцог бир нече жолу «жарандык согуштун» коркунучу тууралуу эскертип, мунасага жетишүү үчүн улуттук диалогго чакырган. Оппозициянын лидери Яир Лапид өкмөттүн саясатын сынга алып, ал демократияга жана коомдук биримдикке коркунуч туудурат деп эсептеген. Ошондой эле Авишилон, Кимлия Шахар жана башка талдоочулар менен академиктер учурдагы абалды болуп көрбөгөндөй «ички карама-каршылыктуу кризис» деп сыпатташкан.
Биринчиден: болуп көрбөгөндөй саясий жана институттук кризис
Өкмөттүн легитимдүүлүгүнүн кыйрашы: учурдагы өкмөт Кнессеттин ичиндеги саясий таянычынын чоң бөлүгүн жоготуп, морт коалицияларга көз каранды болуп калды. Бул бийликтеги коалициянын ичиндеги пикир келишпестиктер күчөп жаткан шартта чечим кабыл алуу процессин ого бетер татаалдаштырды.
Парламентти таратуу жана шайлоо жарышы: саясий кризистин шартында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү маселеси олуттуу көтөрүлдү. Ошол эле учурда, коопсуздук жаатындагы окуялар саясий шайлоолордун кийинкиге жылдырылышына же татаалдашына алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар бар. Бул болсо жаңы конституциялык жана саясий кризиске жол ачышы мүмкүн.
Сот бийлиги менен тирешүү: Жогорку сотту алсыратуу жана саясий бийлик менен сот бийлигинин ортосундагы мамиленин мүнөзүн өзгөртүү аракеттери дагы эле кеңири талаш-тартыштарды жаратууда. Ал эми каршылаштар бул аракеттерди (израил) коомунун ичиндеги бөлүнүүнү тереңдетүүгө салым кошкон жана академиялык, экономикалык жана саясий чөйрөлөрдө кеңири каршылыктарды жараткан «сот төңкөрүшүнүн» бир бөлүгү деп сыпатташууда.
Экинчиден: коомдук түзүлүштүн ыдырашы жана миграция
Квалификациялуу адистердин миграциясы: акыркы жылдарда көп сандаган жарандар өлкөдөн чыгып кетишти. Алардын арасында жогорку билимдүү жана кирешеси жогору адамдар да бар. Бул көрүнүш адамдык капиталдын келечеги жана (израил) экономикасынын квалификациялуу адистерди кармап калуу мүмкүнчүлүгү тууралуу кооптонууларды жаратты.
Ички чыңалуу жана жек көрүү абалы: яхудий түзүмүнүн маалымат каражаттары жана саясий чөйрөлөр өкмөт динчил жана светтик яхудийлердин, ошондой эле оңчулдар жана солчулдардын ортосундагы бөлүнүүнү күчөтүп жатканын айыпташууда. Айрым байкоочулар абалды «суук жарандык согуш» же коомдун биримдигине коркунуч туудурган терең ички тирешүү деп сыпаттоого чейин барышты.
Билим берүү кризиси: яхудий түзүмүндөгү билим берүү системасы улам күчөп бараткан кыйынчылыктарга туш болууда. Айрыкча харедим мектептеринде окутулган программалар, коомдун кеңири катмарларынын заманбап эмгек рыногуна аралашуу деңгээли жана мунун экономика менен коомго тийгизе турган узак мөөнөттүү таасирлери тууралуу талаш-тартыштар күч алууда.
Үчүнчүдөн: экономикалык жана каржылык кризис
Кредиттик рейтингдин төмөндөшү: согуш жана анын каржылык кесепеттери яхудий түзүмүнүн экономикасына басымды күчөтүп, дүйнөлүк кредиттик рейтинг агенттиктерин мамлекеттик карыздын жана бюджеттик тартыштыктын өсүшүнүн кесепеттери, ошондой эле согуштун уланышынан келип чыгуучу тобокелдиктер тууралуу эскертүүгө түрттү. («Гаарец» гезити, 15.04.2024).
Согуш чыгымдарынын өсүшү: 2023-жылдын октябрынан бери согуштарга жана аскерий операцияларга кеткен түз жана кыйыр чыгымдар өтө чоң суммага жеткени эсептелүүдө. «Газадагы согуштун чыгымы 200 миллиард шекелден ашат». («Калькалист» гезити, 22.01.2024). Бул мамлекеттик чыгымдардын артыкчылыктуу багыттарына таасирин тийгизип, саламаттыкты сактоо, билим берүү, инфраструктура жана башка тармактарга басым жаратты.
Инвесторлордун ишениминин төмөндөшү: экономиканын эң маанилүү тиректеринин бири болгон яхудий түзүмүндөгү технология тармагы согушка, саясий жана коопсуздук туруксуздугуна байланыштуу кыйынчылыктарга туш болууда. Ошондой эле согуш айрым компаниялардын, кызматкерлердин жана инвестициялардын чет өлкөлөргө чыгып кетиши, чет элдик капиталдын агымынын азайышы тууралуу кооптонууларды жаратты.
Төртүнчүдөн: ички аскерий жана коопсуздук басымы
Армиянын чарчоосу: яхудий түзүмүнүн армиясы Газа, Ливан жана Батыш Жээкти, ошондой эле аймактык чыңалууларды жана Иран менен тирешүүнү камтыган көп фронттуу коопсуздук шартында аракет кылууда. Бул регулярдуу күчтөргө да, резервдеги күчтөргө да чоң басым болууда.
Аскерге чакыруу кризиси: Харедим яхудийлеринин айрым катмарларын аскерий кызматтан бошотуу – айрыкча кошумча сандагы аскерлерге болгон муктаждык өсүп жаткан шартта – курч саясий жана коомдук кризисти жаратты. Аскерий жетекчилер аскерге чакыруунун базасын кеңейтүүнү талап кылып жатышса, динчил катмарлардын кеңири бөлүгү бул багытты четке кагууда. Мунун натыйжасында армия менен коомдун айрым катмарларынын ортосундагы ажырым дагы да тереңдеди.
Тосуп туруучу күчтүн төмөндөшү: 2023-жылдан берки коопсуздук жаатындагы окуялар яхудий түзүмү мурун ээ болгон тосуп туруучу күчүнүн деңгээлин канчалык деңгээлде сактап калды деген суроолорду жаратты. Айрыкча, анын душмандары стратегиялык тереңдигине чейин жетүүгө жөндөмдүү экенин көрсөткөн чабуулдарга жана соккуларга дуушар болгондон кийин бул суроолор күчөдү.
Тышкы чөйрөдө болсо жаңжалды эч кандай чектөөсүз башкара ала турган күчтүү образын сактап калуу улам кыйындап баратат. Согуштун алкагы канчалык кеңейген сайын, өкмөт ошончолук чоң дипломатиялык, укуктук жана маалыматтык басымдарга туш болууда. Ошол эле учурда анын союздаштары менен болгон мамилелери да барган сайын татаалдашууда.
Яхудий түзүмү көп кырдуу тышкы кризистерге туш болууда. Аларды ушул негизги багыттар боюнча жыйынтыктоого болот:
Эл аралык обочолонуунун күчөшү
Газадагы согуштун уланышы жана анын натыйжасында кеңири саясий, укуктук жана гуманитардык сын-пикирлердин жаралышы шартында яхудий түзүмү менен башка мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын ортосундагы улам көбөйүп жаткан ажырымдын кеңейиши тууралуу эскертүүлөр күч алууда.
Ошондой эле яхудий түзүмү эл аралык каралоолор кыйла таасирдүү саясий жана экономикалык чараларга айланып кетиши мүмкүн деген реалдуу коркунучка туш болууда. Бул анын дипломатиялык маневр жасоо мүмкүнчүлүгүн алсыратышы мүмкүн.
Бириккен Улуттар Уюму менен чыңалуу
Газадагы согушка карата эл аралык сын-пикирлердин, гуманитардык жардам жана эл аралык укук маселелеринин айланасындагы талаш-тартыштардын фонунда яхудий түзүмү менен Бириккен Улуттар Уюмунун бир катар мекемелеринин ортосундагы мамилелер начарлады. Бул эки тараптын ортосундагы чыңалуунун дагы да күчөшүнө алып келди.
Салттуу альянстардын ыдырашы
Европада яхудий түзүмүнө карата сын-пикирлер көбөйүп, бир катар Европа мамлекеттеринде аны менен болгон саясий, экономикалык жана аскерий мамилелерди, анын ичинде өнөктөштүк келишимдерин жана курал-жарак сатууну кайра карап чыгууга чакырыктар күчөдү.
Бул багыт кеңейген сайын яхудий түзүмү жаңы кыйынчылыкка туш болууда: анын дипломатиялык күчүнүн эң маанилүү факторлорунун бири болуп келген саясий колдоо мурдагыдай деңгээлде кепилденбей калды. Ошол эле учурда согуштун уланышы анын эл аралык мамилелерине басым жасоочу факторго айланды.
Стратегиялык союздаш болгон Америка Кошмо Штаттары менен ажырым:
Америка Кошмо Штаттары яхудий түзүмүнүн эң маанилүү стратегиялык союздашы бойдон калууда. Бирок бул альянстын мүнөзү да улам күчөп бараткан басымдарга туш болууда.
Партиялык колдоонун төмөндөшү: Америка коомунда жана саясий элитасында болуп жаткан өзгөрүүлөр яхудий түзүмүнө карата позиция мурдагыдай бир пикирге ээ болбой калганын көрсөттү. Айрыкча Демократиялык партиянын ичинде аскерий жана саясий колдоону кайра карап чыгууга чакырган үндөр күч алууда.
Коомдук пикирдин өзгөрүшү: акыркы жылдардагы Америкадагы сурамжылоолор яхудий түзүмүнө карата элдик колдоо мурунку деңгээлдерге салыштырмалуу төмөндөгөнүн, өзгөчө жаштар арасында бул көрүнүш байкалып жатканын көрсөтүүдө. Бул өзгөрүү узак мөөнөттүү саясий таасирлерге алып келиши мүмкүн.
Кызыкчылыктардын айырмаланышы: Вашингтон бардык аймактык маселелерге сөзсүз түрдө яхудий түзүмү караган көз караш менен карабай калды. Айрыкча Американын кеңири эсеп-кысаптары яхудий өкмөтүнүн максаттары менен карама-каршы келген учурларда бул ачык көрүнүүдө. Ушундан улам Иран, Газа, аймактык мамилелер жана алдыдагы саясий жөнгө салуунун формасы боюнча пикир келишпестиктер пайда болушу мүмкүн.
Яхудий түзүмүнүн эң кооптуу алсыз жактарынын бири мына ушунда: ал Американын колдоосуна чоң өлчөмдө көз каранды, ошол эле учурда Вашингтондун стратегиялык артыкчылыктары анын ички шарттарына же андан да чоң эл аралык кризистерге жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Коопсуздук жана геосаясий кыйынчылыктар
Ачык согуш фронттору: яхудий түзүмү дагы эле Газа, Ливан, Батыш Жээк, Иран жана Сирия менен болгон чыңалууларды камтыган татаал жана көп фронттуу коопсуздук чөйрөсүнө туш болууда. Бул болсо аскерий жана коопсуздук жактан үзгүлтүксүз алсыроого алып келүүдө.
Жалгыз согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн чектүүлүгү: Нетаньяху яхудий түзүмү Иранга жалгыз өзү каршы тура алат деп билдиргенине карабастан, ар кандай кеңири аймактык согуш түздөн-түз аскерий мүмкүнчүлүктөн да кеңири эсеп-кысаптарды талап кылат. Аларга Американын жана эл аралык коомчулуктун позициясы, экономикалык жана коопсуздук кесепеттерин көтөрө алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле тирешүүнүн аймагы кеңейип кетүү ыктымалдыгы кирет.
Жаңы аймактык чыңалуулар: бир катар аймактык күчтөр, биринчи кезекте Түркия менен пикир келишпестиктер күчөп баратат. Ошондой эле Иордания жана Египет менен болгон мамилелер аймактагы коопсуздук жана саясий окуяларга байланыштуу басымдарга дуушар болууда. Согуш канчалык узакка созулган сайын саясий пикир келишпестиктердин стратегиялык кризистерге айлануу ыктымалдыгы ошончолук жогорулайт.
Эл аралык укуктук басым: (Израилдин) көрүнүктүү ишмерлери эл аралык укуктук басымдарга жана аракеттерге, анын ичинде Эл аралык кылмыш сотуна байланыштуу чараларга туш болууда. Бул аскерий майдандын чегинен чыгып, укуктук жана дипломатиялык чөйрөгө чейин жеткен тирешүүнүн дагы бир фронтун ачууда.
Экономикалык санкцияларга чакырыктар: бир катар Европа жана Батыш мамлекеттеринде режимге карата чектөөлөрдү же санкцияларды киргизүүгө, өнөктөштүк келишимдерин жана курал-жарак сатууну кайра карап чыгууга чакырыктар күч алууда. Эгер мунун алкагы кеңейсе, ал топтолгон экономикалык жана саясий басымга айланышы мүмкүн.
Кайсы бир мамлекет үчүн эң чоң коркунуч түздөн-түз аскерий жеңилүү эмес, тескерисинче, өзү аяктай албаган жана чыгымдарын туруктуу көтөрө албаган узакка созулган алсыратуучу согушка кирип кетүү болушу мүмкүн. Айрыкча мамлекет тышкы колдоого чоң өлчөмдө көз каранды болгон учурда. Анткени узакка созулган согуш экономикалык тармактардын ишинин үзгүлтүккө учурашын, резервдеги көп сандаган аскерлердин чакырылышын, аскерий чыгымдардын көбөйүшүн, жарандык жашоонун бузулушун жана саясий-коомдук пикир келишпестиктердин тереңдешин билдирет. Бул жерде көйгөй максаттардын көлөмүндө гана эмес, жаңжалдын аягы кандай болору тууралуу так түшүнүктүн жоктугунда да жатат.
Эгер саясий жактан канааттандырарлык жооптор болбосо, анда аскерий күч өзүнүн милдетине кирбеген маселелерди башкарууга мажбур болуп, убактылуу операциялар узак мөөнөттүү милдеттенмеге айланат.
Ал эми максаттар аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнөн чоң болуп калганда жана өкмөт үчүн согушту улантуу аны аяктоого караганда саясий жактан азыраак чыгымдуу болуп калганда, мамлекет кооптуу айлампага кирет: согуш максаттарына жетпегени үчүн улана берет, ал эми максаттар согуштун уланышын актоо үчүн кеңейе берет. Дал ушул айлампа долбоорду ичинен муунтуп салышы мүмкүн.
Мамлекет өз кыялдарынын туткунуна айланганда, өкмөт өз максаттарынын чегин аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнөн да жогору деңгээлге көтөрүүгө мажбур болот жана ийгиликсиздигин моюнга албоо үчүн согушту улантууга аргасыз болот. Ал эми согуштун уланышы бул ийгиликсиздиктин чыгымын дагы да жогорулатат. Анткени Жакынкы Чыгыш аскерий күчкө ээ болуу менен эле кайра калыптандырууга мүмкүн болгон саясий боштук эмес. Узакка созулган жаңжалдар, адатта, ок-дары түгөнгөндө эмес, жаңжалды пайда кылган саясий тараза өзгөргөндө аяктайт.
Ал согушту качанкыга чейин уланта алат жана согуш аяктаганда режимдин ичинде эмне калат? Ошентип, үстөмдүк кылуу кыялдары оор жүккө, толук жеңиш жөнүндөгү элестер алсыроого, ал эми жаңы вакыйлыкты таңуулоого болгон умтулуу яхудий түзүмүнүн өзүнүн ичиндеги вакыйлыкты өзгөртүү коркунучун жараткан факторго айланышы мүмкүн.
Эң чоң коркунуч чек аранын сыртынан эмес, өкмөт кыялданган нерсе менен мамлекет көтөрө ала турган нерсенин ортосундагы ажырымдан келип чыгышы мүмкүн. Кыялдар мамлекет аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнөн чоң болуп калганда, алар келечек үчүн долбоор бойдон калбастан, бүгүнкү күндү кыйратып, келечекке коркунуч туудурган жолго айланышы мүмкүн.
Мунун баарын айтып жатып, биз Палестина маселеси палестиналыктардын же арабдардын гана маселеси эмес, исламий маселе экенине токтололу. Анткени Палестина — исламий жер, ал Шам өлкөлөрүнүн бир бөлүгү, мусулмандар аны өз кандары менен фатх кылышкан. Анын бир сөөм жеринен баш тартуу Аллахка ﷻ жана Расулуллахка ﷺ кыянаттык кылуу менен барабар. Ошондуктан Аллах мусулмандарга аны куткаруу, яхудий түзүмүн талкалап, тамырынан жок кылуу, Американын үстөмдүгүн четке кагуу жана аймактагы анын куйруктары болгон өкүмдарларды кулатуу үчүн жихад кылууну важиб кылды.
Биздин өлкөлөрүбүз — тирешүүлөрдүн майданы. Дин душмандары анын байлыктарын талап-тоноо, инфраструктурасын кыйратуу, перзенттерин өлтүрүү, карталарын яхудийлердин ач көздүгүнө ылайык өзгөртүү, аймактын ойгонушуна жана Ислам кубатынын кайра кайтып келишине жол бербөө үчүн согушту биздин жерибизде жүргүзүп жатышат.
Оо, жер жүзүнүн бардык аймактарындагы мусулмандар! Бул өлкөлөрдү фатх кылгандар силер эмес белеңер? Силердин расаларыңарды, улуттарыңарды жана этносторуңарды бириктирип, силерди мусулман кылган Ислам эмес беле? Монголдорду жеңген, кресттүүлөрдү жеңгендер силер эмес белеңер? Бүгүн Америка жана анын куйруктары силер үчүн жеңилгис болуп калдыбы?
Батыштын бизден үстөм болушуна себеп болгон нерсе — биздин бөлүнүп-жарылышыбыз жана бекем туткадан алысташыбыз. Биз башыбыздан өткөрүп жаткан бул кордуктан Халифалык мамлекетин кайра тикелөө менен гана кутулабыз. Анткени ал гана диндин бардык душмандарын жок кылууга, эл аралык майданда өз ордун ээлөөгө, дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарына жакшылыкты жайылтууга, яхудий түзүмүн жок кылууга жана басып алынган же ажыратылган ар бир сөөм жерди кайтарып алууга кудуреттүү. Ошондуктан исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылып жаткандар менен бирге болгула. Аллах силер тууралуу мындай деди:
﴿فَلَا تَهِنُوا وَتَدْعُوا إِلَى السَّلْمِ وَأَنتُمُ الْأَعْلَوْنَ وَاللَّهُ مَعَكُمْ وَلَن يَتِرَكُمْ أَعْمَالَكُمْ إِنَّمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا لَعِبٌ وَلَهْوٌ وَإِن تُؤْمِنُوا وَتَتَّقُوا يُؤْتِكُمْ أُجُورَكُمْ وَلَا يَسْأَلْكُمْ أَمْوَالَكُمْ﴾
«Ошондуктан, силер (кафирлерге каршы согуш кылып жатканыңарда эч качан) суздук кылбагыла жана өзүңөр үстөм-жеңүүчү болгон абалыңарда (аларды) жарашууга да чакырбагыла! Аллах силер менен бирге жана Ал эч качан кылган ишиңерди (сооп-сыйлыгын) кемитпейт. Албетте бул дүйнө тирүүлүгү болгону жалгыз (бир дем алаарлык) оюн-күлкү. Эгер силер ыйман келтирсеңер жана таква ээлери болсоңор Ал Зат силерге ажр-сыйлыгыңарды берет жана силерден мал-дүйнөңөрдү сурабайт». (Мухаммад: 35–36).
Аль-ваъй журналы, 483-саны




