Үммөт акыркы толгоосунда

Үммөт акыркы толгоосунда
Умму Билал – Палестина
Ар бир оору аяктоону билдирбейт, ар бир кризис кыйроону билдирбейт жана ар бир караңгылык таңдын атпашына далил болбойт. Бүгүнкү күндө Ислам Үммөтү оор абалды башынан өткөрүп жатат: чыр-чатактар, баскынчылык, жакырчылык, бөлүнүп-жарылуу, алсыздык, көз карандылык, ошондой эле пикирий, ахлакый жана социалдык кризистер. Үммөт өзүнүн азыркы тарыхындагы эң оор жана эң назик баскычтарды башынан өткөрүүдө. Мунун себеби – жамандыктын башчысы Америка жана анын союздашы яхудий вужуду жетектеген колонизаторлордун Ислам Үммөтүнө каршы жырткычтардай таштануусу. Америка яхудий вужудун бүтүндөй Ислам Үммөтүнүн мойнуна минип алуусуна шарт түзүүгө жана Үммөттүн суусун, абасын, жерин, асманын жана байлыктарын көзөмөлдөгөн полиция кылып дайындоого умтулууда.
Мындай ачуу чындыкты көргөн адам кайгырып, башы катып: «Үммөт өзүнүн соңуна жеттиби? Же биз жаңыдан жаралуу баскычынын алдында турабызбы?» – деп суроо бериши мүмкүн.
Мына ушул жерде «толгоо» деген сөздүн мааниси келип чыгат. Анткени толгоо – төрөттөн мурунку оорунун баскычы. Ошондуктан «Үммөттүн толгоосу» жөнүндө сөз кылуу белгилүү бир окуянын белгилүү бир убакта сөзсүз болорун кескин ырастоо дегенди билдирбейт. Тескерисинче, бул эгер Үммөт бул баскычка туура мамиле кылса, чоң өзгөрүүгө өбөлгө боло турган оор мезгилди сүрөттөө болуп саналат.
Бул улуу Үммөт, бирок ал оор абалды башынан өткөрүп жатат. Ислам Үммөтү тарыхы же цивилизациясы жок үммөт эмес. Ал Ислам рисалатын дүйнөгө жеткирген, он үч кылымдан ашуун убакытка созулган улуу цивилизацияны курган, илимдин, пикирдин жана курулуштун залкар жетишкендиктерин жаратууга салым кошкон жана адамзат тарыхына терең таасир калтырган үммөт. Бирок өткөн доордогу күч-кубаттын өзү эле жетиштүү эмес. Андыктан, чыныгы суроо: «Мусулмандар мурун кандай болгон?» деген суроо эмес, тескерисинче: «Биз бүгүн кандай абалдабыз? Эртең кандай болууну каалайбыз?» деген суроо. Анткени Үммөт өзүнүн ордун куру кыялдар менен эмес, ыйман, амал, илим жана аң-сезим аркылуу кайрадан ээлейт. Үммөттүн алсыздыгынын себебин ар дайым анын сыртынан издөө эң кооптуу каталардын бири болуп саналат.
Ооба, баскынчылык, агрессия, кийлигишүүлөр жана эл аралык чыр-чатактар бар. Бирок чыныгы оңолуу ичкериден башталат. Аллах Таала мындай деген:
﴿إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِمْ﴾
«Аныгында бир коом тээ өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Аллах алардын акыбалын өзгөртпөйт». (Раъд: 11).
Демек, Үммөттүн кайрадан өнүгүшү анын мүчөлөрү алсыздыктан күч-кубатка, наадандыктан илимге, кайдыгерликтен жоопкерчиликке, бөлүнүп-жарылуудан кызматташууга жана дүйнөнү сүйүүдөн акыретти сүйүүгө өткөндө башталат.
Мына ушундай абалда биз Үммөттүн Батыштын көңүлүн буруп, тынчсыздануусун жараткан тынч абалда турганын көрөбүз. Бул Батышты өзүнүн ойчулдарын жана тажрыйбалуу саясий ишмерлерин Ислам Үммөтүнүн азыркы абалынын түпкүрүндө эмне жатканын билүүгө жана аны изилдөөгө түрттү. Анткени Батыш ачуу кайгы менен коштолгон бул тынчтыктын сырткы көрүнүшүнүн артында кайноо, күл астындагы от жана каалаган учурда атылып чыгып, алардын кыялдарын, кек-сактоолорун жана шектүү ойлорун бир сааттын ичинде тыптыйпыл кыла турган жанар тоо жатканын толук ишеним менен билет. Ошондуктан алар Үммөттүн кайрадан көтөрүлүшүн жана бейкапар уйкусунан ойгонушун кечиктирүү үчүн аракет кылышты.
Анда Үммөттүн кайрадан ойгонушуна эмне тоскоол болууда? Маселе мусулмандардын санынын аздыгындабы? Же ресурстардын жетишсиздигиндеби? Же маселе мындан да тереңде жатабы?
Үммөттүн эбегейсиз көп сандагы адамдары, зор байлыктары, мыкты акыл-эстүү адамдары жана жогорку жөндөмдүү адистери бар. Бирок Үммөт бул мүмкүнчүлүктөрдөн тийиштүү деңгээлде пайдалана албай жатат. Эмне үчүн?
Жооп мына ушунда жатат. Анткени кафир Батыштын эң чоң максаттарынын бири – Үммөттүн бардык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, өзүн алсыз жана күчсүз сезишине жетишүү, ошондой эле адамдардын жүрөгүндөгү Ислам акыйдасын (алардын күч-кубатынын сыры болгон акыйданы) өчүрүү эле. Буга Батыш Үммөттүн мойнуна минип башкарсын деп дайындаган малай өкүмдарлар да салым кошушту. Алар Үммөттүн мүмкүнчүлүктөрүн текке кетиришти, анын ар бир демин көзөмөлгө алышты жана оор абалды өзгөртүүнү каалап, бир ооз сөз шыбыраган ар бир адам үчүн түрмөлөрдүн эшигин ачышты. Андан да жаманы жана ачуусу – алар өз бийлигинин тиректерин бекемдөө, өздөрүнүн күн тартиптерин жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу, мусулмандардын байлыктарын талап-тоноо, ал тургай Исламий вужудду тикелөө жөнүндө ойлонгон ар кандай күчкө каршы күрөшүү үчүн бардык өлкөлөрүбүздө Үммөттүн душмандарына аскердик базаларды ачып беришти. Анткени Батыш Халифалык шексиз келерине, ал Батыштын алсыз вужудун жок кылууга, Ислам Үммөтүн жетектөөгө, анын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга жана Ислам рисалатын бүткүл дүйнөгө жеткирүүгө кудуреттүү экенине катъий ишенет. Ошентип, ал өзүнүн кылмыштары менен көптөн бери адамдардын кыжырын келтирип келген зулум жана сасыган капиталисттик цивилизацияны кыйратат. Бул – Нетаньяху эскертип, андан коркорун жана ага каршы күрөшөрүн ачык билдирген Халифалык. Ага чейин Американын мурунку президенти Жорж Буш, аны менен бирге коргоо министри Рамсфелд жана Жон Маккейн да Халифалыктан эскертишкен. Алардан кийин Россиянын чалгындоо кызматынын директору Халифалыктын коркунучу жана анын кайрадан кайтып келиши аны тикелөө үчүн аракет кылып жаткан саясий хизб менен байланыштуу экенин түшүндүрүп, атап айтканда, Хизб-ут-Тахрирди белгилеген.
Демек, Халифалык маселеси, анын Үммөттүн бардык душмандарына каршы турууга, ал тургай Ислам рисалатын бүткүл дүйнөгө жеткирүүгө кудуреттүүлүгү Ислам душмандарынын – яхудийлер болобу, кресттүүлөр болобу же динсиз секуляристтер болобу – арасында талаш-тартыштын предмети эмес. Алар үчүн негизги маселе – Халифалыктын кайрадан кайтып келишине жол бербөө үчүн аракет кылуу. Бул тууралуу англиялык чыгыш таануучу Бернард Льюис мындай деген: «Европага коркунуч туудурган эң чоң коркунуч – Халифалык мамлекети астында мусулман аскерлеринин кайрадан кайтып келип, үч кылымдан ашуун убакыт мурун токтоткон Вена шаарын курчоосун кайрадан улантышы».
Мунун баарынан кийин таң калычтуу жана айыптоого татыктуу нерсе – Ислам Үммөтүнүн Халифалыкты талап кылуудан жана анын чогун кайрадан тутандырып, зарыл болгон жылуулук менен камсыз кылуу аркылуу дүйнөнүн маңдайында жаркыраган жалынга айландыруу үчүн тынымсыз аракет кылуудан четте калышы. Кафир Батыштын Нетаньяху сыяктуу жетекчилери Аллах Азза ва Жалланын ушул сөзүнүн акыйкатын түшүнүп тургандай:
﴿وَعَدَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً﴾
«Аллах силерден ыйман келтиргендерге жана жакшы амалдарды кылгандарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды көргөн коркунучтарынан кийин, тынтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды». (Нур: 55).
Демек, Халифалык менен бирге бүгүнкү күндө жер жүзүндөгү бардык элдер издеп, умтулуп жаткан бекем бийлик жана коопсуздук келет. Бул Суданда, Сирияда, Палестинада, Йеменде, Украинада, Мьянмада жана башка көптөгөн жерлерде болуп жаткандай кыйратуулардан, миллиондогон адамдардын өлтүрүлүшүнөн жана жер которууга мажбур болушунан алыс болгон коопсуздук.
Жер жүзүндөгү бардык элдер эңсеген адилеттүүлүктү Америка жана кафир Батыш күн сайын, ар дайым тебелеп-тепсеп келет. Бул адилеттүүлүк куралдын күчү, арамза айла-амалдар жана каргышка калган саясаттар аркылуу жок кылынган. Ал саясаттар кээде кандуу аскердик согуштар, кээде соода жана финансылык согуштар, дагы башка учурларда ахлакый бузулуу жана Аллахтын макулуктарына кайра-кайра кол салуу түрүндө көрүнөт. Мындан башка да көптөгөн көрүнүштөр бар.
Аллах үммөтүн адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт кылган мусулмандар билип коюшсун: бул жакшылыктын өз баасы бар жана эгер алар анын милдетин аткарышпаса, анын күнөөсүн өз моюндарына алышат. Анткени Аллах Таала бул Үммөткө жакшылык сыпатын бергенде, ага татыктуу болуунун талаптарын да баяндаган. Адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Үммөт өзүнө жүктөлгөн жана Аллах ага белгилеп берген ролун аткарышы керек. Анын эң маанилүүсү – бардык адамдар үчүн адилеттүүлүктү жана калыстыкты орнотуу. Бул, эң оболу, тоскоолдуктарды жоюу, өздөрүнүн ыплас өкүмдарларына каршы көтөрүлүп, алардын сасыган тактыларын кулатуу, Американын жана анын шериктеринин адамдарга зулум кылуусун жана зыян жеткирүүсүн токтотуу, ошондой эле жер жүзүндөгү бардык элдер башынан өткөрүп жаткан кордукту жоюу аркылуу ишке ашат.
Нетаньяху менен Батышты ээрчигендер Халифалыкка каршы чыгышат, себеби алар бул Үммөт адамзатты жакшылыгына жетелей турган рошид халифанын жетекчилиги астында гана өз мойнуна жүктөлгөн милдеттерди аткарууга күчү жетерин билишет. Анткени яхудий вужудунун жетекчилери жана алардын артында турган кафир Батыш өздөрүнө коркунуч кайдан келерин билишет. Ошондуктан алар Үммөттү өзүнүн таажысынан жана азиздигинен алаксытуу үчүн ар кайсы жерде от жагышат. Үммөттүн көңүлүн анын азиздигинин акыйкатынан, күч-кубатынын негизинен жана жашоосунун дабасынан буруу үчүн бардык сыйкырчыларды алып келишет. Натыйжада, Үммөт кең мейкиндикте желбиреген Халифалык рояларынын арасынан тараган нурду көрбөй калат.
Мунун баары алардын бүгүнкү дүйнөлүк түзүм сөзсүз кыйроо жолунда баратканын билип, аны өз көздөрү менен көрүп тургандыгынан улам болууда. Анткени бул түзүм өзү негизделген булактарга каршы келип, жалаң гана пайда көрүүгө жана дүйнөнүн байлыктарын жырткыч эпштейнчил капиталисттик таптын аз сандагы өкүлдөрүнүн кызыкчылыгы үчүн талап-тоноого негизделген ач көз түзүм аркылуу дүйнөнү жетектөөдө ийгиликсиздикке учурады.
Өз тактысын өз колундагы курал менен кыйрата баштаган Американы бизге көрсөткөн Аллахка мактоолор болсун. Эл аралык укуктун, Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын бардык уюмдарынын, ошондой эле көптөн бери мусулман элдерди кордоп, карыздар менен алсыратып, өзүнүн сасыган Батыш сакофаты менен тумчуктуруп келген эл аралык сотторунун кыйрай баштаганын бизге көрсөткөн Аллахка мактоолор болсун.
Демократия, эркиндиктер жана адам укуктары жөнүндөгү жалгандын кыйраганын бизге көрсөткөн, ошондой эле көптөн бери мусулмандарды өлтүрүү, алардын байлыктарын талап-тоноо жана жерлерин колониялаштыруу үчүн өзүнүн тереңде жаткан кек-душмандыгын бириктирип келген Түндүк Атлантика альянсынын (НАТОнун) ыдырай баштаганынын белгилерин бизге көрсөткөн Аллахка мактоолор болсун.
Батыштын баалуулуктары кыйрап жатканын, капитализм кризиске кептелип, өз балапандарын өзү жеп жатканын, Европа мамлекеттеринин жана дүйнөнүн азыркы замандын фараонунун текебердиги алдында кор болгонун бизге көрсөткөн Аллахка мактоолор болсун. Ошондой эле Американын ковбойлордун бандасы башкарып жаткан мамлекеттик түзүлүш экенин бизге көрсөткөн Аллахка мактоолор болсун.
Эй мусулмандар! Эй Үммөттүн эркин адамдары! Эй даъватты көтөрүп жүрүүчүлөр, эй хидаят чырактары! Бул силердин заманыңар! Бул Үммөтүңөрдүн күч-кубатын бекемдеп, ага жеңиш жакын экенин сүйүнчүлөй турган мезгилиңер. Ал үчүн силердин аракеттериңер жана ихласыңар алардын аракеттери жана Аллах Тааланын каалоосу менен биригиши гана керек. Анткени бүгүн Үммөт өзүндөгү кайрат-жигерди ойгото турган, кордуктан жана кулчулуктан кутулуусу үчүн анын ичине тайманбастык жана курмандыкка даяр болуу рухун сиңире турган адамдарга өтө муктаж.
Эй даъватты көтөрүүчүлөр! Силер үчүн Расулуллахтын ﷺ сийратында үлгү жана сабак бар. Анткени ал ﷺ өз сахабаларына ыйманга жана акыйдага негизделген бекем сакофатты үйрөткөн. Бул сакофат нурдуу акылдарды жана жеңилүүгө жол бербеген жүрөктөрдү калыптандырган. Ошондой эле алардын жүрүм-турумуна таасир эткен түшүнүктөрдү жана өлчөмдөрдү сиңирген. Натыйжада, ыйманы менен бүтүндөй дүйнөгө каршы тура алган, өзгөчө үлгүдөгү шахсияларды, асман тиреген бийик жана кадыр-барктуу инсандарды калыптандырган.
Бул күч-кубаттын жана азиздиктин сакофаты!
Бул сакофат алардын аклияларын калыптандырган. Алар иштерди кантип акыл калчап түшүнүүнү, окуяларды жана болуп жаткан жагдайларды кантип аңдап-билүүнү, ар кандай абалдарга кантип каршы турууну, кыйынчылыктарга кантип сабыр кылууну жана Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү, Анын Пайгамбары ﷺ менен бирге болууну көздөп, ыраазы жана бейпил көңүл менен кантип курмандык кылууну үйрөнүшкөн. Анткени бул алар үчүн максаттардын эң улуусу жана чыныгы бакыт эле. Ошондуктан алардын бири өлүмгө алып бара турган сокку жегенде: «Каабанын Роббисине ант болсун, мен ийгиликке жеттим!» – деп айткан.
Бул акылдарды күч-кубат жана азиздик негизинде калыптандырган сакофат. Натыйжада, ал ойгонууну, фатхтарды жана өнүгүүнү ишке ашырган эр-азаматтарды тарбиялап чыгарган.
Мына, Расулуллах ﷺ Ахзаб казатында, жүрөктөр кекиртекке келип, момундар катуу силкинүүгө дуушар болгон учурда сахабаларынын күч-кубатын бекемдеп, аларга жеңиш менен сүйүнчүлөп жатат. Ал ﷺ: «بِسْمِ اللهِ» – «Аллахтын аты менен», – деп асканы урду да, мындай деди:
«اللهُ أَكْبَرُ، أُعْطِيتُ مَفَاتِيحَ الشَّامِ، وَاللهِ إِنِّي لَأُبْصِرُ قُصُورَهَا الْحُمْرَ مِنْ مَكَانِي هَذَا».
«Аллаху Акбар! Мага Шамдын ачкычтары берилди. Аллахка ант болсун, мен ушул турган жеримден анын кызыл сарайларын көрүп турам».
Андан соң экинчи жолу урду да, мындай деди:
«اللهُ أَكْبَرُ، أُعْطِيتُ مَفَاتِيحَ فَارِسَ، وَاللهِ إِنِّي لَأُبْصِرُ الْمَدَائِنَ، وَأُبْصِرُ قَصْرَهَا الْأَبْيَضَ مِنْ مَكَانِي هَذَا».
«Аллаху Акбар! Мага Фарстын ачкычтары берилди. Аллахка ант болсун, мен ушул турган жеримден Мадаинди жана анын ак сарайын көрүп турам».
Андан кийин аларга мындай деп сүйүнчүлөдү:
«لَنْ تَغْزُوَكُمْ قُرَيْشٌ بَعْدَ عَامِكُمْ هَذَا، وَلَكِنَّكُمْ تَغْزُونَهُمْ».
«Ушул жылыңардан кийин Курайш силерге каршы жортуул жасабайт, тескерисинче, силер аларга каршы жортуул жасайсыңар».
Ошентип, ал ﷺ адамдардын жан дүйнөсүндөгү күч-кубаттын элементтерин пайдаланып, аларды ойготкон. Натыйжада, аларды жеңилүүдөн жана артка чегинүүдөн сактаган. Ошондой эле аларга душмандарынын алсыз жактарын көрсөтүп, ошол алсыздыктардан пайдаланууга багыт көргөзгөн.
Бул биздин өрнөгүбүз жана үлгүбүз болгон, эң мыкты жетекчи Расулуллахтын ﷺ сийратындагы сансыз окуялардын аз гана бөлүгү. Анда эмне үчүн биз анын сийратына кайрадан кайрылып, айрыкча оор учурларда жана кризистерде анын баскан изи менен жүрбөйбүз?
Бүгүнкү күндө Үммөт чыныгы жетекчиликтен айрылып турат. Эгер биз бүгүн Үммөт жетекчилик боштугунан жапа чегип жатат десек, акыйкаттан жана тууралыктан алыстаган болбойбуз. Эй мусулмандар жамааты! Өкүмдарларыңар өз өмүрлөрүн кафир колонизаторлорго малайлык кылуу жана силердин мал-мүлкүңөр менен мүмкүнчүлүктөрүңөргө үстөмдүк кылуу менен өткөрүп жатканын көрбөй жатасыңарбы? Алар өздөрүнүн кор болгон, эч нерсеге бийлиги жетпеген, жалдырап сурануудан башка колунан эч нерсе келбеген адамдар экенин эң бийик үн менен жарыялоодон уялышпай турганын көрбөй жатасыңарбы? Ошондой эле алар кафирлерге силердин үстүңөрдөн үстөмдүк кылууга жол ачып берип жатканын көрбөй жатасыңарбы?
Алсыздык жана жеңилүү сакофаты мусулмандарга жат нерсе. Ал Үммөткө арамза услуб менен сиңирилген. Ошондуктан Үммөттү кайрадан азиздик жана кадыр-барк сакофаты менен тарбиялоо, аларды өз абалын жеңилүүдөн жеңишке, азиздикке жана бекем бийликке өзгөртүү үчүн олуттуу жана чыныгы аракет кылууга кайрадан даярдоо зарыл. Ошондой эле алар үчүн Исламий жашоону кайрадан баштоо максатында Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө умтулуп жаткан Үммөттүн ихластуу уулдары менен бирге аракет кылуудан башка чечим жок экенин түшүндүрүү зарыл. Бул мамлекет Аллахтын уруксаты менен кафирлердин үстөмдүгүн жоюу, таасирин үзүү жана яхудийлердин тамырын Үммөттүн жүрөгүнөн жулуп салуу үчүн аракет кылат. Анткени Холид, Абу Убайда, Саъд, Нуриддин, Салахиддин, Кутуз жана Бейбарс сыяктуу жетекчилерди тарбиялап чыгарган Үммөт дагы деле ушундай инсандарды жаратууга жөндөмдүү. Анын эр-азаматтарынын арасында жана урпактарында Үммөттүн азиздигин, кадыр-баркын жана бийик даражасын кайрадан кайтарып бере турган инсандар дагы эле бар жана келечекте да чыгат. Караңгылык канчалык күчөп, кыйынчылык канчалык оорлобосун, Аллах Азза ва Жалла караңгылыктын койнунан жүздөрдү нурланткан, жүрөктөрдү кубанткан таңды чыгарат. Ошондо мусулмандар Аллахтын жеңишине кубанышат.
﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيباً﴾
«Али алар «Ал (күн) качан болот?» деп (сурашат). Балким жакында болоор», деп айткын!» (Исра: 51).
Аль вай, 485-санынан




