Макала

Ажылык мезгилинен мамлекет курууга чейин: цивилизацияны курууну стратегиялык пландоо

Ажылык мезгилинен мамлекет курууга чейин: цивилизацияны курууну стратегиялык пландоо

Инженер Висам аль-Атраш

Көпчүлүк адамдар майрамдарда жана чоң диний иш-чараларда эс алып, майрамдоого жана убакыттын күнүнө какталып бат эле соолуп, шамалга учкан убактылуу турмуштун майда-чүйдө иштерине алаксып жатканда, улуу даават ээлери жана чыныгы мамлекет ишмерлери таптакыр башка дүйнөдө жашашат. Ал дүйнөдө келечек жөнүндө сөз кылышып, хазарий курулуштун пландарын чийип, эч нерсеге алаксыбаган көздөрү жана чарчоону билбеген жүрөктөрү менен геосаясий карталарды изилдешет. Анткени улуу дааваттар эс алуу мезгилин тааныбайт. Себеби алар өзөгүндө бүтүндөй Үммөттүн түйшүгүн жана замандар аркылуу уланып, мейкиндиктин чектеринен ашкан рисалатты көтөрүп жүрүшөт. Ошондуктан вахийдин алгачкы таңында Пайгамбардын ﷺ Хадижа бинт Хувайлидге رضي الله عنها:

“مَضَى عَهْدُ النَّوْمِ يَا خَدِيجَةُ”

“Оо, Хадижа, уйкунун убактысы өттү”, – деп айткан сөзү өзгөрүү жолунда эч качан багынбай тургандыгын, тарыхты жаратуу боштукту кабыл албастыгын жана өмүр сааттары ушунчалык кымбат болгондуктан, аларды кайдыгерлик менен текке кетирбөө керектигин ачык жарыялоо эле. Ал тургай, адамдар оюн-зоокко берилип, негизги маселелерден алаксып кеткен учурларда да өмүрдүн ар бир көз ирмеми баалуу болуп, аны кайдыгерлик менен текке кетирүү момун үчүн мүмкүн эмес амал экенин билдирүү болгон.

Стратегия: түшүнүктөн колдонууга чейин

Негизги темага өтүүдөн мурун, бүгүнкү күндө кеңири колдонулуп калган «стратегия» түшүнүгүнө токтоло кетүү зарыл. Анткени көп адамдар бул сөздү азыр анын чыныгы маанисине ылайык келбеген таризде колдонуп жүрүшөт. «Стратегия» сөзүнүн түпкү теги грек тилинен чыккан. Ал аскердик термин болуп эсептелет жана эки сөздөн түзүлгөн: «стратос» — «аскер», «агос» — «кол башчы» дегенди билдирет. Ошентип, анын терминологиялык мааниси «аскерлерди башкаруу өнөрү» же «согуш өнөрү» болуп калган. Кийинчерээк заманбап доордо бул түшүнүк саясат, экономика жана башкаруу тармактарындагы узак мөөнөттүү пландаштырууну да камтый баштады. Натыйжада стратегия төмөнкүчө аныкталып калды: «Улуу максаттарды аныктоо, ресурстарды бөлүштүрүү жана өзгөрмөлүү шарттарда, белгилүү бир душманга каршы, узак мөөнөттүү келечекти эске алуу менен ошол максаттарга жетүү үчүн каражаттарды колдонуу өнөрү».

Бул түшүнүккө назар салсак, анын Мухаммад ﷺдын сийратына толук туура келерин көрөбүз. А түгүл согуш философтору менен саясатчылар өз теорияларын иштеп чыга электе эле, ал ﷺ стратегияны толук маанисинде колдонуп келген. Бирок негизги айырмачылык — Пайгамбардын ﷺ стратегиясы илахий вахийден алынган жана шарият өкүмдөрү менен жөнгө салынган болчу. Ал эми тактикалык маселелерде жана вахий тарабынан аныкталбаган майда-барат иштерде дааваттын жана мусулмандардын кызыкчылыгына ылайык ижтихад кылчу. Мисалы, аскер лагерин жайгаштыра турган жерди тандоодо, күзөтчүлөрдү бөлүштүрүүдө же согуш жүргүзүү ыкмасын аныктоодо сахабалары менен кеңешип:

«أَشِيرُوا عَلَيَّ أَيُّهَا النَّاسُ»

«Эй, адамдар, мага кеңеш бергиле», – дечү. Ал эми Бадр согушунда:

«بلْ هِيَ الْحَرْبُ وَالرَّأْيُ وَالْمَكِيدَةُ»

«Жок, бул — согуш, пикир жана айла-амал», – деген. Башкача айтканда, согуш туура пикир, ахлул-халли вал-акд өкүлдөрүнүн биргелешкен кеңеши жана душманды алдоого багытталган мыкты айла-амал аркылуу жүргүзүлөт.

Бул улуу негизги эреже бизге Пайгамбардын ﷺ вахийди бекем кармануу менен, ошол эле учурда, вахийде насс менен көрсөтүлбөгөн аткаруудагы майда-чүйдө маселелерде өз ижтихадын кандай кылганын түшүндүрүп берет. Анткени вахий улуу багытты т.а. Үммөттүн жер жүзүндө бийликке ээ болорун, мамлекет куруларын жана диндин бардык диндерден үстөм болорун белгилеп гана тим болбостон, мамлекет куруунун жалпы негизги багыттарын, башкача айтканда, шаръий тарыйкатын да аныктаган. Ал сакофаттандыруу аркылуу адамдарды тарбиялоо жана хизбий уюшууну куруу баскычынан баштап, коом менен аракеттенүү, фикрий күрөш, саясий күрөш, күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылуу, андан соң бийликти колго алуу баскычына чейинки жол. Ал эми бул иштер кандайча ишке ашырылат? Жолугушуу кайсы жерде болот? Байъат качан берилет? Жашыруун аракеттер кандайча уюштурулат? Милдеттер кимге тапшырылат? Аймактагы күчтөрдүн тең салмактуулугу кандай? Ушулардын баары Пайгамбардын ﷺ пикири, кеңеши жана согуштук-саясий айла-амалына байланыштуу болгон.

Дал ушул пайгамбарлык манхаж вахийди өз доору менен гана чектелген тарыхый насс катары кароого батынган бардык теорияларды жокко чыгарат. Ошондой эле шаръий тарыйкатты, пайгамбарлык стратегияны жана амалий сүннөттү бүгүнкү капиталисттик түзүмдүн вакыйлыгына ылайык алмаштырууга боло турган тактикалар катары көрсөтүүгө аракет кылган көз караштарды да четке кагат. Алар муну «вакыйлык фикхи», «натыйжаларды эске алуу фикхи» же «зарылчылыктар тыюу салынган нерселердин баарын адал кылат» деген түшүнүктөрдүн астында актоого аракет кылышат.

Ажылык – жөн гана ибадат мезгили эмес, стратегиялык майдан

Исламдан мурунку араб коомунда ажылык мезгили жөн гана диний жөрөлгөлөрдөн же катып калган бутпарастык ырым-жырымдардан турган эмес. Тескерисинче, ал кан төгүүлөр, байлыктар, сунуштар жана союздар топтолгон, бардык элдин көз алдында эрктер менен кызыкчылыктар кагылышкан борбордук окуя болгон. Уруулардын өкүлдөрү Меккеге келип, Каабанын айланасына чогулушчу. Ачык мейкиндикте делегациялар бири-бири менен атаандашып, ибадат саясат менен жанаша орун алып, диний символизм уруулук түшүнүк жана таасир-күчтүн үстөмдүгү менен айкалышчу. Ал эми ташрик күндөрү б.а. курмандык чалынган күндөн кийинки күндөр бул коомдук кыймылдын эң жогорку чеги болгон. Анткени ал күндөрү диний ибадаттар сүйлөшүүлөр менен аралашып, союздар түзүлүп, күчтөрдүн тең салмактуулугу сыналган.

Мына ушул ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү Пайгамбар ﷺ көз жаздымда калтырган эмес. Тескерисинче, аны рисалатты жеткирүүнүн, нусрат талап кылуунун жана али жарала элек мамлекеттин алгачкы пайдубалдарын түптөөнүн ири стратегиялык аянтына айландырган.

Ал эми Курани Карим бул мезгилдин табиятын жана маанисин Ибрахим алейхис саламдын чакырыгы тууралуу төмөнкү аятта баяндайт:

﴿وَأَذِّن فِي النَّاسِ بِالْحَجِّ يَأْتُوكَ رِجَالاً وَعَلَىٰ كُلِّ ضَامِرٍ يَأْتِينَ مِن كُلِّ فَجٍّ عَمِيقٍ﴾

“Жана адамдар арасында (жүрүп, аларды) ажыга чакыргын, алар сага (сенин чакырыгыңа жооп ирээтинде) жөө-жалаңдап жана узак жолдордон арып, алдан тайган төөлөр үстүндө келишет”. (Хаж: 27).

Бул Меккеде түшкөн аят адамдарды Араб жарым аралынын бардык тарабынан жана анын сыртынан ажылыкка үндөгөн жалпы чакырык болгон. Ошондуктан Мекке жыл сайын ири саясий, экономикалык жана диний борборго айланган. Бул абал хижраттын экинчи жылында курмандык чалуу фарз кылынганга чейин жана хижраттын тогузунчу жылында мусулмандарга ажылык фарз болуп, ал «коомдук диний салттан» Ислам өкүмдөрү менен жөнгө салынган «толук кандуу шаръий ибадат системасына» айланганга чейин уланган.

Нусрат талап кылуудан кемчиликтүү коргоону четке кагууга чейин

Пайгамбар ﷺ эң башынан эле рисалат аны өз кучагына ала турган саясий таянычсыз жана коргой турган күчсүз узак мөөнөттүү цивилизациялык долбоорго айлана албасын түшүнгөн. Ошондуктан ал ﷺ дааватын терең түшүнүк менен пландап, ар бир баскычта вахийди күтүп турган. Ошол эле учурда, ал ﷺ бир күнү ажамдардан (араб эместер) жизья алына турган учур сөзсүз келерин даана билген. Ошондуктан ал ﷺ агасы Абу Талибге мындай деп ачык айткан:

«يَا عَمِّ، إِنِّي إِنَّمَا أُرِيدُهُمْ عَلَى كَلِمَةٍ وَاحِدَةٍ، تَدِينُ لَهُمْ بِهَا الْعَرَبُ، وَتُؤَدِّي إِلَيْهِمْ بِهَا الْعَجَمُ الْجِزْيَةَ».

«Эй, агам! Мен аларды бир гана сөзгө чакырып жатам. Ошол сөз аркылуу арабдар аларга баш ийишет, ал эми ажамдар аларга жизья төлөшөт».

Пайгамбарлыктын онунчу жылында Пайгамбар ﷺ ажылык мезгилинде ар кайсы урууларга барып, өзүн сунуштап, Аллахтын буйругуна ылайык бул долбоорду көтөрө ала турган саясий жана аскердик күчтөргө кайрылган. Бул тууралуу ал-Хаким ан-Найсабури жана ал-Байхаки Али ибн Абу Талибден رضي الله عنه риваят кылышкан хадисте айтылган:

«لَمَّا أَمَرَ اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ نَبِيَّهُ ﷺ أَنْ يَعْرِضَ نَفْسَهُ عَلَى قَبَائِلِ الْعَرَبِ خَرَجْتُ أَنَا وَأَبُو بَكْرٍ مَعَهُ»

«Аллах Азза ва Жалла Өзүнүн Пайгамбарына ﷺ араб урууларына өзүн сунуштоону буюрганда, мен жана Абу Бакр ас-Сыддык аны менен бирге чыктык».

Ар кандай урууларга берилген суроолор негизинен үч маселеде камтылган: силердин саныңар канча? Согушуу жөндөмүңөр кандай? Ислам жөнүндө көз карашыңар кандай? Булар өтө так стратегиялык суроолор болуп, Пайгамбар ﷺ эң көп жолдоочуларды издеп жүргөн жөн гана дааватчы эмес, мамлекет ишмери катары ой жүгүрткөнүн көрсөтөт. Муну менен эле чектелбестен, Пайгамбар ﷺ ажылык мезгилинде Бану Амир ибн Саъсаъа уруусуна барып, аларды Аллахка чакырып, өзүн аларга сунуштаган. Ошондо алардын арасынан Бухайра ибн Фирас аттуу киши чыгып мындай деди: «Эгер биз сага ушул ишиң үчүн байъат берип, андан кийин Аллах сени сага каршы чыккандардын үстүнөн жеңишке жеткирсе, сенден кийин бийлик биздики болобу?».

Ошондо Пайгамбар ﷺ ага мааниси терең, чечкиндүү жооп кайтарды:

«الْأَمْرُ إِلَى اللَّهِ، يَضَعُهُ حَيْثُ يَشَاءُ»

«Бийлик Аллахтын колунда. Ал аны Өзү каалаган кишисине берет».

Анда Бухайра: «Демек, биз арабдардын алдында өмүрүбүздү тобокелчиликке салып, сени коргойбуз, ал эми Аллах сага жеңиш бергенден кийин бийлик башкаларга берилеби? Андай болсо сенин ишиңдин бизге кереги жок», деди. Ушундайча Бану Амир уруусу нусрат берүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберди. Анткени алар дин үчүн дунявий пайда талап кылышты. Ал эми Пайгамбар ﷺ улуу хазарий долбоорду тез өтүп кетүүчү дунявий пайдага алмаштыруудан баш тартты.

Ал эми Бану Шайбан тууралуу окуяда мамлекетти тикелөөчүлөр үчүн чоң сабак бар. Алар Пайгамбарды ﷺ Араб жарым аралынын ичинде коргоого даяр экендиктерин билдиришкен. Бирок Кисрадан корккондуктан, перстерге каршы согушка кирүүдөн баш тартышкан. Алар: «Биз сени “Араб деңизи” тарапта коргой алабыз, бирок “Перс деңизи” тарапта коргой албайбыз», дешкен.

Бул алардын аймактагы күчтөрдүн тең салмактуулугун жана перстердин үстөмдүгү алдында өздөрүнүн аскердик жана саясий мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин түшүнгөнүн көрсөтөт. Бирок Пайгамбар ﷺ нусратка абдан муктаж болгонуна карабастан, жарым-жартылай коргоону же келечеги чектелген долбоорду кабыл алган эмес. Анткени ал уруучулук тар эсептерден жогору турган рисалат мамлекетин куруп жаткан.

Чыныгы мамлекет ишмерлери да дал ушундай болушат: алар «коргоо» деген аталыш менен алсыздыкты бекемдеген жарым-жартылай чечимдерге макул болушпайт.

Пайгамбар ﷺ бул эки окуяда тең мамлекет куруучуларга улуу максаттарды арзан баага сатууга болбой турганын, ал эми туруктуу принциптерден баш тартуу долбоордун денесинен мурун анын рухун жоготорун үйрөттү. Себеби фикрат Аллахтын Элчиси ﷺ Меккеде курган мабдаий уюшуунун руху болуп эсептелет.

Баалоо жана баскычма-баскычы менен пландаштыруу

Биринчи Акаба байъаты иштин аягы эмес, тескерисинче, баалоонун, көзөмөлдөөнүн, уюшкан курулуштун жана жетишкен ийгиликтерди акырындык менен жамдоонун башталышы болгон. Пайгамбар ﷺ алгачкы саясий берилгендикке гана канааттанбастан, Мусъаб ибн Умайрды Ясрибге жөнөтүп, ага фикрий жана коомдук негизди түзүү милдетин тапшырган. Ал өзүнүн талкуулары жана коом менен болгон өз ара аракеттери аркылуу «саясий илимдер» боюнча чоң сабак калтырган. Бул аракет Пайгамбар ﷺ мамлекет жалаң саясий келишимдер менен же жөн гана ваъз жана насаат айтуу аркылуу курулбасын жакшы түшүнгөнүн көрсөтөт. Тескерисинче, мамлекет коомдук пикирди калыптандыруу, жалпы аң-сезимди түзүү жана долбоорду көтөрүп кете ала турган элитаны тарбиялоо аркылуу курулат. Мунун баары өзүнүн натыйжалуулугун жана пайдалуулугун көп жолу далилдеген жандуу, түздөн-түз байланыш ыкмасы аркылуу ишке ашкан. Анткени бул ыкма дааватты кабыл алуучулардын реакциясын изилдөөгө жана фикрий-саясий талкуу ыкмаларын ошол замат жаңылап турууга, хикматты жана жакшы насаатты издөөгө мүмкүнчүлүк берген. Бул кадам жаңы чөйрөнү терең даярдоого окшош болгон. Максат – Исламий долбоорду кабыл алып, анын жоопкерчиликтерин көтөрө ала турган бекем коомдук базаны түзүү болгон. Мусъаб ибн Умайр болсо бул милдет үчүн эң ылайыктуу адам болгон. Анткени ал нур жүздүү, үнү жагымдуу, сөзү таасирдүү жаш жигит эле. Ал Куранды көркөм жана мыкты окучу. Бул тууралуу ансарлардын накибдеринин бири Асъад ибн Зурара мындай деген: «Аллахка ант болсун! Мен Мусъаб ибн Умайрдын Аллахтын Элчиси ﷺ өзгөчө көңүл бурган адамдардан экенин билчүмүн. Мен өмүрүмдө Куран окуп берген адамды мындан артык урматтаган элди көргөн эмесмин».

Пайгамбар ﷺ Ясрибге бардык жагынан өзгөчө инсанды жиберген. Ал аны билим жана кыраакылык менен тандап, жеңишке жеткирүүчү элчи кылды. Ал — Мусъаб ибн Умайр رضي الله عنه эле. Ал Курайштын эң жыргал жашаган жаш жигиттеринин бири болгон. Бирок Аллах үчүн дүйнөнүн жыргалчылыгынан өз ыктыяры менен баш тарткан. Ошентип, Пайгамбар ﷺ аны курмандыктын амалий мисалы жана лидерлерди тарбиялоонун үлгүсү кылды.

Ал Ясрибде бир жыл бою жашап, ошол убакыт ичинде Меккеге кайтып келген жок. Дал ушул бир жыл ичинде ал мүмкүн эместей көрүнгөн иштерди жүзөгө ашырды. Анын колу менен эл башчылары болгон Саъд ибн Муаз жана Усайд ибн Худайр Исламды кабыл алышты. Толук уруулар топ-тобу менен Аллахтын динине киришти. Натыйжада ансарлардын үйлөрүнүн арасында Исламын ачык жарыялаган мусулмандар жок бир дагы үй калбады. Ошондой эле ал мусулмандарга Ислам тарыхындагы биринчи жума намазын окуткан. Ошондуктан ага «аль-Мукри» («Куран окутуучу») деген наам берилген.

Ал Пайгамбардын ﷺ жанына кайтып келгенде, ал ﷺ ага кубанып, курулушту толуктоо үчүн кайрадан Ясрибге жөнөткөн. Кийинчерээк ал Ухуд согушунда шахид болгондо, Пайгамбар ﷺ ага кайгырып ыйлап, ал тууралуу ушул аятты окуган:

﴿مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ﴾

«Момундар арасында өздөрү Аллахка берген (Ал Заттын жолунда жихад кылып шахид болуу жөнүндөгү) убада-шерттерин чындыкка чыгарган кишилер бар…». (Ахзаб: 23).

Бул чынчыл Пайгамбардын ﷺ өзүнүн чынчыл сахабасынын чынчылдыгына берген күбөлүгү эле. Ошондой эле бул чыныгы мамлекет ишмерлеринин баалуулугу алардын сөзүнөн мурда иши менен далилденерин, аларды адамдардан мурун тарых тастыктарын көрсөтүп турат.

Андан кийин Экинчи Акаба байъаты болду. Анын артынан мусулмандардын акырындык менен хижрат кылуусу башталды. Андан соң болжол менен үч ай өткөндөн кийин Пайгамбар ﷺ өзү да хижрат кылды.

Бул мыкты уюштурулган ылдамдык жана саясий чечим менен аны талаада ишке ашыруунун ортосундагы баскычты өтө так башкаруунун үлгүсү болгон. Мындай деңгээлге бүгүнкү күндөгү көптөгөн уюмдар жете алышпайт. Анткени алар шашылыш аракеттердин, окуяларга реакция кылуунун жана баш-аягы жок айлампада айланып жүрүүнүн туткуну болуп, саясий обочолонуу абалында калып калышат.

Акаба байъаты: ажылык мезгилиндеги так пландаштыруу

Терең ой жүгүртүүгө түрткү берген бул окуяда «согуш байъаты» деп белгилүү болгон Экинчи Акаба байъаты ташрик күндөрүнүн экинчи күнү жүз берген. Ал убакта Курайш жана башка уруулар ажылык ибадаттары, саякаттары, көңүл ачуулары жана курмандык чалуулары менен алек болушкан. А түгүл курмандык союп, этин жеп жана күнгө кургатуу (ушундан улам «ташрик» — этти күнгө жайып кургатуу деген аталыш чыккан) жахилият доорунан бери арабдар арасында белгилүү салт болгон. Дал ошол учурда Пайгамбар ﷺ көрүнбөгөн жерде тарыхтагы эң маанилүү уюшулган иштердин бирин жүргүзүп жаткан. Бул Экинчи Акаба байъаты Биринчи Акаба байъатын бекемдеп, анын пайдубалынын үстүнө курулган так саясий жолдун бекем шакеги болгон.

Жолугушуу Минада түн ичинде өтө жашыруун өткөрүлгөн. Анын убактысы менен жери өтө кылдаттык менен белгиленген. Анткени бул сыр ачылып калса, күч топтолуп бүтө электе эле Курайш менен эрте кагылышууга алып келмек.

Ибн Исхак сийрат китебинде мындай дейт: «Пайгамбар ﷺ аларга ташрик күндөрүнүн ортосунда Акабада жолугушууну убада кылды. Адамдар ажылыкты бүтүрүп, түн киргенде, алар үйлөрүнөн жашыруун чыгып, Акабадагы капчыгайга чогулушту. Алар жетимиш үч эркек жана эки аял эле».

Мындан да таасирдүүсү — Экинчи Акаба түнүндө Пайгамбарга ﷺ байъат берген он эки накибдин бири болгон Кааб ибн Малик رضي الله عنه жолугушууга кантип жашыруун келгенин мындайча баяндайт: «Ал түнү уруубуз менен кошо чатырларыбызда жаттык. Түндүн үчтөн бири өткөндөн кийин Аллахтын Элчиси ﷺ менен жолугушууга чатырларыбыздан акырын чыгып, ката кушундай жашынып, бирден же экиден болуп жөнөдүк. Акыры Акабадагы капчыгайга чогулдук».

Кааб ибн Малик сүрөттөгөн бул көрүнүш бизге Пайгамбардын ﷺ пландаштыруусунун улуулугун, коопсуздук чараларынын кеңдигин жана анын сахабалары менен болгон өз ара ишенимин көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул моюн сунуу түшүнүгүнүн амалий көрүнүшү жана мамлекет башаламандыкта эмес, так себептерге таянуу, чын ихластуулук жана толук жашыруундук аркылуу курулгандыгынын тирүү далили.

Бул байъат жөн гана сезимге жетеленген кыска жолугушуу же руханий маек эмес болчу. Тескерисинче, ал коргоого, нусрат берүүгө жана алдыдагы кармаштын жоопкерчилигин көтөрүүгө негизделген толук кандуу саясий-аскердик союздун пайдубалы болгон. Мына ушунда убактылуу кыймылдар менен мамлекет курган түзүмдөрдүн айырмасы көрүнөт: биринчилери тез пайда издешсе, экинчилери тарыхый жеңиштин шарттарын курушат.

Хижрат: тобокелчилик менен пландаштырууну айкалыштырган өзгөчө үлгү

Андан кийин Пайгамбардын ﷺ хижраты болду. Ал талашсыз түрдө адамзат тарыхындагы эң улуу стратегиялык пландоо иштеринин бири болуп эсептелет. Анткени вахий менен колдоого алынган жана ага жеңиш убада кылынган Пайгамбар ﷺ асмандан муъжиза түшөрүн күткөн эмес т.а. себептерди четке каккан эмес. Тескерисинче, Аллах Тааланын ушул сөзүнө ылайык мүмкүн болгон бардык себептерди колдонгон:

﴿وَأَعِدُّوا لَهُم مَّا اسْتَطَعْتُم مِّن قُوَّةٍ﴾

(Эй момундар), алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөрдүн барынча күч топтоп койгула. (Анфал: 60).

Ошондой эле Аллах Тааланын:

﴿فَإِذَا عَزَمْتَ فَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ﴾

«Эми ниет кылсаң Аллахка таянгын тобокел кылгын!». (Али Имран: 159) деген аятына амал кылган.

Эми көпчүлүк көңүл бурбай келген бул улуу пландын кылдат иштелип чыккан баскычтарын карап көрөлү.

Биринчиден: убакытты өтө кылдат тандоо

Пайгамбар ﷺ Курайш аны өлтүрүүгө кутум уюштурган соң белгилүү бир түндө хижрат кылууну тандаган. Алар ар бир уруудан бирден жаш жигитти чыгарып, баары бир убакта сокку уруп өлтүрүүнү макулдашышкан. Ошондо ушул аят түшкөн:

﴿وَإِذْ يَمْكُرُ بِكَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِيُثْبِتُوكَ أَوْ يَقْتُلُوكَ أَوْ يُخْرِجُوكَ وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ﴾

«(Эй Мухаммад), кафирлер сени туткун кылуу, же өлтүрүү, же (Меккеден) чыгарып жиберүү үчүн сага айлакердик кылган чактарын эсте! Алар айла кылышат. Аллах да «айла» кылат. Аллах «айлакерирээк». (Анфал: 30).

Аллах бул кутумду Пайгамбарына ﷺ билдиргенден кийин, ал ﷺ алардын өлтүрүүнү көздөгөн ошол эле түндө чыгууну пландаган.

Экинчиден: милдеттерди өтө так бөлүштүрүү

Дал ушул жерде Пайгамбардын ﷺ уюштуруу жаатындагы даанышмандыгы айкын көрүнөт.

Али ибн Абу Талибге رضي الله عنه Пайгамбар ﷺ өзүнүн төшөгүнө жатып, жашыл хадрамий чапанын жамынууну буюрган. Ошентип аңдып тургандар Пайгамбар ﷺ дагы эле үйүндө жатат деп ойлошу керек эле. Ал ﷺ ага мындай деген:

“نم على فراشي وتسجَّ ببردي هذا الحضرمي الأخضر، فإنه لن يخلص إليك منهم مكروه”

«Менин төшөгүмө жат да, мына ушул жашыл хадрамий чапаныма орон. Алар сага эч бир жамандык жеткире алышпайт».

Бул эң жогорку деңгээлдеги стратегиялык адаштыруу операциясы болгон. Али رضي الله عنه Пайгамбар ﷺ үчүн өз өмүрүн тобокелге салган.

Абу Бакр ас-Сыддык رضي الله عنه хижраттагы шериги болгон. Ал эки төө даярдап, азык-түлүк менен сууну камдап, жол көрсөтүүчү жалдаган.

Абдуллах ибн Абу Бакр رضي الله عنه зирек жана кыраакы жаш жигит болгон. Пайгамбар ﷺ ага чалгындоо милдетин тапшырган. Ал күндүзү Меккеде калып, Курайш кафирлеринин кандай кутум жана пландарды талкуулап жатканын угуп, түнкүсүн үңкүргө келип, жаңы кабарлардын баарын жеткирип турган.

Амир ибн Фухайра رضي الله عنه Абу Бакрдын азат кылынган кулу болгон жана кой кайтарууга өтө чебер эле. Ал күндүз үңкүрдүн жанында кой жайып, түнкүсүн алардын сүтүн жана азыгын алып келип турган. Ошентип ал камсыздоо милдетин ийгиликтүү аткарган.

Асма бинт Абу Бакр رضي الله عنها кайраттуулугу жана акылмандыгы менен өзгөчөлөнгөн инсан эле. Анын милдети Курайшка байкатпастан үңкүргө тамак-аш жеткирүү болгон. Ал төөсүнүн курун экиге бөлүп, аны менен азык-түлүктү байлап алгандыктан, «Затун-нитакайн» («Эки курдун ээси») деген лакапка ээ болгон.

Үчүнчүдөн: мусулман болбогонуна карабастан кесипкөй жол көрсөтүүчүнү жалдоо

Пайгамбар ﷺ Абдуллах ибн Урайкытды жалдаган. Ал Бану Дайл уруусунан болгон мушрик эле. Бирок жолдорду мыкты билген тажрыйбалуу жол көрсөтүүчү болгон. Пайгамбар ﷺ ага:

“ارتحل بنا بعد ثلاثٍ، خذ بنا على طريق غير معتادة، موعدنا غار ثور”

«Үч күндөн кийин бизди алып чык. Бизди адаттан тыш жол менен башта. Жолугуша турган жерибиз — Савр үңкүрү», – деген.

Бул маанилүү сабакты көрсөтөт: мамлекет ишмери техникалык маселелерде, акы төлөп болсо да, кесипкөй адистердин кызматынан пайдалануудан тартынбайт.

Төртүнчүдөн: адаттан тыш жол менен жүрүү

Пайгамбар ﷺ Ясрибге алып барган түз жолду тандаган эмес. Тескерисинче, ал Кызыл деңиздин жээгин бойлой өткөн сейрек колдонулган жээк жолу менен жүргөн. Адегенде түштүккө, андан соң чыгышка бурулган. Мунун максаты Курайш аңдып турган кербен жолдорунан качуу болгон.

Бешинчиден: үңкүрдө үч күн калуу

Пайгамбар ﷺ менен анын шериги Савр үңкүрүндө үч күн болушкан. Бул куугунтукка түшкөндөрдү адаштыруу үчүн жасалган тактикалык жашынуу болгон. Алар Пайгамбар ﷺ алыска кетип калды деп ойлошу үчүн ушундай кылынган. Андан кийин башка жол аркылуу чыгышкан.

Ошол эле учурда Курайш аларды жан үрөп издеп, ким кармап келсе, ага жүз төө сыйлык берерин жарыялаган.

Ушул улуу учурда төмөнкү аят түшкөн:

﴿إِذْ يَقُولُ لِصَاحِبِهِ لَا تَحْزَنْ إِنَّ اللَّهَ مَعَنَا﴾

Ошондо алар экөө үңкүрдө турган чактарында жолдошуна: «Кейибе, албетте Аллах биз менен бирге», дегенде…”. (Тообо: 40).

Алтынчыдан: маалыматтын толук жашыруун болуусу

Бул пландын бардык майда-баратын Пайгамбар ﷺ өзү милдет жүктөгөн адамдардан башка эч ким билген эмес. Бул деталдардын баары Аллахтын убадасына болгон ыйман эч качан себептерди четке кагууга чакырбаганын, тескерисинче, тобокелчилик менен себептерди мыкты колдонуу, Аллахка болгон ишеним менен ишти эң жогорку деңгээлде аткарууну айкалыштырууга чакырганын далилдейт.

Мамлекет куруучусуна дал ушундай ой жүгүртүү мүнөздүү. Ал өз долбоорун куру кыялдарга эмес, бекем негиздерге жана туруктуу пайдубалдарга курат. Ошондой эле бул окуя хижрат жөн гана жөргөмүш менен көгүчкөн тууралуу баян эмес экенин көрсөтөт. Тескерисинче, ал мамлекет жана имаматтын түптөлүшү болгон. Ал бардык саясий жагдайлар менен өзгөрүүлөрдү эске алган стратегиялык план боюнча курулуп, мамлекеттин жана цивилизациянын таяныч борбору катары Мадина тандалган. Ошол эле учурда жеңиш жалгыз Аллахтын колунда экенине толук ишеним болгон.

Хижрий жыл санагы: материалдык окуядан жогору турган символдук аң-сезим

Хижрат жөн гана Мадинага жеткен күндү белгилеген тарыхый окуя бойдон калбастан, жаңы доордун башталышына айлангандыгы бул окуянын стратегиялык тереңдигин дагы бир жолу айгинелеген факт болуп саналат. Умар ибн аль-Хаттабдын رضي الله عنه доорунда хижрий жыл санагы кабыл алынганда, хижрат иш жүзүндө Робиъул-аввал айында болгондугуна карабастан, жылдын башталышы катары Мухаррам айы тандалган.

Умардын رضي الله عنه мындай дегени риваят кылынган: «Хижрат акыйкат менен батылды ажыратты. Ошондуктан жыл саноону ошондон баштагыла».

Бул тандоо өтө терең башкаруучулук жана символдук аң-сезимди көрсөтөт. Жаңы баскычтын башталышы Мадинага жеткен учур эмес, тескерисинче, Экинчи Акаба байъаты калыптанган ажылык мезгилинен башталган жана андан кийин мамлекетке карай өтүү процесси башталган бүтүндөй жол болгон. Бул саясий убакытты өз-өзүнчө окуялар катары эмес, бир бүтүн процесс катары караган стратегиялык көз караш. Ошондой эле рошид халифа Умар ибн аль-Хаттабдын رضي الله عنه саясий чечими себептүү мусулмандар он төрт кылымдан ашуун убакыттан бери ушул хижрий жыл санагын колдонуп келишет. Бул аркылуу алар ошол тарыхтын улуулугун ар дайым эстеп турушат.

Курандагы өзүн-өзү баалоо: долбоордун үзгүлтүксүз уланышынын сыры

Бул тажрыйба пландоо жана аткаруу менен гана чектелбестен, стратегиялык өзүн-өзү баалоонун так системасын түзгөндүгү да анын эң сонун өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Анткени Куран Карим жеңиштерди гана баяндап койгон эмес. Ал жаңыдан түзүлүп жаткан коомдун саясий, аскердик жана тарбиялык ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз талдап, баалап турган.

Аллах Таала Бадр согушунан кийин мындай дейт:

﴿يَسْأَلُونَكَ عَنِ الْأَنفَالِ قُلِ الْأَنفَالُ لِلَّهِ وَالرَّسُولِ﴾

«(Эй Мухаммад), сенден олжолор жөнүндө сурашат. Айткын: «Олжолор Аллахка жана пайгамбарга таандык». (Анфал: 1).

Бул аят айрым мусулмандардын арасында олжолорду бөлүштүрүү боюнча пикир келишпестик пайда болгондон кийин түшкөн. Ошентип, вахий биринчи чоң аскердик жеңиштен кийин жаралган чыныгы кемчиликти оңдоп, коомдун багытын кайрадан жамааттын биримдигине, тартипке жана жалпы Үммөттүн максатын жеке кызыкчылыктардан жогору коюуга бурган.

Андан кийин Ухуд согушу Курандагы саясий жана аскердик ийгиликсиздиктин себептерин талдоонун эң ачык үлгүсүн көрсөттү.

Аллах Таала мындай дейт:

﴿حَتَّىٰ إِذَا فَشِلْتُمْ وَتَنَازَعْتُمْ فِي الْأَمْرِ وَعَصَيْتُم مِّن بَعْدِ مَا أَرَاكُم مَّا تُحِبُّونَ﴾

«Тээ суздук кылып (пайгамбар алайхиссаламдын) буйруктары туурасында талашып-тартышкан жана Аллах силер жакшы көргөн нерсени (жеңишти) көзүңөргө көрсөтүп койгондон кийин пайгамбардын буйругунан баш тарткан кезиңерге чейин (бул үстөмдүгүңөр улана берди)». (Али Имран: 152).

Бул аят жеңилүүнүн себептерин өтө так аныктап берген: уюштуруу жаатындагы алсыздык; ички келишпестик; жетекчиликке баш ийбөө; убактылуу дунявий пайдага берилүү. Бул вахий тили менен берилген толук кандуу стратегиялык баалоо болгон. Ал эми башка бир аятта Аллах Таала айрым момундарды жума хутбасы учурунда соодага алаксып кеткендиги үчүн эскертип, мындай дейт:

﴿وَإِذَا رَأَوْا تِجَارَةً أَوْ لَهْواً انفَضُّوا إِلَيْهَا وَتَرَكُوكَ قَائِماً﴾

«(Эй Мухаммад), качан алар кандайдыр бир сооданы же оюн-күлкүнү көрүп калышса ошого карап чачылып-таркап кетишет жана сени (минбарда) тик турган абалыңда ташташат». (Жума: 11).

Бул аят мусулман коомундагы артыкчылыктарды жана милдеттерди туура иретке коюудагы кемчиликти оңдоо үчүн түшкөн.

Ал тургай Куран жетекчиликтин өзүнө карата да баалоо жүргүзгөн. Мисалы, Бадрдагы туткундар маселеси тууралуу Аллах Таала мындай дейт:

﴿مَا كَانَ لِنَبِيٍّ أَن يَكُونَ لَهُ أَسْرَىٰ حَتَّىٰ يُثْخِنَ فِي الْأَرْضِ﴾

«Бир да пайгамбар үчүн (абалтан) тээ жерде үстөмдүк кылганга чейин, туткун алуу уруксат эмес эле». (Анфал: 67).

Ошондой эле Абаса сүрөсүндө мындай дейт:

﴿عَبَسَ وَتَوَلَّىٰ * أَن جَاءَهُ الْأَعْمَىٰ﴾

«Ал (пайгамбар алайхис-салам) өзүнүн алдына көзү сокур киши келгени үчүн кабак чытыды жана (андан) жүзүн бурду». (Абаса: 1–2).

Мунун баары Исламий долбоор адамдын чечимдерин ыйык деп эсептөөгө эмес, үзгүлтүксүз кайра карап чыгууга жана оңдоого негизделгенин көрсөтөт. Мына ушул стратегиялык ой жүгүртүүнүн өзөгү болуп эсептелет: каталарды окуй билүү жана аларды актоонун же алардан качуунун ордуна алардан сабак алууну үйрөнүү. Ошондуктан Пайгамбар ﷺ акыйкат кайсы жакта болсо, ошол жакка моюн сунууда эң мыкты үлгү болгон.

Хазарий идеядан мамлекет курууга чейин

Дал ушул жерде бүгүнкү күндөгү көптөгөн саясий жамааттар көңүл бурбай келген эң негизги мыйзам ченемдүүлүк көрүнөт.

Терең хазарий идеяга, так стратегиялык көз карашка жана калыптанган тарыйкатка негизделбеген жамааттар көп учурда назик, кагаздай алсыз түзүлүштөргө айланышат. Алар башаламандык жана боштук пайда болгон жерде капысынан өсүп чыккан «саясий козу карындарга» окшош. Бирок саясий кырдаал бир аз өзгөрөрү менен эле соолуп, жок болуп кетишет. Акыркы жүз жыл ичинде араб дүйнөсүндө пайда болгон жүздөгөн партиялар дал ушундай абалга туш болушкан.

Ал эми улуу идеяга, алыскы келечекти көздөгөн көз карашка жана Исламий акыйданы бекем негиз катары алган уюмдар болсо, тарыхтын тереңине тамыр жайган бекем дарактарга окшош.

Аллах Таала мындай дейт:

﴿مَّثَلُ كَلِمَةٍ طَيِّبَةٍ كَشَجَرَةٍ طَيِّبَةٍ أَصْلُهَا ثَابِتٌ وَفَرْعُهَا فِي السَّمَاءِ * تُؤْتِي أُكُلَهَا كُلَّ حِينٍ بِإِذْنِ رَبِّهَا﴾

«(Эй инсан) Аллах жакшы Сөзгө (ыйман келмесине) кандай мисал келтиргенин көрбөйсүңбү: ал сөз бир кооз даракка окшойт, анын тамыры (жер астына) бекем орношкон, бутактары болсо асманда болуп, Жараткандын ызны-ыктыяры менен ар дайым мөмө берет». (Ибрахим: 24–25).

Мындай уюмдар жай өсүшү мүмкүн. Алардын айрым бөлүктөрү жок болуп, кайра жаңыланышы да мүмкүн. Бирок убакыт өткөн сайын улам бекемделе беришет. Анткени мабдага негизделген идея алардын өзөгү жана жашоосунун сыры болуп саналат.

Чыныгы стратегиялык пландоо – бул баскычтуу максаттарды коюу же убактылуу саясий программаларды түзүү гана эмес. Тескерисинче, ал хазарий идеяны туруктуу, узак жашай ала турган саясий чындыкка айландыруу өнөрү. Бул болсо ресурстарды, күчтү, убакытты, географияны жана билимди туура пайдалануу, ошондой эле атаандаштардын аракеттерин жана келечектеги өзгөрүүлөрдү алдын ала окуй билүү аркылуу ишке ашат.

Атаандаштардын пландарын окуу – тарыхта сакталып калуунун шарты

Саясий аңкоолуктун эң кооптуу көрүнүштөрүнүн бири – үммөттөрдүн жана уюмдардын дүйнөдө жалгыз жашап жаткандай аракет кылышы жана тарыхты чоң эрктер менен долбоорлор кагылышпаган бейтарап талаа катары кабыл алышы.

Чыныгы стратегиялык пландоо өзүн гана курууга эмес, атаандаштардын пландарын ачып көрө билүүгө жана күрөштү жүргүзүүдөгү терең логикасын түшүнүүгө да негизделет. Курани Карим бизди ушул чындыкка багыттап, Аллах Таала мындай дейт:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا خُذُوا حِذْرَكُمْ﴾

“Эй момундар, душмандан этият чараңарды көргүлө”. (Ниса: 71).

Дагы мындай дейт:

﴿وَلاَ تَهِنُوا وَلاَ تَحْزَنُوا وَأَنتُمُ الْأَعْلَوْنَ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ﴾

«Куфрга каршы күрөштө (суз болбогула) жана кападар болбогула! Эгер (чыныгы) ыйман ээлери болсоңор, жалгыз силер үстөмдүк кылуучусуңар». (Али Имран: 139).

Улуу державалар туш келди аракет кылышпайт. Алар географияны, деңиз жолдорун, энергия булактарын, байлыктарды жана демографиялык өзгөрүүлөрдү кылдат изилдөөгө негизделген узак мөөнөттүү геосаясий көз караштар боюнча аракеттенишет.

Душмандын пландарын окуу анын кызыкчылыктарынын терең түзүлүшүн түшүнүүнү билдирет: ал кайсы жакка инвестиция салууда? Кайсы жолдорду көзөмөлдөөгө умтулууда? Коомдук пикирди кандайча кайра калыптандырууда? Кандай элиталарды колдоодо?

Өз атаандаштарынын ой жүгүртүү карталарын окуй албаган Үммөт ар дайым окуяларга жооп кайтаруучу абалда кала берет. Ал окуялар болуп өткөндөн кийин гана таң калат. Ал эми башка күчтөр болсо анын алдыга жылышынын же артка кетишинин шарттарын көп жылдар мурун эле даярдап коюшкан болот. Ошондуктан Үммөттү коопсуз жээкке алып чыгууну өз мойнуна алган адамдардын эң негизги милдеттеринин бири — өздөрүнүн саясий ишмердүүлүгүнүн алкагында колонизаторлордун пландарын ашкерелөө жана эл аралык саясатка таасир эте ала турган каражаттарга ээ болуу болуп эсептелет.

Мамлекет куруучу: көз караш менен ишке ашыруунун ортосунда

Стратегиялык пландоо чыныгы мамлекет куруучунун аң-сезимин талап кылат. Ал жөн гана эл алдында жакшы сүйлөгөн чечен же ийгиликтүү башкаруучу болуу менен чектелбейт. Чыныгы мамлекет куруучу эл аралык күчтөрдүн тең салмактуулугун түшүнөт, тарыхтын жүрүшүн окуй билет, күчтүн жана мүмкүнчүлүктүн чектерин аңдайт. Ошондой эле идеяны уюмга, уюмду таасирге, ал эми таасирди туруктуу саясий вакыйлыкка айландырууну билет.

Эл аралык саясатты туйгулар же чечендик эмес, көз карашты акырындык менен ишке ашкан аракеттерге, туруктуу институттарга жана натыйжалуу союздарга айландыруу жөндөмү башкарат. Ошондуктан чыныгы таасир сөздөрдүн жана ураандардын көптүгү менен эмес, пландарды убакыттын жана кризистердин сыноосуна туруштук бере турган реалдуу натыйжаларга айландыруу жөндөмү менен өлчөнөт. Аллахтын уруксаты менен жакында тикелене турган мамлекеттин ишмерлери дал ушул жөндөмгө ээ болууга машыгуулары керек.

Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَقُلِ اعْمَلُوا فَسَيَرَى اللَّهُ عَمَلَكُمْ وَرَسُولُهُ وَالْمُؤْمِنُونَ﴾

«Айткын: «(Каалаган) ишти кылгыла. Анткени, Аллах, Анын пайгамбары жана момундар кылган иш-амалыңарды көрүп турат». (Тообо: 105).

Жыйынтык: келечек үчүн сабактар

Исламдын алгачкы тажрыйбасы дүйнөгө убакыт өчүрө албаган түбөлүктүү сабакты калтырды: Аллахка ыйман келтирүү жана тобокел кылуу эч качан себептерди четке кагууну же таштап коюуну билдирбейт.

Чыныгы мамлекет куруучулар — майрамдарда жана өзгөчө учурларда да стратегиялык ой жүгүрткөн адамдар. Алар мезгилдерди мүмкүнчүлүккө, географияны күчкө, убакытты жетишкендикке, ал эми окуяларды узак мөөнөттүү хазарий долбоорго айландырышат.

Тарыхты жараткан үммөттөр менен тарыхты жөн гана керектеген үммөттөрдүн айырмасы мына ушунда: биринчилери так көз карашка, планга, атаандаштарынын аракеттерин жана дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү терең түшүнүүгө таянып аракеттенишет. Ал эми экинчилери шашылыш аракеттердин жана окуяларга жооп кайтаруунун туткунунда калып, ар бир күрөшкө кечигип кирип, ар бир кризистен мурдагыдан да көбүрөөк адашып жана алсыз болуп чыгышат.

Пайгамбар ﷺ дин менен саясатты бири-биринен ажыратпагандыгы бул Үммөт үчүн эң чоң жакшылыктардын бири болуп саналат. Тескерисинче, саясатты диндин кызматчысы, ал эми стратегияны ибадатты жана Исламдын бардык өкүмдөрүн коргоочу каражат кылган. Мына ушул аркылуу Пайгамбарыбыз ﷺ бизге Аллахтын жардамы күтүп отургандарга эмес, динди бардык тарабынан курчап коргогондорго жана анын жолунда колдон келген бардык күчтү даярдагандарга түшөрүн үйрөтөт. Ошондуктан Пайгамбар ﷺ Бану Шайбан делегациясына нусрат талап кылып кайрылганда мындай деген:

«إِنَّهُ لَا يَنْصُرُ هَذَا الدِّينَ إِلَّا مَنْ حَاطَهُ مِنْ جَمِيعِ جَوَانِبِهِ»

«Бул динге аны бардык тарабынан коргогон адамдан башка эч ким жардам бере албайт».

Пайгамбар ﷺ өзү айткандай, вахийден кылча да четтебестен, «согушту, туура пикирди жана айла-амалды» бириктирген:

﴿وَمَا يَنْطِقُ عَنِ الْهَوَى * إِنْ هُوَ إِلَّا وَحْيٌ يُوحَى﴾

«Жана ал (силерге келтирип жаткан Куранды) өзүнүн ой каалоосу менен сүйлөбөйт. Ал (Куран) жалгыз (Аллах тарабынан пайгамбарга) вахий кылынып жаткан бир вахий-кабар». (Нажм: 3–4).

Пайгамбар ﷺ өмүрүнүн аягына чейин даават менен алектенип, анын ар бир баскычын, а түгүл эң майда маселелерине чейин пландаштырган. Бул улуу фарзды аткаргандыгы үчүн көргөн бардык азаптарга сабыр кылган. Намаз болсо анын ﷺ хижратынан бир жыл мурун гана фарз кылынган. Ошондой эле ажылык анын ﷺ дүйнөдөн кайтышынан бир жыл мурун гана фарз кылынган жана ал ﷺ өмүрүндө болгону бир гана жолу ажылык кылган.

Ошондон кийин бүгүнкү күндө акыркы рисалаттын ээси болгон Пайгамбар ﷺ менен анын дининде атаандашууга аракет кылган адамдар чыгууда. Алар даават фарзын жана анын ﷺ жүргүзгөн тарыйкатын таштап, адамдар менен намазга имам болуу же «ажы» деген наам үчүн атаандашат. Бирок аларда жакшылыкка буйурууда, жамандыктан кайтарууда жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын жолуна тоскоол болуп турган зыянкеч башчыларды мухасаба кылууда эч бир амал жок.

Анда бүгүн Үммөтүбүз Аллахка тобокел кылуу менен пландаштырууну, Аллахка болгон ишеним менен себептерди мыкты колдонууну, вакыйлыкты окуу менен келечекти алдын ала көрө билүүнү, ошондой эле тарыйкатты бекем кармануу менен васита жана услубдарда чыгармачыл болууну айкалыштырган ушул стратегиялык аң-сезимди кайрадан калыбына келтире турган убакыт келбедиби? Же болбосо, биз дагы эле куру сөздөрдүн, шашылыш саясаттын же насаат айтуунун туткунунда калып, себептерди четке кагып муъжиза күтүп, ураандарды кайталап жатып, Аллах бир коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө алардын абалын өзгөртпөй турганын унута беребизби?!

Тарых кайдыгерлерди аябайт. Келечек куру кыялдар менен эмес, так пландар, бекем эрк, темирдей чечкиндүүлүк жана өткөндүн сабактарынан азыркынын жана келечектин даңкын жарата турган акылдар менен курулат.

Аллах ийгилик берүүчү жана туура жолго баштоочу. Биздин саййидибиз Мухаммадга ﷺ, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына салават жана салам болсун.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button