Кабар

АКШ Иран портторуна карата чектөө киргизди

АКШ Иран портторуна карата чектөө киргизди

Пакистанда АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү натыйжасыз бүткөндөн кийин АКШ Перс булуңунда кеме каттамдары боюнча бир катар чектөөлөрдү киргизди. АКШ 13-апрелден тартып Иран портторуна багыт алган же ал жактан чыккан кемелерге чектөө киргизе баштай турганын билдирди. Бул тууралуу президенттин чечимине таянып, АКШнын Борбордук командачылыгы маалымдады.

Чектөөлөр кеменин кайсы өлкөгө таандык экенине карабай баарына тиешелүү болот. Чектөөлөр портторду гана эмес, Ирандын жээк сууларын да, анын ичинде Перс булуңу менен Оман деңизин да камтыйт. Ошол эле учурда, Ормуз кысыгы аркылуу башка өлкөлөрдүн портторуна багыт алган кемелердин өтүүсү чектелбей турганы баса белгиленди.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button