Кабар

Куран үйрөткөндөр кармалды

Куран үйрөткөндөр кармалды

Өзбекстандын борбору Ташкенде күч түзүмдөрү расмий каттоодон өтпөгөн диний сабактарды өткөргөн деген шек менен бир нече адамды кармаганы коомчулукта нааразылык жаратты.

Расмий маалыматтарга ылайык, Мамлекеттик коопсуздук кызматы жана ички иштер органдары ижарага алынган эки батирде Куран курстары уюштурулганын аныкташкан. Алардын биринде 34 жаштагы студент тогуз балага Куран окууну жана Ислам негиздерин үйрөткөнү, экинчисинде ошол эле окуу жайдын окутуучусу жубайы менен бирге беш балага сабак өткөнү айтылууда.

Бул окуя Өзбекстан бийлигинин акыркы жылдары диний билим берүү тармагына көзөмөлдү күчөтүү саясатынын уландысы катары бааланууда. Ошол эле учурда мындай чаралар коомдо резонанс жаратып келет. Адамдар Куран жана Исламдын негиздерин үйрөнүүгө мамлекет тарабынан бөгөт коюлуп жатканына нааразы.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button