Роя гезити

Өзбекстандын президентинин Грузияга сапары Европага жетүүнүн жолуубу же жаңы көз карандылыкпы? 

Өзбекстандын президентинин Грузияга сапары Европага жетүүнүн жолуубу же жаңы көз карандылыкпы? 

Мирзиёев Грузияга сапар жасады. Көпчүлүк бул сапарды кадимки дипломатиялык окуя катары баалашты. Бирок чындыгында бул сапар Өзбекстандын алдыдагы он жылдыктагы геосаясий багытын көрсөткөн маанилүү белгилердин бири болушу мүмкүн.

Эгерде бул сапарды жөн гана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамиле катары бааласак, анда эң маанилүү жагын көз жаздымда калтырган болобуз. Анткени бул сапардын негизги маселеси Грузиянын өзү эмес, тескерисинче, XXI кылымдын экинчи чейрегинде Өзбекстан кайсы геосаясий жолду тандай тургандыгы жөнүндө болуп жатат.

Акыркы отуз жыл ичинде Борбор Азиянын тышкы соода транзити негизинен Орусияга таянып келди. Андан кийин Кытай инвестициялар, насыялар жана инфраструктура аркылуу аймакка күчтүү кире баштады. Азыр болсо Каспий деңизи аркылуу Азербайжан, Грузия жана Түркияны көздөй кеткен коридор мурдагыдан алда канча көбүрөөк көңүл бурдура баштады. Бул өзгөрүүнү жөн гана транспорт маселеси катары түшүнүү жаңылыштык болот. Анткени транспорт жолу ар дайым саясий таасирдин жолу болуп эсептелет жана ири геосаясий эсептердин бир бөлүгү болуп саналат. Ошондуктан бүгүнкү негизги суроо мындай: Өзбекстан Орусияга көз каранды транзиттик системадан чыгып, чыныгы көз карандысыздыкка жетүүгө умтулуп жатабы же башка геосаясий борборлорго жаңы көз карандылыкты түзүп жатабы?

Бул суроого жооп Москвадан башталышы керек.

Орусия үчүн Борбор Азия жөн гана коңшу аймак эмес, тескерисинче, анын коопсуздук, экономика жана геосаясий таасиринин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Эгерде Өзбекстан Орусиянын аймагын айланып өткөн коридорлор аркылуу Европа менен байланышын күчөтсө, анда бул Москва үчүн стратегиялык мааниге ээ өзгөрүү болот. Москва үчүн негизги коркунуч темир жолдун өзү эмес, Борбор Азия үчүн альтернативдүү жолдордун пайда болушунда. Ошондуктан Орусиянын мүмкүн болгон максаты бул коридорду кандай гана болбосун жабуу эмес, тескерисинче, аймактагы өзүнүн экономикалык таасирин, энергетикалык булактарын жана саясий таасирин сактап калуу болмокчу. Бул ар бир ири мамлекеттин өз кызыкчылыктарын коргоого болгон умтулуусуна туура келет.

Ал эми Кытай бул процесске башкача көз караш менен карайт. Анткени анын негизги таасир куралы аскердик эмес, экономикалык болуп саналат. Кытай өз таасирин инвестициялар, өнөр жай, инфраструктура жана соода аркылуу кеңейтүүдө. Жаңы Кавказ коридору ишке кирсе да, Кытай аны айланып өтүүгө эмес, тескерисинче, ага катышууга аракет кылышы ыктымал. Анткени ал үчүн эң маанилүүсү — өзүнүн товарларынын Европа базарларына жетүүсү жана экономикалык байланыштардын үзгүлтүксүз уланышы.

Америка болсо бул процесске башка эсептер менен карайт. Ал үчүн Борбор Азияда Орусиянын же Кытайдын абсолюттук үстөмдүгү кабыл алынгыс нерсе. Ошондуктан Өзбекстандын тышкы экономикалык байланыштарын диверсификациялоосу Американын көз карашында, албетте, белгилүү бир стратегиялык мааниге ээ. Акыркы жылдары Өзбекстан менен Американын ортосунда ири экономикалык келишимдер жана инвестициялык пландар талкууланды. Бул процесстерде эки тараптын тең кызыкчылыктары бар экени кайра-кайра баса белгиленгенине карабастан, ар кандай кызматташууда чечүүчү суроо өзгөрүүсүз бойдон калат: шарттарды ким коёт жана эң чоң пайда кимге тиет? Ошондуктан ар кандай тышкы кызматташууда «ким менен?» деген суроодон мурда «кандай шарттар менен?» деген суроо коюлушу керек.

Түркия болсо бул чынжырдын табигый шакеги болуп саналат. Анткени анын ролун географиялык жайгашуусу, тилдик жакындыгы жана маданий окшоштугу бекемдейт. Бирок ал да өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык аракет кылат. Ошондуктан Түркия, башка бардык мамлекеттер сыяктуу эле, биринчи кезекте өзүнүн экономикалык жана саясий кызыкчылыктарын эсепке алат. Бул макаладагы эң маанилүү суроо башка: эмне үчүн Өзбекстан тууралуу ар бир эл аралык талкууда Орусиянын кызыкчылыгы, Кытайдын кызыкчылыгы, Американын кызыкчылыгы же Түркиянын кызыкчылыгы айтылат да, ал эми өзбек элинин кызыкчылыгы экинчи орунга сүрүлүп калат?

Исламда мамлекеттин милдети тышкы күчтөрдүн ортосунда тең салмак оюнун жүргүзүү эмес. Мамлекет — аманат, бийлик — жоопкерчилик, ал эми жер үстүндөгү жана жер астындагы байлыктар — үммөттүн акысы. Ошондуктан ар кандай тышкы келишим боюнча биринчи суроо мындай болушу керек: бул келишим элдин акыйдасына, коопсуздугуна, экономикасына жана келечек муундарга кандай таасир кылат?!

Эгерде Европага жол ачылып, анын натыйжасында Өзбекстандын өнөр жайы чыңдалса, технологиялар келип, өндүрүш өсүп, өлкө чийки зат экспорттоочу мамлекеттен жогорку кошумча наркы бар товарларды өндүрүүчү мамлекетке айланса, анда бул элдин кызыкчылыгына кызмат кылат. Бирок эгер жаңы коридор алтын, жез, уран, газ жана башка стратегиялык байлыктарды мурдагыдан да тезирээк сыртка ташып кетүү үчүн гана пайдаланылса, чет элдик инвестициялар агылып келип, бирок элдин экономикалык абалы, билим берүүнүн сапаты жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү өзгөрбөсө, анда мындай өзгөрүү сырткы көрүнүштү гана өзгөрткөн үстүртөн өзгөрүү болуп калат, ал эми көз карандылыктын маңызы өзгөрүүсүз калат.

Ошондуктан Мирзиёевдин Грузияга болгон сапарына чыныгы баа порттор же темир жолдор менен эмес, бир нече жылдан кийин көрүнө турган жыйынтыктар менен берилет. Өзбекстан тышкы багыттарын диверсификациялагандан кийин өз алдынча чечим кабыл алган мамлекетке айланабы? Же ири державалардын атаандаштыгындагы дагы бир маанилүү күрөш талаасы бойдон калабы? Бул суроого азыркы учурда эч ким так жооп бере албайт. Бирок бир чындык айкын: Өзбекстандын мусулман элинин кызыкчылыгы Орусиянын, Кытайдын, Американын же Европанын кызыкчылыгы менен автоматтык түрдө дал келе бербейт. Өзбекстан элинин турмуштук мааниге ээ болгон кызыкчылыктарын коргоо жана кепилдөө Ислам жашоо түзүмү катары колдонулган учурда гана камсыз болот.

Европага ачылган ар бир жол ийгиликке алып баруучу эшик эмес, тескерисинче болушу да мүмкүн. Анткени кээде жаңы эшиктин артында жаңы көз карандылык турушу мүмкүн. Ошондуктан Өзбекстан үчүн эң маанилүү милдет Европаны көздөй багыт алуу эмес, кайсы багытты тандабасын, өз элинин кызыкчылыгын биринчи орунга коё турган саясий эркке ээ болуу. Аллах Таала мындай деген:

﴿إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَنْ تُؤَدُّوا الْأَمَانَاتِ إِلَىٰ أَهْلِهَا وَإِذَا حَكَمْتُمْ بَيْنَ النَّاسِ أَنْ تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ﴾

«Албетте Алла силерди аманаттарды өз ээлерине тапшырууга жана адамдар арасында өкүм кылганыңарда адилет өкүм кылууга буюрат. Албетте Алла жакшы насыяттар кылат. Албетте Алла угуучу жана көрүүчү Зат». (Ниса: 58).

Роя гезити  

Ислам Абу Халил — Өзбекстан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button