Башкаруучулардын үммөт мүлкүнөн кымырып алса, аларга кайгы болсун!

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Башкаруучулардын үммөт мүлкүнөн кымырып алса, аларга кайгы болсун!
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرِوٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا قَالَ: جَاءَ أَعْرَابِيٌّ إِلَى النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ! مَا الْكَبَائِرُ… قال: الإشراكُ باللهِ. قال: ثُمَّ ماذا؟ قال: ثُمَّ عُقوقُ الوالِدَينِ. قال: ثُمَّ ماذا؟ قال: اليَمينُ الغَموسُ. قُلتُ: وما اليَمينُ الغَموسُ؟ قَالَ: «الَّذِي يَقْتَطِعُ مَالَ امْرِئٍ مُسْلِمٍ هُوَ فِيهَا كَاذِبٌ». أخرجه البخاري برقم 1380
Абдулла бин Амр (Аллах экөөсүнө тең ыраазы болсун) риваят кылат: Бир бедуин Пайгамбарга (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) келип: “Оо, Аллахтын элчиси! Чоң күнөөлөр кайсылар? – деп сурады. Ал: Аллахка шерик кошуу, – деди. Ал: Андан кийин? – деп сурады. Ал: Анан ата-энеге баш ийбөө, – деди. Ал: Андан кийин? – деп сурады. Ал: Жалган ант, – деди. Мен: Жалган ант деген эмне? – деп сурадым. Ал: мусулмандын мүлкүн жалган айтып кымырып алган кимсе”, – деди. Аль-Бухари риваят кылган, № 1380.
Урматтуу бир туугандар:
Аллахтын аты менен жалган ант берүү – Кыямат күнү аны тозок отуна же бул дүйнөдө күнөөгө батырат, андан Аллах сактасын. Эгер бир адам мусулман бир тууганынын мал мүлкүнүн бир бөлүгүн адилетсиздик менен кымырып алуу үчүн жалган ант ичсе, анда ал Аллахтын каарына жана нааразычылыгына кабылат. Бул ант эң чоң күнөөлөрдүн бири, анткени ал жалган ант берүү менен бирөөнүн акысын жеп алууну камтыйт. Ал эми мунун кафараты бар же жогуна келсек, көпчүлүктүн пикири боюнча, ал чоң күнөө болгондуктан, ага кафарат жок. Бул ант кафарат менен кечириле тургандан да чоң күнөө. Алар: Бул алдамчылыктын, куулук-шумдуктун жана жалгандыктын анты, ошондуктан анын кафараты жок, тескерисинче, андан талап кылынган нерсе – бул Кудуреттүү Аллахка тообо кылуу жана жалгандан ант ичип кымырып алган нерсесин ээсине кайтарып берүү.
Эй мусулмандар:
Жалпы эреже боюнча, мусулман адам акыйкат үстүндө болсо да, жөндөн жөн эле көп ант бербеши керек. Аллахты урматтап, даңазалоо керек, жана өтө маанилүү бир нерседен башкасына ант бербеш керек. Эгер иш ушундай болсо, арзыбас дүйнө үчүн калп айтып бекем ант берип, жаткан адам жөнүндө эмне айтууга болот?! Ооба, биз муну ушул үммөттүн уулдарынан, өзгөрүүлөр үчүн иштеген ислам кыймылдардын лидерлеринен көрүп жатабыз. Бирок бул кыймылдар миң бир жолу өзгөрүп, алмашып жатышат. Биз муну Аллахтын жолунан адашкан бул үммөттүн башкаруучуларынан көрүп жатабыз. Алар адамдардын мал мүлкүн жалган ант ичип кымырып алуу гана эмес, адамдарга тунук таза пикир жетип калбашы үчүн ал пикирди жаап жашырып кымырып адамдарды батыл пикирлерге түртүп жатканын көрүп жатабыз. Кааласаңар, Түркиянын башкаруучусуна карагыла, ал Сирия революциясына карата канчалык калп айтты? Ал канчалык эки жүздүүлүк, чыккынчылык жана алдамчылык кылды! Ал эми Палестинаны карагыла, анын лидерлери ант менен да, антсыз да сөздөрүн жана билдирүүлөрүн канчалык өзгөртүп, жаңыртып, манипуляциялап жатышат? Үммөттүн калган башкаруучулары жөнүндө да ушуну айтууга болот: алардын үммөттүн мүлкүнөн тартып алган нерселери үчүн да, жалгандан кымырып алган нерселери үчүн аларга кайгы болсун.
Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1448-х, 12–робиус саани.
2026-ж, 24–сентябрь.
