Ыймандын үч сапаты

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Ыймандын үч сапаты
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ الْمُثَنَّى قَالَ: حَدَّثَنَا عَبْدُ الْوَهَّابِ الثَّقَفِيُّ قَالَ: حَدَّثَنَا أَيُّوبُ عَنْ أَبِي قِلَابَةَ، عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ، عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «ثَلَاثٌ مَنْ كُنَّ فِيهِ وَجَدَ حَلَاوَةَ الْإِيمَانِ: أَنْ يَكُونَ اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَحَبَّ إِلَيْهِ مِمَّا سِوَاهُمَا، وَأَنْ يُحِبَّ الْمَرْءَ لَا يُحِبُّهُ إِلَّا لِلَّهِ، وَأَنْ يَكْرَهَ أَنْ يَعُودَ فِي الْكُفْرِ كَمَا يَكْرَهُ أَنْ يُقْذَفَ فِي النَّارِ».(صحيح مسلم)
Бизге Мухаммад ибн аль-Мусанна, Анас ибн Маликтен (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылды: Пайгамбар ага Аллахтын саламдары жана салаваттары болсун айтты: Кимде ушул үч сапат табылса, ал ыймандын таттуулугун татат: Аллах жана Анын Элчиси ага башка баардык нерселерден да сүйүктүү болуусу; Бир адамды Аллах үчүн гана жакшы көрүүсү; Каапырлыкка кайтууну отко ыргытылууну жаман көргөндөй жаман көрүүсү”. (Сахих Муслим).
Урматуу бир туугандар:
Эң жакшы сөз Улуу Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын пайгамбары, ага тынчтык жана береке болсун, Мухаммаддын жолу…
Бул асыл хадис бизге адамдардагы ыймандын кээ бир көрүнүштөрү жана ыймандын жүрүм-турум жана иш-аракеттер аркылуу кандайча чагылаары жөнүндө айтып, үчөөнү гана баяндады:
Биринчиден: адамга башка адамдар ага канчалык жакын же алыс болбосун, Аллахты жана Анын Элчисин (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) башкаларга караганда көбүрөөк сүйүшү керек. Ал эми сүйүү деген жөн гана жүрөктүн сезимдерин билдирбейт. Тескерисинче, сүйүктүүсүнүн ыраазычылыгына ээ болууга, ага жакындап, аны ачууландырбоого умтулууну билдирет. Бул нерсеге шек саноо, күмөн саноо, үмүтсүздүк же таарыныч болбогон чыныгы сүйүү аркылуу гана жетүүгө болот; сүйүктүүсүнүн сүйгөнүн сүйүп, ал жек көргөндү жек көрүү керек болот. Аллах Таала бизге эмнени жакшы көрөрүн жана эмнени жек көрөрүн ачык баяндап койгон, андыктан биз болгону Аллах Тааланын буйруктарын толук аткарышыбыз керек. Жана сүйүктүү Пайгамбардын изи менен жүрүү жана Аллах Таалага жакындашуу үчүн аны туурап, ага ээрчүү керек.
Экинчиден: Мусулмандын мусулмандарга болгон сүйүүсү Исламдын негизине чектелиши керек, ошондуктан ал мусулман бир тууганын анын ишеними жана Аллахка болгон баш ийүүсү үчүн сүйүшү керек болот. Ошондуктан, ал акыреттик досуна карата жакшылык жана пайда каалайт, ошондой эле Аллахтын азабынан кутулуусун каалайт, ал өзүнүн сүйүктүү досун андан куткарууга жана аны Аллахтын каарына калган бардык нерседен алыс кармоого аракет кылат. Аллах Тааланын буйруктарын аткарууга кеңеш берип, жол көрсөтүп жана үндөп турат.
Үчүнчүдөн: Аллах Таала аны туура жолго салгандан кийин азгырыкка алдырбай мусулманча жашап, Аллах Таала менен мусулман абалда жолугушуу үчүн өз динин бекемдөөгө аны сактоого жана бекемдөөгө жардам берген бардык нерсеге ээ болууга умтулат.
Биз Аллахтан жүрөгүбүздө Аны жана Анын Элчисин, ага тынчтык жана береке болсун, сүйүүнү көбөйтүүсүн, мусулман бир туугандарыбыз менен болгон мамилебизди Анын Улуулугунун негизинде бекемдөөсүн суранабыз. Жана бизди акыретте бизди кыйроодон куткарып, кулдарына пайда алып келе турган, бул дүйнөдө душмандардан коргой турган түз жолдо жүргөн абалыбызда, Кудуреттүү Аллахка жолуктурушун сурайбыз… Аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1448-х, 4–робиус саани.
2026-ж, 16-сентябрь.
