Бишкектеги ЛГБТларга тиешелүү делген клубдун коргоочусу ким?

Бишкектеги ЛГБТларга тиешелүү делген клубдун коргоочусу ким?
Бишкек шаарындагы Менделеев көчөсүнүн тургундары жеке үйдө уюштурулган түнкү клубга даттанып, күч кызматкерлерине кайрылышты. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, турак үйдө мыйзамсыз ЛГБТ клубу уюштурулуп, коомдук тартипти бузуу фактысы катталып, текшерүү жүрүп жатат.
Буга чейин да окуя болгон жерге патрулдук милиция барган. Күбөлөрдүн айтымында, айрым учурларда үйдүн жашоочулары милиция кызматкерлерин киргизбей коюшкан. Бул дарек боюнча буга чейин да ушундай учурлар катталган.
Аталган окуя кыргыз коомчулугунда кескин нааразылыкты пайда кылып, мындай адепсиз иш-аракеттерге каршы катуу чаралар көрүлүшүн талап кылышууда.
Комментарий:
Бүгүнкү күндө демократия системасы насилди сактоонун ордуна бузукулуктарга жол ачып, аларды адам укугу деп таанытууда. Бул көрүнүш жогорудагы окуяга байланыштуу жарыяланган видеодо да ачык чагылдырылган. Анда укук коргоо кызматкерлерине музыканы өчүрүүгө гана мыйзам жол бериши, ал эми бузукулуктун уюгуна айланган клубдагы адамдарга эч кандай чара көрө албай турганы ачык айтылууда. Тактап айтканда, музыкасыз бузукулуктарын улантууга уруксат берилип жатат.
Демек, өлкөдө мындай ыплас иштердин коргоочусу үстүбүздө колдонулуп жаткан демократиялык мыйзамдар болуп эсептелет. Буга кошумча, ар кандай бейөкмөт уюмдар Батыштын пропагандасын жүргүзүп, ЛГБТ өкүлдөрүнүн санын көбөйтүүгө кызыктар. Батыш ушул бузукулуктарын өзүндө эле жайылтпастан, адам укугу маскасы артында гранттарды бөлүү аркылуу мусулман өлкөлөрүнө да жайып келүүдө. Маселен, Кыргызстанда Сорос фонду баштаган бир катар эл аралык каржы уюмдары ЛГБТ өкүлдөрүнүн укугун коргоо, алардын коопсуздугун камсыздоо, мыйзамдарды чыгартуу максатында жыл сайын миллиондогон доллар каражат бөлүп турат. Андыктан, калктын нааразылыгы убактылуу көрүнүштөр менен гана чектелбей, бузукулуктун булагына каратылышы керек.
Мунун каршысында, Ислам насилди сактоо үчүн тукум улоо инстинктин кандыруу туура жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондуктан Исламда бир жыныстуу байланышка, зынакорлукка, сойкулук сыяктуу бузуку амалдарга катуу тыюу салынып, кылмышкерлер оор жазага тартылат. Аллах Таала айтат: “Эй момундар, Алла силер үчүн адал кылып койгон таза-пакиза нерселерди арам дебегиле жана (Алла белгилеген) чектен ашпагыла! Албетте Алла чектен ашуучу адамдарды сүйбөйт”.
Демек, адеп-ахлак бакубат жашоону келечек муунга тартууламакчы болсок, алгач Исламга жүздөнүп, адепсиздиктин булагы болгон демократиялык системадан баш тартуубуз керек.
Нурдин Асаналиев




