Иран менен Америкага ортомчулук: дүйнөлүк державалардын кызыкчылыктарын коргоого негизделген тар көз караш Пакистанды улуу державага айлануудан тосуп жатат

Басма сөз баянаты
Иран менен Америкага ортомчулук: дүйнөлүк державалардын кызыкчылыктарын коргоого негизделген тар көз караш Пакистанды улуу державага айлануудан тосуп жатат
Пакистан өкмөтү жана маалымат каражаттары Пакистандын Иран менен Американын согушка ортомчулугун чоң жетишкендик катары көрсөтүп жатышат. Бирок чындыгында бул ортомчулук кризистерге батып, сөзсүз жеңилүүгө жакындап калган Американын жүзүн сактап калуу үчүн жол табууну көздөйт. Бул үчүн Иранды сүйлөшүү үстөлүнө алып келип, Ормуз кысыгын кайра ачууга жана ядролук куралга ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүнөн баш тартууга түртөт, бирок ушул сыяктуу эле шарттарды Америкага жана яхудий түзүмүнө койбойт.
Пакистандын Америка үчүн жүргүзгөн бул ортомчулугу Американын аймактагы аскерий базаларынын, алардын эң ириси болгон яхудий түзүмүнүн өмүрүн узартат. Ошондой эле бул ортомчулук яхудий түзүмүнүн коопсуздугун камсыз кылган Ибрахим келишимдерине жол ачат. Мунун ордуна Иран тоңдурулган каражаттарынын бир бөлүгүн бошотууга жана ага каршы киргизилген санкциялардын алып салынышына жетишет. Ал эми Пакистан Батыштын базарларына чыгууга, каржылык жардам алууга, чет өлкөлүк инвестициялардын көбөйүшүнө, технологиялардын өткөрүлүшүнө, Эл аралык валюта фондунун шарттарынын жеңилдетилишине, жеңилдетилген шарттагы насыяларга, аскерий жабдууларды сатып алууга, Бириккен Улуттар Уюмунда колдоого жана Индияга каршы саясий жардамга ээ болууну күтүп жатат. Бул Пакистандагы аскерий жана саясий жетекчилик бирдей карманган башкаруучу элитанын көз карашы. Чындыгында бул көз караш Америка жетектеген эл аралык системага толук ишенүүгө, ага баш ийүүгө жана жеңилдиктердин ордуна ага кызмат кылууга негизделген. Ал Пакистандагы саясий жана экономикалык турмушту, ошондой эле ал жерде жашаган мусулмандарды ушул системанын жана анын чечимдеринин үстөмдүгүнө баш ийдирет.
1947-жылы Индия субконтиненти бөлүнүп, чектелген көз карандысыздыкка жетишкенден бери Батышта тарбияланган Пакистандын башкаруучу элитасы альянстык саясатка негизделген тар ой жүгүртүүнүн туткунунда калып келет. Пакистандын бүгүнкү абалы дал ушул көз карандылыкка негизделген аң-сезимдин натыйжасы болуп саналат. Дал ушул көз караш Пакистандын чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жана анын аскерий күчү менен ядролук мүмкүнчүлүктөрү дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарына чыгууга ылайык болсо да, аны улуу державага айлантууга тоскоол болуп келди.
Америкалык же социалисттик лагерге кошулуу тууралуу талаштан башка эч кандай башка жолдун пайда болушуна мүмкүнчүлүк берилген эмес. Натыйжада акыркы жетимиш жыл ичинде белгилүү бир экономикалык жана аскерий жеңилдиктердин ордуна Американын кызыкчылыктарына кызмат кылуу Пакистандагы стратегиялык ой жүгүртүүнүн негизги тирегине жана анын багытын аныктоочу башкы факторго айланды. Ар бир башкаруучунун ийгилиги же ийгиликсиздиги дүйнөлүк державага кызмат кылуунун ордуна канчалык жакшыраак экономикалык жана аскерий жеңилдиктерди ала алгандыгы менен өлчөнө баштады. Ошондой эле дал ушул аң-сезим Америка менен Кытайга бул жеңилдиктерди Пакистандын экономикалык, саясий, аскерий жана тышкы саясатына түздөн-түз таасир этүүчү курал катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк берди. Натыйжада Пакистан ушул күнгө чейин Америка менен Кытай деген эки улуу державага кызмат кылуу дилеммасында калып, экөө менен болгон мамилесинде тең салмактуулукту сактоого аракет кылып келет.
Иранды Америка сыяктуу улуу державанын алдында тизе бүктүрүүгө мажбурлоо жана ага аскерий жеңилүү алып келүү күчтүү ядролук мамлекет болгон, эң заманбап куралдар менен жабдылган Пакистан аймактын иштерин өзү башкарууга тийиш экенин, кандайдыр бир дүйнөлүк лагерге кошулуунун ордуна ушундай жолду тандашы керектигин көрсөтүп турат. Ошондой эле Пакистандын өнүгүү жолу дүйнөлүк державаларга жана Америка жетектеген эл аралык системага каршы турууда экенин айгинелейт.
Иран менен Американын акыркы согушуна чейин Иран өзү да ушул эле чектелген аң-сезимди карманып келген. Тактап айтканда, Америка жетектеген эл аралык системага каршы туруунун ордуна аны менен иш алып баруу зарыл деп эсептеген. Мурда Иран аймактагы Американын кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн Иракта жана Сирияда кан төгүүгө аралашкан. Ошондой эле Иран Америкага Ооганстанда, Иракта, Сирияда, Йеменде, Ливанда жана башка жерлерде өз кызыкчылыктарын бекемдөө үчүн мүмкүн болгон бардык кызматташтыкты көрсөткөн. Америка менен яхудий түзүмү Иранга кол салып, Америка жетектеген эл аралык система менен кызматташууга ишенген ирандык жетекчиликти өлтүргөндөн кийин, куралдуу күчтөрдүн башкаруусун жаңы аскерий жетекчилик колго алды. Бул жаңы жетекчилик Америкага каршы туруу саясатын кабыл алып, чабуул коюучу аскерий аракеттер аркылуу Иранды жана анын аймактагы кызыкчылыктарын коргоду.
Оо, Пакистандын куралдуу күчтөрү! Расулуллах ﷺ Мадинада Ислам мамлекетин курганда, ал чакан мамлекет болгонуна карабастан, ошол кездеги эки улуу державанын — Рум менен Фарстын — эч бири менен союз түзгөн эмес. Тескерисинче, экөөнө тең каршы чыккан. Акырында андан кийинки халифалар Рум менен Фарсты Ярмук, Кадисия, Нахаванд жана Ажнадейн салгылашууларында кыйратуучу жеңилүүгө учуратышкан. Ошентип, Расулуллах ﷺ бизге жолду ачык көрсөтүп берди. Биз бул дүйнөдө улуу милдет жүктөлгөн үммөтпүз. Биздин милдетибиз улуу державаларга баш ийип, айрым экономикалык же аскерий жеңилдиктердин ордуна аларга кызмат кылуу эмес! Аллах Таала мындай деген:
﴿هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ﴾
«Ал (Алла) өз пайгамбарын Туура Жол жана чындык дин мепен, мушрикгер каалашпаса да, бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат». (Тообо: 33).
Ал эми Расулуллах ﷺ мындай деген:
«لَا تَسْتَضِيئُوا بِنَارِ الْمُشْرِكِينَ»
«Мушриктердин оту менен жарыктанбагыла».
Бул шаръий өкүм мусулмандардын жамаат катары өз алдынча түзүлүшүн сактап турган каапырлардан аскерий жардам сурашы жаиз эмес экенин билдирет.
Эгерде Талибан же Газадагы мужахиддер сыяктуу салыштырмалуу алсыз аскерий топтор каапырлардын ири аскерий күчтөрүнө каршы согуша алса, анда силерге, оо Пакистандын куралдуу күчтөрү, Американы бул аймактан кууп чыгарууга эмне тоскоол болуп жатат?! Ал, албетте, силердин жетекчилигиңердин тар көз карашы. Ал силерди улуу державаларга кызмат кылууга байлап, Аллах силерге фарз кылган улуу милдетти аткаруудан тосуп жатат. Бирок силер бул милдетке татыктуусуңар жана аны аткарууга кудуреттүүсүңөр. Бул болсо Хизбге нусрат берип, Халифалыкты тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Анткени Халифалык ушул максатка жетүүдөгү негизги чечим болуп саналат. Ошондуктан ордуңардан туруп, Халифалыкты тикелегиле! Анткени дүйнөлүк шарттар өзгөрүүгө толук даяр. Мындан тышкары, Аллахтын нусраты силер менен бирге. Аллах Таала мындай деген:
﴿وَكَانَ حَقّاً عَلَيْنَا نَصْرُ الْمُؤْمِنِينَ﴾
«…жана ыйман келтирген заттарды үстөм кылууда Биздин мойнубуздагы чындык болгон». (Рум: 47).
Хизб ут-Тахрирдин Пакистан вилаятындагы маалымат бөлүмү
28.06.26




