Ким Аллах үчүн ажылык кылса

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Ким Аллах үчүн ажылык кылса
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Аль-Бухари өзүнүн Сахихинде мындай деп риваят кылган:
روى البخاري في صحيحه قال :حَدَّثَنَا آدَمُ حَدَّثَنَا شُعْبَةُ حَدَّثَنَا سَيَّارٌ أَبُو الْحَكَمِ قَالَ سَمِعْتُ أَبَا حَازِمٍ قَالَ سَمِعْتُ أَبَا هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ:سَمِعْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: “مَنْ حَجَّ لِلَّهِ فَلَمْ يَرْفُثْ وَلَمْ يَفْسُقْ رَجَعَ كَيَوْمِ وَلَدَتْهُ أُمُّهُ
Бизге Адам Шуьбадан риваят кылды. Абу Хурайранын (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дегенин уктум: Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана саламдары болсун) мындай дегенин уктум: “Ким Аллах үчүн ажылык кылса, уятсыз сөздөрдү сүйлөбөсө жана күнөө кылбаса, энеси аны төрөгөн күндөгүдөй таза болуп кайтып келет”.
Ибн Хажардын “Фатхул-Бари” китебинде мындай деп айтылат.
(مَنْ حَجَّ لِلَّهِ) “Кимде-ким Аллах үчүн ажылык кылса“ Абу Хазимдин Мансурдан риваятында аңчылык үчүн жаза бөлүмүндө: “مَنْ حَجَّ هَذَا الْبَيْت” “Ким бул үйгө ажылык кылса”, – деп айтылат, ал эми Муслимдин Журайждын Мансурдан кылган риваятында: “مَنْ أَتَى هَذَا الْبَيْت” “Ким бул үйгө келсе”, – деп айтылат жана ага ажылык жана умра кирет.
( قَوْله: فَلَمْ يَرْفُث) “Ал уят сөз сүйлөбөсө“ Рафас сөзү жыныстык катнаш, ошондой эле ага ишарат кылуу жана уят сөздөрдү айтуу үчүн да колдонулат.
(وَلَمْ يَفْسُق) “Ал күнөө кылбаса“ башкача айтканда, ал билип туруп эч кандай жаман иш же баш ийбестик кылбаса.
(رَجَعَ كَيَوْمِ وَلَدَتْهُ أُمّه) “Ал энеси төрөгөн күндөгүдөй кайтып келет” деген сөзү күнөөсүз дегенди билдирет, ал эми анын сырткы мааниси кичине жана чоң күнөөлөрдүн баардыгынын кечирилиши. Бул Аббас ибн Мирдастын хадиси үчүн эң күчтүү далилдердин бири, анда бул ачык айтылган.
Ал эми буга далил Ибн Умардын Табаринин чечмелөөсүндөгү хадиси. Ат-Таййби мындай деген: “فَلَمْ يَرْفُث” “фа-лам ярфус” деген сөзүндөгү “фа’” шарт менен байланыштуу жана анын жообу رَجَعَ “ражаьа”, башкача айтканда, ал күнөөсүз болуп калды.
Анын абал болушу да жаиз, башкача айтканда, ал энеси аны төрөгөн күндөгүдөй күнөөлөрдөн тазаланган абалына окшош болгон. Ал эми Даракутнинин риваятында: “Ал энеси аны төрөгөн күндөгүдөй өз абалына кайтып келген”, – деп айтылган.
Айт – бул адамзаттын муктаждыгы, ансыз эч бир үммөт же эл жашай албайт. Бул оор жашоодо адам күндөрдүн түйшүгүнөн жана чарчоосунан арылып, жашоосунун зериктирүүчү күндөрүнөн арылуу үчүн бир күндөрү майрамдоого муктаж. Ошондуктан, биз адамзаттын кылымдар бою жыл сайын белгилүү бир күндөрдү белгилеп, аларды майрам деп атап келе жатканына күбөбүз. Бул аларды күнүмдүк жашоосундагы түйшүктөн алыстатат, ошондуктан адамдар эң сонун кийимдерди кийип, эң даамдуу тамак-аш менен суусундуктарды жеп, көңүл ачуу үчүн жаратылышка чыгышат. Алар жыл башынан бери өткөргөн жашоонун түйшүгүн, чарчоосун жана кыйынчылыктарын жеңүү үчүн көңүл ачууларды жана оюндарды өткөрүшөт, ошентип келечек күндөргө болгон чечкиндүүлүгүн жана күч-кубатын курчутушат. Майрам күнү үммөт же эл үчүн эмнени билдирбесин, диний, улуттук же патриоттук эскерүү болсун, ар бир үммөттүн жана ар бир элдин, байыркы жана азыркы мезгилдегилдердин майрам күнү бар. Мисалы, перстер үчүн байыркы заманда Нооруз алар үчүн майрам болгон, ал эми Муса пайгамбардын (ага тынчтык болсун) убагындагы фараондор кооздук күнүн майрамдашчу. А түгүл Ясриб эли да Ислам келгенге чейин майрамдашчу жана ал бутпарастык майрамды биздин улуу динибиздин эки түркүгүн билдирген эки куттуу майрам менен алмаштырышкан.
روى مسلم في صحيحه قال:وحَدَّثَنَا يَحْيَى بْنُ يَحْيَى قَالَ: قَرَأْتُ عَلَى مَالِكٍ عَنْ ابْنِ شِهَابٍ عَنْ أَبِي عُبَيْدٍ مَوْلَى ابْنِ أَزْهَرَ أَنَّهُ قَالَ:”شَهِدْتُ الْعِيدَ مَعَ عُمَرَ بْنِ الْخَطَّابِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ فَجَاءَ فَصَلَّى ثُمَّ انْصَرَفَ فَخَطَبَ النَّاسَ فَقَالَ: إِنَّ هَذَيْنِ يَوْمَانِ نَهَى رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنْ صِيَامِهِمَا يَوْمُ فِطْرِكُمْ مِنْ صِيَامِكُمْ وَالْآخَرُ يَوْمٌ تَأْكُلُونَ فِيهِ مِنْ نُسُكِكُمْ
Муслим өзүнүн Сахихинде мындай деп риваят кылган: бизге Яхья ибн Яхья айтты: Мен Малик Ибн Шихабдан, Ибн Азхардын бошотулган кулу Абу Убайддан риваят кылып окудум, ал мындай деген: “Мен Умар ибн аль-Хаттаб менен бирге (Аллах андан ыраазы болсун) Айт майрамына күбө болдум. Ал келип, намаз окуду, анан кетип, элге кайрылып: Бул эки күндө Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) орозо кармоого тыюу салган: ооз ачкан күнүңөрдө, экинчиси курмандыкка чалган малыңардын этин жеген күнүңөрдө”, – деди.
Бул күнү мусулмандар бир айлык орозо кармоону Аллах Таала үчүн гана аяктап, күнөөлөрү кечирилген Орозо айт күнү болчу. Пайгамбарыбыз (ага тынчтык жана береке болсун) мындай деген:
قال عليه الصلاة والسلام: “من صام رمضان إيمانا واحتسابا غفر له ما تقدم من ذنبه”
“Кимде-ким Рамазан орозосун ишеним жана сооп үмүт менен кармаса, анын мурунку күнөөлөрү кечирилет”.
Ал эми Курмандык чалынуучу күн: алар ажылык амалдарын бүтүрүп, Арафаттан кечиримдүү, таза жана аруу болуп чыгышкан күн, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бүгүнкү хадисибизде айткандай, энелери аларды төрөгөн күн сыяктуу.
Мусулмандардын майрамы алар ойлоп тапкан жаңылык эмес, анткени ар бир элдин өзүнүн майрамы бар, бирок ал башка үммөттөрдүн жана элдердин майрамдарынан айырмаланып турат, анткени ал адамдык муктаждыктан жогору турган Алланын сыйлыгы болуп саналат, анткени Аллах алар анын дининин түркүктөрүнүн бирин тургузгандан кийин дароо аларга сыйлык катары белгилеген. Бул диндин түркүктөрүнүн бирин тургузуу кыйынчылыкты жана эмгекти талап кылган, бирок алар муну Аллахтын кечиримин, мээримин жана ыраазычылыгын издеп, өз ыктыярлары менен аткарышкан. Кыямат күнүндөгү алардын сыйлыгы бейишке кирүү убадасы болсо, бул дүйнөдө ал Аллахтын кечирими жана ырайымы болгон. Аллах такыбалардын сыйлыгын текке кетирбейт. Бул мусулмандар кубанып, көңүл ачып, даамдуу тамактарды жеп-ичип, эң жакшы кийимдерин кийип, бактылуу боло турган куттуу айт майрамы.
Бирок Ислам айт майрамынын атмосферасын руханий кылып, намаз окуу жана айт насаатын угуу менен баштап, андан кийин мусулмандар ортосунда бири-бирин куттуктоо, андан кийин курмандыкка чалынган малды союп, үй-бүлө жана балдар менен тамак-аш жана айт таттууларын жеш менен өзгөчө кылган. Андан кийин туугандар менен болгон байланыштарды жандантып, мунун баары мактоо, ыраазычылык билдирүү, даңктоо жана даңазалоо менен коштолот, ошондо Айт майрамынын шааниси акылыбызда сакталып калат, ошондой эле Мээримдүү жана Кечиримдүү Аллахтын бизге убада кылган ырайымы жана кечирими үчүн кубаныч жана бакыт сезими пайда болот.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 13– зулхижжа.
2026-ж, 31-май.
