Басма сөз

Коштошуу аземи

Коштошуу аземи

Даъватты көтөрүп чыккан бир тууганыбыз Бекназаров Эдилдин дүйнөдөн кайтканын өкүнүү менен кабарлайбыз.

Бекназаров Эдил Байышович Кыргызстандын Талас облусунда 1977-жылы туулган. Бурадарыбыз ушул жылдын 30-июлунда оор сыркоонун артынан убактылуу сыноо дүйнө менен кош айтышып, Аллах Таалага кайтты. Бул кабарды жеткирүү канчалык оор болсо да Аллахтын тагдырына ыйман келтирип, Анын казасына ыраазы болгон сөздү айтуу менен чектелебиз:

إِنَّا لِلَّٰهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

“Албетте биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте Анын Өзүнө гана кайтуучубуз” [Бакара 156].

Бир тууганыбыз 20 жылдан ашык убакыттан бери Ислам динин түшүнүп, аны жашоосунда колдонуп, даават жүгүн көтөрүп жүрүү менен алектенди. Ушул жыйырма жыл бою Эдил бир тууганыбыз Аллах улук дегени үчүн, тагыраагы, динибизди жашоо түзүмү катары көтөрүп чыкканы үчүн экстремисттик дооматтарга кабылды. А бирок, капиталисттердин кызматчыларына айланган түзүм бул жыйырма жыл аралыгында өз дооматтарын далилдей алышпады.

Анткени, элибиз Эдил бир тууганыбыздын жакшы жактарын, туура көрсөтмөлөрүн, Пайгамбарыбыз көрсөткөн жолго чакырган дааватына гана күбө болду. Бурадарыбыздын элеси эр жүрөк, жакшылык үстүндө жарышуучу, жамандыктан кайтарууда жаманатты кылуучулардын жамандыгынан коркпогон мүнөзү, ошол эле учурда тамашакөйлүгү менен эсте калды.

Биз Хизб-ут-Тахрир Кыргызстандын атынан Эдил бир тууганыбыздын жакындарына, үй-бүлө мүчөлөрүнө чын көңүлдөн сабыр тилеп, даъватты көтөрүп чыккан бардык боордошторубузга көңүл айтабыз. Аллах Тааладан бурадарыбызды Өзүнүн кең рахматына алышын, ыраазылыгын жана кечиримин жаадырышын о.э. бейиштин кең бакчаларында пайгамбарларга, сыддыктарга, шахиддерге жана салихтерге шерик кылышын сурайбыз. Аларга жолдош болуу кандай гана чоң бакыт!

Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button