Кыргызстан үчүн Кытай инвестицияларынын тобокелдиктери

Кыргызстан үчүн Кытай инвестицияларынын тобокелдиктери
КытайКыргызстандагыкүнжана шамал электрстанцияларынынкурулушуна 1 миллиард долларгачейин инвестиция салуугадаяр. Бултууралуу “China Energy Engineering Investment” компаниясынынделегациясымененжолугушуунунжыйынтыгындаИнвестицияларбоюнчаулуттукагенттиктенбилдиришти.
Бул сүйлөшүүлөр тууралуу жаңылык стратегиялык секторду өнүктүрүүдөгү позитивдүү кадам катары көрсөтүлүүдө. Кеп жөн эле ири инвестиция эмес, кайра жаралуучу энергия тармагындагы кредиттик схема жөнүндө болуп жатат жана ал Кыргызстандагы электр энергиясынын салттуу тартыштыгын чечүүнүн жолу катары көрсөтүлүүдө. Бирок, стратегиялык көз караш менен алганда, мындай долбоор расмий билдирүүлөрдө айтылгандай позитивдүү эмес, алда канча этият баа берүүнү талап кылат.
Негизги маселе, “карыз тузагы” менен белгилүү болгон кытай капиталынын катышуусунда гана эмес. Аны менен түзүлгөн келишимдердин шарттарына байланыштуу. “Бир алкак бир жол” (Belt and Road Initiative) демилгесинин алкагында мындай бүтүмдөр кабыл алуучу тараптын инвесторго узак мөөнөттүү каржылык жана оперативдик көз карандылыгын шарттайт. Кыргызстандын ички ресурстары чектелүү экенин эске алсак, каржылоо – мамлекеттик кепилдиктердин негизиндеги насыялар же чет элдик компаниянын генерациялык объекттерге ондогон жылга көзөмөл жүргүзүүсүнө жол ачкан моделдер аркылуу түзүлүшү толук ыктымал.
Мындай болсо, негизги стратегиялык тармактардын бири болгон энергетика, жарым-жартылай тышкы башкаруу алкагына өтүп кетүү коркунучуна туш болот. Активдер расмий түрдө өлкө ичинде калса да, таасир этүүнүн чыныгы куралдары, тагыраагы, эксплуатациялоо, тейлөө, жабдууларды жеткирүү жана башкаруунун санариптик системаларын көзөмөлдөө инвестордун колунда калат. Кайра жаралуучу энергия тармагы үчүн бул өзгөчө сезимтал маселе. Анткени ал технологиялык жактан импортко көз каранды. Андыктан, мындай кырдаал, жабдууларды жеткирүүчү тарапка болгон узак мөөнөттүү көз карандылыкты пайда кылат.
Башка инвестор, же башка тарифтер жана электр энергиясын сатып алуу мындан айырмаланган шартта болгон күндө да, маселе өзгөрбөйт. Эгерде катаал, узак мөөнөттүү келишимдер түзүлө турган болсо, мамлекет ички экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүнө карабастан, электр энергиясын белгиленген же валютага байланган баалар менен сатып алууга милдеттүү болуп калат. Мындай сценарий бир катар өлкөлөрдө тарифтик жүктүн өсүшүнө жана энергетикалык саясаттын ийкемдүүлүгүнүн чектелишине алып келген. Буга мисал:
Пакистанда CPEC (Кытай-Пакистан экономикалык коридору) алкагындагы энергетикалык долбоорлор тышкы карыздын өсүшүнө жана кытайлык компанияларга белгиленген төлөмдөр боюнча милдеттенмелердин көбөйүшүнө алып келген. Натыйжада, бюджетке басым жасалып, электр энергиясына тарифтер көтөрүлгөн.
Замбияда кытайлык кредиторлордун алдындагы карыздардан улам, энергетикалык активдердин (анын ичинде ZESCO мамлекеттик компаниясынын) көзөмөлү, инвестордун башкаруусуна өтүп кетүү тобокелдигине туш болгон. Бул өлкө ичинде олуттуу саясий талаш-тартыштарды жараткан.
Казакстанда дагы айрым биргелешкен долбоорлор калктын нааразычылыгы менен коштолгон. Экономикалык көз карандылыктан чочулоо жана жергиликтүү бизнестин, кадрлардын долбоорлорго катышуусунун аз болушу буга негиз болгон.
Жыйынтыктап айтканда, бардык учурларда – карыздык жүктүн өсүшү, келишимдеги катаал милдеттенмелер, активдердин үстүнөн көзөмөлдүн чектелиши жана стратегиялык чечимдерге тышкы таасирдин күчөшү сыяктуу бир топ кооп-коркунуч кайталанууда. Геосаясат, бул маселенин дагы бир өзүнчө өңүтү болуп саналат. Кытайдын Кыргызстандын инфраструктуралык секторлорундагы таасиринин күчөшү, анын экономикада гана эмес, стратегиялык чечимдерди кабыл алуудагы таасирин дагы кеңейтет. Энергетика өнөр жайдын жана социалдык туруктуулуктун негизи экенин эске салсак, мындай көз карандылык, убакыттын өтүшү менен саясий алсыздыктын факторуна айланат.
Мындай инвестициялардын өзү негизиги коркунуч катары саналбаса да, алар чакан жана алсыз мамлекеттердин сүйлөшүү позициялары начар болгондуктан кооптуу. Ошондой эле, көзөмөл локализация жана тажрыйба алмашууну камсыз кылган адилеттүү жана так шарттар жок болгондо коркунучка айланат. Мындай шартта, Кыргызстан жөн гана жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарга ээ болбостон, башка көйгөйгө туш болууда. Тагыраагы, анын негизги инфраструктурасы тышкы ресурстардын эсебинен өнүгүп, бирок өлкө сырттан башкарылуу коркунучунда турат.
Демек, бул жердеги негизги маселе инвестициянын көлөмүндө же технологияда эмес, кеп 10–20 жылдан кийин бул долбоордун түшүмүн ким жана кандай шарттарда көзөмөлдөй тургандыгында. Дал ушул нерсе, энергетикалык туруктуулуктун чыңдалышын, же тескерисинче, Кытайдын баскынчы саясатына болгон көз карандылыктын күчөшүн аныктайт.
Латыфул Расых




