Комментарий

Кыргыз бийлиги калкты шаан-шөкөт менен алаксытууда 

Кыргыз бийлиги калкты шаан-шөкөт менен алаксытууда 

11-12-сентябрда, Талас шаарында Кыргызстандын Эгемендик күнүнүн 35 жылдыгы расмий белгиленүүдө. Ага бир катар дүйнө жылдыздары чакыртылып, калктын каражаты ысырап кылынып, чет элдик артисттерге чачылууда. Мунун алдында Кыргызстан “Көчмөндөр оюндарын” уюштуруп, миллиондогон долларлык каражаттар улутчулдук урааны астында коротулган. Бул иш-чаралар үчүн да чет элдик жылдыздар чакырылган эле. Расмий бийлик мындай шаан-шөкөттү азырынча токтотуу ниети жоктой. Анткени, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси октябрь айында “Бишкек Аренанын” расмий ачылышына да дүйнөлүк жылдыздар катышарын жар салды.

Алгач мындай иш-чаралар үчүн келип жаткан чет элдик артисттер миллиондогон долларлык гонорар алышарын, бул каражаттар айланып келип калктын чөнтөгүнөн төлөнөрүн эстен чыгарбоо керек. Айрыкча, калктын сатып алуу жөндөмү төмөндөп, карапайым калк күнүмдүк турмушта колдонуучу азык-түлүктөр кескин кымбаттап жаткан учурда бул абдан маанилүү. Башкача айтканда, бир жыл мурда миң сомго алган азык-түлүк себетин бүгүн ал баага сатып ала албайсың. Муну менен катар турак-жай жана ижара акылар да тынымсыз өсүп жатат. Баалардын орточо жылдык өсүшү 25-30 пайызга жетти. Бул кымбаттоолордун каршысында айлык, пенсиялардын жогорулашы кумга сиңгендей эле таасир калтырууда. Буга күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлүшү какаганга муштагандай болду. Анткени, өлкө күйүүчү майды дээрлик толугу менен сырттан ташып келет. Ошондой эле, өлкөдө керектелүүчү товарлардын 70 пайызга жакыны сырттан ташылып келинет. Бул болсо эл аралык базарлардагы баалардын өзгөрүшү жергиликтүү бааларга түздөн-түз таасирин тийгизишин билдирет.

Мындан да маанилүүсү бул шаан-шөкөттөр январь айында өтө турган президенттик шайлоону утурлай өткөрүлүп жатканын эске алуу керек. Анткени, мындай массалык иш-чаралар аркылуу учурдагы президентке кыйыр түрдө үгүт жүргүзүлүп, атаандаштарын айыптоого майдан түзүлүп берилүүдө.

Демек, калктын каражатын чет элдик артисттерге сапыруу менен бийлик шайлоо алдында элдин колдоосуна, айрыкча шайлоого катышпай келген жаштардын колдоосуна ээ болууну максат кылууда.

Түпкүлүгүндө, элдин мүлкүн арамга сарптоого шариятта катуу тыюу салынган. Айрыкча, карапайым калк күнүмдүк турмушун оор өткөрүп жаткан чакта мындай ысырапчылыкка баруу таптакыр мүмкүн эмес. Андыктан, кыргыз коомчулугу элдин мүлкү мындай шаан-шөкөттөр үчүн сарпталышына катуу каршы турушу керек! Мындай жамандыктан кайтаруу ар бир мусулмандын милдети!

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button