
Кыргыз бийлиги ШКУ саммити алдында провакациялык аракеттерин күчөтүүдө
Үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Кыргызстан борбору Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет жетекчилеринин 25-саммити башталат. Бул уюм төрт коркунучка каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн. Алар: терроризм, экстремизм, сепаратизм жана баңги соодасы.
Уюм түзүлгөн жылдардан бери терроризм, экстремизм шылтоосу менен мусулмандарды бутага алып келет. Ал эми, сепаратизм шылтоосу астында Кытайда уйгур жана башка мусулмандар куугунтукталат.
Кыргыз бийлиги кезектеги саммитти өткөрүүчү тарап катары өзүнүн милдеттенмесин эртелеп аткарууга киришкендей. Атап айтканда, экстремизм, терроризм шылтоосу менен дааватчыларды камакка алуу, маски шоуларды уюштуруу аракетин күчөттү. Алгач, Ош жана Баткен облустарында атайын операция өткөрүлүп, 31 жаран терроризм менен айыпталып кармалганы тууралуу расмий кабарланды.
Андан көп өтпөй эле Бишкек шаарында бир катар дааватчы жигиттердин, муслима эже-карындаштарыбыздын үйлөрүндө жосунсуз тинтүүлөр жүргүзүлдү. Маселен, 2026-жылдын 12-июнунда таңкы саат 6:00 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери дааватчы үй-бүлөнүн тынчын алып, алдоо жолу менен эшикти ачтырышкан. Тактап айтканда, үй ээсинин унаасын сүзүп алганын айтып, сыртка чакырышкан. Натыйжада, сыртка чыккан Эсенбаева Майрамкан карындашыбызды жарандык кийимчен күч кызматкерлер курчап алып, үйгө киришкен.
Алар кылмышкер каракчылардай үйгө кирген соң, бардык бөлмөлөрдү тинтип чыгышкан. Тинтүү учурунда кош бойлуу карындашыбыздын төрөткө даярдап койгон буюмдары дагы чачылып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн нааразычылыгы эске алынган эмес. Кызматкерлер үйдөн мыйзамга каршы келе турган эч кандай буюм же материал табышпаган соң уюлдук телефондорун, ошондой эле үйдөгү байкоо камерасынын маалымат сактагычын алып кетишкен.
Окуянын натыйжасында кош бойлуу карындашыбыз катуу стресс абалына түшүп, кан басымы көтөрүлгөн. Дары ичүүгө уруксат берүү да кечиктирилген. Кийинчерээк анын ден соолугу начарлап, шишик пайда болгондуктан, кесарево жолу менен төрөдү. Буга чейнки ден соолугу врачтардын айтымында жакшы болгон.
Бул акылсыз кызматкерлер мазлумдун дубасы пардасыз кабыл болушун унутушкандай. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Зулумдук көргөн адамдын каргышынан (дубасынан) сактан! Анткени ал менен Аллахтын ортосунда эч кандай парда (тоскоолдук) жок» (Сахих Бухари, Сахих Муслим).
Мындан үч күн мурда болсо Ленин районунун кызматкерлери дагы бир дааватчы жигиттерибиздин үйүнө терезесин сындырып киришкен. Үйдүн ээси жок болгонуна карабастан, аялы, кыздарына зулумдук көрсөтүү менен үй тинтилген. Үйдөн эч нерсе таба албаганда, ач иттердей жулкунган кызматкерлер бурадарыбыздын 16 жаштагы кызын бутка тээп, колун кайрып, дубалга сүздүрүү менен телефонун күч менен тартып алышкан. Атасы кыздын мээси чайкалганын билдирди.
Мындан тышкары, бир катар дааватчы жигиттер суракка чакырылып, айрымдарына “экстремизм” беренеси менен иш козголгону белгилүү болду. Күч кызматкерлеринин аша чапкан тинтүү иштеринен көрүнүп тургандай, мындай аракеттер менен ШКУ саммити алдында колонизатор Кытай жана Орус жетекчилеринин ыраазылыгы көздөлүп жатышы мүмкүн. Анткени, жогорудан буйрук болмоюнча кыргыз милициясы ар-намысыбыз болгон муслима эже-карындаштарыбызга кызыл сызыкты тебелеп өтүп, зулумдук кыла албайт эле. Буга байланыштуу хадис кудсийде Аллах Таала айткан: «Оо, Менин пенделерим! Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана силердин араңарда да аны арам кылдым. Бири-бириңерге зулумдук кылбагыла!» (Сахих Муслим).
Бул иштердин артынан расмий бийлик мусулмандардын атынан жардыруу сыяктуу сенсациялык иштерди жасашы да мүмкүн. Анткени, мындай окуялар буга чейин да Кремлдин колу менен жасалып келген.
Буга кошумча, мындай провокациялык аракеттер өлкөнүн ички саясатында чыңалууну күчөшүнөн, күн сайын өсүп жаткан кымбатчылыктан жана бир катар көйгөйлөрдөн калктын көңүлүн буруу үчүн да маанилүү.
Жыйынтыктап айтканда, кыргыз коому өлкөдө ар бир саммит алдында мусулмандар кысым-кыйноолорго алынышына жол бербеши керек. Бул зулумдуктар бийликтин буйругу мененби же бөрк ал десе баш алган аткаруучулардын ишиби мусулмандар абалга туура баа берип, заалимдин зулумдугун кол менен же тил менен токтотуп калууга салым кошуп калуусу зарыл!
Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: “Жаным колунда болгон Затка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарасыңар. Болбосо Аллах өз алдынан силерге азап жиберет. Ошондо Ага дуба кыласыңар, бирок дубаңар кабыл болбойт” (Тирмизий риваят кылган жана аны хасан сахих деп айткан).
Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү
18.06.16




