Кытай Франциядагы «Чоң жети» саммитиндеги көрүнбөгөн, бирок негизги катышуучу болду

Кытай Франциядагы «Чоң жети» саммитиндеги көрүнбөгөн, бирок негизги катышуучу болду
2026-жылдын 15-июнунан тартып үч күн бою Францияда «Чоң жети» (G7) өлкөлөрүнүн лидерлери чогулганда, үстөлдүн айланасында Кытай үчүн орун жок эле. Бирок Кытай жыйын өткөн залдын ар бир бурчунда, талкууланган дээрлик ар бир маселеде жана Батыш лидерлери саммитке алып келген тынчсыздануулардын көбүндө орун алды.
Бул жолу абал мурдагыдан кыйла башкача көрүндү. Өткөн кылымдын 70-жылдарында ири өнөр жай экономикаларынын клубу жана Батыш капиталисттик системасынын сакчысы катары түзүлгөн G7 уюму өзүнө мүчө болбогон мамлекетти талкуулоого аргасыз болду. Бул өлкө ушунчалык чоңоюп кеткендиктен, аны тоготпой коюу мүмкүн эмес жана жөн гана атаандаш катары кароого да болбой калган. Бул өзгөрүүнү эң жакшы көрсөткөн көрүнүштөрдүн бири Франциянын президенти Макрондун 2026-жылдын 11-июнунда, башкача айтканда саммит башталардан бир нече күн мурда уюштурган онлайн жолугушуусу болду. Ага Америка, Кытай, Европа, эл аралык каржы институттары, анын ичинен Эл аралык Валюта Фонду жана чакырылган бир катар мамлекеттер катышты. Бул жөн гана протоколдук жолугушуу эмес эле. Тескерисинче, дүйнөлүк түзүлүш ушундай баскычка жеткендигин жана анын тең салмагын Кытайсыз жөнгө салуу мүмкүн болбой калганын саясий жана экономикалык жактан моюнга алуу болду.
Макрон «чектеп туруу керек болгон кытай көйгөйү» жөнүндө эмес, Европа, Америка жана Кытайдын шашылыш аракеттерин координациялоону талап кылган «дүйнөлүк тең салмаксыздык» тууралуу сөз кылды. Андан да маанилүүсү, ал мындай координация болбосо, дүйнөлүк туруктуулукка коркунуч туудура турган «катаал экономикалык жана каржылык өзгөрүүлөргө» алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Бул сөздөрдүн өзөгүндө көзгө даана уруна турган бир чындык жатат: алсырап бара жаткан Батыш дүйнөлүк экономиканы эми жалгыз өзү башкара албай калганын моюнга алууда.
Ондогон жылдар бою «Чоң жетилик» дүйнөлүк экономикалык оюндун эрежелерин өзү белгилеп, андан кийин башкалардан ошол эрежелерди сактоону талап кылып келген. Ал эми бүгүн болсо анын эң көрүнүктүү лидерлеринин бири Кытайды Батыш өзү бир кезде түзгөн тең салмакты кайрадан калыптандырууга катышууга чакырып жатат. Ушул эки көрүнүштүн ортосунда дүйнөлүк капиталисттик түзүлүш башынан өткөрүп жаткан чоң өзгөрүүнүн тарыхы камтылган.
Мындан кырк жыл мурда дүйнөлүк экономиканын четинде турган өнүгүп келе жаткан экономика болгон Кытай бүгүн дүйнөнүн өндүрүш борборуна, эл аралык камсыздоо чынжырларынын негизги түйүнүнө, ондогон мамлекеттердин эң ири соода өнөктөшүнө жана жакынкы убакка чейин Батыштын гана үстөмдүгүндө болуп келген тармактарда аны менен атаандашкан технологиялык державага айланды. Ошондуктан бүгүн Батыш үчүн маселе Кытай экономикасынын көлөмүндө гана эмес, анын өсүү ылдамдыгы менен өнүгүү багытында болуп жатат.
Европалыктар ондогон жылдар бою Кытайды ири рынок жана арзан жумушчу күчүнүн булагы катары кубаттап келишкен. Бирок эми алар дүйнөлүк капиталисттик экономикага интеграцияланышына өздөрү жардам берген бул ири өлкө алардын өнөр жай жана технологиялык үстөмдүгүнө коркунуч туудурган стратегиялык атаандашка айланганын түшүнө баштады. Ошондуктан Европада кытайлык электр унаалары, «жашыл» өнөр жай, электрондук микрочиптер жана Азиядан келген жеткирүү чынжырларына ашыкча көз карандылык тууралуу талкуулардын күчөшүн түшүнүүгө болот. Бирок Батышты Кытайдын экспортунан да көбүрөөк тынчсыздандырган нерсе анын таасиринин өсүшү болуп жатат.
Канаданын MEIGS институту тарабынан «Чоң жетиликтин» лидерлери Франциянын Эвиан шаарында жолугардан бир нече күн мурда жарыяланган баяндамада Бээжин G7 өлкөлөрүнүн мейкиндигине экономикалык, академиялык, технологиялык жана маданий ар кыл инструменттер аркылуу узак мөөнөттүү кирүү стратегиясын жүргүзүп жатканы белгиленген. Баяндамада бул стратегия «системалуу, өзгөрүп турган шарттарга ыңгайлаша алган жана терең тамыр жайган» стратегия катары сыпатталган. Дал ушул жагдай тууралуу Франция “France 24“ телеканалы аркылуу аталган баяндаманын мазмунун чагылдыруу менен эскертүү жасады.
Бул көз карашка ылайык, Кытай Батыш менен түздөн-түз тирешүүгө эмес, анын экономикалык, илимий жана соода түзүмдөрүнө акырындык менен тереңдеп кирүүгө таянууда. Бул болсо кийин аны ооздуктоо кыйын боло турган туруктуу таасирди калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Бул стратегия маанилүү инфраструктураларга инвестиция салууну, университеттердеги жана илимий-изилдөө борборлорундагы катышуусун кеңейтүүнү, соода байланыштарын жана жеткирүү чынжырларын тереңдетүүнү, ошондой эле өз ара көз карандылыкты күчөтүүнү камтыйт. Натыйжада Батыш мамлекеттери өз экономикаларын Кытай экономикасынан чоң чыгымдарсыз ажырата албай турган абалга келип калууда.
Башкача айтканда, «Чоң жетилик» Кытайды өзүнөн тышкаркы оюнчу катары карап турган маалда, Кытай ошол эле топ өкүлчүлүк кылган экономикалык мейкиндиктин ичинде өзүнүн катышуусун акырындык менен бекемдеп жаткан. Кызыгы, Кытайдын мындай кеңейиши Батыштын эл аралык түзүлүшкө өз эркин таңуулоо мүмкүнчүлүгү салыштырмалуу алсырап жаткан мезгилге туш келүүдө.
Украинадагы согуш Батыштын саясий жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн олуттуу бөлүгүн сарптады. Ал эми Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшү жана Иран менен анын аймактагы союздаштарына каршы жүрүп жаткан ачык согуш Америка таасиринин жана бир эле учурда бир нече кризисти башкаруу мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин көрсөттү. Анткени жакынкы убакка чейин анын негизги көңүлү аскердик кемелеринин, учактарынын жана согуштук флотунун кыймылдарына бурулуп турган.
Мындан тышкары, Батыш лагериндеги ички ажырымдар мурдагыдан да ачык байкала баштады. Айрыкча Трамп Канаданы жана Гренландияны Америка Кошмо Штаттарынын бөлүктөрү катары көрсөткөн картаны жарыялагандан кийин, ошондой эле америкалык аскерлер Германиядан чыгарылгандан соң, НАТОдогу союздаштардын ортосундагы жарака дагы тереңдей түштү.
Мунун фонунда Кытай өз таасирин башкача ыкма менен кеңейтүүнү улантууда. Ал тышкы согуштарды жүргүзбөйт жана Америка сыяктуу кеңири масштабда аскердик базаларды жайгаштырбайт. Тескерисинче, экономикага, соодага, инвестицияларга жана дипломатияга өзүнүн таасир аймагын кеңейтүүнүн негизги куралдары катары таянууда. Ошондуктан бүгүн ал мурда Батыш державаларынын гана үстөмдүгүндө болуп келген маселелерде негизги оюнчуга айланууга мүмкүнчүлүк алган абалда. Буга Иран маселеси ачык мисал болуп саналат.
Кытай Ирандын эң ири соода өнөктөшү гана эмес, ошондой эле Араб булуңундагы мамлекеттер менен да бекем байланыштарды сактап келет. Мындан тышкары, анын ар түрдүү эл аралык күчтөр менен ачык байланыш каналдары бар. Ушундай өзгөчө абал Кытайга дипломатиялык ролун барган сайын күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Айрыкча аймактагы кризистер татаалдашып, Батыштын салттуу куралдарынын натыйжалуулугу төмөндөгөн сайын бул ролдун мааниси дагы өсүшү мүмкүн.
Келечекте ири державалар Иранга байланыштуу, айрыкча анын өзөктүк программасына тиешелүү жаңы коопсуздук же экономикалык келишимдерди түзүүдө Кытайдын ортомчулугуна же анын катышуусуна муктаж болуп калышы да четке кагылбайт.
Балким эң чоң парадокс дүйнөлүк экономикалык тең салмактын бузулуу маселеси болуп саналат. «Чоң жетилик» аны күн тартибинин эң башкы маселеси катары кароону талап кылганы менен, бул маселе Франциядагы саммиттин аякташы менен жабылбайт. Ал жыл аягында Америкада өтө турган «Чоң жыйырмалыктын» (G20) саммитине көчүп өткөрүлөт. Бул жолу Кытай үстөлдүн сыртында эмес, анын башында отурат. Ушул эле чындык эл аралык түзүлүштө болуп жаткан өзгөрүүнүн масштабын көрсөтүп турат. Анткени ондогон жылдар бою дүйнөлүк экономиканы өздөрүнүн институттары жана альянстары аркылуу башкарып келген Батыш державалары бүгүн дүйнөлүк экономиканы кайра тең салмакка келтирүү же анын ири көйгөйлөрүн оңдоо аракеттери Кытайдын катышуусусуз ийгиликке жетпей турганын моюнга алууга аргасыз болууда.
Кытай жок кезде аны талкуулаган «Чоң жетиликтин» саммити менен ошол эле маселелер Кытайдын катышуусунда талкуулана турган «Чоң жыйырмалык» саммитинин ортосунда дүйнөнүн тездик менен өзгөрүп жаткан элеси көрүнөт. Бул дүйнөдө Кытай эми жөн гана өзүнө күн алдында орун издеген өсүп келе жаткан күч эмес, тескерисинче, дүйнөлүк экономикалык жана саясий тең салмактын олуттуу бөлүгү анын айланасында калыптана баштаган эл аралык державага айланды. Ошондуктан «Чоң жетилик» саммитинде чыныгы жеңилген тарап Кытай эмес, дүйнөнү жалгыз өзү башкара алган Батыштын доору аяктап жатканы болду.
Батыштын жалгыз үстөмдүк кылган доорунун акырындап аяктап, анын ордуна көп уюлдуу эл аралык түзүлүш калыптанып жаткан учурда, Ислам үммөтү сейрек кездешүүчү тарыхый бурулуштун алдында турат. Маселе Кытайдын көтөрүлүшүндө же Батыштын салыштырмалуу алсырашында эмес. Негизги маселе ушул өзгөрүүлөрдүн колониялык үстөмдүк жана көз карандылык мурасынан кутулууга, Батышка болгон көз карандылыкты үзүүгө жана өзүнүн адамдык жана экономикалык ресурстарына, шарияттагы мыйзамдар системасына, акыйдасына жана хазарий баалуулуктарына таянган көз карандысыз исламий хазарий долбоорду курууга кандай мүмкүнчүлүк түзүп берип жатканында.
Эгер улуу элдер тарыхтагы чоң өзгөрүүлөрдүн учурларын туура пайдалана билүүсү менен айырмаланса, анда азыркы учур тарых эшиги эки ирет ачылбаган ошондой сейрек учурлардын бири болушу мүмкүн.
﴿وَتِلْكَ الْأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ﴾
“Биз бул күндөрдү (жеңүү жана жеңилүү күндөрүн) адамдар арасында айландырып турабыз. Алла залим кишилерди жакшы көрбөйт”. (Али Имран: 140).
Роя гезити
Инженер Висам аль-Атраш




