Басма сөз

Мусулман армияларындагы Кутайба ибн Муслимдин урпактары Чыгыш Түркстандагы уйгур мусулмандарына Кытайдын башкаруучусу тарабынан жасалып жаткан үрөй учурган куугунтукка чекит коюшсун!

Басма сөз баянаты

Мусулман армияларындагы Кутайба ибн Муслимдин урпактары Чыгыш Түркстандагы уйгур мусулмандарына Кытайдын башкаруучусу тарабынан жасалып жаткан үрөй учурган куугунтукка чекит коюшсун!

Кытайдын адам укуктарын бузушун айыптаган маалыматтык кабарлар күчөп турган учурда, «Уйгур Таймс» гезити мындай деп жазды: «Президент Трамп 2026-жылдын 24-сентябрында Эндрюс биргелешкен базасында Си Цзиньпинди жеке өзү тосуп алары кабарланды… Си Цзиньпин Кытай өкмөтүнүн уйгурларга каршы системалуу жүргүзүп жаткан куугунтугу үчүн жоопкерчилик тартат».

Америка Кытайдын уйгур мусулмандарын куугунтуктоосуна карата ачык сын-пикирлерге жол берип, а түгүл аларды колдошу да күтүлөт. Муну Кытайдын жетекчисин Америкага болгон сапарынын алдында ыңгайсыз абалга калтыруу максатында кылат. Бирок Америка муну өзүнүн мусулмандарга карата куугунтугу Кытайдыкынан да ашып турган учурда жасап жатат. Ал эми Кытайдын залимдеринин Чыгыш Түркстандагы Исламга каршы согушу азыркы Кытай-Америка тирешинен ондогон, а түгүл жүздөгөн жылдар мурда башталган.

Эй, мусулмандар! Чыгыш Түркстан — биздин жерибиз жана биздин маселебиз. Ал — Халифалык доорунда фатх кылынып, гүлдөп-өнүккөн Ислам жери. Умавий Халифалыгынын аскерлери Кутайба ибн Муслимдин жетекчилиги астында чыгышты көздөй илгерилеп, Чыгыш Түркстандын борбору Кашкарга чейин жетип, аны хижрий 95-жылы фатх кылышкан. Хижрий 232-жылы, Умавий доорунун аягы менен Аббасий доорунун баш ченинде Караханийлер династиясынын негиздөөчүсү Сатук Бура хан Исламды кабыл алган. Андан соң анын уулдары жана мамлекеттин жогорку даражалуу кызматкерлери да Исламды кабыл алышкан. Ошол күндөн тартып Ислам бүткүл аймакка жайылган. Курани Карим которулуп, ибадатканалардын ордуна мечиттер курулуп, бир гана Кашкар шаарында үч жүз мечит салынган. Ошентип, Аллах Субханаху ва Таала Чыгыш Түркстанга жана анын элине Ислам нематын тартуулаган.

Эй, Ислам үммөтү! Кытай башкаруучуларынын Исламга болгон душмандыгы кылымдардан бери уланып келет. Халифалыктын үстөмдүгү алсырай баштаганда, алардын зулумдугу ого бетер күчөдү. 1759-жылы Түркстан мусулмандары менен Кытайдын манжур башкаруучуларынын ортосунда кандуу салгылашуулар болуп, анда бир миллиондон ашуун мусулман шахид болгон. Андан кийин манжур башкаруучулары 1862-жылга чейин Чыгыш Түркстанды өз көзөмөлүндө кармап турушту. Бул мезгил Чыгыш Түркстан элинин манжур баскынчылыгына каршы катуу каршылыгы менен өзгөчөлөндү. 1863-жылдагы акыркы кагылышууда мусулмандар манжур башкаруучуларын кууп чыгууга жетишти. Бирок 1876-жылы Кытайдын ири аскерлери аны кайрадан басып алууга жетишти. Ошол күндөн тартып Чыгыш Түркстан «Шинжаң» деп аталып калды. Бул сөз кытай тилинде «жаңы чек ара» дегенди билдирет. 1884-жылдын 18-ноябрында ал расмий түрдө Манжур империясына кошулду.

Эй, Ислам үммөтү! Биздин боордошторубуз Кытайдагы Коммунисттик партиянын зулумдугуна ондогон жылдар бою каршылык көрсөтүп келишти. Кытайдын коммунисттик өкмөтү бийликке келгенден кийин Чыгыш Түркстандын эли өздөрүн Кытай баскынчылыгынан бошотууга аракет кылышты. Алар бир нече жолу көтөрүлүш уюштуруп, эки жолу ийгиликке жетишти: биринчиси 1933-жылы, экинчиси 1944-жылы. Бирок Кытай 1949-жылы Чыгыш Түркстанды басып алып, үрөй учурган кыргындар аркылуу өзүнүн коммунисттик бийлигин орнотту. Аймак 450 мажбурлап иштетүү лагерге бөлүнүп, ал жерде калктын 98 пайызын түзгөн мусулман жумушчулар менен дыйкандар мажбурлап иштетилди жана алардын көбү ошол лагерлерде каза болушту. Кытай «Ислам дини — опиум» деген ураанды көтөрүп, 28 миң мечитти жана 18 миң исламий мектепти жапты, 730 миң диний китепти жана исламий кол жазманы өрттөдү. Ошондой эле 1964-жылдын 6-октябрынан 1996-жылдын 29-июлуна чейинки мезгилде Чыгыш Түркстандын чөлүндөгү Лобнор ядролук сыноо полигонунда 45 ядролук сыноо өткөрдү. Мунун натыйжасында ядролук радиация анын көпчүлүк аймактарына тарап, адамдар өлүмгө алып келүүчү рак ооруларына чалдыгышты. Ошого карабастан, мусулмандар 1949–1968-жылдар аралыгында коммунисттерге каршы 45 жолу көтөрүлүш чыгарышты. Бирок коммунисттерге каршылык көрсөткөндүгү үчүн 360 миңдей мусулман өлүм жазасына тартылды.

Эй, мусулмандар! Силердин акимдериңер Чыгыш Түркстан мусулмандарына жардам беришпейт. Тескерисинче, алар Кытайдын экономикалык колонизаторлугун Американын экономикалык колонизаторлугу менен катар биздин өлкөлөрдө бекемдөөгө шарт түзүү үчүн Си Цзиньпиндин жана ал жетектеген залим Коммунисттик партиянын кылмыштарын жашырып жатышат. Алар силердин базарларыңарды жана ресурстарыңарды кытайлык компанияларга ачып беришти жана Кытай банктарынан оор сүткордук насыяларды алышты. Андан да жаманы, алардын айрымдары коопсуздук издеп өз өлкөлөрүнө качып келген уйгур мусулмандарын куугунтуктоодо Кытайга жардам берип жатышат. Алар муну Ислам үммөтү дүйнөдөгү эң ири мунай запастарын жана Кытайдын мунай ташуучу танкерлери өтүүгө тийиш болгон кысыктарды көзөмөлдөө аркылуу Кытай өнөр жайынын күрөө тамырын кармап турганына карабастан жасап жатышат. Ошондой эле Индонезия, Бангладеш, Пакистан, Түркия жана Египеттин деңиз күчтөрү муунткан деңиз блокадасын орнотууга кудуреттүү, ал эми Бангладеш, Пакистан, Афганистан жана Ирандын армиялары Кытайдын кургактыктагы күрөө тамырларын кесүүгө кудуреттүү.

Эй, мусулмандар! Биздин калканыбыз болгон Халифалыктын кайтып келиши гана Кытайды силерге жана Исламга каршы согушун токтотууга мажбурлайт. Ошондо Кытайдын башкаруучулары аскер башчысы Кутайба ибн Муслимдин Батыш Түркстанда жасаган иштерин эстешет. Хижрий 87-жылы Кутайба Бухара аймагындагы Байкенд шаарында мусулмандарга каршы душмандыкка тукурууну токтотуу үчүн согушкан. Түшкө чейин Аллах Субханаху ва Таала мусулмандарга жеңиш тартуулаган.

Ибн Касир «Аль-Бидая ван-Нихая» китебинде мындай деп риваят кылган:

«Мусулмандарга каршы тукурган алардын арасындагы бир көздүү киши эле. Ал туткунга түшкөндө: “Мен өзүмдү баасы бир миллион болгон беш кытай кездемеси менен кун төлөп бошотуп алам”, — деди. Амирлер Кутайбага анын сунушун кабыл алууну кеңеш кылышты. Ошондо Кутайба: “Аллахка ант болсун, сенин айыңдан мындан ары бир да мусулманды коркунучка салбайм”, — деди да, анын башын алууга буйрук берди».

Андан кийин Кытайдын башкаруучулары Чыгыш Түркстанда Кутайбанын жасаган иштерин өз көздөрү менен көрүшөт. Ибн Касир Кутайбанын алардын ата-бабаларын кантип баш ийдиргенин да риваят кылып, мындай деген: «Андан соң Кутайба басып өтүшү үчүн өз жеринин топурагы салынган алтындан жасалган кенен табактарды жөнөтүүгө, моюндарына мөөр бастырыш үчүн өзүнүн уулдарынан жана падышалардын уулдарынан турган бир топ кишини жөнөтүүгө жана Кутайбанын антын аткарышы үчүн көп мал-мүлк жөнөтүүгө макулдашылды».

Эй, Ислам үммөтүнүн армиялары! Кафирлердин алдында алсыз болуп, ал эми өз үммөтүңөргө зомбулук кылган акимдерди кулаткыла. Аллах Субханаху ва Таала айтты:

﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾

“Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса жардам кылуу силердин мойнуңарда”. (Анфал: 72).

Халифалыкты орнотуп, халифаны дайындоо — силерге жүктөлгөн шаръий важиб. Ошондо силер мазлумдарга жардам берүү урматына ээ болосуңар. Ошондуктан Хизб ут-Тахрир Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты орнотуу үчүн силерден нусрат сурайт. Андыктан, эй, Кутайба ибн Муслимдин урпактары, бул чакырыкка жооп бергиле.

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

24.09.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button