Роя гезити
Олуттуулукка айыптоо жана нааразылык менен эмес, олуттуулук менен жооп берилет!

Олуттуулукка айыптоо жана нааразылык менен эмес, олуттуулук менен жооп берилет!
Түркия, Мисир, Сауд Арабиясы, Катар, Бириккен Араб Эмирлиги, Иордания, Индонезия жана Пакистандын Тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүүдө палестиналыктарды Газадан көчүрүүгө багытталган ар кандай аракеттерди четке кагышарын ырастап, яхудий түзүмүнүн «улуттук коопсуздук» деп аталган министри Бен-Гвир менен коргоо министри Кацтын көчүрүү тууралуу билдирүүлөрүн «эң катуу сөздөр менен» айыпташты. Адаттагыдай эле, мусулмандардын кызыкчылыктарына келгенде жазылган сыясына да арзыбаган эл аралык мекемелерге жана формалдуу мыйзамдарга маселени жүктөп коюуга аракет кылып, алар бул билдирүүлөр менен чагымчыл сунуштарды эл аралык укуктун принциптерин, анын ичинде эл аралык гуманитардык укукту одоно бузуу жана Палестина элинин мыйзамдуу, ажыратылгыс укуктарына түздөн-түз коркунуч деп эсептешти.
Аллахтын душманы Бен-Гвир Газа секторунун 1,86 миллион тургунун 7 жылдын ичинде көчүрүүгө негизделген, бул ишти аткарууга жооптуу атайын министрлик түзүүнү караган, даярдалып бүткөн жана ишке ашырууга даяр этникалык тазалоо планы жөнүндө айтып жаткан учурда, Кац да мындай план бар экенин моюнга алды. Бирок ал араб мамлекеттеринин Америка президенти Трампка көрсөткөн басымы жана ага сунуштаган инвестициялык сунуштары себептүү убактылуу токтотулганын билдирди. Мунун баарына каршы сегиз исламий өлкөнүн тышкы иштер министрлери айыптоо жана нааразылык билдирүү менен гана чектелишүүдө. Алар яхудий түзүмүнүн олуттуулугуна, ишке ашырууга даярдалган пландарына — муну анын жер үстүндө күн сайын жүргүзүп жаткан агрессивдүү аракеттери жана иштери да ырастап турат — айыптоо жана нааразылык сөздөрү менен жооп берип, олуттуулуктун таптакыр жок экенин көрсөтүшүүдө жана мусулмандардын көзүнө күл чачуу саясатын дагы бир жолу ырасташууда.
Ушуга байланыштуу Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү чыгарган басма сөз баянатында мындай деп айтылды: Палестинадагы элибизге каршы яхудийлердин агрессиясы жана жырткычтыгы күнүмдүк көрүнүшкө айланды; киши өлтүрүүлөр, жардыруулар, камоолор, басып кирүүлөр, отурукташуу жайларын кеңейтүү жана жаңыларын куруу. Муну менен катар Батыш Жээктин аймактарын бири-биринен бөлүп-жарып, анын тургундарын атүгүл бир үзүм наны жана күнүмдүк ырыскысынан да куру калтырып, алардын жашоосун тозокко айлантышты. Мунун максаты — аларды көчүп кетүүгө мажбурлоо. Ошондо Аллахтын душмандары болгон яхудийлердин «Палестина элинин 80%ы Палестинанын сыртында аларды кабыл ала турган тарап табылса, көчүп кетүүгө даяр» деген дооматы чындыкка айланмак!
Баянатта мындай деп айтылды: Ушундай агрессиянын, пландоонун жана аны ишке ашыруунун алдында мусулман акимдеринен жыйындардан, айыптоо жана нааразылык билдирүүлөрүнөн, ошондой эле маселени колонизаторлуктун жана ири мамлекеттердин тиреги болуп келген жана дагы деле ошондой бойдон калган Бириккен Улуттар Уюмунун койнуна жана эл аралык мыйзамдарга кайра тапшыруудан башка эч нерсе көрбөй жатабыз!
Баянатта төмөнкүлөр баса белгиленди: Палестина элине жардам берүү, аларды көчүрүү аракеттерине бөгөт коюу жана бүткүл Палестинаны бошотуу, эгер сегиз мамлекеттин баары же алардын айрымдары, атүгүл алардын бирөөсү гана муну чечкиндүү түрдө максат кылганда, жеңил жана мүмкүн иш болмок. Акимдер яхудийлер менен салгылашуудан кармап турган мусулмандардын армиялары мына ушуну аткарууга милдеттүү, бул үчүн жооптуу жана ага кудуреттүү. Үммөт бул чындыкты аңдап, аны ачык көрүп калды жана эми акимдердин театрлары менен алсыз позицияларына алданбайт.
Билдирүүнүн соңунда мындай деп айтылды: Акимдер Аллахтын чакырыгын жана Палестина элинин жардам сураган үнүн угуудан кулактарын бүтөп алышкан соң, үммөттүн армияларындагы ихластуу адамдардын Хизб ут-Тахрирге рошид Халифалыкты тикелөө үчүн нусрат берүүсүнөн башка жол калган жок. Анткени ал мусулмандарды бириктирип, Палестинаны азат кылат.
Аллах Таала айтты:
﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ وَلِيّاً وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ نَصِيراً﴾
«(Эй момундар), силерге эмне болду, Алла жолунда жана: «Раббибиз, бизди тургундары заалим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жибергин»,- деп жаткан эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечаралар (ды азат кылуу) жолунда согуш кылбай жатасыңар?!»
(Ниса: 75).
Роя гезити




