Демократиялык шайлоолор — адамдарды алаксытып, уктатуучукаражат

Демократиялык шайлоолор — адамдарды алаксытып, уктатуучукаражат
Мамлекет жана ага караштуу партиялар менен уюмдар адамдарды 2026-жылдын сентябрь айындагы парламенттик шайлоолорго катышууга үндөгөн өнөктүк жүргүзүп жатышат. Жалпысынан шайлоого катышуу адамдардын режимге болгон ишенимди жана жалпы эле түзүмдүн мыйзамдуулугуна карата көрсөткүч катары каралат. Ошондуктан түзүмдөр бул көрсөткүчтү жогору кармоого аракет кылышат. Муну менен алар өлкө ичиндегилерди да, сырттагыларды да түзүмдүн туруктуу жана бекем экенине, адамдардын каршылыгы кээде күчөп кетсе да, ал түзүмдүн негиздерине эмес, болгону айрым адамдарга же партияларга гана багытталганына ишендирүүнү көздөшөт. Араб өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндөгү шайлоого катышуу көрсөткүчтөрүнө көз салган адам бул көрсөткүчтөрдүн мезгил өткөн сайын төмөндөп жатканын ачык көрөт.
Мисалы, Мароккодо режим бул чындыкты жашыруу үчүн айла-амал кылып, анын таасирин азайтуу максатында эсептөө ыкмасын өзгөртүп көрсөтөт. Анда добуш берүүгө укугу бар, бирок башынан эле каттоодон өтпөгөндөр эсепке алынбастан, катышуу көрсөткүчү каттоодон өткөндөрдүн негизинде гана эсептелет. Мисалы, 2021-жылдагы шайлоодо добуш берүүгө укугу барлардын 69%ы каттоодон өткөн, ал эми 1991-жылы бул көрсөткүч 86% болгон. Демек, тиешелүү адамдардын үчтөн бири башынан эле каттоодон өтүүдөн баш тарткан. Эгер каттоодон өткөндөрдүн ичинен шайлоого катышкандардын үлүшү 50,35% болгонун эске алсак, анда иш жүзүндө добуш берүүгө укугу барлардын жалпы санынан шайлоого катышкандардын үлүшү:
50% × 69% = 34,5%.
Бул тиешелүү адамдардын үчтөн экиси шайлоо процессине катышпаганын билдирет. Эгер буга катышкандардын добуштарынын 13,6%ын түзгөн жараксыз деп табылган добуштарды да кошсок, анда эсепке алынган добуштардын үлүшү 30,1%дан ашкан эмес.
Ушул эле көрүнүш Алжирге да тиешелүү. Ал жерде добуш берүү курагындагы калктын ичинен жарактуу добуш бергендердин үлүшү 1991-жылы болжол менен 70,7% болсо, 2021-жылы болгону 16%га, ал эми 2026-жылдагы шайлоодо 17%га чейин төмөндөгөн.
Ал эми Тунисте абал андан да начар. Ал жерде шайлоого катышуу көрсөткүчү тездик менен төмөндөгөн: 2014-жылы 67,7% болсо, 2019-жылы 41,7%га, андан соң 2022-жылы 11,2%га чейин түшкөн.
Башкача айтканда, жалпы элдик маанай бул шайлоолорду тааныбайт жана аларды өзүнүн абалына таасир этүүчү нерсе катары эсептебейт. Ошондуктан эл аларга катышууга кызыкдар эмес. Ал эми адамдарды шайлоого катышууга үндөп, катышуудан баш тарткандарды жана бойкот кылгандарды айыптагандар өз көз карашын бир катар пикирлерге негиздешет. Алардын арасында төмөнкүлөр бар:
1. Шайлоого катышпоо — коомдук иштерден жана талап кылынган өзгөртүү иштеринен четтөө болуп саналат. Бул болсо адамдардын кызыкчылыктарына кам көргөн адамга жарашпайт.
2. Коомдук иштерге катышуунун жалгыз жолу — шайлоолор аркылуу катышуу. Анткени дал ушул шайлоолор өлкөнү кийинки этапта ким башкарарын тандоого алып келет.
3. Шайлоого катышпоо жана жетиштүү жөндөмгө ээ, эң ылайыктуу адамды тандоо укугун колдон чыгаруу — абалды мындан да начарлата турган коррупционерлер менен пайдакорлордун бийликке келишине жол ачат.
Шайлоолор реформалар үчүн мүмкүнчүлүк жана жол болуп саналат. Балким, ал идеалдуу жана эң натыйжалуу чечим эместир, бирок андан пайдаланып, адамдардын айрым кызыкчылыктарын ишке ашырууга эмне тоскоолдук кылат? Баарына жетүү мүмкүн болбосо, анын бир бөлүгү да ташталбайт!
Бул пункттарга жооп төмөнкүдөй:
1. Иш жүзүндө шайлоолор — өзгөртүү үчүн колдонулуучу бир нече услубдун бири гана. Бир жолду карманбоо башка жолду карманууга тоскоол болбойт.
2. Коомдук иштерге катышуу, адамдардын кызыкчылыктарын өз мойнуна алуу жана алардын укуктарын талап кылуу — адамдар бир нече жылда бир жолу алектене турган мезгилдик иш эмес, күн сайын аткарыла турган иш.
3. Коомдук иштерге катышуу адамдардын көйгөйлөрүн түшүнүүдөн, алардын себептери менен белгилерин айырмалоодон, алар үчүн ким жооптуу экенин билүүдөн, туура альтернативаны изилдөөдөн башталат. Андан соң натыйжалуу чечимдер жөнүндө ойлонуп, жамаачы чечимдерден алыс болуу жана сунушталган чечимдердин натыйжалуулугуна карабастан, вакыйлыктын басымы астында аларды кабыл алуудан сак болуу керек.
4. Адамдарга бир нече жылда бир жолу шайлоо урнасына жалгыз бюллетень таштоо — адамдардын кызыкчылыктарына кам көрүү боюнча милдеттен кутулуу деп көрсөткөн адам — алдамчы жана көз боёмочу. Ал эми адамдарды өз абалын аңдап-түшүнүүгө жана аң-сезимсиз түрдө жетеленип кетүүдөн сактанууга чакырган адам андай эмес.
5. Шайлоо услубу Мароккодо гана эмес, башка көптөгөн өлкөлөрдө да кайра-кайра сыналып көрүлдү. Андан эмне натыйжа чыкты?! Цивилизациялык өнүгүү кайда?! Эсеп-кысапка тартуу кайда?! Коррупция чектелдиби?! Эсеп-кысапка тартуунун натыйжасында кайсы бир жооптуу адам кызматынан четтетилдиби?! Түзүмдөр көчөнүн үнүнө жана коомдук пикирге жооп бердиби?! Же болбосо, ар бир шайлоо мезгилинен кийин көңүл калуудан, коррупциянын бекемделип, күчөшүнөн жана зулум, адилетсиз мыйзамдардын кабыл алынышынан башка нерсе чыктыбы?! Бул шайлоолор мурункулардан эмнеси менен айырмаланат? Тайыздык баягыдай, маанисиздик баягыдай, көшөгө артындагы, ал тургай ачык эле алдын ала башкаруу да баягыдай. Бир эле тажрыйбаны ошол эле баштапкы шарттар менен кайра-кайра кайталап, андан башкача натыйжа күтүү акылсыздык.
6. Абалдын начардыгы адамдардын бузукулугунан гана келип чыккан эмес, адамдардын бузукулугу мында белгилүү бир рол ойносо да, негизги себеп — системанын бузукулугу жана ал система негизделген негиздердин бузукулугу. Ал эми бул негиздер талкуунун предмети эмес жана аларды өзгөртүү негизи эле өкмөттүн же шайлангандардын ыйгарым укуктарына кирбейт. Демек, шайлоолор жана алардан чыга турган натыйжалар бул маселеде эч нерсени өзгөртпөйт.
Бул жерде биз мындай суроо беребиз: сүткордук банкына, арак-шарап саткан жайга же сойкулук жайына таза, чынчыл жетекчини коюунун эмне пайдасы бар? Бузулган мекемелердин башына жакшы адамдарды коюп, ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктарын чектеп, бузукулуктун очокторуна жана анын башаттарына жетүүсүнө жол бербөө — ал мекемелердин өмүрүн узартуудан жана адамдарга жалган үмүттүн дозаларын берип, аларды уктатуудан башка нерсе эмес.
7. Мыйзам чыгаруучуларды шайлоо — өздөрүн шайлагандардын өкүлү катары Аллах түшүргөндөн башка мыйзамдарды чыгара турган адамдарды тандоо үчүн өткөрүлөт. Ошондуктан ал арам. Анткени өкүлгө арам болгон нерсе өкүлдүк берүүчүгө да арам, о.э. арам ишке өкүлдүк берүү да арам.
8. Ким коомдук иштер менен алектенип, адамдардын абалын оңдоону кааласа, адамдардын иштери Ааламдардын Раббисинин манхажы менен гана оңолорун билсин. Анткени аларды жараткан Зат аларды эмне оңдой турганын, аларга эмне пайда жана эмне зыян алып келерин эң жакшы билет. Ким ушул манхаж боюнча иш алып барууну кааласа, адамдардын абалын оңдоо үчүн олуттуу иштеп жаткан ихластуу, аң-сезимдүү адамдарды издесин, алар менен бирге сабыр кылсын жана алардын кемесине түшсүн, ал кеме бүгүн кургакта турса да. Анткени зулумдук менен караңгылыктын толкундары урунганда кутулуу ошол кемеде болот.
Акырында адамдарга айтабыз: эгер бул шайлоолордо балдарыңардын ырыскысын уурдагандардын чөнтөгүнөн силердин укуктарыңарды кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү болгондо, анда бул шайлоолор уюштурулмак эмес жана силер да ага чакырылмак эмессиңер. Бул болгону кезектеги бир айлампа: силер ошол кичинекей кагазды силер үчүн даярдалган урнага таштайсыңар, анан эч нерсе утпай үйлөрүңөргө кайтасыңар. Алар болсо ошол кагаздар аркылуу өздөрү каалаган адамдарды өкмөткө жеткиришет да, өлкө алар үчүн оңой жана жагымдуу олжо бойдон кала берет. Ал эми силер беш жыл бою тынымсыз эмгектенесиңер. Алар андан өздөрүнө керектүүсүн алып бүткөндө жана кийинки шайлоо мезгили келгенде, силер кайрадан чакырыласыңар, уккуңар келген убадалар менен тилектерди кайра угасыңар жана дагы бир кичинекей кагазды таштайсыңар. Ошентип, силердин өмүрүңөр, ырыскыңар, күч-аракетиңер жана урпактарыңардын күч-аракети түгөнгөнгө чейин улана берет.
Чыныгы өзгөрүүнү каалаган адам үчүн өзгөрүүнүн жолу ачык жана белгилүү. Силерге ачылып берилген жолдор менен жүрүү жеңил жана чыгымсыз болушу мүмкүн, бирок алар жакшылыкка жеткирбейт. Андыктан ийгиликке жеткирбей турган жеңил жолду тандайсыңарбы? Же максатка сөзсүз жеткире турган, Улуулук Ээси Раббибиз көрсөткөн, ичинде мол жакшылык, дүйнөнүн иззаты жана акыреттин ийгилиги бар жолду тандайсыңарбы? Ырас, анда кыйынчылык болушу мүмкүн, бирок андагы ар бир кыйынчылык үчүн сооп берилет. Ал тургай, андагы сооп кыйынчылыктын өлчөмүнө жараша болот.
Роя гезити
Устаз Мухаммад Абдуллах




