Америка менен кызматташуу жана анын кызыкчылыктарына кызмат кылуу — бул дүйнөдө да, акыретте да анык жоготуу

Басма сөз баянаты
Америка менен кызматташуу жана анын кызыкчылыктарына кызмат кылуу — бул дүйнөдө да, акыретте да анык жоготуу
Адамдардын көкүрөгүнө азгырык салган Иблис сыяктуу, Американын президенти Трамп шаршемби күнү америкалык Fox News телеканалына Сириянын президенти Ахмад аш-Шара Ливандагы Иран партиясы менен байланышкан маселени өз мойнуна алууну каалап жатканын билдирди. Ал муну «израилдиктерге караганда башкача жана алда канча так жол менен ишке ашырат» деп эсептей турганын айтты. Ошентип, Иблис сыяктуу Ахмад аш-Шаранын кулагына шыбырап, Нетаньяху ишке ашыра албаган колониялык максаттарын ага аткартууну, башкача айтканда Ливандагы Иран партиясын жок кылууну көздөп жатат.
Ошондуктан Шам эли Трамптын Ахмад аш-Шарага айткан кооз сөздөрүнөн жана Американын алардын жаракатынан өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу аракетинен сак болсун. Анткени Асад үй-бүлөсүн бийликке алып келген Америка болгон. Ошондой эле 2013-жылы Ирандын революцияга каршы кийлигишүүсүнүн артында да Америка турган жана 2015-жылы Орусиянын кийлигишүүсүнө да ошол көрсөтмө берген. Бирок алардын ролу бүткөндө, алардан дароо эле жүзүн буруп кетти.
Америка менен союз түзүү же анын пландарына катышуу — бул саясий өзүн-өзү жок кылуу, Аллахка, Анын Элчисине ﷺ жана момундарга кыянаттык кылуу, ошондой эле колонизатор каапырларды дос тутуу болуп саналат. Аллах Таала мындай деген:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ لاَ تَتَّخِذُواْ الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى أَوْلِيَاء بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاء بَعْضٍ وَمَن يَتَوَلَّهُم مِّنكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ إِنَّ اللّهَ لاَ يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ﴾
«Эй момундар, жөөттөр менен насранийлерди дос тутпагыла! Алардын кээ бирлери кээ бирлерине дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте Алла заалим коомду туура жолго баштабайт». (Маида: 51).
Американын мусулмандарга жана Шамга болгон душмандыгы өзгөрбөс чындык. Бул тууралуу Аллах Таала мындай деген:
﴿وَلَن تَرْضَى عَنكَ الْيَهُودُ وَلاَ النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ﴾
«Жөөт жана насранийлер, сен алардын динине ээрчимейинче эч качан сага ыраазы болушпайт». (Бакара: 120).
Американын аймактагы планын ийгиликтүү ишке ашырышы — бул колонизаторлуктун дагы да күчөшүн жана анын, ошондой эле яхудий түзүмүнүн аймактагы таасиринин бекемделишин билдирет. Ошондуктан аны дос тутуудан жана анын пландарын ишке ашыруудан абайлагыла! Анткени ал бул дүйнөдөгү ачык жоготуу, ал эми акырет азабы андан да чоң.
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
18.07.26




