Орусия президенти Путиндин Кытайга сапары жана Кытай менен Орусиянын жакындашуусу

Орусия президенти Путиндин Кытайга сапары жана Кытай менен Орусиянын жакындашуусу
Орусия президенти Путиндин Кытайга сапарынын убактысы өзгөчө мааниге ээ болду. Анткени бул сапар Америка президентинин Кытайга болгон сапары аяктагандан кийин дароо ишке ашты. Ошондуктан ал көптөгөн маанилерди жана түрдүү көрсөткүчтөрдү өзүндө камтыйт. Сапарды күзөтүп жаткан адам Орусия менен Кытайдын ортосунда жаңы жакындашуу пайда болгонун, ошондой эле эки мамлекеттин, айрыкча Америкага каршы туруу үчүн күчтүү координация жүргүзүп жатканын байкоого болот. Орусия президенти Путин менен Кытай президенти Си Цзиньпин акыркы мезгилде соода, энергетика, коопсуздук жана эл аралык мамилелер сыяктуу бир катар маанилүү тармактарда кызматташтыгын олуттуу түрдө бекемдешкени айкын. Мунун баары ушул айдын он тогузунда Путиндин Кытайга болгон акыркы сапары менен жыйынтыкталды. Бул сапардын алкагында эки мамлекеттин ортосунда 42 документке кол коюлду. Алардын эң башкысы – ар тараптуу өнөктөштүктү жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да күчөтүү, жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин тереңдетүү тууралуу биргелешкен билдирүү болду. Мындан тышкары, көп уюлдуу дүйнөнү куруу жана эл аралык мамилелердин жаңы түрүн түзүүгө умтулуу тууралуу да биргелешкен билдирүү жарыяланды.
Путиндин Кытайга болгон сапары бардык деңгээлдерде абдан ийгиликтүү болду. Бул жагынан алганда ал Трамптын сапарына салыштырмалуу алда канча натыйжалуу болду. Трамптын сапары өтө эле солгун өтүп, күн тартибиндеги негизги маселелердин эч биринде эсте каларлык жыйынтыкка жетишилген жок. Ал сапарда негизинен жеке мүнөздөгү маселелер гана үстөмдүк кылып, куру үгүт-насааттык маалыматтык шаан-шөкөт коштолгон эле.
Трамп сапардан көптөгөн жетишкендиктерге жетишкенин билдиргенине карабастан, өзү алардын бирин да так көрсөтө алган жок жана кандайдыр бир жетишкендикти коомчулукка ишенимдүү түрдө сунуштай алган жок.
Кытайга болгон ушул эки сапар менен т.а. азыр дүйнө лидерлери агылып барган борборго айланган Кытайга болгон сапарлар менен эл аралык уюлдардын ортосунда жаңы дүйнөлүк тартиптин формасын аныктоо боюнча чыныгы атаандаштык башталды. Азыр өзгөчө Америка менен Кытайдын ортосундагы күрөш күчөп жатат. Анткени бул эки мамлекет дүйнөлүк тартиптин багытын өздөрүнүн стратегиялык көз караштарына ылайык бурууга жана анын табиятын аныктоого аракет кылууда. Мунун натыйжасында алар дүйнөлүк экономикалык, саясий жана аскерий тармактарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну көздөшүүдө.
Кытай сыртынан караганда эл аралык альянстарды түзүүнү каалабай турганын, дүйнөнү блокторго бөлүүгө умтулбай турганын, Кансыз согуш доорунун терминдерин жана куралдарын кайра колдонгусу келбей турганын жана анын түшүнүктөрүн кабыл албай турганын жарыялап келет. Кытай бардык мамлекеттер менен болгон мамилелерин ачык экономикалык өнөктөштүктөр аркылуу көрсөтүп, бардыгына бирдей аралыкта турарын, бир тарапты экинчисинен артык көрбөй турганын, анын эч кандай огу же альянстары жок экенин жана өнөктөштүктөрү бардык тараптар үчүн ачык экенин айтууда.
Бирок эл аралык абалга болгон мындай философиялык көз караш иш жүзүндө Орусия менен болгон өзгөчө мамилелерине карама-каршы келет. Анткени Орусия Кытай үчүн өзгөчө стратегиялык өнөктөшкө айланып калды жана эки сапарды салыштырганда бул ачык көрүнүп турат. Трамптын Кытайга болгон сапарында кытай жетекчилиги өтө этият мамиле кылды. Өз билдирүүлөрүндө жана позицияларында, айрыкча технология жана соода маселелеринде, өзүн кармаган абалда болду. Ал тургай Иран, Ормуз кысыгы жана Тайвань сыяктуу саясий маселелерде дагы этияттык жана бүдөмүктүк байкалды. Ал эми стратегиялык жана эл аралык маселелер боюнча болсо көбүрөөк унчукпай, так эмес позицияны карманды.
Ал эми, Путиндин Кытайга болгон сапары эки мамлекеттин ортосундагы ынтымак жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Экономикалык жана стратегиялык тармактардагы Орусия менен болгон ар тараптуу өнөктөштүк дагы бир жолу ырасталып, кеңири жайылтылды. Ошондой эле көп уюлдуу дүйнө куруу маселесинде эки мамлекеттин орток саясий көз карашы баса белгиленип, Америка пландап жаткан жана дүйнө жүзүнө таңуулоого аракет кылып жаткан бир уюлдуу эл аралык тартипти четке кагуу боюнча макулдашуу тастыкталды.
Кытай менен Орусиянын мамилелери буга чейин болуп көрбөгөндөй жылуу абалда болуп, бардык тармактарда өнүгүп жатат. Өзгөчө экономикалык тармакта, анын ичинде мунай, газ жана сейрек кездешүүчү элементтер маселесинде кызматташтык күч алууда. Мындан тышкары, стратегиялык мамилелерде жана көп уюлдуулук маселесинде эки мамлекеттин ортосунда толук шайкештик бар.
Экономикалык тармакта жана сандык көрсөткүчтөргө ылайык, Кытай Орусиянын энергетикалык экспортунун негизги импорттоочусуна айланды. Бул импорт Кытай экономикасына пайдалуу болгон жеңилдетилген баалар менен жүргүзүлүүдө. 2026-жылдын алгачкы эки айында Кытай Орусиядан 21,8 миллион тонна мунай импорттоду. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 41%га көп. Бул импорт Ормуз кысыгы аркылуу Булуң өлкөлөрүнөн келген энергия жеткирүүлөрүнүн кыскарышын, ошондой эле президенти Мадуро камакка алынгандан кийин Америка үстөмдүгүнө толук баш ийген Венесуэладан келген камсыздоонун азайышын компенсациялады.
2025-жылдан тартып, Иранга каршы согуш башталганга чейин эле, Орусия Кытайга энергия жеткирүүчү эң ири өлкөгө айланган. Ал Кытайга 101 миллион тонна чийки мунай жана 49 миллиард куб метр газ экспорттогон. Бул экспорт куурлар жана суюлтулган жаратылыш газы аркылуу жүргүзүлгөн. Келечекте Орусия «Сибирь күчү–2» деп сунушталган долбоору аркылуу Кытайга энергия жеткирүүнү көбөйтүүнү көздөп жатат. Бул куур аркылуу орус газы Монголия аркылуу түздөн-түз Кытайга жеткирилет.
Ал эми Америка менен технологиялык жана соода диалогу, айрыкча Кытайдан Америкага сейрек кездешүүчү металлдарды экспорттоо маселесинде, дагы эле туңгуюкта турат. Ошондой эле Американын жаңы муундагы электрондук микрочиптерди Кытайга сатууга уруксат берүү маселеси дагы ордунан жылган жок. Мындан тышкары, өз ара бажы тарифтери боюнча макулдашуу жок, эки тараптын ортосундагы соода маселелеринде да жылыш байкалбайт. Ошондой эле Кытайдын Америкадан соя сатып алышы жана америкалык «Боинг» учактарын сатуу маселелери боюнча да олуттуу прогресс жок.
Жыйынтыгында, Кытай Америка менен этияттык жана муздак мамиле аркылуу иш алып барууда, ал эми Орусия менен жылуу жана ынтымактуу мамиледе. Бул жаңы эл аралык көрүнүш эки негизги уюлдун б.а. Америка менен Кытайдын айланасында калыптана баштаганын көрсөтөт. Ал эми Орусия бул күрөштө ачык түрдө Кытай тарапка ооп кетти. Европа болсо Америкадан алыстап, бирок Кытайга да жакындабай, төрт ири күчтүн ортосунда өз ордун издеп жатат.
Келе жаткан көп уюлдуу дүйнөнүн мындай калыптанышы татаал багытта өнүгөт жана жаңы абалына жеткенге чейин салыштырмалуу узак убакытты талап кылат. Бул өзгөрүү эл аралык абалда пайда боло турган боштуктар аркылуу жаңы күчтөрдүн чыгышына мүмкүнчүлүк берет. Анткени эл аралык кырдаал көбүнчө акырындык менен калыптанат. Ал эми Аллахтын уруксаты менен Ислам мамлекети жаңы көтөрүлүп келе жаткан күч болуп, бул эл аралык тең салмактуулуктарды түп-тамырынан өзгөртөт жана дүйнөдөгү талашсыз биринчи мамлекетке айланат.
Роя гезити
Абу Хамза аль-Хатвани




