Роя гезити

Осло жана Вади Араба келишимдери алып келген чаңкоо!

Осло жана Вади Араба келишимдери алып келген чаңкоо!

Жай мезгили жакындашы менен жыл бою уланып келген туруктуу кризис тууралуу сөздөр күчөй баштайт. Бирок ал жайдын ысыгы жана күндүн ачуусу менен ого бетер курчуп, анын кесепеттери күчөп кетет. Анын таасири дыйкан менен талаа ээсинен ашып түшөт. Натыйжада, жаан-чачыны мол, суу ресурстары көп болгон өлкөдө эгин куурап, жер какшыйт! Бул табышмакпы? Же болбосо өздөрүн эгемендиктин жана жетекчиликтин ээси катары көрсөткөн саясатчылар кол койгон саясий келишимдердин трагедиясыбы? Эмнеге мындай болду? Анын натыйжасында кандай кесепеттер жаралды? Бийликтер бул кризиске кандай мамиле кылууда? Бул кризисти кантип чечүүгө болот?

Батыш Жээктеги калк жыл сайын, айрыкча жай мезгилинде, суу тартыштыгынан жапа чегүүдө. Бул жетишсиздиктин себептерин объективдүү түрдө аныктоо үчүн изилденгенде, суу тартыштыгынын негизги себеби саясий келишимдер, өзгөчө Осло келишими, болуп чыкты. Бул келишим жерге жана абага кандай зыян, жоготуу алып келген болсо, сууга да ошондой эле зыян алып келип, анын пайдасын яхудий түзүмүнө өткөрүп берген. Себеби, яхудий түзүмү суу маселесине кийинчерээк талкуулана турган жөнөкөй маселе катары эмес, жерди көзөмөлдөө жана анын элин көчүрүүгө багытталган өтө маанилүү стратегиялык маселе катары караган. Ошондой эле аны аймактагы кеңейүү үчүн зарыл болгон турмуштук мейкиндик маселеси деп эсептеген.

Муну сионисттик кыймылдын жетекчиси Хаим Вейцман 1920-жылы Дэвид Лойд Жоржго жазган катында ачык билдирген. Ал анда Иордан жана Ярмук дарыяларынын суусу яхудий мамлекетинин муктаждыгын камсыздоого жетишсиз экенин, ал эми Литани дарыясы бул жетишсиздиктин ордун толтура аларын белгилеген. Ошондой эле 1948-жылы бул түзүм жарыяланганга чейин эле Нил дарыясынын суусунун бир бөлүгүн Синай аркылуу Негевге буруу мүмкүнчүлүгүн караган долбоорлор да болгон.

Адамдарда, бак-дарактарда жана жерде бүгүнкү күндөгү суу жетишсиздигинин себеби Осло келишими менен башталган жана бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жаткан саясий кырдаал деп айтуу аша чапкандык эмес. Мында, пайда болушунан мурда эле Палестинаны жана анын айланасындагы суу ресурстарын көзөмөлдөөгө багытталган шишик сымал долбоорлорду ишке ашырып келген яхудий түзүмүнүн ролун четке какпастан, бул үчүн жоопкерчилик Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна да жүктөлөт. Анткени яхудий түзүмү сууну көзөмөлдөө долбоорлорун Ослодон ондогон жылдар мурда баштаган болсо да, Осло келишими ага бул долбоорду толук ишке ашырууга жана көзөмөлүн бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берди. Анткени бул келишимде суу маселеси беш жыл ичинде чечилиши керек болгон акыркы макамдагы маселелердин катарына киргизилген. Ошондой эле суу жана анын ресурстары боюнча маселе биргелешкен комитеттин карамагына өткөрүлүп, анда үстөм укук яхудий түзүмүнө берилген. Натыйжада, суу ресурстарын толук көзөмөлдөө жана аларга жетүү мүмкүнчүлүгү жарым он жылдык ичинде чечим табылганга чейин анын колунда калтырылган. Ошентип, Осло II келишиминин суу маселесине арналган 40-беренеси жана «беш жыл» деген жоромол яхудий түзүмүнө сууну толук өз көзөмөлүнө алууга шарт түзгөн капкан болуп калды. Ал бул капканды өзүнүн конуштарына коюп, Палестина эли үчүн жаап койду.

Бул кыскача саясий баяндоо кризистин себеби калктын көбөйүшү, шаарлардын кеңейиши же климаттын өзгөрүшү эмес экенин көрсөтүү үчүн берилди. Албетте, булардын баары таасир этүүчү факторлор. Бирок алар өзүнүн суусу менен жерине эгемен болгон мамлекетте техникалык жана административдик чечимдер аркылуу жөнгө салына турган табигый факторлор болуп саналат.

Чыныгы кырсык болсо – Батыш Жээктеги кризиске дал ушул административдик чечимдерди колдонууга аракет кылуу. Бийлик да ушундай жолду карманып, ар кандай «чечимдерди» жана мыйзамдарды жайылтууда. Алардын акыркыларынын бири – «Кудуктарды лицензиялоо, казуу, кайра даярдоо жана жер алдындагы сууларды алуу тартиби» деп аталган жобону ишке киргизүү болду. Бул система жер алдындагы суулардын ашыкча пайдаланылышын чектөө, кудуктардын башаламан көбөйүшүнө жол бербөө, сууну адилеттүүрөөк бөлүштүрүү жана булгануунун алдын алуу үчүн административдик тартип катары көрсөтүлүүдө.

Мындайча айтканда, бийлик ооруну уу менен дарылоого аракет кылууда. Анткени айыл чарба, өнөр жай жана калктын жалпы муктаждыгы боюнча суу тартыштыгы дээрлик 100 миллион куб метрге жеткен шартта, адамдардын, бак-дарактардын жана жердин сууну жетишсиздигинен куткаруучу жалгыз жолу болуп калган кудуктарды куугунтуктоо менен бул көйгөй кантип чечилет? Айрыкча яхудий түзүмүнүн мыйзамдары боюнча «С» аймагындагы көптөгөн кудуктар мыйзамсыз деп эсептелген шартта, алардын баарын аныктап, каттоого алуу жана көзөмөлдөө аркылуу бул көйгөй кантип чечилет? Анткени яхудий түзүмү административдик маселелер жана макулдашуулар боюнча бийлик менен байланышып турат. Демек, бийлик мындай кудуктарды ачыкка чыгарса, яхудий түзүмү алардын көбүн азыр эле, же болбосо келечекте толугу менен жаап салышы мүмкүн. Айрыкча конуштарды кеңейтүү жана палестиналыктарды көчүрүү долбоорлору токтобой тездик менен уланып жаткан учурда бул коркунуч ого бетер күчөйт.

Дыйкандар өз күчүн жана убактысын пайда табууга эмес, болгону үй-бүлөсүнө бир үзүм нан табууга жумшап жатканда, айрымдары үйүн сактап калууга, бак-дарактарынын жашылдыгын жана талаасынын түшүмдүүлүгүн камсыз кылууга аракет кылып жатканда, аларга миңдеген динарлык эсеп-фактураларды жүктөө кандай жардам берет? Айрыкча алар жашаган жерлерди конушчулар күнү-түнү басып алууну жана жергиликтүү элди кууп чыгууну көздөп турган шартта! Өзүң адамдарды суу менен камсыздай албай туруп, аларды суу издегендери үчүн кантип жазалайсың?! Баасын ким төлөшү керек? Сүйлөшүү үстөлүндө олтуруп акылсыздык менен жеңилүүгө жол бергендерби? Же өз жерине жана суусуна бекем жабышкан адамдарбы?

Жыйынтыктап айта турган болсок, суу маселеси да Куддус, Хайфа, Яффа, Иордан дарыясы жана Табария маселеси сыяктуу эле, Вейцмандын колонизатордук түшүнүгүнө жана андан кийинкилердин жолуна каршы тура алган мабдаий аң-сезим менен гана чечилет. Ошондой эле алардын түзүмүн жок кылып, Палестина элинин жана Ислам үммөтүнүн чаңкоосун кандыруу үчүн Нилден, Иордан дарыясынан же Табариядан да ары өтө турган аскерий күч керек. Вакыйлык мына ушул. Бирок ошол эле учурда бийликтин бул маселеге байланыштуу жасап жаткан аракеттерин жана алардын Палестина эли үчүн алып келе турган коркунучтарын көз жаздымда калтырууга болбойт. Суунун тартыштыгы чыдагыс чаңкоого айланып кете электе, бул аракеттерге каршы туруу зарыл. Болбосо дыйкан конушчулар көз артып турган жерин сугарганы үчүн акы төлөй турган абалга жетет. Элдин башкы түйшүгү суу ташуучу цистерна болуп калат, ал эми суу доллар менен сатыла баштайт! Ошондо суу азыр бийлик сатып алып жаткан «Мекорот» компаниясынын түтүктөрү аркылуу гана жеткиликтүү болуп калат. Учурда бийлик бул компаниядан жылына болжол менен 80 миллион куб метр суу сатып алууда. Бул керектөөгө зарыл болгон жалпы 220 миллион куб метр суунун бир бөлүгү гана. Мындан тышкары, жабылбай калган жылдык тартыштык дагы бар. Ал 2018-жылы 58 миллион куб метрге жеткен болсо, азыркы эсептөөлөр бул көрсөткүч болжол менен 100 миллион куб метрге жеткенин көрсөтүүдө.

Эскертүү: Макаланын аталышында Вади Араба келишимин атаганымдын себеби – ал суу маселесинде, айрыкча Иордан дарыясынын суусун яхудий түзүмүнүн көзөмөлүнө өткөрүп берүү жагынан Осло келишимине окшош. Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму Ослодо суу маселесинен кандайча баш тарткан болсо, Иордания режими да Вади Араба келишиминде ошондой кылган. Бийлик азыр сууну сатып алгандай эле, Иордания да сатып алууда. Бул тууралуу дагы көптөгөн кеңири маалыматтар бар. Бирок алардын бардыгын бул макалага сыйдыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан аларды, урматтуу окурман, өзүңүздүн изилдөөңүзгө же бул маселени кеңири талдай турган кийинки макалага калтырдык.

Роя гезити

Доктор Муъмин Абдуллах

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button