Роя гезити

Трамп президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин Сахара маселесин жабууга шашылып жатат

Трамп президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин Сахара маселесин жабууга шашылып жатат

Бириккен Улуттар Уюму МИНУРСО (Батыш Сахарада референдум өткөрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясы) деген аталыш менен белгилүү болгон миссиясынын ишмердүүлүгүн 2026-жылдын 31-октябрында аяктады. Ал 1991-жылы ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө жана көз карандысыздыкка жетүү же Марокко менен биригүү аркылуу өз тагдырын өзү аныктоо боюнча референдум уюштуруу үчүн жөнгө салуу планынын негизинде түзүлгөн. Эртеси күнү миссиянын аймактагы ишмердүүлүгүн толугу менен токтотууга даярдык катары анын кызматкерлерин жана жабдууларын чыгарып кетүү башталды. Бул Америка менен Россиянын ортосундагы пикир келишпестиктен улам Коопсуздук Кеңеши миссиянын мандатын узарта албай калгандан кийин болду.

МИНУРСО миссиясынын аякташын Трамптын алдындагы Американын Сахара маселесине карата саясатындагы өзгөрүүдөн бөлүп кароого болбойт. Анын 2020-жылдын 10-декабрында Сахаранын Мароккого таандык экенин таанышы жана «көз карандысыз Сахара мамлекетин түзүү жаңжалды чечүүнүн реалдуу варианты эмес, ал эми Марокконун эгемендиги астындагы чыныгы автономия — мүмкүн болгон жалгыз чечим» деп ырасташы Сахара маселесинин түзүмүн өзгөртүүдө чечүүчү учур болду.

Ошондуктан, МИНУРСО миссиясынын 35 жылдан кийин аякташын Америка менен Россиянын ортосундагы карама-каршылыктын натыйжасында БУУ миссиясынын мандатынын жөн гана административдик жактан бүтүшү катары түшүндүрүүгө болбойт. Тескерисинче, бул Сахара маселесин мурдагы формасында, башкача айтканда, эл аралык көзөмөл астында өз тагдырын өзү аныктоо боюнча референдум өткөрүү аркылуу чечиле турган колониялык жаңжал катары кароо маселесин жабууга багытталган саясий процесстин жана Америка саясатынын алкагында жүрүп жатат. Натыйжада, бул маселе саясий жаңжал маселесине айландырылды. Аны чечүү сүйлөшүүлөр аркылуу автономия берүү негизинде ишке ашырылып, анын натыйжаларына негизги кепил болуучу тарап Америка болуп калат. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму жана эл аралык тараптар четке сүрүлөт. Анткени Сахара маселесине байланыштуу резолюция долбоорлорун түзүүдө калем да, сыя да Американын колунда. Трамптын Америкасы мурдагы форманы жоюуга жана Сахара маселесин өзү көзөмөлдөгөн эки тараптуу саясий жаңжал катары кайрадан калыптандырууга катуу аракет кылып жатат. Муну менен ал башка эл аралык тараптардын жолун тосууну көздөп жатат.

Американын ушул багытынын алкагында анын Коопсуздук Кеңешине сунуштаган акыркы резолюция долбоору да болду. Тактап айтканда, 2026-жылдын 30-октябрында Америка Коопсуздук Кеңешине МИНУРСО миссиясынын саясий алкагын өзгөртүүгө багытталган резолюция долбоорун сунуштады. Анда миссиянын уставынан өз тагдырын өзү аныктоо укугун алып салуу, миссиянын аталышынан «референдум» деген сөздү өчүрүү жана анын аталышын МИНОСО деп өзгөртүү, Марокконун автономия жөнүндөгү сунушун маселени чечүүнүн негизи катары кабыл алуу, ошондой эле миссияны кайра түзүмдөштүрүү жана кыскартуу каралган. Мына ушул түп-тамырынан берки өзгөртүүлөр Россиянын вето коюусуна себеп болду. Бирок Россиянын ветосун өз тагдырын өзү аныктоо боюнча мурдагы форманы коргоо менен гана чектеп кароого болбойт. Тескерисинче, бул маселе андан да кеңири болуп, эл аралык саясатты башкарууга байланыштуу. Анткени Американын долбоору миссиянын мандатын узартуу же анын уставына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү менен гана чектелген жок. Тескерисинче, ал миссиянын саясий алкагын, аталышын, милдетин жана максатын өзгөртүүгө чакырды. Бул болсо Россия эл аралык деңгээлде өз ара макулдашуу аркылуу чечилиши керек деп эсептеген эрежелерди өзгөртүү болуп саналат. Россия муну Америка бир тараптуу таңуулай турган маселе эмес деп эсептейт. Мына ушул жагдай Россиянын катуу каршылык көрсөтүүсүнө түрткү болду.

МИНУРСО миссиясынын 35 жылдан кийин аякташы — Американын Сахара маселесине карата позициясынын өзгөрүшүнөн улам бул маселенин түзүмүндө болгон саясий төңкөрүштүн натыйжасы. Ошондой эле бул Трамптын президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин Сахара маселесин мурдагы формасында жабууга багытталган тынымсыз аракеттеринин натыйжасы болуп саналат. Ал муну менен Сахарадагы жана аймактагы стратегиялык ач көздүк максаттарын ишке ашырууну көздөп жатат. Трамп сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашырыла турган автономияны өзүнүн ач көздүк максаттарына жетүүнүн ачкычы деп эсептейт.

Сахара маселеси Американын колунда Европа менен болгон колонизатордук күрөштүн куралдарынын бири болуп келген. Бул абал Трамп администрациясынын биринчи президенттик мөөнөтүнө чейин уланды. Ошол кезде Трамп администрациясы аймакка кирип баруу жана бул маселени башкаруу үчүн жаңы услубду колдонуп, автономия жөнүндөгү сунушту аймакка саясий, экономикалык жана аскерий жактан кирип баруунун куралына айландырды. Муну Марокко Сахарасы аркылуу ишке ашырууну көздөдү. Анткени Марокко Сахарасы Сахель аймагына жана Африкага кирүү дарбазасы, ошондой эле Ислам Магриби өлкөлөрүнө кеңири ачылган эшик болуп саналат.

Саясий жактан алганда, Америка өзүнүн консулдугу аркылуу Магриб, Сахель жана Сахелдин түштүгүндөгү өлкөлөрдө колонизатордук мүнөздөгү курч маселелерди башкарат. Экономикалык жактан алганда, анын колонизатордук компаниялары ошол иштетиле элек жердин байлыктарын талап-тоноого көзөмөл жүргүзөт. Аскерий жактан алганда болсо, Америка Африкадагы «АФРИКОМ» аскерий командачылыгы үчүн таяныч пунктун түзүүгө, ошондой эле Мароккодо жана коңшу өлкөлөрдө мезгил-мезгили менен өткөрүлүүчү «Африка арстаны» аскерий машыгууларына таянат. Мындан тышкары, Америка бул маселени яхудий вужудун толук нормалдаштыруу аркылуу аймакка интеграциялоого багытталган Ибрахим келишимдеринде пайдаланууну да көздөйт.

Американын аймакка мындай кирип барышынын алгачкы белгилери ачыкка чыга баштады жана аны менен кошо алааматтын коркунучтуу белгилери да көрүнө баштады. Американын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау Вашингтон Марокконун Сахарадагы эгемендигин таануусу алкагында Америка өкмөтү падышалыктын түштүк аймактарына америкалык инвестицияларды тартууну колдоо чечимин кабыл алганын жарыялады.

Акыркы мезгилде Марокко Сахарасына соода делегациялары келип, Американын ири компанияларынын жана Вашингтон колдогон инвестициялардын бул аймакка болгон кызыгуусу күчөдү. Ушул жылы Марокко менен Американын «Ж.Б.М. Холдинг» компаниясынын ортосунда Тан-Тан шаарында болжол менен 8 миллиард дирхамга бааланган ири инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул келишим күн панелдерин өндүрүүдө колдонулуучу поликремнийди чыгарууга адистешкен өнөр жай ишканасын түзүүгө багытталган.

Ошондой эле эл аралык жана жергиликтүү маалыматтарда америкалык соода делегациялары аймакка барып, жеринде таанышуу сапарларын өткөргөнү айтылды. Бул сапарлардын жүрүшүндө алар геологиялык чалгындоо, таза энергетика, Дахла Атлантика порту сыяктуу ири порттор жана Марокконун түштүгүндөгү инфраструктура долбоорлоруна инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири кызыгуу көрсөтүштү.

Мындан да коркунучтуусу — Америка колонизаторлугун Мароккодо, аймакта жана Африкада башкаруу үчүн Марокконун аймагында түзүлүшү пландалып жаткан америкалык аскерий базалар, ошондой эле аскерий жана коопсуздук келишимдери (2026–2036-жылдарга карата Америка менен Марокконун коргонуу тармагындагы кызматташтыгынын жол картасы) бар.

Демек, МИНУРСО миссиясынын аякташы европалыктар моюн сунгандан кийин (Испания 2022-жылы, андан соң Франция 2025-жылы автономия жөнүндөгү сунушту колдоорун жарыялаган) Сахара аркылуу Американын колонизатордук кирип барышынын жаңы этабы башталарын эскертүүдө. Бүгүн Бириккен Улуттар Уюму жана анын эл аралык тараптары өздөрүнүн эл аралык куралы болгон МИНУРСОдон ажыратылды. Муну менен Сахара маселеси Американын тышкы саясатынын алкагындагы маселеге айланып, анын колонизатордук кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн дипломатиясы аркылуу башкарыла турган болуп калды. Америка Сахаранын Мароккого таандык экенин таануу жөнүндөгү кесепеттүү чечими аркылуу Мароккодо жана анын Сахарасында өз казыктарын кагып алды. Бүгүн болсо аларды бекемдөөгө аракет кылууда. Ал эми Мароккодо мамлекет жана башкаруу бийлигинин жоктугу Марокко калкынын башына америкалык колонизатордун кесепетин алып келди.

Бул жерде сөзсүз белгилеп өтүү зарыл болгон дагы бир жагдай бар т.а. Полисарионун реакциясы. Полисарио Американын тоскоолдугуна туш болду. Муну менен катар Европанын моюн сунушу, ошондой эле Марокко менен Алжирдин экөөнүн тең автономия чечимин колдогон Британиянын таасирине байланыштуу болушу Полисарионун саясий маневр жасоо мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат. Алжир режиминин билдирүүлөрүндөгү кескин маанайдын жумшарышын да эске алганда, согуш чыгып кетүү ыктымалдыгы төмөн бойдон калууда. Ал эми чек ара аймагында майда кагылышуулар жана чыңалуулар болушу мүмкүн. Мындай аракеттер Американын айыптоосуна жана алардын мыйзамдуулугун таануудан баш тартуусуна туш болушу мүмкүн.

Бул кафир Батыштын колонизаторлугу, анын мусулмандардын жерине көз артып, аны талашып, өз ара айыгыша күрөшүүсү. Эгер мамлекет жана башкаруу бийлиги жок болбогондо, мындай чириген колонизатордук абал жаралмак эмес.

Роя гезити

Устаз Мунажи Мухаммад

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button