Саясатчынын бийик кыял менен Аллахтын убадасына кубануу абалы

Саясатчынын бийик кыял менен Аллахтын убадасына кубануу абалы
Расулуллах ﷺ айтты:
«بَشِّرُوا وَلَا تُنَفِّرُوا»
«Сүйүнчүлөгүлө, жийиркентпегиле».
Кээ бир адамдарга Аллахтын убадасын эскертип, Халифат босогодо тургандай эле өтө жакын калганын, жеңиштин келе жатканын, Американын кулап бара жатканын, Палестинаны азат кыла турганыбызды, жакында Римди да фатх кыла турганыбызды жана бүт дүйнөнү Аллахтын шарияты менен башкара турганыбызды айтсаң, алар сени кыял дүйнөсүндө жашап жатат деп ойлошу мүмкүн. Айрымдары болсо сен бул сөздөрдү анын жакында ишке ашаарына өзүң да ишенбей, жөн гана өтмө мааниде айтып жатасың деп ойлойт. Башкалары болсо мунун мааниси балким жүз жылдан кийин же андан да көп убакыттан кийин ишке ашат деген ойдо болушат. Дагы бирөө сен партиянын же шейхтин буйругун аткарып, ушул сөздөрдү айтууну талап кылганы үчүн гана ойлонбостон кайталап жүрөсүң деп айтат.
Бирок, акыйкатта Аллах Субханаху ва Тааланын убадасына сүйүнүү — эң оболу бизди жараткан жана биздин абалыбызга эмне ылайыктуу экенин эң жакшы билген Аллах Тааланын буйругу.
Аллах Таала айтат:
﴿أَلَا إِنَّ نَصْرَ اللهِ قَرِيبٌ﴾
«Билип койгула, албетте Аллахтын жардамы жакын.» (Бакара: 214).
Аларга айт, эй Мухаммад, жеңиш жакын! Аларга айт, эй Абдуллах, жеңиш жакын! Сени менен бирге аракет кылып жаткандарга айт, үмүттөрүн үзбөсүн, анткени жеңиш жакын. Үммөткө айт, буга жетишүү үчүн кадамдарын ылдамдатсын! Аларга айт, Халифат жакын. Аларга айт, Американын кулашы жакын! Аларга айт, Халифат жакында түн менен күн жеткен бардык жерге жетет! Жакында биз дүйнөнү Исламдын адилеттиги менен башкарабыз! Аларга айт, алсыз абалда болгон адам, иншаАллах, өлкөлөрдүн бирине амир болот! Бул тууралуу сахаба Утба ибн Газван (разияллаху анху) айткан. Ал пайгамбарлык дааваттын алгачкы мезгилинде Меккеде Исламды кабыл алып, Ислам мамлекетин тикелөө үчүн Расулуллах ﷺ жана сахабалар менен бирге алсыздык доорунда иш алып барган эле. Ал (разияллаху анху) мындай деген:
«فما أصبح اليوم منا أحد إلا أصبح أميرا على مصر من الأمصار»
«Бүгүн ар бирибиз өлкөлөрдүн бирине амир болуп калдык».
Алсыздыктан, кыйноолордон жана дарактын жалбырактарын жеген абалдан кийин амир болуп калуу. Такыбалар үчүн акыркы жеңишти насип кылган Аллах кандай улук! ИншаАллах, биз да ушул заманда абалыбыздын өзгөргөнүнө күбө болобуз. Халифалыкты тикелөө үчүн талыкпай аракет кылып жаткан, чалгын кызматтары тарабынан куугунтукталган жана түрмөлөрдө кыйноого алынган дааватчы адамдын кандайча Индияга же Францияга валий болгонун, же Британияга казы, же болбосо бүт дүйнөнү Аллахтын шарияты менен башкарган халифа болуп каларын көрөбүз.
Ал эми Пайгамбар ﷺ сахабаларга адамдарды жакшылык менен сүйүнчүлөөнү буйруганда, бул вахийге жана Аллах каалаган нерсеге баш ийүү болгон. Андан кийин анын натыйжалары эртеби-кечпи ишке ашат.
Пайгамбар ﷺ сахабаларды амал кылууга үндөп, аларды Аллахтын убадасы жана жеңилдиктин жакындашы менен сүйүнчүлөчү. Биз жеңишти көрбөсөк да же анын канчалык жакын экенин аңдай албасак да, ал чындап эле жакын экенин билдирип турчу. Бул күчтүү кыялга берилүү же аракетсиз отуруп калуу эмес, тескерисинче жолду көрсөтүүчү Раббаний нур.
Ошондой эле араб тилинде жана усулул-фыкхта мактоо менен коштолгон кабар талапты билдирет. Ошондуктан Пайгамбар ﷺ:
«لَتُفْتَحَنَّ الْقُسْطَنْطِينِيَّةُ، وَلَنِعْمَ الْأَمِيرُ أَمِيرُهَا، وَلَنِعْمَ الْجَيْشُ ذَلِكَ الْجَيْشُ»
«Албетте, Константинопол фатх кылынат. Аны фатх кылган амир кандай жакшы амир, анын аскери кандай жакшы аскер!»
— деп айтканда, сахабалар муну туура түшүнүшкөн жана ошол күндөн тартып Константинополду фатх кылуу үчүн аракет кыла башташкан. Натыйжада сахаба Абу Айюб аль-Ансари (разияллаху анху) анын дарбазалары алдында жерге берилген. Бүгүнкү күндө Стамбулдагы Айюб Султан мечити анын баатырдыгына күбө болуп турат. Акыры бул сүйүнчү болжол менен сегиз жүз жылдан кийин ишке ашкан.
Демек, саясатчынын жакшылык жана жеңиш менен сүйүнчүлөшүнүн максаты Исламга жардам берүү үчүн иштеп жаткандардын жолундагы умтулуусун күчөтүү жана алардын азиматын (эркин; рухун) бекемдөө. Анткени каапырлар жана алардын жардамчылары дайыма өзгөрүү үчүн иштеп жаткандардын жана жалпы үммөттүн жүрөгүнө үмүтсүздүк менен жеңилүү сезимин сиңирүүгө аракет кылышат, ошондо алар өзгөрүү үчүн аракеттен баш тартышат.
Жол узун, иш оор. Адам максатка жетүү үчүн канча аралыкты басып өткөнүн билбейт. Халифалык качан тикеленерин, Американын кулашына канча убакыт калганын, жеңиш качан келерин, Палестинанын качан азат болорун, Фираун качан чөгөрүн жана малай режимдер качан кулай турганын билбейт. Анткени бул жолду метр менен да, аппараттар жана лабораториялар менен да өлчөө мүмкүн эмес. «Аралык он кадам эле, биз анын жетисин бастык, үчөө калды» деп да айта албайсың.
Ошондуктан бир жагынан амал кылуучуларды шыктандыруучу, экинчи жагынан болсо ар бир жасап жаткан ишиң адамдарга чындап таасир берип жатканын ачыктап берүүчү башкача кайрылуу зарыл болот. Ар бир аракет өзгөрүү жолундагы кадамдардын бири болуп эсептелет. Өзгөртүү үчүн жүргүзүлгөн ар бир саясий иштин, Халифалыкты тикелөө жана Исламды бүт дүйнөгө үстөм кылуу жолундагы ар бир амалдын өз таасири бар. Көпчүлүк адамдардын көзүндө ал аз көрүнүшү мүмкүн, бирок Аллахтын алдында анын салмагы чоң.
Ошондуктан даават жана саясат иштердин эч бирин барксыз көрбө. Тоолор майда таштардан түзүлөт. Ыңкылаптар сөздөрдөн жаралат. Төңкөрүштөр байланыштардан жана жолугушуулардан келип чыгат. Нусрат бекем туруулардан жана баракчалардан пайда болот. Кыймылдар баяндамалардан жана жүрүштөрдөн чыгат. Ал эми ойгонуу жана өзгөрүү хутбалардан, сабактардан, сөздөрдөн, халкалардан жана жыйындардан жаралат…
Бирок саясатчы адамдарды Аллахтын убадасы жана акыркы жеңиш такыбаларга таандык экени менен сүйүнчүлөп жатканда этият болушу керек. Ал сөзүндө чындыкка туура келбеген нерселерди божомолдоого кирип кетпеши зарыл. Мисалы, жеңиштин убактысын жана мөөнөтүн так белгилөө, белгилүү бир окуя сөзсүз болот деп айтуу, же Американын кулашы сыяктуу чоң окуяны «мисалы, он жылдын ичинде болот» деп аныктап коюу туура эмес.
Ошондой эле жөн гана талдоо үчүн жүргүзүлгөн саясий анализдерге, же жеңишке болгон эңсөөбүздүн таасири астында жасалган талдоолорго берилбеш керек. Акыр заман хадистерин бүгүнкү күндө болуп жаткан окуяларга таңуулап, адамдарды ошол талдоолор менен алек кылып коюу да туура эмес. Тескерисинче, Расулуллахтын ﷺ хадистерин сахабалар (разияллаху анхум) кандай түшүнүшсө, ошондой түшүнүшүбүз керек. Башкача айтканда, ал хадистердеги сүйүнчүлөрдү ишке ашыруу үчүн аракет кылуу талап кылынат деген мааниде түшүнүшүбүз зарыл. Анткени Халифалык аракетсиз тикеленбейт. Палестина жер жутуу аркылуу азат кылынбайт. Римди периштелер багындырбайт. Америка катуу шамал менен кулабайт. Мунун баары биздин колубуз менен болот.
Ошондуктан, эй амал кылуучулар, сүйүнгүлө, Аллахка тобокел кылгыла жана азиматыңарды бекемдегиле! Анткени хандак али толук казылып бүтө элек. Курайш менен Гатафандын кошуундары жолдо келе жатат. Мунафыктар Мадинаны аңдып турушат. Убадасын бузуп, арттан бычак ургандар да бар. Биз болсо Шамдагы, Мадаиндеги жана Санъадагы Персия менен Римдин сарайларын көздөй жылышыбыз керек. Бизге, Аллахтын уруксаты менен, залымдардын жана зөөкүрлөрдүн кыйратылышы, ошондой эле Кисранын билериктеринин алынуусу убада кылынган.
Роя гезити
Устаз Махмуд Зияд Абдулкадир – Кудс.




