Саламаттыкты сактоо капитализмдин ачкөздүгү менен Исламдын камкордугу ортосунда: кайсы система адамдын өмүрүн жана кадыр-баркын сактайт?

Саламаттыкты сактоо капитализмдин ачкөздүгү менен Исламдын камкордугу ортосунда: кайсы система адамдын өмүрүн жана кадыр-баркын сактайт?
Саламаттыкты сактоо таза техникалык же кызматтык маселе эмес, ал өз маңызында системанын адамга болгон көз карашын чагылдырат. Ал өзү үчүн урматталган баалуулукпу же жөн гана кызыкчылыктар жана каржы базарындагы бир санбы? Бүгүн Мисирде жана башка мусулман өлкөлөрүндө саламаттыкты сактоонун абалы аларды башкарган капиталисттик системанын табиятын ачык көрсөтүп, адамдардын иштерине кам көрүүнү мамлекетке милдет кылган Ислам системасы менен анын ортосундагы курч карама-каршылыкты көрсөтүүдө.
Мисирде, башка мусулман өлкөлөрүндөгүдөй эле, мамлекеттик ооруканалар бейтаптарга толуп кеткен, адамдар текшерүүдөн өтүү, операция же жандандыруу бөлүмүндө орун алуу үчүн узун кезектерде турушат. Иштебеген жабдуулар, дары-дармектердин жетишсиздиги, дарыгерлердин чет өлкөгө кетиши жана жеке ооруканаларда дарыланууга акчасы жеткендер менен кароосуз калган коомдук мекемелерге ташталган адамдардын ортосундагы ачык класстык айырма бар. Бул абал каражаттын тартыштыгы, кредит шарттары жана чыгымдардын ар бир бөлүгүн пайда-зыян өлчөмү менен баалаган каржылык “реформалар” менен акталат.
Бул абал убактылуу проблема эмес, тескерисинче, материалдык пайда негизги өлчөө болуп калган, мамлекетти элге кам көргөн эмес, базарларды коргогон кароолчуга айланткан саясий жана экономикалык акыйданын табигый жыйынтыгы. Халифалык кулатылып, үммөт бөлүнгөндөн кийин мусулман өлкөлөрүнө таңууланган капиталисттик модель саламаттык, билим берүү жана коомдук кызматтар тармактарын менчиктештирүү жана инвестиция үчүн майданга айлантты. Адам болсо адам болгону үчүн эмес, төлөө жөндөмүнө жараша баалана баштады.
Тарыхый жактан Европа индустриялык революциясынын өсүшү менен калыптанып, кийин Батышка жайылган капиталисттик система динди турмуштан ажыратуу, бийликти элге, мыйзам чыгарууну адамдарга берүү негизинде пайда болгон. Ушул эле негизде Батышта саламаттыкты сактоо саясаты жүргүзүлөт. Медициналык камсыздандыруу коммерциялык компаниялар болуп, ооруканалар пайда табуучу мекемелер, ал эми дарылоо соодага айланган. Айрым мамлекеттер, мисалы Америка, Британия жана Франция ар кандай коомдук камсыздандыруу формаларын өнүктүргөнү менен, негизги принцип өзгөргөн жок. Ал мамлекеттерде саламаттыкты сактоо шаръий милдет жана зарыл камкордук эмес, базар, бюджет жана салыктар логикасына баш ийдирүү саясаты жүрүп келет.
Ал эми мусулман өлкөлөрүндө абал андан да оор. Батышка саясий жана экономикалык көз карандылык ички башкаруудагы бузукулук менен айкалышып, алсыз саламаттыкты сактоо системасын жаратты. Бул системада дарыгер чарчап-түгөнөт, бейтап кордолот, мамлекет болсо ооруканаларды куруу же дары-дармек өндүрүшүн түзүүнүн ордуна карыздардын үстөгүн төлөө үчүн карыз алат. Ошондо элге: «Сабыр кылгыла, бул сөзсүз боло турчу реформалар!» – деп айтылат.
Бирок бул маселе тууралуу Ислам эмне дейт? Пайгамбар ﷺ Мединада мамлекет курганда, адамдардын иштерине кам көрүүнү жеке демилгелерге же базар механизмдерине калтырган эмес, тескерисинче бардык иштерге, анын ичинде саламаттыкты сактоого кам көрүүнү башкаруучу катары өз милдети кылган. Имам Муслим Абдулла ибн Умардан رضي الله عنهما риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«كُلُّكُمْ رَاعٍ وَمَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ؛ الْإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ».
“Силердин ар бириңер башчысыңар жана кол алдыңардагылардан жоопкерсиңер. Имам башчы жана ал өз жарандарынан жоопкер”.
Бул хадис адамдардын иштерине кам көрүү башкаруучунун жоопкерчилиги экенин ачык билдирген насс, ал үчүн ал Аллах алдында жооп берет.
Халифалык мамлекетинин тарыхында саламаттыкты сактоо соода же байлык эмес, мусулмандарга да, мусулман эмес адамдарга да бирдей акысыз көрсөтүлгөн кызмат жана камкордук болгон. Умавийлер, Аббасийлер жана кийин Осмонийлер Дамаскта, Багдадда, Каирде жана Кордовада бимаристандарды (перс. оорукана) курушкан. Алар дарыгерлер, фармацевттер жана дары-дармектер менен камсыздалган, ал эми анда иштегендер маяналарын бейтаптардан эмес, Байтул-малдан алышкан. Бейтаптан төлөө мүмкүнчүлүгү тууралуу суралбастан, анын оорусу суралып дарыланган.
Эки системанын ортосундагы негизги айырма башкаруу деталдарында эмес, акыйдабий негизинде жатат. Капитализм адамды өз пайдасын көздөгөн жеке инсан катары карап, коомду атаандаштык негизинде курат жана мамлекетти кызыкчылыктардын ортосундагы калыс катары көрөт. Ал эми Ислам адамды Аллахтын урматталган кулу катары карап, мамлекетти шарият өкүмдөрүн ишке ашыруучу, адилеттикти камсыз кылуучу жана адамдардын иштерине кам көрүүчү курал кылат. Ошондуктан Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо соодалашууга мүмкүн болгон келишим эмес, Байтул-малдан каражат бөлүнчү шаръий милдет болуп саналат.
Ошондой эле Ислам монополияны харам кылып, зарыл нерселерди адамдарды кысымга алуу куралына айлантууга тыюу салат. Бир да компанияга же адамга дарыны монополиялап, адамдардын муктаждыгынан пайдаланып баасын көтөрүүгө уруксат берилбейт. Пайгамбар ﷺ айткан:
«مَنْ احْتَكَرَ فَهُوَ خَاطِئٌ».
“Кимде-ким монополия кылса, ал күнөөкөр”.
Анда кантип капитализм шартында дары компанияларына бааларды көзөмөлдөөгө, жеке ооруканаларга болсо операциялар үчүн өтө чоң суммаларды талап кылууга уруксат берилет?
Мындан тышкары, Исламдагы экономикалык система адамдарга оор жүк салган туруктуу салыктарга эмес, белгиленген шаръий кирешелерге негизделет. Ошондой эле рибага кескин түрдө тыюу салат, ошондуктан мамлекет бюджетин карыздардын үстөгүн төлөөгө коротпойт, тескерисинче каражаттарын камкордукка жана кызматтарга багыттайт. Ушундайча Батыштагы каржылык мекемелердин талаптарына көз каранды болбогон, толук кандуу саламаттыкты сактоо системасын курууга мүмкүнчүлүк жаралат.
Роя гезити
Устаз Саид Фадл




